КАЛЫПТАНДЫРУУЧУ БИЛИМ БЕРҮҮ МЕЗГИЛИНДЕГИ ИШМЕРДИККЕ НЕГИЗДЕНГЕН ДЕӉГЭЭЛДИК ТАКСОНОМИЯ

  • 24.05.2022
  • 0

Сулайман РЫСБАЕВ,

педагогика илимдеринин доктору, профессор

Биздин практикабызда билимди текшерүүнүн төрт деңгээли  коюлат, алар: маалыматты билүү, билгенин практикада колдонуу, проблемалык жагдайды чечүү жана чыгармачыл мамиле…Бул төртөө- төрт деӊгээлди элестетет жана өздөштүрүүнүн  төрт критерийи катары да көрүнөт.КАЛЫПТАНДЫРУУЧУ  БИЛИМ БЕРҮҮ  МЕЗГИЛИНДЕГИ ИШМЕРДИККЕ НЕГИЗДЕНГЕН ДЕӉГЭЭЛДИК ТАКСОНОМИЯ

Демек, деӊгээлдик билим берүү-бул, окуучунун билим алуусунун жана ага ээ болуусунун сапаттык көрсөткүчтөрү, же сапаттык өнүгүү тепкичтери, окутуунун жана анын натыйжасында ээ болуучу сапаттык өнүгүү деңгэлдерин баалоо болуп саналат. А бирок, учурда биздин предметтик стандарттарыбызда: репродуктивдик, продуктивдик жана креативдик деп аталган үч деӊгээлде билим берүү жана аны баалоо технологиясы сунуш кылынып жүрөт. Биздин оюбузча, бул жетишсиз.

Албетте, окуучу алган билимди ишмердик менен өздөштүрмөйүн ийгиликке жетүүгө мүмкүн эмес. А ишмердик деген эмне? Ал төмөндөгүчө түшүндүрүлөт:

— предметтин мазмунун талаптагыдай билүү;

-предметтин мазмунун өздөштүрүүнүн жана аны практикада колдонуунун ыкмалары менен жолдорун билүү;

-окуу милдеттерин окуучунун өз алдынчалуу мамилесин калыптандырууга көӊүл бөлүү;

-ой жүгүртүү менен проблемалуу маселени чечүү жана аны ишке ашыруу;

-алдыдагы чечилүүчү маселенин максат-милдетин туура түшүнүү; ашат;

-чындыкка жетүү  жолун окуучу буга чейинки ээ болгон билимине таянып өзү чыгармачылык менен  табуусу…

Мына ушундай «ишмердик мамилеге» негизденип, окуучунун билим алуусун жана аны баалоонун төмөндөгүдөй технологиясын   сунуш кылабыз, тактап айтканда:

-окуучуга  маалыматтык билим берүү деӊээли;

— билимди практикада колдонуу деӊээли;

-проблемалык кырдаалды чечүү деӊгээли;

— чыгармачыл мамиле жасоо деӊгээли.

Ушул төрт деӊгээл окуучунун талаптагыдай билим алуусунун мүнөзүн да, аны баалоонун критерийлери да катары көрүнөт. Ал боюнча иштин жүрүшү кандай болору тууралуу кыргыз тилин жана адабиятын окутуунун мисалында төмөндө сөз кылалы.

Биринчи деңгээл: Маалыматтык билим  деңгээли

Бул деңгээлде окуу материалдары, аны өздөш­түрүүгө карата коюлган тапшырмалар кыргыз тилин мек­тептерде үйрөтүүнүн стандартынын чегинен, анын өлчө­мүнөн чыкпайт; кыргыз тили программасында белгиленген мате­риалдарды өздөштүрүүгө карата коюлган компетен­циялар негизги таяныч болот; окуучулар окуу китептерде берилген таяныч үлгүлөрдүн негизинде  иш аткарышат; тапшырмалар жана суроолор карапайым деңгээлде болот; сөздөрдү, эрежелер менен мисалдарды окуучулар тарабынан эске сактоо, эске түшүрүү механизмдери гана аткарылат, т.а. бул деңгээл маалыматтык билим  деңгээли деп аталат.

Бул деӊгээл, негизинен, окуучунун теориялык-мазмундук билимин, маа­лы­маттулугун, фактыларды, маалыматтарды, эрежелер­ди эсте тутуусун  камсыз кылуу болуп эсептелинет. Андыктан, мында, өтүлгөн тема боюнча окуучунун маалыматтарды эске тутуу, кайра аларды кайталатып айтуу, аны баалоо же текшерүү мүнөзүндө гана иш жүрө жана ал бааланат.

Мисалга алсак, бул учурдагы суроо тапшырмалардын мүнөзү төмөндөгүдөй болот:

– баяндап айтып берүү үчүн суроо-тапшырмалар;

– сүрөттөп айтуу үчүн суроо-тапшырмалар;

– эсте сактоосун текшерүү үчүн суроо-тапшырмалар;

– жаттоосун текшерүү  үчүн суроо-тапшырмалар;

– көркөм окуусун текшерүү  үчүн суроо-тапшырмалар;

– көркөм айтуу үчүн суроо-тапшырмалар;

– окуу техникасын текшерүү үчүн суроо-тапшыр­ма­лар;

– жазуу жүзүндө жооп берүүчү суроо-тапшырмалар;

– оозеки түрдө жооп берүүчү суроо-тапшырмалар;

Ушул жерден, сөзүбүз кургак болбосун үчүн, эки тесттик тапшырманы мисалга тарталык. Мисалы,1-деңгээлге жараша жөнөкөй тапшырма­лар­ды камтыган тесттин мазмуну төмөндөгүдөй болуусу ык­ты­мал:

1.Кыргыз тили сабагынан:

Тексттин эң кичине бирдиги кайсы?

а) тексттин эң кичине бирдиги – сүйлөм;

б) тексттин эң кичине бирдиги – абзац;

в) тексттин эң кичине бирдиги – микротема;

г) тексттин эң кичине бирдиги – сөз.

2.Кыргыз адабияты сабагынан:

Бул саптар кайсы чыгармадан жана кимдин ыры?

«Түбөлүк чечилбеген улуу талаш:

Канткенде адам уулу адам болот?»

а) «Кылым карытар бир күн», Абуталиптин;

б) «Фудзиямадагы кадыр түн», Сабырдын;

в) «Деңиз бойлой жорткон Ала-Дөбөт», Органдын ыры;

г)  «Биринчи мугалим», Дүйшөндүн ыры.

Мында көрүнүп тургандай, биринчи тапшырмада талап сүйлөмдүн эӊ кичине бирдиги кайсы экенин окуучунун эсте сактоосун  текшерүү мүнөзүндө  коюл­ган болсо,  экинчисинде Ч.Айтматовдун билгилүү чыгармасындагы жалпы элге маалым болгон сөзү тууралуу маалыматтуулугун билүүсүн текше­рүү жана баалоо гана талабы коюлду. Мындай тапшырмалар тесттерде көп учурайт, көрүнүп тургандай, аларда окуучулардын сабакта ээ болгон маалыматтуулугун  жана эсте сактоосун гана текшерүүгө басым жасалды.

 Экинчи деңгээл: Билимди практикада колдонуу деңгээ­ли

Бул деңгээл — коюлган суроолор менен тапшыр­малар­дын  татаалдануусу менен айырмаланат;  эске сакта­ган сөз­дөр­дү, эрежелерди, буга чейинки жетишкендиктерин окуу­чу­лардын эми практикада колдоно билүүсүнө басым кою­лат, тактап айтканда, колдонуу технологиясына үйрөтүү дең­гээлине  көтөрүлөт.

Билимди практикада колдонуу деңгээлдеги суроо-тапшырмалардын мак­саты – жаӊы сабакта үйрөнгөнүн практикада колдоно билүүгө ма­шык­тыруу үчүн окуучунун практикалык билими менен машыгуусун үлгү тапшырмалар аркылуу  бышыктоо жана текшерүү болуп саналат.

Мында мугалим сабакта өтүлгөндөрдүн маанисин окуучунун түшүнүүсүн,  аны практикада колдоно билүүсүн, сүйлөөгө жана жазууга практика жүзүндө машыгуусун текшерет. Калыптандыруучу (формативдик) билим берүү  кезинде окутуунун практикалык багыты жүзөгө ашырылат. Окуучулар үйрөнгөнүн чыгармачылык менен өздөштүрүүгө жол алат. Мисалы, бул кезде окуучуларга төмөндөгүдөй суроо-тапшырмалар  берилет жана ушулар боюнча машыктырылат.

– үйрөнгөнүн практикада колдонуу үчүн суроо-тапшырмалар;

– үйрөнгөнүн практика жүзүндө  түшүндүрүү үчүн тапшырмалар;

— эрежени далилдөө үчүн суроо-тапшырмалар;

– сөз маанисин талдап түшүндүрүү үчүн суроо-тапшырмалар;

– фактыларды талдоо үчүн суроо-тапшырмалар;

– түшүнүктү аныктоо үчүн суроо-тапшырмалар;

– түшүнүктү тактоо үчүн суроо-тапшырмалар;

– түшүнүктү мүнөздөө үчүн суроо-тапшырмалар;

Ушул багыттагы эки тапшырманы мисалга алып, оюбузду бекемдейли.

Кыргыз тилинен тесттик суроолор:

1-тапшырма: Макалдын  маанисин түшүнүп, анын түшүндүрмөсүн­дөгү көп чекиттин ордун тууралап толтургула. «Эринчээкке эшик – арт». Мында арт сөзү … маанисинде  колдонулду.

а) жүктө;   б) арка жак;       в) ашуу, бел;      г) алыс, ыраак.

2-тапшырма: Морфологиялык каражаттар сөз маанисин байытат, анда эмесе, ошондой каражаттар аркылуу сөздөрдүн  эркелетүү (эмоционалдык-экспрессивдик) маанисин билдирүүчү мүчѳлѳр колдонулган катарды аныкта.

а) иничек, эжеке, энекебай               б) жар-жар,   Алымкан, Сатике

в) Кулунум, ак чүч,   келинчек                 г) каралдым, апээй, сонун

3-тапшырма: Кепте зат, сын жана сан атооч сөздөрүнүн ордуна колдонулган сөздөр ат атооч болушат,  андай болсо, төмөнкүлөрдө ат атооч кандай учурда бул кызматты аткарды?

А)Асан келди (Ким келди?) Б) Асан ойноду (Асан эмне кылды?)

В)Кооз гүл (Кандай гүл?) г) Гүл өстү (Гүл эмне болду?)

Демек, бул тапшырмаларда, окуучу, адегенде, макалдын маанисин туура түшүнүп, анан түшүнүп эле чектелип калбай, түшүнүгүнө жараша  сүйлөмдү толуктоо ишке ашты, андан соӊ морфологиялык каражаттар боюнча буга чейин алган билимин колдонуп эмоционалдык-экспрессивдик маанидеги сөздүн кандай формада айтылганын тактап берди жана андан соӊ, үйрөнгөн  эрежени практика жүзүндө далилдей алууну тесттик тапшырманын суроосуна туура жооп берүү менен дадилдеп көрсөттү.

 

Кыргыз адабиятынан  тесттик суроолор:

 

1-тапшырма: А.Осмоновдун «Толубай сынчы» поэмасында Толубай  өз айтканын эмне менен жана кантип далилдеди?

а) Элди үндөп ханга каршы көтөрѳт.

б) Хандын жылкыларынан мыкты тулпарды таап берип, сынчылыгын далилдейт, ага эч бир тулпар жете албайт;

в) Кармыш кулдун жаман чаарын кырк күн күнү-түнү таптап, тулпар кылат, ага эч бир күлүк жетпейт;

г) Чыныгы тулпарды таап берип, Толубай хандан урмат-сый көрөт.

2-тапшырма: Үзүндүдөгү көп чекиттердин ордуна кайсы сөз туура келерин белгилегилеп, текстти толуктап түшүндүр.

«Алтын менен …,

Ширөөсүнөн бүткөндөй,

Асман менен …,

Тирөөсүнөн бүткөндөй,

Айың менен …,

Бир өзүнөн бүткөндөй» («Манас»)

а) күмүштүн, тооңдун, жылдыздын;

б) каухардын, жылдыздын, күнүңдүн;

в) күмүштүн,  жериңдин; күнүңдүн;

г) күмүштүн, жылдыздын, күнүңдүн.

Адабияттан берилген мындагы тесттерге карата берген окуучунун жообу- биринчи учурда, тексттин сюжетине таянуу менен жооп берүү талабы коюлса, экинчисинде: көп чекиттин ордун тексттен туура маалыматты таап толуктоо тапшырмасы берилди. Мында окуучу Манас баатырга берилген элдик  мүнөздөмө (анын портрети) менен Толубай сынчынын өз сынчылыгын кантип далилдегенин, Кармыштын жаман атын кантип тулпар кылып таптаганын текстке таянуу аркылуу  туура жооп берип, практикалык билимин  далилдей алганын туюнтту. Демек  калыптандыруучу (формативдик)  билимди баалоо  кезинде, берилген тесттердин жоопторун талдап келип, окуучулар өзүнүн практикалык машыгууларынын жана теориялык  били­минин деңгээлин ишмердиктин негизинде аныктайт.

Үчүнчү деңгээл:

Проблеманы чечүү  деңгээли

 

Бул деңгээлде: ой жүгүртүп жооп берүүгө ылайыкталган, проблемалуу, татаалыраак көнүгүү – тапшырмалар менен суроолор, сүйлөмдөр, маек үлгүлөрү жана тексттер аркылуу  иштөөгө басым коюлат. Андай тапшырмаларды аткарууда окуучулардан ой жүгүр­түү менен чыгармачыл дараметтеринин негизинде, проб­ле­малык изилдөө же эвристикалык ыкмада  иштөөсү талап кылынат.

Проблемалык-эвристикалык деңгээлдеги суроо-тапшырмалардын мүнөзү – сабактагы бышыктоо кезинде калыптанган көндүмдөргө тая­нуу менен, өз алдынча жаңылыктарды ачууга багыт­талган тапшырмаларды аткарып бышыктоо менен мүнөздөлөт. Мында:

— ой жүгүртүп чече турган түйүндүү суроо-тапшырмалар;

– түшүнүктөрдү анализдөө үчүн суроо-тапшырмалар;

– ойлорду далилдөө үчүн коюлган суроо-тапшырмалар;

— далилдерди салыштыруу үчүн суроо-тапшырмалар;

– түшүнүктөрдү жалпылоо, синтездөө үчүн суроо-тапшырмалар;

– түшүнүктөрдү классификациялоо үчүн суроо-тапшырмалар;

– схема түзүү үчүн суроо-тапшырмалар…

Мында, мугалим өтүлгөн сабакта айтылган ойлордун себепнатыйжалаш табиятын ачып түшүндүрөт. Окуучу аларды сынчыл көз карашта кабыл алуу менен проблема коюп чечүүгө үйрөнөт же коюлган проблемаларды чечет, түйүндүү маселелерди анализдейт жана анын табышмагын жандырат,  маселенин коюлуш жагдайын тата. Мисал келтирели.

 

Кыргыз тилинен тесттик суроолор:

1-тапшырма: Бул стиль —  образдуулук, эмоционалдуулук-экспрессивдик касиеттерге ээ. Кеп кайсы стиль тууралуу болуп жатат жана аны эмне менен далилдөөгө болот?

а) публицистикалык стиль, анткени ал аркылуу коомдук маселелер, адам турмушунун проблемалары, кайгы-кубанычы берилет, образдуулу менен далилденет;

б) сүйлѳшүү стили, анда адамдын кеби, ал аркылуу адамдын ой-пикири, жан дүйнөсү берилет, ал проблема коюусу менен далилденет;

в) кѳркѳм стиль, анткени ал аркылуу адам турмушу, табият көркөм жана образдуу берилет, ал образ түзүүсү менен далилденет;

г) илимий стиль, анткени анда адам турмушундагы илимий-изилдөөлөр, анын адам турмушундагы ролу ачылып берилет, проблема коюусу менен далилденет.

2-тапшырма: Албетте, заттын сын-сыпатын билдирген жакшы жана билимдүү деген (ж.б. ушул сыяктуу) сөздөр лексикалык маанисинде  сын атооч сөздөрү болушат, бирок  алар сүйлөм ичинде грамматикалык мааниге өтүп кетет. Эмне үчүн ушундай болот жана ал кандай милдетти аткарып калат?

Мисалы: Жакшы бала жакшы окуйт.

а) аныктооч, аныктооч; затты гана аныктады; б) аныктооч, толуктооч, затты аныктады жана ойду толуктады;

в) аныктооч, бышыктооч, затты аныктады жана кыймыл-аракетти бышыктады;  г) аныктооч, баяндооч, затты аныктады жана кыймыл-аракетти баяндады.

3-тапшырма: Биринчи  жана экинчи сүйлөмдөгү байламта жана жандооч сөздөрүн тап. Кандай себептен ал сөздөр бири-бирине өтүп кетти? Далилдегиле.

Мисалы: Бекташ чарба дүкөнүнөн кайчы жана күрөк сатып келди. Анан кайчы менен дарактарды бутап, күрөк менен дарактын түптөрүн жумшартты.

а) биринчисинде: жана-байламта, сөз менен сөздү байланыштырды, экинчисинде кыймыл-аракет менен байланыштырды

б); биринчисинде: жана- байламта, анткени ал сөз менен сөздү байланыштырды, экинчисинде, жана — жандооч,  кыймыл-аракетти аткаруунун куралы катары келди;

в) биринчисинде: жана — жандооч, экинчисинде –жана байламта, кыймыл-аракетти аткаруунун каражаты болду;

г) биринчисинде да, экинчисинде да жана- байламталык милдетти аткарды.

Талдап көрөлү, биринчи тестте: көркөм стилдин табиятына, анын мүнөзүнө жана кепте колдонулушуна, экинчи тестте: сын атооч сөзүнүн кепте бышыктоочко өтүүсүндөгү жана үчүнчү тестте: байламтанын сүйлөмдүн жандооч мүчөсүнө өтүп кетүүсүндөгү  көрүнүштөрдү камтыган проблемалуу жагдайлар боюнча проблемалуу суроолор  чечмеленди. Мындай мүнөздөгү тапшырмаларды бардык эле окуучулар аткара алышпайт, ал үчүн сабактын жүрүшүндө жана аны бышыктоо мезгилинде кептеги сөздүн колдонулушун жакшылап түшүндүрүү, ага машыктыруу менен, биринчи денгээлдеги тапшырмаларды туура аткарууга көнүктүрүү керек.

 

Кыргыз адабиятынан тесттик суроолор:

1-тапшырма: Ч.Айтматовдун  «Атадан калган туяк» аӊгемесинде балага апасы Гүлжамал мындай деп айтат: «Тынч отур, тигиногу-сенин атаӊ…!» Апасы уулуна эмне үчүн ушинтип айтты?

а) Элге тынчтык бербей, ээнбаштык кылгандыгы жана кинодогу баатыр солдатты тынч отуруп көрүүсү үчүн;

б) Атасы кинодо баатыр жоокердин ролун аткарып жаткандыгын билсин үчүн;

в) Кинодогу баатырдык менен курман болгон  солдатты көрүп, бала атасынын кандай  эр жүрөк экендигин  элестетсин үчүн;

г) Атасы согушта өлгөндүгүн угузуш  үчүн.

2-тапшырма: Ж.Бөкөнбаевдик «Чептен эрдин күчү бек» аттуу уламышында карыя душмандардан коргонуу үчүн чеп куруп жаткан элге эмне үчүн экинчи жолу келди жана баланы неге куткарып калды?

а) Карыя келбегенде, эл баланы чептин түбүнө көөмп коюшмак;

б) Чепти бийиктетип куруу керек деп айтыш үчүн келди жана баланы куткарып калды;

в) Чептин түбүнө чоӊ  баланы көмүш керек деп айтыш үчүн келди жана жаш баланы куткарып калды;

г) Элди чеп эмес, патриот уулдар коргой турганын айтыш үчүн келди.

Бул соӊку эки тесттин биринчисинде Ч.Айтматовдун аӊгемесиндеги балага энеси, албетте, атасы кандай эр жүрөк баатыр адам болгондугун кинодогу эпизод аркылуу билдирип, тааныштырып отурат.Бул окуя бала үчүн чоӊ тарбиялык таасир беререи шексиз. Экинчи суроодо элди-жерди эмне коргойт, адам бою жетпес, үстүнөн  куш учуп өтө албас темир чеп коргойбу же, баатыр, патриот уул-кыздары коргойбу-деген проблемалуу суроолор боюнча балдардын ой жүгүртүүсүн текшерүү жүзөгө ашты.

 

Төртүнчү деңгээл:

Чыгармачыл деңгээл

Бул деңгээл кыргыз тилин өздөштүрүүдө өзгөчө зиректигин көргөзгөн, таланттуу, өздүк чыгар­мачы­лы­гы күчтүү окуучуларды аныктоого, аны андан ары өркүндөтүүгө  жана алар менен иш­төөгө арналат.

Чыгармачылык деңгээлдеги суроо-тапшыр­малар­дын мазмуну мындай болуп саналат, т.а. буга чейинки деӊгээлдерде калып­танган көндүмдөргө жана теориялык билимге таянып, эми өз алдынча жаӊылыкты издөө, жаӊылыкка өзү жетүү, аны өз алдынча ачуу жана табуу аркылуу чыгармачылык менен иштөө аракеттери жүрөт. Окуучунун чыгармачылык менен өздөштүрүүсүнө, изилдөөсүнө  багыт берет, чыгармачыл ишин уюш­турушат. Бул кезде аткарылуучу иштердин мүнөзү төмөндөгүчө болууга тийиш:

–  окуп-үйрөнгөнүнө карата өз алдынча чыгармачыл мамилесин текшерүү үчүн  суроо-тапшырмалар;

-сабакта окуп-үйрөнгөнүнүн дагы кандай сыры бар экенин изилдөө үчүн суроо-тапшырмалар;

  • чыгарманын каарманынын андан аркы тагдыры тууралуу изденүү үчүн суроо-тапшырмалар;

– предмет аралык байланышты ишке ашыруу боюнча суроо-тапшырмалар;

–  жеке көз карашын далилдөө үчүн суроо-тап­шыр­малар;

– жеке мамилесин билдирүү үчүн суроо-тап­шыр­малар;

  • сөздүн этимологиясын, лексика-грамматикалык маанисин тереӊдеп изилдөө үчүн тапшырмалар;
  • класстан тышкаркы учурда өз алдынча иштөө үчүн тапшырмалар,ж.б.

Бул мезгилде адабият сабагында төмөндөгүдөй иштер аткарылышы мүмкүн:

– чыгарманын  эпизоддору боюнча элестетип, өз алдынча иллюстрация тартуу;

– каармандарын элестетип портреттерин тартуу;

– чыгарманын окуясын логикалык жактан улантып, өз алдынча улама дил баян жазуу;

– чыгарманын сюжети, идеялык мазмунун жана  анын авторунун жалпы чыгармачылыгы тууралуу тесттик тапшырмаларды түзүү;

— чыгарманын авторунун башка чыгармаларын иликтөө жана окуп-үйрөнгөн башка чыгарма менен салыштыруу;

— чыгарма боюнча проблемалуу суроолордун топтомун түзүп, класста талкуу  уюштуруу;

– чыгарма боюнча диспут уюштуруу;

– чыгарманын мазмуну, сюжети боюнча викторинанын суроолорун түзүү жана аны класста өткөрүү;

– чыгарма боюнча конференция өткөрүү;

—  чыгарманын автору менен жолугушуу уюштуруу;

– чыгарманын авторунун сабагын уюштуруу;

– чыгарманын эпизоду боюнча ролдорду аткарып, сценка көрсөтүү;

– чыгармага баа берип, ал  тууралуу пикир, рецензия жазуу;

– чыгарманын сюжетин поэмага айлантуу;

– чыгарманын тилин изилдөө;

— грамматикалык темалар боюнча долбоор сабактарын даярдоо;

— грмаатикалык-лексикалык темалар боюнча презентацияларды жасоо;

– тема боюнча реферат жазуу;

– адабий-тилдик  музыкалуу кечелерди уюштуруу;

Албетте, бул айтылган ойлордун, иш-аракеттердин бүткүл жыйынтыгы – сабакта окуучунун чыгармачылыгы менен жетишкен­дик­терин объективдүү жана тереӊдеп  баалоого алып барат.

 

Деӊгээлдеп окутууга карата чыгармалар боюнча суроолорду кандайча түзсө болот?

Кыргыз адабиятынан:

Ч.Айтматовдун «Биринчи мугалим» повести боюнча:

 

1-деӊгээл: маалымат. «Мен начар мугалиммин. Бирок менден башка мугалим жок да…» (суроо: Кайсы жазуучунун чыгармасындагы каармандын сөзүнөн алынды?)

2-деӊгээл: колдонуу.  Дүйшөн эмне үчүн: «Мен начар мугалиммин. Бирок менден башка мугалим жок да…» деп айтты? Ошол эпизодду чыгарманын мисалында талда.

3-деӊээл: проблема чечүү.  Дүйшөндүн тилегин караӊгы айыл эли түшүнгөн жок. Ал тургай, аны өлтүрүп коё жаздашты. Ал эски сарайдын бир бурчун оӊдоп, мектеп салды. Автор муну менен эмнени тайтып отурат?

4-деӊгээл: чыгармачылык. «Кыргыз баласынын өмүрүнө караӊгыда жарык чачкан шам» (Дүйшөндүн образын чагылдырып, портреттик дилбаян жазуу, долбоор түзүү, адабий кече өткөрүү)

 

Ч.Айтматовдун «Саманчы жолу» повести боюнча:

1-деӊгээл: маалымат.  «Эй, куубаш, баарын жуттуӊ эле. Эми бизди жут…!» -деп Ч.Айтматовдун кайсы чыгармасында кайсы каарман кимге айткан?

2-деӊгээл: колдонуу. «Саманчы жолу» повестинде уурулар Толгонайга: «Эй, куубаш, баарын жуттуӊ эле. Эми бизди жут…!» -деп качан жана эмне үчүн айтты? Чыгарманын мисалында ошол эпизодду түшүндүр.

3-деӊгээл: проблема чечүү. «Саманчы жолу» повестинде уурулар Толгонайга эмне үчүн : «Эй, куубаш, баарын жуттуӊ эле. Эми бизди жут…!» -деп айтты. Эмне, Толгонайды чын эле «куу  баш» деп ойлойсуӊарбы?

4-тема: чыгармачылык. «О, Толгонай, сен адамсыӊ. Сен айткын!» (Адам жана согуш темасында эссе жазуу, талкуу уюштуруу, конференция өткөрүү,каармандардын сүрөттөрүн тартуу, ж.б. )

 

Т.Касымбековдун «Адам болгум келет» повести боюнча:

 

1-деӊгээл: маалымат. Шаарга барып окууга өтпөй калып, максатына жетпей, айылда убактысын бекер өткөрүп көнгөн Асылбек кайсы жазуучунун кандай аталыштагы чыгармасынын каарманы?

2-деӊгээл: колдонуу.  Атасы намыстанып, Асылбекке эмне деген сөздөрдү көп айтчу эле?  Эмне себептен?

3-деӊгээл: проблема чечүү. «Асылбек «Адам болгум келет?» деген сөзүнө турдубу? Ал үчүн Асылбек мындан ары эмне кылат деп ойлойсуӊар?

4- деӊгээл: чыгармачылык. «Асылбек алдына койгон максатына канткенде жетет?» деген темада Асылбектин кийинки тагдыры тууралуу улама-дилбаян жазуу («Канткенде адам уулу адам болот?» деген темада талкуу өткөрүү, чыгарма боюнча конкурс өткөрүү, ж.б.)

 

Кыргыз тилинен: байланыштуу кеп

 

1-деӊгээл: маалымат. Табиятты, адам келбетинин көрүнүшүн сурөттөө кептин түрлөрүнүн кайсынысына тиешелүү?

2-деӊгээл: колдонуу. Сүрөттөө кеби  колдонулган тилдик каражаттарына караганда сөз түркүмүнүн кайсы түрү менен байланышат? Мисал менен түшүндүр.

3-деӊгээл: проблема чечүү. Көркөм чыгармаларда табиятты сүрөттөө кандай максатта  болушу  жана ал кандай максаттарда өзгөрүшү мүмкүн?

4-деӊгээл: чыгармачылык.  «Биздин айылдын көрүнүшү» деген темада чакан дилбаян жазып, андагы сүрөттөөнүн көрүнүшүн сын атооч сөз түркүмү менен байланышта талдап түшүндүрүү (долбоор сабагынын планын түзүү, презентация жасоо, ж.б.)

 

Кыргыз тилинен: Этиш сөз түркүмү:

1-деӊгээл: маалымат. Сүйлөмдөн заттын кыймылын жана ал-абалын түшүндүргөн сөздөрдү белгиле.

2- деӊгээл: колдонуу. «Укту» жана «сүйүндү» деген сөздөр этиш сөздөрүнүн кайсы маанилерин билдирерин мисалдар менен далилде.

3-деӊгээл: проблема чечүү. «Сүйүндү», «кубанды», «жарпы жазылды» деген сөздөр кыймыл-аракетти билдирбейт. Бирок алар этиш сөздөрү. Эмне үчүн?

3-деӊгээл: проблема. Этиштин окшош (синонимдик) жана каршы (антонимдик) маанилери катышкан  ырлардан, аӊгемелерден жана жомоктордон үзүндүлөрдөн таап, талдап чакан реферат жазуу ж.б.

Сөзүбүздү  жыйынтыктап жатып, буларды айткым келет: окуучуга калыптандыруучу  (формативдик)  билим  берүү жана аны баалоо кезинде ишмердикке негизденген  деӊгээлдик таксономияны  жүзөгө ашыруу технологиялары, ал аркылуу баланын билимин баалоо жана мугалим көӊүл буруучу маанилүү бир катар жагдайлар тууралуу кийинки макалада сөз кылалы.

Бөлүшүү

Комментарийлер