БЕКСУЛТАН ИМАШОВ: «МЕНИ КЫРГЫЗ ЭЛДИК ООЗЕКИ ЧЫГАРМАЧЫЛЫГЫ ТАРБИЯЛАП, МУГАЛИМ КЫЛДЫ»
- 25.09.2024
- 0
Адаттагыдай эле 5-октябрда Билим берүү жана илим министрлиги Мугалимдердин кесиптик майрамын утурлап, “Жылдын мыкты мугалими — 2024” конкурсунун республикалык турун жыйынтыктайт. Финалга республика боюнча 128 мугалим катышат. Быйылкы сынактын өзгөчөлүгү — мыктынын мыктысына батир ыйгарылат.
Сынактын өзгөчөлүгү
Жыл сайын эле бул кароо-сынак мугалимдик кесиптин кадыр-баркын жогорулатуу, билим берүү уюмдарынын таланттуу, чыгармачылык менен иштеген мугалимдерин аныктоо, аларды колдоо жана кубаттоо, ар бир мугалимдин өзүн-өзү жана кесиптик сапаттарын көрсөтүшүн камсыздоо, кесиптик байланыш чөйрөсүн кеңейтүү, республиканын мыкты мугалимдеринин педагогикалык тажрыйбасын жайылтуу жана мугалимдердин мыкты тажрыйбасы жөнүндө педагогикалык маалымат менен толуктоо максатында өткөрүлүп келатат. Быйылкы сынак жаңы жобонун негизинде бир нече номинация менен, т.а. башталгыч класстын мыкты мугалими, кыргыз тили жана адабиятынын мыкты мугалими, орус тили жана адабиятынын мыкты мугалими ж.б. болуп жалпысынан 17 предметтен облустук турда электен өткөн мугалимдер катышууга билектерин түрүнүп жаткан чак.
— Конкурстун баардык этаптарында мугалимдин иш тутуму бааланат жана анын сабактын техникасын, методикасын өздөштүрүү даражасы аныкталат. Жаш муунга билим жана тарбия берүүнүн педагогикалык технологиялары, методикалары, жаңы ыктары жана ыкмалары анализделет. Сынактын мазмуну ар бир тур үчүн аныкталат, т.а. конкурстук финал үч тур менен өтөт. Талапкерлер биринчи турда эки бөлүктөн: предметтик даярдыгы жана педагогикалык кырдаалдарда психологиялык даярдыгы боюнча тест тапшырып, жалпы 60 суроого жооп берет. 60 суроонун ар бирине бирден балл коюлат. 40-60 балл алгандар 2-турга өтөт. Ал эми 2-турда конкурсанттар сабак өтпөйт, тек гана методикалык колдонмолорду колдонуп, кайтарым байланыш аркылуу сабактан үзүндү көрсөтөт, башкача айтканда талапкер 20-30 мүнөттүн ичинде өзүнүн даярдыгын көрсөтүүгө тийиш. Эки турдун жыйынтыгында 70-100 балл алгандар 3-турга барат. 3-турда “Сабак” конкурстук сыноосу болот. Анын максаты – катышуучу сабакты даярдоодо, өткөрүүдө жана талдоодо окуу-тарбиялоо процессин жана окуучулардын окуу ишин уюштуруунун негизги формасы катары өзүнүн кесиптик көндүмдөрүн көрсөтүүгө тийиш. Эгерде талапкер үч турдан тең өтүп бирдей балл алса, аны чоң жюри “Мугалимге сөз” деген кошумча сыноого жиберет. Мында үч критерий менен баалоодо ал ата мекендик билим берүүнү өнүктүрүү тенденцияларын жана мамлекеттик билим берүү саясатынын маселелерин түшүнүү, ой жүгүртүүлөрдүн тереңдиги жана стандарт, сунушталган чечимдердин негиздүүлүгү жана реалдуулугу, билдирген жеке позициясы жана коммуникативдик маданияты боюнча жогорку көрсөткүчкө жетишсе, ага 10 балл ыйгарылат. Жыйынтыктап айтканда, 17 предметтик мугалимдердин баары бирдей деңгээлде катышат жана өз предмети боюнча эң жогорку балл алган мугалим жеңүүчү аталат. Анын ичинен эң жогорку 110 балл алган талапкер гран-приге ээ болот, — дейт министрликтин жетектөөчү адиси С.Өмүрканова.
Белгилей кетчү жагдай, ар бир турду чоң жюри, чакан жюри жана ар бир предмет боюнча беш же жети кишиден турган комиссия баалайт. «Кара кылды как жарган» комиссиянын курамында жалпы 121 адам тартылган.
Оозеки чыгармачылык тарбиялаган мугалим
«Жыл мугалими — 2023» кароо-сынагынын жеңүүчүсү, т.а. өткөн жылы республикалык турдан 3-орунду багындырган, бул жеңиши менен Теңир-Тоо жергесиндеги жалпы билим берүү мекемелеринин намысын коргой алган Ат-Башы районундагы Карыбек уулу Акматаалы атындагы инновациялык орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Бексултан Имашов кайрадан өзүнүн күчүн сынаганга финалдык турга аттанды. Ал быйыл райондук, облустук турдан 1-орунду камсыздаган.
Өткөн жылы ал методикалык жактан кичине аксап калганы үчүн 3-орунга чыккан. Бирок мугалимдик касиети күчтүү мугалим өткөн сынакта орус улутундагы окуучуларды 30 мүнөттүн ичинде сүйлөтүп, манас ааламына киргизип, аларды кызыктыра билгени калыстар тобун кайдигер калтырган эмес эле. Анын ар бир кыймылы, сүйлөгөн сөзү бир эле окуучуларды эмес, ошол жерде отурган комиссия мүчөлөрүн өзүнө арбап алганы мени абдан таң калтырган.
Мекенчил мугалим кечээ Казакстанда өткөн көчмөндөр оюнуна барып, спорт чеберлерин, күйөрмандарды колдоп, манас айтып, айланасына бир заматта манас угуучуларды топтой алганы анын чөйрө менен иштей билгенинен кабар берип турат.
Талапкердин айтымында, дүйнөдө педагогика деген түшүнүк тарыхый жактан алып караганда байыркы гректерде, римдиктерде алгач пайда болуп, анан бара-бара бизге келип жетти деген ой менен жашап келет.
— Мен ойлойм кыргыздарда элдик педагогика алмустактан бери эле кыргыздын ой түшүнүгүндө, салтында, көчмөн цивилизациясында жашап келген. Кыргыз, керек болсо, баласын түйүлдүк кезинен баштап тарбиялап, коомго адептүү, баатыр, чечен, ошол эле учурда намыскөй кылып тарбиялап кошкон. Кыргыздын кыргыздыгы, анын макал-лакаптарында, ийненин көзүндөй болгон сөзгө инектей керек болсо ингендей болгон маанини батырып туюнта алганында. Мени да кыргыз элдик оозеки чыгармачылыгы тарбиялап мугалим кылды, — дейт Бексултан.
Имашов деген ким?
Бексултан Имашов 1997-жылы 21-мартта Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районундагы Ак-Жар айылында төрөлгөн. Атасы Кубанычбек Төлөгөнов «ИМАШ АТА» дыйкан чарбасынын жетекчиси, апасы Керипа Осмонова көп жыл бою Ат-Башы райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда медайым болуп эмгектенип, учурда ардактуу эс алууда. Беш бир туугандын кичүүсү. Үй-бүлөлүү, Асман аттуу уулу бар. Жубайы Сезим Турдумамбетова эсепчи, банк кызматкери.
2004-жылы ал Жаналы уулу Абдракман атындагы Ак-Жар орто мектебинин босогосун аттап, 2015-жылы ийгиликтүү аяктады. Орто мектепти бүткөн 2015-жылы көксөп жүргөн Жусуп Баласагын атындагы КУУнун кыргыз филология факультетинин кыргыз тили жана адабияты бөлүмүнө тапшырып, 2019-жылы бакалавр бөлүмүн ийгиликтүү аяктаган. Бакалаврлык дипломду филология илимдеринин кандитаты, методик Болот Оторбаевдин жетекчилиги астында «7-класстарга Курманбек эпосун окутуунун методикасы» деген темада жактаган. Адабияттын корифейи аталган профессор, академик Кадыркул Даутовдун, Абдыкадыр Садыковдун, Курманбек Абакировдун, Тилебаев Садык Алахан жана Маразыков Турусбек агайлардын, Турдубаева Назгүл, Исаева Сайра, Таабалдиева Айгүл эжелердин тарбиясын алып, көрөңгөсүн толтуруп, 2019-жылы ушул эле факультеттин магистратура бөлүмүнө кыргыз тили багыты боюнча тапшырып, аны 2021-жылы Маразыков Турусбек агайдын жетекчилиги астында «Көркөм тексттеги лексика семантикалык бирдиктердин табияты» деген темада магистрлик алгачкы илимий эмгегин жактаган.
— Студенттик күндөрүм «Саякбай манасчы» эл аралык фондунда катчылык кызматта, коомдук телерадиоберүү корпорациясындагы «Баластан» каналынын «Манас таануу» интеллектуалдык теледолбоорунда суроо түзүү жана кагаз иштеринде, Бишкек шаарындагы №1 жатак-мектеп гимназиясында кыргыз тили жана адабияты сабагынан мугалимдик кызматта эмгек жолумду баштадым. Ч.Айтматовдун 90 жылдык маарекесине арналган Кыргыз радиосунда өткөн «Китепкөй» республикалык сынагынан 2-орунду алгандыгым үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын Ардак грамотасын алганга жетиштим. Асанбек Стамовдун 80 жылдык маарекесинде автордун «Кандан бүткөн жандан бүткөн үч мээрим» чыгармасына рецензия жазып, жаш калемгерлер арасында биринчи орунду алдым. Жазган рецензиям бир катар гезит-журналдарга басылып, Асанбек Стамовдун маарекесине арналып басылып чыккан китепке киргизилди. Ушул эмгек үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын «Кыргыз тили» төш белгиси менен сыйландым. Өткөн жылы Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасына татыктуу болдум, — дейт сынактын талапкери.
Бексултан Имашов 2021-жылдан ушул кезге чейин Ат-Башы районундагы Карыбек уулу Акматаалы атындагы инновациялык орто мектебинде кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп эмгектенип келатат.
— Мектепке киргенден тарта устаттык милдетти Айгүл Кулмурзаевна аркалады. Эже менен биргеликте «Манас таануу» интеллектуалдык таймашына эки топту даярдадык. Эмгегибиз жемишин жакшы деңгээлде берди десем болот. 2021-жылы райондук, облустук турдан 1 орун, 2-орунду камсыздасак, республикалык турдан гран-при жана 1-орундарды «Манасчылар» жана «Жомокчулар» тайпалары менен алып келдик, — дейт мугалим.
Элеттик мугалим сабак өтүүнү, ар кандай көргөзмө куралдар менен иштөөнү, дегеле сабак өтүүдөгү метод боюнча практикада жүргөндө үстүртөн гана маалымат алган болсо, мектеп турмушун баштан кечиргенден тарта Вендин диаграммасы, Инсерт, ЗХУ, Рангалоо ыкмасы, Концептуалдык карта ыкмалары менен насаатчысы Айгүл Күлмурзаевна тереңден тааныштырганын жашырбайт.
— Бүгүнкү күндө ар бир өтүлгөн сабактарыма жогорудагы ыкмаларды пайдаланып эле тим болбостон, заманбап технологияларды Кахоот, вордволл, ленинапс, тестпад, канва жана башка көптөгөн интерактивдүү усулдарды пайдаланууга аракет кылып келем. 2022-жылдан тарта класс жетекчилик кызматтын да күңгөйүнө күйүп, тескейине тоңуп, 19 кыз, 14 бала, жалпысы 33 окуучунун сүйүктүү агайына айландым десем болот. Ар кандай бейөкмөт уюмдар менен байланышып, окуучуларга керектүү болгон саякаттарды, тренингдерди, жолугушууларды уюштурууга аракет кылып келем. Классымда 33 окуучунун, ар биринин өзүнө гана таандык кыял-жоругу, бири-биринен айырмаланган өзгөчөлүгү бар. Иштешип келе жатканыма үч жылдын жүзү болсо дагы, көп нерселерге жетише алдык, — дейт Б.Имашов.
Ал окуучуларын Жогорку Кеңешке экскурсияга алып келип, ошол ЖКнын депутаттары менен жолуктуруп, окуучулардын кызыкан суроолоруна жооп алып берген. Андан сырткары окуучуларын өлкөбүздөгү музейлерге алып барып, кыш мезгилинде Кочкор району менен Ысык-Көл облусундагы тарыхый жерлерди көргөзүп, аз да болсо алардын өз алдынча өнүгүшүнө салым кошуп келатат. Окуучулары менен бирге «Мугалим» илимий-педагогикалык журналы тарабынан уюштурулган «Мыкты класс жетекчи — 2024» республикалык кароо-сынагына катышып, «Ден соолук — зор байлык» деген темада ачык сабак өтүп, 2-орунду багындырган.
Анын мугалим болуп калыптанышына кыргыздын элдик оозеки чыгармачылыгынын таасири чоң болду. Улуу өнөргө ал 13-14 жашында аралашып, Назаркул Сейдракманов, Сапарбек Касманбетов аталардын батасын алып, Рыспай Исаковго шакирт болуп, жандап жүрүп, жазма акындык өнөрдү да жетилте алганын сыймыктануу менен айтат.
«Көч», «Үч Мээрим» жана башка бир топ прозалык аңгемелерди жазды. Бир катар ырлары өз окурмандарын тапты. 2023-жылы ал «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгиси менен сыйланды.
Жалпылап алганда, мектеп элеттик мугалим үчүн орду толгус зор дүйнөгө айланды.
— Ар бир мугалим статусун алып жүргөн педагогдорго айтаарым, мектеп мен үчүн эмне кылып бере алат деген суроо менен эмес, мен мектеп үчүн эмне кыла алам, менден тарбия алган окуучулардын эртеңки турмушу кандай болот жана мен жөнүндө кандай көз карашта калат деген суроону күндө, керек болсо, ар бир сабактын алдында өзүбүзгө өзүбүз берип турсак, чоң өзгөрүү болмок. Максатыбызды маянабыздан жогору коюу — бул мезгил талабы. Мугалимдин бир эле максаты бар — татыктуу тарбия берүү менен Кыргызстандын эртеңки күнүнүн туткасын бекем кармай турган өспүрүмдөрдү тарбиялоо, — дейт мугалим.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, «Кут Билим»
Комментарийлер