КЛИМАТТЫН ӨЗГӨРҮҮСҮН АЛДЫН АЛУУГА ЖОЖДОРДУН АРАКЕТИ
- 23.10.2024
- 0
Борбор Азиядагы Америка университетинин студенти Нурдөөлөт Аскарбеков таштандыдан көмүр ойлоп тапты. Көмүргө керектелүүчү сырьё таштанды катары ыргытылган жалбырак менен кагаздан турат. Ал атайын нымдаштырылып аппараттын жардамы менен формага келтирилет. Бир колдонгондо эки сааттан ашык күйөт жана көп калдык чыкпайт.
Мындай жылытуучу каражаттын өзгөчөлүгү – түтүн аз чыккандыктан климатка терс таасирин тийгизбейт жана көп функционалдуу колдонууга болот. Ал бул идеяны акыркы жылдары борбор калааны каптаган түтүндөн кантип арылуу керек деген суроого жооп издеп жатып тапкан.
— Бул эмгектин идеясы университтеги профессор Бермет Сүйүтбекованын берген тапшырмасынан улам келип чыкты. Себеби кыш мезгили келери менен жыл сайын түтүн пайда болуп, климатка гана эмес, адам өмүрүнө да терс таасирин тийгизип жатат. Анын үстүнө, өзүм да аллергиктердин катарын толуктагандыктан ушул маселени чечүүгө бел байладым. Профессор менен биргеликте түтүндүн эмнеден пайда болуп жатканын изилдеп отуруп, негизги булагы катары көмүр эсептелерин аныктадык. Ошондо көмүрдүн ордуна эмнени пайдалансак болот деп ойлоно баштадык. Натыйжада ушул идея пайда болуп, биз колдонгон каражаттардын абага таасири канчадык экенин, ар бири канча көлөмдө кошулуусу керектигин аныктап чыктык. Буга чейин таштандыдан күйүүчү каражат жасалган эмгек болбоптур, — дейт Нурдөөлөт.
Таштандыдан көмүр жасоо үчүн бирдей көлөмдөгү кагаз менен майдаланган жалбырак алынып, суу менен аралаштырылат. Аны пресстегенде ашыкча суу бөлүнүп чыгат. Нурдөөлөт ойлоп тапкан форма менен бир чыгарганда төрт брикетти беш мүнөттө чыгарып алса болот. Он саатта болжолдуу он төрт миң брикет чыгаруу мүмкүн. Пресстелгенден кийинки сууну кийинки материалды чылоо үчүн иштете берсе болот. Натыйжада дээрлик таштанды чыкпайт.
Бир брикеттин салмагы жарым килограммга чейин жетет. Наркы он сомду түзөт. Көмүрдөй көп убакытка күйбөсө дагы эки саатка чейин өчпөйт. Чөнтөккө да көп күч келтирбей, артынан калдык көп чыкпайт. Эң негизгиси климатты булгап, адамдардын ден соолугуна зыян келтирбейт. Аны бир гана жылуулук үчүн эмес, шишкебек, барбекю жана башка бардык тамак-аштарды жасоого да колдонсо болот.
— Албетте, башында кемчиликтерди кетирдик, жалбыракты майдалабай койгондуктан кээ бир прототиптер чачырап кеткен учурлар болду. Акырындап отуруп бир калыпка салып алдык. Керектелүүчү материалдар деле жеткиликтүү. Өзүбүз уюштурган ишембиликтен чыккан таштандыдан эле жалбырактарды бөлүп алабыз. Ал эми кагазды болсо макулатура үчүн окуу жайларга, кеңселерге кутучаларды коюп, чогултуп алсак болот. Башка таштанды таштоочу жерлерге дагы желим, айнек жана кагаздарды өзүнчө бөлүп таштоону сунуштап жатабыз. Ал система ишке кирсе чогулган кагазды бекер алабыз да, калган бөлүгүн тиешелүү фирмаларга сунуштайбыз. Чынын айтканда, бул долбоорду жакында эле түзүп ушул прототипке жеттик. Биринчи ишибиздин эки саатка күйгөнү биз үчүн чоң жетишкендик. Арийне, биринчи кезекте өзүбүз күйгүзүп көрүп, дагы да көбүрөөк убакытка күйүү жана жылуулук берүү үчүн кандай жолдору бар экендигин, кошумча-алымчасын кошуп, мындан да сапаттуу өнүктүрүүнү максат кылабыз. Мисален, воск кошуу оюбузда бар, — дейт жаш ойлоп табуучу.
11-22-ноябрында Баку шаарында “Климаттын өзгөрүшү: кесепеттерин жумшартуу, адаптациялоо жана Кыргызстандын билим берүү системасында чечүү жолдору” БУУнун Алкактык Конвенциясынын Тараптарынын 29-конференциясы өтөт. Анда экологиялык маселелер эл аралык деңгээлде талкууланып, бир катар сунуштар айтылат.
Ош мамлекеттик университетинде абанын булганышын изилдеген илимий борбор IRCAPS түзүлөт. Бул Токио медициналык университети менен ОшМУ ишке ашырып жаткан “Спутниктик маалыматтарга жана аймактык химиялык транспорттук моделдөөнүн негизинде абанын булганышын баалоо системасын өнүктүрүү жана абанын булганышын изилдөө борборун түзүү” долбоорунунун алкагында иш ашат. Долбоордун алкагында абанын булганышын өлчөөчү приборлор сатып алынат. Бул техникалар Ош, Бишкек шаарларына жана башка аймактарга орнотулат. Кийин абанын булганышына мониторинг жүргүзүп жаткан улуттук системага киргизилет. Ал үчүн ОшМУнун кызматкерлери Токио медициналык университетинен окуп келишет.
Окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобеков долбоордун өлкө, анын ичинде Ош шаары үчүн мааниси чоң экенин, ошондой эле сапатсыз көмүрдүн колдонулушу, өнөр жайдын өнүгүшү, транспорт жана үй-бүлө чыгымдары жарандардын ден соолугуна, экологияга таасир тийгизип жатканын белгиледи.
- Бул долбоордогу өнөктөш университет катары Токио медицина жана стоматология институту, азыркы учурда Токио илим институту менен кызматташып жатканыбыз абдан кубандырат. Ушул жылдын март айында биздин аталган окуу жайга болгон сапарыбызда илимий изилдөөлөрдүн жогорку деңгээлин, инновациялык технологияларды билим берүү процессине интеграциялоо багыттарында тажрыйбалары менен таанышып келдик. Мындай кызматташтык биздин изилдөөчүлөр үчүн уникалдуу тажрыйбага жетүүнү камсыздайт. Бул болсо долбоордун ийгиликтүү жүзөгө ашуусуна зор таасирин тийгизет, деди.
Долбоорду Жапония тарап каржылап, керектүү каражаттар менен камсыздайт. Борбордо булганган абанын ден соолукка зыяндуулугу изилденет. Мындан тышкары Дата борбор курулуп, маалыматтык база топтолот. Жапон өкмөтү Кыргызстан менен бирге спутниктик маалыматтардын жана машиналык окутуунун негизинде абанын булганышын баалоо системасын иштеп чыгат. Анда Ош жана Бишкек шаарларында атайын изилдөөлөр жүргүзүлүп, үйдүн ичи-сыртынан өлчөөчү өлчөгүчтөр коюлат. Буга байланыштуу эки өлкөнүн долбоорго катышкан командаларынын өкүлдөрү шаардагы абанын булганышы менен күрөшүү боюнча өнөктүк стратегия иштеп чыгат. Ал эми чогултулган маалыматтардын негизинде абанын сапатын жакшыртуу, калктын ден соолугуна, экономикага жана экологияга терс таасирин азайтуу боюнча кызыкдар мекемелер үчүн сунуш берилет. Долбоордун мөөнөтү беш жылга созулуп, 2025-жылдан тартып ишке кирет.
Ал эми “Ала-Тоо” Эл аралык университетинде жыл сайын Eco-Fest иш-чарасы өтүп, анда эко-товарлар эко-тамактар коюлуп, чыгармачыл мастер-классы, калдыктарды кайра иштетүү, экологиянын өлкө үчүн маанилүүлүгү тууралуу маалыматтар айтылат. Иш-чаранын негизги максаты окуучулар арасында экологиялык маданиятты калыптандыруу жана жаратылышты сыйлоо принциптерин өнүктүрүүгө көмөктөшүү, экология тармагындагы түрдүү уюмдар менен эксперттердин маалымат жана тажрыйба алмашуу аянтчасын түзүү.
Ошондой эле окуу жайда былтыркы жылдын 19-декабрында AIR QUALITY INDEX (AQI) аппараты орнотулду. AQIнин жардамы менен университет коомчулугу абанын сапатын, абанын булгануу деңгээлин жана абанын температурасын көзөмөлдөй алат.
Айгерим Токтобаева, “Кут Билим”
Комментарийлер