КОМУЗ КҮҮСҮ КОШТОЛГОН КОҢГУРОО
- 01.08.2024
- 0
Быйылкы жаңы окуу жылы Кара-Көл шаарындагы №89 кесиптик лицейде өзгөчө башталат. Мында лицейдин ардагер мугалими Саткымбай Мурзакуловдун чебер колунан жаралган комуз күүсү коштолгон коңгуроо жаңырат.
Тээ бала кезинен техникадан кыя өтпөй ойлоп табуучулук менен “ооруган” Саткымбай Мурзакулов 1989-жылы борбор калаабыздагы политехникалык институтунун машина куруунун технологиясы, металл кесүүчү станоктор жана аспаптар адистигине ээ болгонго чейин эле радиомеханика менен алектенип жүргөндүктөн, алган диплому инженер тармагына кеңири жол ачты. Ал алигүнчө иштебеген эски радио, телевизор, ДВД аппараттарын көргөндө кыя кете албайт. Анын себебин мындайча түшүндүрдү:
— Азыркы заманда технология абдан тездик менен өсүп жатпайбы. Бардык тармакта жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылып, адамдардын турмуш-тиричилигинде женилдиктер, жакшы шарттар түзүлүүдө. Медицина, билим берүү, коммуникациянын түрлөрү, оюн-зооктор болобу, айтор баарында өз тармагына тиешелүү аппараттарды колдонобуз. Аларды кандайдыр бир убакыттан кийин эскиргенине же бузулганына байланыштуу керексиз деп таштандыга таштабай, керектүү блокторун, тетиктерин колдонуп эскиден жаңы өзгөчө нерселерди жаратканга көп мүмкүнчүлүктөр бар. Ар түрдүү жаңы табылгаларга, билим берүүгө жана лабаратордук иштерге колдонсо болот. Биринчиден экономикалык жактан үнөмдүү, эскирген жана колдонулбай калган ар түрдүү электрондук аппараттарды, жаңыга караганда бекер жана абдан арзан алса болот. Экинчиден, экологиялык жактан пайдалуу, электрондук калдыктар азайып, жаратылышты коргоого пайдалуу.
Мисалы, мен чыгармачылыгыма да көп акча коротпойм, устаканада иштөөгө керектүү куралдар, приборлор, лабораториясы бар. Креативдүү ой жүгүртүү үчүн болгону убакыт жана эмгектенүү гана керек, — дейт.
Анын чыгармачылык изденүүсүнөн жаралган кол эмгеги, тагыраак айтканда, кыргыз күүлөрү жаңырган коңгуроосу учур талабына шайкеш гана келбестен, жаштардын патриоттук сезимдерин ойготуп, комузга кызыгуусун арттырып турары талашсыз. Кара-Көл шаарындагы №89 кесиптик лицейдин директору Гүлжан Калпакбаеванын сунушу менен жасалган айтылуу коңгуроосу дээрлик жасалып бүткөн, эми аны орнотуу гана иштери калды.
— Бул коңгуроо автомагнитофондун күчөткүчүн ылайыкташтырып кесип алып, ага флешка окуй турган кытай радиосунун модулун кошуп, союз убагындагы телевизордун трансформаторунан жана диод көпүрө конденсатор менен ток берүүчү блогунан жасалат. ДВД аппаратынын микрофон күчөткүч модулун кошуп, конгуроодон сырткары дагы микрофон менен кулактандыруу жарыяласа да болот. Бардык блок, модуль жана башкаларын бири-бирине туташтырып корпуска чогултуп даярдап чыктым. Иштөө принциби жөнүндө айтсам, конгуроонун баскычын басканда флешкага жазылып алынган комуз күүсү төрт-беш кабатка чейин жаңырып чыгат. Эгерде кулактандыруу жарыялаш керек болсо атайын которо турган тумблер аркылуу микрофон иштетсе болот, — деп коңгуроонун сырлары менен бөлүштү.
Бул Саткымбай Мурзакуловдун алгачкы эле эмгеги эмес. 2002-жылы шаардын жаңы жылдык балатысынын механизмин иштеп чыгып гирляндалары жаркылдап күйүп турушу үчүн щётка жана шакекче аркылуу ток өткөзгөн. Механизмине ГАЗ 53 автомашинасынын дөңгөлөгүнүн күпчөгү, барабаны, редуктору, элекр кыймылдаткычы аркылуу балаты тегеренип өзгөчө болгон. Төрт жыл жаңы жыл майрамында үзгүлтүксүз иштеп турган ал балаты Кара-Көл шаарынын тургундарынын эсинен али чыга элек.
№89 кесиптик лицейдин директору Гүлжан Бердимуратова ардагер ойлоп табуучу агайдын ишмердүүлүгүн жогору баалагандыктан, лицейге атайын чакырып келген.
— Саткымбай Мурзакулов агайды 20 жылдан ашык жакшы тааныйм. Анын так текеси, электрондук комузу, боз үйү элде жок эксклюзивдүү буюмдардын катарына кирет. Айрыкча боз үйү өтө кызыктуу, боз үйдүн жанына келген адамдын жылуулугу аркылуу ичиндеги коломтосу күйүп, канча ууктан турары, качан жасалганы, кимге тиешелүү болгону, боз үйдүн ички жасалгасы ж.б. тууралуу бардык маалыматтарды айтып берет. Биз ал боз үйдүн жардамы менен “Улуттук нарк – улуттун жүзү” аталышында иш-чара уюштуруп, агайдын иштерин шаар тургундары жана шаардык жетекчилер, мектеп администрациясы менен тааныштырдык. Андан тышкары, ал даярдаган “Акылдуу коңгуроонун” жардамы менен 1-сентябрда биздин балдар кыргыз күүлөрүн угуп калат, — дейт.
Өмүр бою колунан аспабы түшпөй түйшүктөнүп көнгөн агайдын күйөрмандары анын Ютуб каналынан жаңылыктары менен таанышып турат. Чебердин оригиналдуу комузу, айрыкча, электрондук комузу жана так текеси көрөрмандардын бүйрүсүн кызытары бышык. Андыктан аны иштетүү ыкмалары тууралуу кененирээк айтып берүүсүн өтүндүк.
— Үч кыл комузду күүгө келтирүү үчүн мурда жыгачтан буроо коюлса, мен гитаранын буроосун коюп иштеттим. Анын эч кыйынчылыгы жок, кылды өткөзө турган жерин көзөп кылды өткөзүп, учун түйүп коюп бурай берсе болот. Мунун артыкчылыгы комузчулар ансамблинде көп комузчу ойноп жатканда буроосу жылып кетип күү өзгөрүп кетпесине кепилдик болот. Аны мен 1975-жылы жасагам. Ал эми так текенин кыймыл-аракетин келтирүүдө электрониканы колдонуп, схемасын иштеп чыктым. Бардык механикалык иштери телевизор, видеомагнитофон, радио, ж.б. аппараттардын тетиктери колдонулуп жасалган. Мында комузчу микрофонго күү ойносо эле теке күүгө жараша кыймылга келе берет. Электрондук комузда болсо, DVD аппаратынын блоктору, электромагнит реверстик электромотор ж.б. аппараттар колдонулуп, өзү ойногон комуз (имитатор) жасалган. Мында комузчунун комуз ойноп жаткандагы кыймыл-аракетиндей болуп музыканын ыргагына жараша комуздун кылдары термелип турат, — деп кыскача баяндап өттү.
Кара-көлдүктөр агайдын автоматтык аудио маалымат тутуму орнотулган боз үйүн сыймыктануу менен айтып калышат. Азыр ал боз үйдүн эки варианты колунда бар: биринчиси, автоматтык аудио маалымат тутуму, боз үй макетине орнотулган тутумунун иштөө принциби. Адамдар макетке жакындаганда мурда даярдалып флешкага жазылган комуздун күүсү менен бирге автоматтык түрдө боз үй жөнүндө маалыматтар айтылып турат. Жана ошол эле мезгилде боз үйдөгү тулганын ичинде от жалындап күйгөн сымал көрүнуш чагылдырылат. Бул иште кыймыл-аракеттин датчиги, флешка окуган тутуму, кытай телевизорунун төмөнкү жыштыктагы күчөткүчү, динамик, светодиоддор колдонулган. Экинчиси – бул панорамалык боз үй. Боз үйдү ичиндеги адамдарга сырт жагы жакшы көрүнгөн материалдардан жасоо керек. Боз үй кыймылсыз, бирок ичиндеги аянт толугу менен акырын билинер билинбес болуп айланып турат. Айланган механизмди паркта орнотулган каруселдин принцибинде жасаса болот. Бул боз үйдү кеңири жайылтса, туристтерге кызыктуу болуп, көп пайда алып келеринде шек жок.
Радиомеханика жана түстүү телевизорлорду ондоо боюнча кошумча билими бар Саткымбай Мурзакуловдун азыркы максаты – өзү иштеген кесиптик лицейдин имаратынан ылайыктуу бир кабинет жана бар байлыгын аяр сактай турган кампа бөлдүрүп алуу болуп турат. Анын чыгармачылыгына колдоо көрсөткөн лицейдин директору Гүлжан Калпакбаевна ага керектүү кабинет бөлүп берип, алтургай ал кабинетке агайдын ысымын ыйгаруу сунушун киргизүүдө.
— Ойлогон ой-тилектеримдин баары ишке ашса, жасалгасы келишкен лаборатория түзсөмбү дейм. Көп жылдап чогулткан буюмдарымды тартуулап, билимимди жана билгенимди балдарга тартууласам деген кыялым бар. Келечекте чыгармачылыгымды, ойлоп табуучулук өнөрүмдү дагы өркүндөтүп ишке ашыруу үчүн бардык шарты бар инновациялык устаканабы, азыркыча айтканда, техно лаборатория жасаганга аракет кыламын. Балдар бир нерсе ойлонуп жасоо үчүн билими, акылы жетип турса да, керектүү материалдар, курал-жабдыктар болбосо эч нерсе жасай албайт. Мен ченөө приборлору, лабораториялык автотрансформатор, 5 вольт, 12 вольт чыгуучу ток берүүчү блок, флешка окуй турган жабдыктар ж.б. көптөгөн керектүү буюмдар орнотула турган стенд даярдап жатамын. Электроника иштеринен сырткары механика, жыгач, пластмасса, айнек иштерине керектүү шаймандар менен да толуктоодомун, — деп, алдыдагы пландары менен бөлүштү.
Беш баланын ардактуу атасы Саткымбай Мурзакулов техникага кызыккан балдарга жардам берүүдөн тажабайт. Жеке эле ийрим эмес, физика сабагынан олимпиадага даярдаган окуучулары жараткан ийгиликтер да анын сыймыгына сыймык кошуп келет. Алсак, шаардагы №3 М.Фрунзе атындагы мектептин бүтүрүүчүсү Алыбекова Элеонора агайынын күчү менен былтыр физика сабагынан үчүнчү орунду ээлесе, быйыл шаардык олимпиадада биринчи орунду багындырып, облустук турга катышып келгенин сыймыктануу менен айтып өттү.
“Алтымышта атаңдын алдап-соолап күчүн ал” демекчи, билгенин балдарга үйрөтсөм деген изги тилекте тынымсыз изденүү үстүндө улам жаңы идеяларды жаратууга умтулган агайдын аракети текке кетпей, жаш муундарга жугумдуу болуп, өнөрүн улап кетишсе жаман болбос.
Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”
Комментарийлер