Кесиптик билим берүүнүн чыгаан ишмери

  • 04.11.2024
  • 0

Байдалы  Шаршенбаев — Кыргызстандын кесиптик билим бер ү ү тармагында терең из калтырган ишмер. Анын өм үр ү жана ишмердиги, өлкөбүзгө кесипкөй адистерди даярдоо  үч үн арнаган зор эмгеги ар бир муун  үчүн өрнөк. Анын аты Сокулук районунун Жаңы-Жер айылындагы №43 кесиптик лицейге ыйгарылган. Окуу жай 1-ноябрда билим берүүдө көп жыл директорлук кызматты аркалаган чыгаан ишмерди эскерүү иш-чарасын өткөрөт.

Кесиптик билим берүүнүн чыгаан ишмери

Байдалы Шаршенбаев1931-жылы 6-майда Панфилов районуна караштуу Кум-Арык айылында жарык дүйнөгө келген. 1948-жылы Фрунзедеги №5 мектеп-интернатын аяктап, ошол эле жылы Калинин облусунун райондук партия комитетинин инструктору болуп дайындалган. 1951-1954-жылдары Черняховскиде аскердик кызматын аяктагандан кийин кайрадан эле райкомдогу эмгегин уланткан. 1960-жылы Алма-Атадагы Жогорку партиялык мектебине тапшырып, беш жыл билим алгандан кийин Кара-Балта шаарындагы кесиптик лицейде директордун орун басары катары агартуу тармагындагы алгачкы эмгек жолун баштаган.

1979-жылы аны Кесиптик-техникалык билим бер ү ү министрлиги жаңы салынган №43 училищеге директорлук кызматка дайындаган. Аталган окуу жайды 12 жыл, тактап айтканда, 1991-жылга чейин башкарган.

Кесиптик билим берүүнүн чыгаан ишмери

Ал СССРдин Журналисттер союзунун м үчөс ү жана Кыргыз ССРинин Эл агартуусунун отличниги болгон.

Байдалы Шаршенбаевдин кесиптик техникалык билим берүү системасынын өн үг үш үнө салымы зор. Ал өлкөнүн айыл чарба жана башка тармактарына татыктуу адистерди даярдап, кесиптик билим бер ү ү системасында бийик өрнөк көрсөткөн адам катары элдин эсинде. Устаттык эмгеги бүгүнкү күнү да эскерилип, жаштар  үчүн тарбиялык маанисин жоготкон жок.

Кесиптик лицейдин өн үгүүсүнө, курулуш иштерине жана имараттын айланасын жашылдандырууга Байдалы агай өз үнүн зор салымын кошкон. Бак-дарактар менен курчалган лицейдин азыркы көрктүү көрүнүшү анын эмгегинин айкын далили.

Айыл чарба жана туризм тармагы  үчүн квалификациялуу адистерди даярдаган лицейге 1998-жылы Байдалы Шаршенбаевдин ысымы ыйгарылган.

Кесиптик билим берүүнүн чыгаан ишмери

Билимдүү, акылдуу, уюштургуч, психолог — жетекчи

1997-2000-жылдары окуу жайда дене тарбия мугалими болуп эмгектенген  Абдыкалык Темиров Байдалы Шаршенбаев менен эки жылдай бирге иштешкен. Айтымында, ал агартуучуларды спортко  үндөп, дени сак жашоо образын кармоого мүмкүнчүлүк түзүп берген.

-Биздин укканыбызга караганда агай лицей жаңы курула баштаганда куруучулар менен кошо мастер-инженер катары кошо иштеген экен. Лицейдин курулушу б үткөндөн кийин анын айлана-тегерегиндеги арчаларды, бактарды өз колу менен тигип чыгыптыр. Эки жыл окуу жайдын тарбия иштери боюнча директордун орун басары болуп иштеп, кийин директорлук кызматка жогорулаган. Агай тууралуу айта берсем, жакшы сөз түгөнгүс… Абдан билимд ү ү, акылдуу, уюштургуч, психолог жетекчи болчу. Спорттун фанаты болуп, волейболду абдан жакшы ойнор эле. Кызматкерлеринин бир гана кесипкөйл үг үн арттырууну эле эмес, ден соолугун чыңдоого басым жасап, ар кандай мелдештерди уюштуруп, кызыктуу белектери менен кубандырып турчу. Мугалимдердин, окуучулардын спортко болгон кызыгуусун арттырып, спорт аянтчасынан орун алып, машыгуусуна түрткү болгон, — дейт.

Улуу мурас жана эскерүү очогу

Байдалы Шаршенбаев дүйнөдөн кайткандан кийин анын  үй-бүлөсү ысымын өчүрбөй, дайыма эскерип туруу максатында музей уюштурууну демилгелеген. Агайдын балдары лицейге ар тараптуу колдоо көрсөт үп, ата кеңешин жана мурасын сактап, кесиптик билим берүү чөйрөсү менен кабардар болуп, иштерин ийгиликтүү улантууда.

Байдалы Шаршенбаевдин музейи — бул жөн гана экспонаттар жана архивдик документтер жайгашкан орун эмес, ал анын жашоосунун жана эмгегинин чыныгы символу, лицейдин окуучулары жана коноктору  үчүн билимге болгон чексиз берилүүнүн  үлгүсү.

Музейдин негизги максаты — улуу инсандын жашоо жолун, ишмердигин жана кыргыз коомчулугуна жасаган зор салымын элге жеткирүү, анын кесиптик билим берүү тармагындагы ишмерд ү үл үг үн сактоо жана келечек муундарга  үлгү катары көрсөтүү.

Бул музейде анын эмгектери келечек муундарга тааныштырылып, элеси дайыма эскерилип турат.

Музейдин ичинде билим берүүдө көп жыл директор болгон ишмердин өмүрү жана ишмердүүлүгү тууралуу документтер, сүрөттөр, өз колу менен жазган каттар, ага тапшырылган сыйлыктар жана Ардак грамоталар сакталган. Экспонаттардын ар бири — анын ар кандай баскычтагы эмгек жолун, билимин өрк үндөтүү максатында аткарган иш-аракеттерин жана жаштарга кесиптик тарбия берүүдөгү эмгегин айгинелейт. Музейдин ар бир бурчу агайдын кесиптик билим берүү тармагына болгон берилгендигин жана окуучуларга болгон камкордугун чагылдырат.

Кесиптик билим берүүнүн чыгаан ишмери

Байдалы Шаршенбаевдин музейи лицейдин окуучулары  үчүн чоң тарбиялык мааниге ээ. Бул жайда тарыхый инсандын жашоосу менен таанышуу аркылуу окуучулар адамдык баалуулуктарды калыптандырып, билимге жана эмгекке болгон жоопкерчиликти тереңирээк түшүнүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Агайдын улуу мурасы жаштарга  үлгү болуп, келечекке болгон көз караштарын түзүүдө маанилүү роль ойнойт.

Окуу жайдын жамааты жана  үй-бүлөсү Байдалы агайдын урматына арналган бул музейди жакшыртуу жана байытуу ишин улантууну максат кылат. Жыл сайын музейге жаңы экспонаттарды кошуп, анын тарбиялык ролун күчөтүү, окуучулардын изилдөө мүмкүнчүлүгүн камсыздоо пландаштырылууда.

Айгерим ТОКТОБАЕВА,

«Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер