УЛУТТУК БИЛИМ БЕРҮҮ БҮТҮНДӨЙ ЖАҢЫЛАНУУ ЖОЛУНДА

  • 14.02.2025
  • 0

Билим берүү жана илим министрлигинин коллегиясында улуттук билим берүүнү масштабдуу модернизациялоонун «Алтын Казык» программасын аткаруунун жүрүшү жана натыйжалары талкууланууда.

УЛУТТУК БИЛИМ БЕРҮҮ БҮТҮНДӨЙ ЖАҢЫЛАНУУ ЖОЛУНДА

Билим берүү мекемелеринин өсүшү

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин маалыматына таянып, 2023-2024-окуу жылына бала бакчалардын жана мектептердин санынын өсүшүнүн оң динамикасы байкалганына токтолду,  т.а. бала бакчалар – 1834төн 1912ге (4,3%), мектептер – 2350дөн 2377ге (1,2%) чейин.

Мектептик билим берүү менен камтуу 2377 мектепте (анын ичинен: мамлекеттик – 2173, жеке менчик – 204 мектеп) 1490830 окуучуну (1-класстан 11-класска чейин) түздү, бул 2023-жылга салыштырмалуу 43 миң балага көп.

УЛУТТУК БИЛИМ БЕРҮҮ БҮТҮНДӨЙ ЖАҢЫЛАНУУ ЖОЛУНДА

Мугалимдердин саны да өсүүдө – мектепке чейинки билим берүү тармагында 9796дан 10426га чейин, мектептик билим берүү тармагында 89962ден 93531ге чейин өскөн.

Илимде жасалма интеллектти, IT-технологияларды жана машиналарды колдонуу менен 2025-жылга карата илимдин өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары аныкталды жана илимди өнүктүрүүнүн төмөнкүдөй артыкчылыктуу багыттары боюнча 184 тема берилди: — айыл чарба, биологиялык жана азык — түлүк коопсуздугу; — сергек экономика; — саламаттыкты сактоо жана адамдын жашоосунун сапаты; — климаттын өзгөрүшү, экология, жаратылыш ресурстарын туруктуу башкаруу жана жашыл каржылоо; — тышкы карызды жашыл демилгелерге алмашуу; — туруктуу энергетика, курулуш индустриясы; — Индустрия 4.0; — борбордук банктардын санариптик валюталары.

Эл аралык рейтинг

Кыргызстан адамдык өнүгүү деңгээли жогору өлкөлөрдүн катарына кирген, БУУнун рейтингинде 193 өлкөнүн ичинен 117-орунда (0,701 индекси менен).

Билим сапаты индекси боюнча (Countries with the best performing education systems, 2024) Кыргызстан 93 өлкөнүн ичинен 55-орунда (Улуу Британия – 1-орун, Сингапур – 15-орун).

Өлкөлөр боюнча орточо IQ рейтингинде Кыргызстан 127 өлкөнүн ичинен 84-орунду ээледи (1-орун – Кытай, 5-орун – Сингапур). Кыргызстанда 2024-жылы орточо IQ 95ти түздү. Бул былтыркыдан 1,54 баллга жогору.

Мектептик, мектептен тышкаркы билим берүү

2024-жылы мектептик билим берүү системасын 12 жылдык форматка трансформациялоо боюнча «Алтын Казык» программасын ишке ашыруунун алкагында бир катар маанилүү чечимдер кабыл алынды.

КР Министрлер Кабинетинин он эки жылдык окуу мөөнөтүн жалпы орто билим берүү системасына этап-этабы менен киргизүү боюнча иштерди баштоо жөнүндө тескеме кабыл алынды (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-мартындагы № 99-т тескеме).

УЛУТТУК БИЛИМ БЕРҮҮ БҮТҮНДӨЙ ЖАҢЫЛАНУУ ЖОЛУНДА

КР Министрлер Кабинетинин тиешелүү тескемеси менен 2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасында Мектептик билим берүүнүн он эки жылдык түзүмүн этап-этабы менен киргизүү боюнча иш-аракеттер Планы бекитилди (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-июлундагы № 402-т тескеме).

Трансформацияны каржылык жактан колдоо үчүн, бюджеттик каражаттардан тышкары, Азия Өнүктүрүү Банкы менен гранттык келишим атайын мыйзам менен ратификацияланып, келечектеги мугалимдерди даярдай турган мектеп жана жогорку билим берүү деңгээлинде илим, технология, инженерия жана математикага өзгөчө көңүл бурулган (Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 12-июлундагы № 117 Мыйзамы).

Улуттук окуу китептердин сапатын жана мазмунун жакшыртуу, мектептердин окуу китептери менен камсыз болушун жогорулатуу максатында, КР Билим берүү жана илим министрлигинин алдында «Окуу китеби» Басма үйү” Мамлекеттик мекемеси түзүлгөн (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-февралындагы № 48 токтому).

Республиканын мектептери үчүн мыкты чет өлкөлүк окуу китептерин адаптациялоо максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемеси менен Marshall Cavendish (Сингапур) менен «Окуу китеби» Басма үйүнүн ортосунда лицензиялык келишимдер түзүлгөн, алар бардык класстар үчүн математика, физика, химия, биология, табият таануу, англис тили боюнча окуу-методикалык комплекстерди мөөнөтсүз пайдаланууга укук берет (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-апрелиндеги № 206-т тескеме).

Улуттук портал

— Педагогдорду колдоо жана шыктандыруу максатында — педагогикалык кадрлардын Улуттук порталы иштелип чыкты, педагогдордун квалификациясын жогорулатуунун жаңы форматы — командалык окутуу киргизилди, мектепке чейинки жана мектептик билим берүү системасынын 90 миңден ашык кызматкерлери квалификациясын жогорулатуу курстарынан өтүштү, — деди Д.Кендирбаева.

2024-жылы «Билим берүүнүн 100 жылдыгы: трансформация, чакырыктар жана жаңы горизонттор» темасында Август педагогикалык конференциясы биринчи жолу Эл аралык форматта: Казакстан, Сингапур жана Россиядан келген кесиптештердин катышуусу менен, жана билим берүү чөйрөсүндө инновациялык чечимдердин Кыргыз-Россия Жарманкесин өткөрүү менен уюштурулду.

Биринчи жолу мугалимдер үчүн ноутбук

УЛУТТУК БИЛИМ БЕРҮҮ БҮТҮНДӨЙ ЖАҢЫЛАНУУ ЖОЛУНДА

Биринчи жолу мугалимдер үчүн ноутбук сатып алууга 678 млн.сом бөлүнгөн. Биринчи этапта алар STEM-сабактар боюнча мугалимдер үчүн сатылып алынат, ал эми андан кийин бардык мектеп мугалимдерине алынат.

Өлкөнүн мамлекеттик жана муниципалдык мектептеринин 97,5% интернетке туташты, бул 2023-жылга салыштырмалуу 5,2% көп.

Пандемиядан кийин биринчи жолу республиканын мектептеринин бүтүрүүчүлөрү ЖРТнын орточо баллынын көрсөткүчүн олуттуу жакшыртышты, ал 128,4 баллды түздү,  2023-жылы ал болгону 121,8 баллды түзгөн.

«Түндүк» аркылуу документтерди алуу жана тастыктоо үчүн «Аттестаттардын жана дипломдордун реестри» маалыматтык системасы иштелип чыкты.

Илим жана илимий-техникалык саясат

Кыргыз Республикасынын «Илим жөнүндө» жаңы Мыйзамына ылайык — Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына караштуу Илим, инновациялар жана жаңы технологиялар боюнча Кеңеш ; базалык докторантура (PhD)/профили боюнча ; Кыргыз Республикасында илимий-педагогикалык жана илимий кадрларды даярдоо  боюнча; Кыргыз Республикасынын илимий, илимий-техникалык кадрларына жана илимий кызматкерлерине кошумча кесиптик билим берүү  боюнча  негизги Жоболор жаңыртылды жана бекитилди.

Kyrgyz National H-index Ranking 2024 көз карандысыз эл аралык балоо рейтинги боюнча Кыргыз Республикасынын Scopus боюнча Хирша индекси 147ни түзүп, 2023-жылга салыштырмалуу  17 позицияга, б.а. 130дан 147ге жогорулады.

2024-жылы биринчи жолу жаштар арасында илимий изилдөөлөргө дем берүү, келечектүү илимпоздорду табуу жана колдоо, илимди жана инновацияларды жайылтуу максатында жаш окумуштуулар арасында сынак болуп өттү.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 30-апрелиндеги ПЖ № 110 Жарлыгынын негизинде Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сый акысы жөнүндө Жобо бекитилип,  ата мекендик илимди олуттуу түрдө байыткан жана табигый, техникалык, коомдук жана гуманитардык илимдерди өнүктүрүүгө, кыргыз илимин жана техникасын дүйнөдөгү алдыңкы жетишкендиктердин деңгээлине чыгуусуна олуттуу салым кошкон илимий изилдөөлөрдүн натыйжалары үчүн жеңүүчү деп табылган изилдөөчүлөргө берилүүчү сый акынын көлөмү 250 000 сомдон 1 000 000 сомго көтөрүлдү.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 177 токтомунун негизинде  Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Илим фонду жөнүндө Жобосу кабыл алынып илимди, илимий-техникалык жана илимий инновациялык иштерди каржылоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бирдиктүү “Илим фонду” түзүлдү.

Илимий жана эксперттик чөйрөлөрдүн өкүлдөрүнүн, жогорку окуу жайлардын студенттеринин жана илимий даражага талапкерлердин илимий-аналитикалык иш-аракеттеринин жыйынтыктарынын негизинде иштелип чыккан мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча илимий-изилдөө жана аналитикалык материалдарды камтыган жалпыга жеткиликтүү онлайн маалымат системасы иштелип чыкты https://oois.vr.kg/.

2024-жылдын 21-июнунда “Ала-Тоо” Эл аралык университетинин Eurasian Journal of Business and Economics (EJBE) илимий журналы эл аралык Scopus базасына катталган Кыргызстандагы экинчи журнал болуп калды.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республиксынын Улуттук илимдер академиясынын имараты 0,5 млрд.сомго капиталдык ремонттон өттү.

Улуттук илимдер академиясын каржылоо булагынын өсүү динамикасы: 2022-жылы — 364,4 млн. сом, 2023-жылы — 394,5 млн.сом болсо, 2024-жылга карата — 402,6 млн.сомду түздү.

УЛУТТУК БИЛИМ БЕРҮҮ БҮТҮНДӨЙ ЖАҢЫЛАНУУ ЖОЛУНДА

2025-2026-окуу жылына карата пландар

Билим берүү жаа илим министри Д.Кендирбаеванын айтымында, 12 жылдык мектепте билим берүүнүн жаңы билим берүү стандарты, башталгыч, негизги жана орто жалпы билим берүүнүн предметтик стандарттары иштелип чыкты. Билим берүүнүн бардык деңгээлдериндеги педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуунун жаңы модулдары иштелип чыкты. 12 жылдык билим берүүнү ишке ашырууну маалыматтык камсыздоо, 12 жылдык билим берүүнү ишке ашыруунун динамикасына мониторинг жүргүзүү боюнча штаб түзүлдү. Мектептеги билим берүүнүн сапатына мониторинг жүргүзүү (Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү боюнча департамент), анын ичинде PISA – 2025 программасын ишке ашыруу (180-250 мектептин базасында) боюнча даярдык көрүлүп жатат.

— Мугалимдерди комплекстүү методикалык колдоо – облустардын, шаарлардын жана райондордун деңгээлинде методикалык борборлорду реформалоо алдыда турат. Кыргыз Жараны, улуттук каада-салт, басмырлоону болтурбоо, аң-сезимдүү жоопкерчиликтин, аяр мамиленин, келечекке даярдыктын, мектеп жашоосуна катышуунун үлгүсү болгон — мектеп окуучуларын тарбиялоо боюнча ишти күчөтүү зарыл. Акыркы кезде болуп жаткан окуялар баарыбызды өкүндүрөт. Жапа тырмак турбасак болбойт. Бүтүрүүчүлөр үчүн, дароо санариптик аттестаттарда көрсөтүлүүчү, «Түндүк» тиркемесинде жеткиликтүү болгон санарип документтер бөлүмүндөгү окуучулардын жетишкендиктери жөнүндө учурдагы маалыматтар менен акысыз Мамлекеттик улуттук «Электрондук күндөлүк» иштелип жатат. Айрым мугалимдер иштебей жатканын көрүп жатабыз. Биринчи мамлекеттик «Туңгуч» онлайн мектебин ишке киргизүү пландаштырылууда, ал ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга, чет өлкөдөгү мигранттардын балдарына жана кайрылмандарга мамлекеттик документтерди берүү менен толук кандуу мектептик билим бере алат. Мугалимдер санариптик трансформациянын борборунда болушу керек. Ушуга байланыштуу, өлкөнүн бардык педагогдору мугалим жөнүндө бардык маалыматты камтыган АМС Мугалим системасында жеке санариптик портфолиолорду ачышты: социалдык жана академиялык абалы, кесиптик ишмердүүлүгүнүн тарыхы. Мугалим порталында мугалимдер бош орундарга онлайн тапшыра алышат, бардык мугалимдердин ачык рейтинги ошол жерде сакталат жана мыктылар автоматтык түрдө сыйлыктарга сунушталышат, — деди ал.

Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу үчүн санариптик колдоо «Санарип Кампа» билим берүү ресурстарынын санариптик китепканасы аркылуу да жүргүзүлөт. Платформага жасалма интеллект дагы интеграцияланган, ал мугалимге керектүү сабак үчүн тесттерди, тапшырмаларды, окуу планын жана башка материалдарды автоматтык түрдө түзүүгө жардам берет.  Бардык билим берүү мекемелеринин негизги маалымат базасы болгон «Мектеп инфраструктурасы» маалыматтык системасы аркылуу, онлайн режиминде оңдоого кайрылуулар чогултулуп, жабдуулардын, эмеректердин жана башка окуу куралдарынын эсеби жүргүзүлөт.

2025-жылы «Мектептерге электрондук кезек» толугу менен модернизацияланып жатат, ал балдарды жашаган жериндеги мектептерге жана бала бакчаларга активдүү бөлүштүрөт. Бул ата-энелердин көпчүлүгүн маалымкат чогултуудан куткарат.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер