КАЛЫПТАНДЫРУУЧУ БИЛИМ БЕРҮҮ МЕЗГИЛИНДЕГИ ИШМЕРДИККЕ НЕГИЗДЕНГЕН ДЕҢГЭЭЛДИК ТЕХНОЛОГИЯ

  • 02.06.2022
  • 0

Биздин практикабызда билимди текшерүүнүн төрт деңгээли коюлат, алар: маалыматты билүү, билгенин практикада колдонуу, проблемалык жагдайды чечүү жана чыгармачыл мамиле… Бул төртөө – төрт деңгээлди элестетет жана өздөштүрүүнүн төрт критерийи катары да көрүнөт.КАЛЫПТАНДЫРУУЧУ БИЛИМ БЕРҮҮ МЕЗГИЛИНДЕГИ ИШМЕРДИККЕ НЕГИЗДЕНГЕН ДЕҢГЭЭЛДИК ТЕХНОЛОГИЯ

Демек, деңгээлдик билим берүү – бул, окуучунун билим алуусунун жана ага ээ болуусунун сапаттык көрсөткүчтөрү, же сапаттык өнүгүү тепкичтери, окутуунун жана анын натыйжасында ээ болуучу сапаттык өнүгүү деңгээлдерин баалоо болуп саналат. А бирок, учурда биздин предметтик стандарттарыбызда: репродуктивдик, продуктивдик жана креативдик деп аталган үч деңгээлде билим берүү жана аны баалоо технологиясы сунуш кылынып жүрөт. Биздин оюбузча, бул жетишсиз.

Албетте, окуучу алган билимди ишмердик менен өздөштүрмөйүн ийгиликке жетүүгө мүмкүн эмес. А ишмердик деген эмне? Ал төмөндөгүчө түшүндүрүлөт:

— предметтин мазмунун талаптагыдай билүү;

— предметтин мазмунун өздөштүрүүнүн жана аны практикада колдонуунун ыкмалары менен жолдорун билүү;

— окуу милдеттерин окуучунун өз алдынчалуу мамилесин калыптандырууга көңүл бөлүү;

— ой жүгүртүү менен проблемалуу маселени чечүү жана аны ишке ашыруу;

— алдыдагы чечилүүчү маселенин максат-милдетин туура түшүнүү;

— чындыкка жетүү жолун окуучу буга чейинки ээ болгон билимине таянып өзү чыгармачылык менен табуусу…

Мына ушундай «ишмердик мамилеге» негизденип, окуучунун билим алуусун жана аны баалоонун төмөндөгүдөй технологиясын сунуш кылабыз, тактап айтканда:

— окуучуга маалыматтык билим берүү деңгээли;

— билимди практикада колдонуу деңгээли;

— проблемалык кырдаалды чечүү деңгээли;

— чыгармачыл мамиле жасоо деңгээли.

Ушул төрт деңгээл окуучунун талаптагыдай билим алуусунун мүнөзүн да, аны баалоонун критерийлери да катары көрүнөт. Ал боюнча иштин жүрүшү кандай болору тууралуу кыргыз тилин жана адабиятын окутуунун мисалында төмөндө сөз кылалы.

Биринчи деңгээл:
Маалыматтык билим деңгээли

Бул деңгээлде окуу материалдары, аны өздөштүрүүгө карата коюлган тапшырмалар кыргыз тилин мектептерде үйрөтүүнүн стандартынын чегинен, анын өлчөмүнөн чыкпайт; кыргыз тили программасында белгиленген материалдарды өздөштүрүүгө карата коюлган компетенциялар негизги таяныч болот; окуучулар окуу китептерде берилген таяныч үлгүлөрдүн негизинде иш аткарышат; тапшырмалар жана суроолор жөнөкөй деңгээлде болот; сөздөрдү, эрежелер менен мисалдарды окуучулар тарабынан эске сактоо, эске түшүрүү механизмдери гана аткарылат, т.а. бул деңгээл маалыматтык билим деңгээли деп аталат.

Бул деңгээл, негизинен, окуучунун теориялык-мазмундук билимин, маалыматтуулугун, фактыларды, маалыматтарды, эрежелерди эсте тутуусун камсыз кылуу болуп эсептелинет. Андыктан, мында, өтүлгөн тема боюнча окуучунун маалыматтарды эске тутуу, кайра аларды кайталатып айтуу, аны баалоо же текшерүү мүнөзүндө гана иш жүрөт жана ал
бааланат.

Мисалга алсак, бул учурдагы суроо-тапшырмалардын мүнөзү төмөндөгүдөй болот:

— баяндап айтып берүү үчүн суроо-тапшырмалар;

— сүрөттөп айтуу үчүн суроо-тапшырмалар;

— эсте сактоосун текшерүү үчүн суроо-тапшырмалар;

— жаттоосун текшерүү үчүн суроо-тапшырмалар;

— көркөм окуусун текшерүү үчүн суроо-тапшырмалар;

— көркөм айтуу үчүн суроо-тапшырмалар;

— окуу техникасын текшерүү үчүн суроо-тапшырмалар;

— жазуу жүзүндө жооп берүүчү суроо-тапшырмалар;

— оозеки түрдө жооп берүүчү суроо-тапшырмалар;

Ушул жерден, сөзүбүз кургак болбосун үчүн эки тесттик тапшырманы мисалга тарталык. Мисалы, 1-деңгээлге жараша жөнөкөй тапшырмаларды камтыган тесттин мазмуну төмөндөгүдөй болуусу ыктымал:

  1. Кыргыз тили сабагынан:

Тексттин эң кичине бирдиги кайсы?

а) тексттин эң кичине бирдиги – сүйлөм;

б) тексттин эң кичине бирдиги – абзац;

в) тексттин эң кичине бирдиги – микротема;

г) тексттин эң кичине бирдиги – сөз.

  1. Кыргыз адабияты сабагынан:

Бул саптар кайсы чыгармадан жана кимдин ыры?

«Түбөлүк чечилбеген улуу талаш:

Канткенде адам уулу адам болот?»

а) «Кылым карытар бир күн», Абуталиптин;

б) «Фудзиямадагы кадыр түн», Сабырдын;

в) «Деңиз бойлой жорткон Ала-Дөбөт», Органдын ыры;

г) «Биринчи мугалим», Дүйшөндүн ыры.

Мында көрүнүп тургандай, биринчи тапшырмада талап сүйлөмдүн эң кичине бирдиги кайсы экенин окуучунун эсте сактоосун текшерүү мүнөзүндө коюлган болсо, экинчисинде Ч.Айтматовдун белгилүү чыгармасындагы жалпы элге маалым болгон сөзү тууралуу маалыматтуулугун билүүсүн текшерүү жана баалоо гана талабы коюлду. Мындай тапшырмалар тесттерде көп учурайт, көрүнүп тургандай, аларда окуучулардын сабакта ээ болгон маалыматтуулугун жана эсте сактоосун гана текшерүүгө басым жасалды.

Экинчи деңгээл:
Билимди практикада колдонуу деңгээли

Бул деңгээл – коюлган суроолор менен тапшырмалардын татаалдануусу менен айырмаланат; эске сактаган сөздөрдү, эрежелерди, буга чейинки жетишкендиктерин окуучулардын эми практикада колдоно билүүсүнө басым коюлат, тактап айтканда, колдонуу технологиясына үйрөтүү деңгээлине
көтөрүлөт.

Билимди практикада колдонуу деңгээлдеги суроо-тапшырмалардын максаты – жаңы сабакта үйрөнгөнүн практикада колдоно билүүгө машыктыруу үчүн окуучунун практикалык билими менен машыгуусун үлгү тапшырмалар аркылуу бышыктоо жана текшерүү.

Мында мугалим сабакта өтүлгөндөрдүн маанисин окуучунун түшүнүүсүн, аны практикада колдоно билүүсүн, сүйлөөгө жана жазууга практика жүзүндө машыгуусун текшерет. Калыптандыруучу (формативдик) билим берүү кезинде окутуунун практикалык багыты жүзөгө ашырылат. Окуучулар үйрөнгөнүн чыгармачылык менен өздөштүрүүгө жол алат. Мисалы, бул кезде окуучуларга төмөндөгүдөй суроо-тапшырмалар берилет жана ушулар боюнча машыктырылат:

— үйрөнгөнүн практикада колдонуу үчүн суроо-тапшырмалар;

— үйрөнгөнүн практика жүзүндө түшүндүрүү үчүн суроо-тапшырмалар;

— эрежени далилдөө үчүн суроо-тапшырмалар;

— сөз маанисин талдап түшүндүрүү үчүн суроо-тапшырмалар;

— фактыларды талдоо үчүн суроо-тапшырмалар;

— түшүнүктү аныктоо үчүн суроо-тапшырмалар;

— түшүнүктү тактоо үчүн суроо-тапшырмалар;

— түшүнүктү мүнөздөө үчүн суроо-тапшырмалар;

Ушул багыттагы эки тапшырманы мисалга алып, оюбузду бекемдейли.

Кыргыз тилинен тесттик суроолор:

1-тапшырма: Макалдын маанисин түшүнүп, анын түшүндүрмөсүндөгү көп чекиттин ордун тууралап толтургула. «Эринчээкке эшик – арт». Мында арт сөзү… маанисинде колдонулду.

а) жүктө; б) арка жак; в) ашуу, бел; г) алыс, ыраак.

2-тапшырма: Морфологиялык каражаттар сөз маанисин байытат, анда эмесе, ошондой каражаттар аркылуу сөздөрдүн эркелетүү (эмоционалдык-экспрессивдик) маанисин билдирүүчү мүчөлөр колдонулган катарды аныкта.

а) иничек, эжеке, энекебай

б) жар-жар, Алымкан, Сатике

в) Кулунум, ак чүч, келинчек

г) каралдым, апээй, сонун.

3-тапшырма: Кепте зат, сын жана сан атооч сөздөрүнүн ордуна колдонулган сөздөр ат атооч болушат, андай болсо, төмөнкүлөрдө ат атооч кандай учурда бул кызматты аткарды?

А) Асан келди (Ким келди?)

Б) Асан ойноду (Асан эмне кылды?)

В) Кооз гүл (Кандай гүл?)

Г) Гүл өстү (Гүл эмне болду?)

Демек, бул тапшырмаларда, окуучу, адегенде, макалдын маанисин туура түшүнүп, анан түшүнүп эле чектелип калбай, түшүнүгүнө жараша сүйлөмдү толуктоо ишке ашты, андан соң морфологиялык каражаттар боюнча буга чейин алган билимин колдонуп эмоционалдык-экспрессивдик маанидеги сөздүн кандай формада айтылганын тактап берди жана андан соң, үйрөнгөн эрежени практика жүзүндө далилдей алууну тесттик тапшырманын суроосуна туура жооп берүү менен дадилдеп көрсөттү.

Кыргыз адабиятынан тесттик суроолор:

1-тапшырма: А.Осмоновдун «Толубай сынчы» поэмасында Толубай өз айтканын эмне менен жана кантип далилдеди?

а) Элди үндөп ханга каршы көтөрөт.

б) Хандын жылкыларынан мыкты тулпарды таап берип, сынчылыгын далилдейт, ага эч бир тулпар жете албайт;

в) Кармыш кулдун жаман чаарын кырк күн күнү-түнү таптап, тулпар кылат, ага эч бир күлүк жетпейт;

г) Чыныгы тулпарды таап берип, Толубай хандан урмат-сый көрөт.

2-тапшырма: Үзүндүдөгү көп чекиттердин ордуна кайсы сөз туура келерин белгилеп, текстти толуктап түшүндүр.

«Алтын менен …,

Ширөөсүнөн бүткөндөй,

Асман менен …,

Тирөөсүнөн бүткөндөй,

Айың менен …,

Бир өзүнөн бүткөндөй» («Манас»)

а) күмүштүн, тооңдун, жылдыздын;

б) каухардын, жылдыздын, күнүңдүн;

в) күмүштүн, жериңдин, күнүңдүн;

г) күмүштүн, жылдыздын, күнүңдүн.

Адабияттан берилген мындагы тесттерге карата берген окуучунун жообу – биринчи учурда, тексттин сюжетине таянуу менен жооп берүү талабы коюлса, экинчисинде: көп чекиттин ордун тексттен туура маалыматты таап толуктоо тапшырмасы берилди. Мында окуучу Манас баатырга берилген элдик мүнөздөмө (анын портрети) менен Толубай сынчынын өз сынчылыгын кантип далилдегенин, Кармыштын жаман атын кантип тулпар кылып таптаганын текстке таянуу аркылуу туура жооп берип, практикалык билимин далилдей алганын туюнтту. Демек, калыптандыруучу (формативдик) билимди баалоо кезинде, берилген тесттердин жоопторун талдап келип, окуучулар өзүнүн практикалык машыгууларынын жана теориялык билиминин деңгээлин ишмердиктин негизинде аныктайт.

Сулайман РЫСБАЕВ

педагогика илимдеринин доктору, профессор

(Уландысы бар)

 

Бөлүшүү

Комментарийлер