КЕЛГИЛЕ, ӨЗГӨРБӨЙЛҮБҮ?!

  • 16.03.2025
  • 0

(кесиптештерге жана билим берүүгө кайдыгер карабаган ар бир инсанга кат)

Альберт Эйнштейин: “Эгерде балыкты даракка чыгып түшкөндүгүң үчүн сага “5” деген баа коем десе, анда бул балык ушул иш колунан келбегендиги үчүн өзүн өмүр бою эч нерсеге жөндөмсүзмүн деген ишенимде өтөт”, — деп айткан сөзү бар. Биздин билим берүү системабыздагы акыбал так ушундай. “Балыктын” океанда кеңири сүзөөрүн, кургакка чыкса “өлүп” калаарын эске албай эле, анын табиятын тааныбай туруп, кызыгууларын анализдебей туруп тапшырма бергендигибиз – биздин эң чоң кемчилигибиз…

КЕЛГИЛЕ, ӨЗГӨРБӨЙЛҮБҮ?!

Мен кичинекей кезимде атамдын устачылык кылган ишмердүүлүгүнө күбө болуп чоңойдум. Өзүбүздүн үйдү да, бир тууган инилеринин үйүн да атам салган. Кээде мык кагып жатып “ох-ий” деген боюнча колун бир силкип, бармагын оозуна салып калар эле. Көрсө, жаза тайып балка менен мыкты эмес колун уруп алат тура, кайран киши. Сол колунун башбармагы кан уюп капкара болуп жүргөнү-жүргөн болчу. Азыр атамдын жолун жолдоп эки агам устачылык менен алектенишет. Агаларымдын иштеп жатканын көрүп, атама дагы бир жолу боорум ачыйт. Анткени, агаларым балка менен мык какпайт. Атайын бир куралы бар. Ошол менен эле зуулдатып бириктирип коет. Дагы мен атын билбеген көп куралдары бар. Сапат жагынан алып караганда, албетте, агаларым салган үйлөр, агаларым жасаган ремонт иштери алда канча жогору экендигине ынанам. Муну мен эмне үчүн айтып олтурам? Мен көзүм менен көргөн ушул эки процесстин ортосунда 25-30 жылдай убакыт өтүптүр. Усталар өз ишин жеңилдетүү, иштеп чыккан продукциясынын сапатын жакшыртуу максатында изденүү менен ушул куралдарды иштеп чыгышыптыр. Усталардын иштеп чыккан продуктусу го жансыз объект. А мугалимдерчи? Биз, мугалимдер, адам ресурсу менен иштеп жатпайлыбы? Бизди Совет доорунда ушинтип окуткан, мен да окуучуларымды ушинтип окутушум керек деп, болбой эле көшөрө бергенибиз ыңгайлуу куралдар турганда болбой эле балка менен мыкты ала жүгүргөнгө тете эмеспи?! Ооба, Совет доорундагы билим берүү системасы эң жакшы болгон, бирок, өз доору үчүн. Азыркы 21-кылымда балдарды келечекке тарбиялоо үчүн жаңы көндүмдөр, жаңы билимдер талап кылына баштады. Бул нерсе дагы 15-20-жылдан кийин дагы өзгөрүүсү мүмкүн. Билим берүү системасындагы реформалар, жаңыланууга болгон зарылчылыктар жөнүндө профессор Дүйшөн Шаматовдун “Билим бакыт канаты” китебиндеги “Таш уста” икаясын окууну сунуштайт элем.

12 жылдык билим берүү системасы жөнүндө коомчулукта катуу талкуу болуп жаткан учур. Баланын жашы, предметтер, окуу китептери жөнүндө массалык маалымат каражаттарында байма-бай эле маалымат берилип жаткан учур. Мен аларга эмес, мазмундук жактан кандай артыкчылыктар болоорун жөнөкөй тил менен жазгым келип турат. 2010-жылдардын башында Финляндия өлкөсүнө атайын сапар менен барып, алардын билим берүү системасы менен жакындан таанышып келген бир методист менен баарлашып калдым. Анын байкоосунда бул өлкөдө окуучулар ар бир предметтен ар башкача “чачыранды” билим алышпайт экен. “Бир нече сабактарга байкоо жүргүздүк. Биз барганда окуучулар “Суу” деген темага келиптир. Химия сабагында сууну изилдеп, химиялык касиеттерин үйрөнүп жатышты, физика сабагына кирсек суунун физикалык касиеттерин окуп-үйрөнүштү, география сабагында конкреттүү бир материкти изилдешти, бирок, ал материктеги сууларга көбүрөөк токтолушту. Атүгүл математика сабагында “Пайыз” темасын өтүү менен, суу туурасындагы маселелердин пайыздык көрсөткүчтөрүн чыгарышты”, — деп жатпайбы. А биздечи? Биз окуучуларга билимдерди бири-бири менен байланышпаган акыбалда алдына чачып койгон жокпузбу, эми өзүң жыйнап ал деп. Эми бул реформанын жышааны менен предметтердин интеграциясынан турган ИЛИМ сабагы кирсе, биз да окуучуларга “пайдалуу” билим берүүгө умтулабыз. Дүйнөлүк стандарттарга жооп берген окуу китептеринин келиши менен ар бир окуучу сынчыл ойломго түртө тургандай окуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. 12 жылдык билим берүү системасы чет өлкөгө окууга тапшырууну каалаган 0,6 пайызды түзгөн окуучулардын кызыкчылыгын эмес, биринчи кезекте маалыматтык жактан теңсиздик жаралып жаткан заманда тээ алыскы айылдардагы ар бир баланын кызыкчылыгын колдойт. Эми ар бир бала дүйнөлүк стандарттарга жооп берген, креативдүү тапшырмалар камтылган окуу китептери менен окуй алат.

Ушул реформанын алкагында республика боюнча 14 миңден ашуун STEM мугалимдери атайын методикалык көндүмдөрүн жогорулатуу курсунан өттү. Мына ошол жерде мени толкунданткан бир окуя болду. Семинар төрт күндүк болчу. Теориялык жана практикалык тапшырмаларды тренинг учурунда аткаргандан сырткары үйгө да педагогикалык чеберчиликти көрсөткөн кинолордон көрүү тапшырма катары берилип, эртеси күнү ошол боюнча талкуу жасап жаттык. Бир күнү үйгө белгилүү америкалык педагог Рон Кларк жөнүндөгү фильмди көрүп келүү тапшырмасы берилген. Эртеси күнү келип кызуу талкуу жасадык. Ар бир баланын үйүнө барып, турмуш-шарты менен таанышып, баласынын таланттуу экендигине ата-энесин ишендире алган педагогдун ишмердүүлүгүн “эң жакшы” деп бааладык. “Бизде да ушундай балдар барбы? Сиз ушундай кырдаалга кабылып калсаңыз кандай кылмаксыз?” — деген суроолор менен деги эле талкуунун данегине жетпей жаткам. Бир убакта жашы 40-45 чамасындагы эжеке: “Мен бул кинодон бир гана нерсени түшүндүм, мен жакшы мугалим эмес экендигимди. Окуучулар үчүн иштеп жатам деп өзүмдү алдап жүрүптүрмүн, чынында өзүм үчүн эле иштептирмин. Мындай болбойт”, – деп ыйлап жиберсе, ар бирибиздин жандүйнөбүздө кыйкырып турган ачуу чындыкты балп эттире айтып салгандыгы үчүн баарыбыз ыйладык. Эч кимибиз актана албадык…

Мына ошол жерде семинардын соңунда бир аксакал мугалим батасын берип жатып: “Биз, мугалимдер, коомду билимге-илимге, адеп-ахлакка чакырган дааватчылар болушубуз керек болуп турган учур, атүгүл ар бир эшикти кагып түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдөн уялбагыла”,  — деп сөзүн жыйынтыктады. Молдолор “үчтөн ашык киши топтолгон жерде ыйманга чакырган эки ооз сөз айтпасак молдолугубуз кайсы” дешет го. Бизчи?! Жогорку билимдүү мугалимдер! Той-топурда, отурушта, кошуналардын чайында, аяштардын кассасында “Кантип балдарды билимге дилгир кылабыз, кантип балдарга туура тарбия беребиз?” деген темада эки ооз сөз айтпай, элге кошулуп акыркы үлгүдө чыккан идиш-аяктарды, акыркы үлгүдөгү туш кагаздарды, Айшакандын алтын сөйкөсүнүн баасы менен граммын сүйлөшүп гана кете берсек, биздин мугалимдигибиз кайсы? Келгиле, өзгөрбөйлүбү?! Жакшы жакка өзгөрүү болуп жаткандыгын көрсөк колдобойлубу?!

КЕЛГИЛЕ, ӨЗГӨРБӨЙЛҮБҮ?!

 

Назгүл КАНЫБЕКОВА, мугалим, Ош шаары

Бөлүшүү

Комментарийлер