КАЛК КАСТАРЛАГАН ГАПАРАЛИ АГАЙ
- 12.07.2024
- 0
Чоң-Алайдагы агартуу тармагынын ардагери Гапарали Кожобеков бул өрөөндөн чыккан жогорку билимдүү эң биринчи мугалим жана көп жыл кынтыксыз иштеген мектеп директору катары калк алдында бийик кадыр-барк күтүп келатат. Анын колунан окуп, тарбия алгандардын арасынан райондун акими да, бүт республика тааныган академик да чыкты. Өзүнүн жолун жолдоп мугалим болгон окуучулары да көп.
Биринчи мугалимдин алма оюну
Гапарали 1953-жылы окууга жашы жеткенде атасы мектепке алпарса, эртеси барбай койгон экен. Ошондо биринчи мугалими Тойкул агай ар кандай ыкмага салып, мектепке кызыктырганын эч унутпайт.
“Биздин үй чоң жолдон 50 метрдей аралыкта жайгашкан эле. Тойкул агай жолдон өтүп баратып мени көздөй бир-эки алманы ыргытып өтүп кетчү. Мен анын карааны алыстап кеткиче сыр бербей туруп, алыстап калганда алманы алып жеп жүрдүм. Агай ар түрдүү себептерди шылтоолоп жүрүп, акыры мектепке барууга көндүрдү. Тойкул агайдын мага колдонгон ар түрдүү ыкмасын мен дайыма мугалимдердин арасында айтып жүрдүм. Көрсө, ал агай дасыккан чебер мугалим экен, — деп эскерет алгачкы жолу мектепке барган учурун Гапарали агай.
Ал кезде жергиликтүү эле билимдүү кадрлар жетишсиз болгондуктан, башка аймактан мугалимдер көп барчу. Көбүнчө Гүлчөдөн, бирин-эки Ысык-Көлдөн, Чүй өрөөнүнөн баргандар эле. Алардын катарында Нуралы Осмоналиев, Иса Кийизбаев, Какен Деркенбаева, Карабай Бекбоев, Саралаев, Иманбеков, Дулкина, Маматов деген мугалимдерден билим-тарбия алып, айрыкча, математика, физикадан окуткан мугалимдердин таасири менен математикага кызыгып, мугалимдик жолду тандап алган.
Өжөр студент
1963-жылы мектепти аяктаган соң дароо эле Оштогу педагогикалык институттун физика-математика факультетине бет алат. Бирок баары өзү ойлогондой шыр кете койбоду. Экзамендин биринчи агымынан“кулап” калганда, өжөрлүк менен педагогика факультетине экинчи агым менен да тапшырат, экзамендеринин баарын жакшы тапшырат. Бирок эмгек стажы жок деген негизде конкурстан өтпөй калат.
Тоолук жигит даярданып келип, кийинки жылы кайра эле физмат факультетине тапшырып, кайра эле ошол окуя кайталанат. Бирок окууну самап турган тоолук жигиттин өжөрлүгүн көрүп, кабыл алуу комиссиясы студенттикке кандидат кылып кабыл алат. Жатакана, стипендия жок болсо да, тек гана мугалимдердин лекцияларына катышуу укугуна ээ болгонуна чексиз бактылуу эле.
Кандидат-студент камчы салдырбай жакшы окуду. Биринчи семестрде экзамен, зачеттордун баарын жакшы тапшырганы үчүн ректордун буйругу менен 1-курска студент болуп кабыл алынат. Күнү-түнү тырышып окуган мээнети акталып, алдыңкы студент болуп, ардак тактага сүрөтү илинди.
“Айрыкча жакшы окуган студенттердин мактоо стендине менин да сүрөтүм илингенде жана окуунун алдыңкылары менен Алма-Атага уюштурулган экскурсияга барганда чындап кубандым, ушуну баары менин алдыга умтулуп, дагы-дагы ийгиликтерди жаратуума дем-күч берди”,-дейт студенттик күндөрүн жылуу эстеген Гапарали агай.
3-курстан баштап группада комсомол уюмунун жетекчиси болуп, коллективди башкарууга көнүшө баштады, өзү айткандай, “алдыңкы сапта жүрүүгө милдеттендирди».
Легендарлуу директор
1968-жылы пединститутту аяктаганда колуна жолдомо алып, Алай районундагы Дароот-Коргон айылындагы Коммунист орто мектебинде математка мугалими болуп эмгек жолун баштады. 1969-жылы Жекенди айылында “Кыргызстан” орто мектебине математика мугалими болуп которулуп барды.
Орто жерде советтик армиянын катарына чакырылып, аскердик кызматын танк аскер бөлүгүндө өтөп келди. Анда армиядан калганга мүмкүнчүлүк жок, тартип катуу эле. Армиядан кийин Жекендидеги мектебиндеги ишин улантты.
“Бул мектепте он жылдай иштеген мезгилимде окуучуларга математиканын негиздерин тажабастан үйрөтүп келдим. Окуучуларым олимпиадаларда жакшы орундарга ээ болду. Окуучулардын суроосу боюнча жумасына үч жолу түштөн кийин калып сабак өтүп жүрдүм”,-дейт агай.
1978-жылы өзүнүн айылы Кара-Тейиттеги Кызыл-Майрам сегиз жылдык мектебине завуч, бир жылдан кийин директор болуп дайындалды. Жетекчилик кызматта көп жыл бою кынтыксыз иштеп жүрүп, 2002-жылы ардактуу эс алууга чыкты.
Гапарали Кожобековдун сабак өтүү ыкмалары окуучуларына компас катары болочок кесип тандоосуна жол көрсөтсө, жетекчилик тажрыйбасы өзүнөн кийинки адистерге үлгү болуп аңыз кепке айланган.
“Күн сайын эки саат мугалимдердин сабагына катышып, ал сабактарга обьективдүү анализ берчүмүн. Мугалимдердин айрым кемчиликтерин айтып, сабактын методдору боюнча түшүндүрмөлөрдү берет элем”,-дейт.
Агартуу майданынын алдыңкы сабында ушунча мезгил күжүрмөндүк менен талыкпай эмгектенип, илимдин доктор-профессорлорун чыгарган агайды Билим берүү жана илим министрлиги Ардак грамота, “Эл агартуунун мыктысы” төш белгиси менен сыйлаган.
“Өтөгөн эмгегим көмүскөдө калбай бааланганы, мени мыкты иштөөгө шыктандырып келди”, — дейт агай.
К.Юдахин чечкен талаш
Гапарали Кожобековдун кесиптик дагы бир сыры – өзүнүн сабактарына мугалимдерди атайын катыштырып, тажрыйба бөлүшүп, мугалимдердин кеңешчиси, жол көрсөткүчү болгон “Мугалимдер газетасына” үзбөй макала жазып, жаңы нерселерди окуп-үйрөнүп келгендигинде болсо керек. Айрыкча, “Окуучуларга Сибирь жөнүндө”, “БАМ тарбиялык саатта”, “Өз алдынча ишти уюштуруу” ж.б. макалалары өз убагында мугалимдерге жардамчы болгону талашсыз.
Мисалы, “Окуучуларга Сибирь жөнүндө” деген макаласында Сибирде биздин өлкөнүн минералдык жана отун ресурстарынын төрттөн үч бөлүгү, гидроэнергеникалык кубаттуулугунун жарымынан көбү, өнөр жай жыгачынын жарымы, ичүүгө жарактуу суусунун жарымынын көбү, жер фондусун пайдалануунун бештен бир бөлүгү, түстүү металл кендеринин көпчүлүк бөлүгү топтолгондугу тууралуу кызыктуу маалыматтар айтылган. Бир курдай орус тилиндеги бир эреже боюнча бирөө менен талаша кетип, К.К.Юдахинге кат менен кайрылып, кайра жооп алып, өзүнүн тууралыгын далилдеген да жайы бар.
Устатка таазим
Бардык эле мугалимдин сыймыгы эң оболу анын өзү окутуп, туурдан учурган окуучулары эмеспи. Гапарали агайдын колунан окугандардын эң атактуусу — бүтүндөй журтка таанымал академик Абдыганы Эркебаев.
“Чоң-Алайдагы эң билимдүү, эң кесипкөй агайым. Экинин бири деп билем. Менин агам менен Ош пединститутунда чогуу окушкан. Ушу күнгө чейин урматым чоң. Барганда дайыма жолугуп учурашып турам Гапарали агайга. Балдары баары жакшы чыкты. Улуу баласы Кудайберди ОшМУнун ректору болуп турат. Атасын тарткан, генетикалык таасири бар. Атадан ашкан мыкты уул болду”,-дейт академик.
Гапарали агайдан окуган окуучулардын дээрлик көпчүлүгү агайынын жолун жолдоп мугалим, болгондо да физика-математика мугалими болушту. Алардын арасында Гайымова Тазагүл, Маширапова Ыкбал, Амирбеков Ибрагим, Машеров Эшмат ж.б. окуучуларынын ысымын атаса болот.
Арасында акими, айыл өкмөт башчысы, анан да билим берүү тармагын чоюп башчы болгон окуучулары да арбын. Алгачкы окуучуларынан Гапаров Абдикерим Кыргызстан КП БКнын инструктору, КР Өкмөтүндө сектор башчы, Ош облустук мамлекеттик администрациясында аппарат жетекчиси, Ош облустук салык инспекциясынын жетекчиси, облустук бажы кызматынын башчысы, медициналык академиясынын аппарат жетекчиси кызматтарында.
Токтосунов Тынычтыкбек Автомобиль шоссе жолдор министрлигинде ага инженер, инженер-программист, Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясында аппарат жетекчиси, акимдин биринчи орун басары болуп иштеди.
Гапаров Икрам Шибээ орто мектебинде мугалим, мектеп директору болуп эмгектенип, учурда ардактуу эс алууда.
Билимге умтулган, окуйм деп көзү жанган айылдаштарына, туугандарына ар дайым колдоо көрсөтүп, колунан жетелеп борбор шаарга чейин коштоп келип, экзаменге даярдаган учурлары көп эле болду.
— Менин келечектеги турмуш жолума, дегеле адамболуп калыптанышыма агамдын чоң салымы бар, — дейт бир тууган инисинин баласы Файзидин Мизамов. – Атам Мизам Кожобеков Чоң-Алай совхозунда жетекчи кызматтарда эмгектенген адам. Мен 1976-жылы 9-классты аяктаганда ал мени Гапарали агаңдан билим алгын деп, Жекенди айылына жөнөткөн. Агам бардык окуучуларына талапты катуу коюу менен бирге терең билим берүүгө басым жасаган мугалим болчу. Алыскы Шибээ айылынан келип окуган окуучулардын жатаканасына келип, окуудан сырткары мезгилде кошумча сабактарды өтөр эле. Ал үчүн кошумча акы төлөө деген түшүнүк жок болчу. Математикага кызыккан окуучуларга өзгөчө көңүл бөлүп, канча убакыт болсо да кошумча окутуудан тажачу эмес. Мени менен бир класста окуган Галов Рахманберди математика сабагына кызыгар эле. Анын окуусунда, кийин Кыргыз мамлекеттик университетинин экономика факультетин да ийгиликтүү аякташында агамдын салымы чоң болду”.
Файзидиндин өзүн болсо Фрунзедеги политехникалык институтка Гапарали агасы өзү алып келип, экзаменге таптап даярдап туруп өткөргөн экен.
“Гапарали агай билим алууга умтулган идиректүү балдарды жүрөгү менен сезе билсе керек деп ойлойм. Деги эле агамдан билим алган адам ара жолдо калган жок. Аларды атай берсең тизме узара берет. Эң негизгиси, баарыбызды адам болууга, эл үчүн ак эмгек өтөөгө тарбиялай алды. Бул да билгенге эң чоң жетишкендик”, — дейт Файзидин.
Мугалимдер династиясы
Пединститутту бүткөн жылы өзү менен бирге педагогика факультетинде окуган Сандагүл Тойчиева менен кол кармашып, түтүн булатышты. Эки педагог ошондон бери эриш-аркак эмгектенип, турмуштун оош-кыйышын бирге тартып, ырыскысын бирге көрүп келатышат. Эки уул, алты кыздуу болушту. Алардын дээрлик баары ата-эне кесибин улантып мугалимдик кесипти тандаганынын өзү эле алардын мээнети текке кетпегендигинин айкын далили.
Тун уулу Кудайберди Кожобеков Ош университетинин физика-математика факультетин ийгиликтүү аяктап, өзү окуган университетте жүгүрүп иштеп, атасынын чыйырын улантып физика-математика илимдеринин доктору болду, азыркы убакта бүт өлкөгө таанымал ОшМУнун бакыйган ректору.
Кесиби энергетик кичүү уулу Таабалды Кожобеков Жекенди айыл өкмөтүндө иштейт. Ал эми кыздардын улуусу Уулжан ОшМУнун физмат факультетин аяктап, учурда ОшМУнун лицейинде физикадан сабак берет. Андан кийинки кызы Гүлжан ишкерликти тандаса, Кундуз, Жибек, Дария, Канымгүл мугалимдик кесипти тандап, азыр ата-энеси аздектеген ардактуу кесиптин улуу көчүн улантып келатышат.
Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”
Комментарийлер