КАДРЛАРДЫН КАДЫРЫН КИМ КӨТӨРӨТ?
- 08.07.2025
- 0
КР Министрлер Кабинетинин башчысынын орун басары Эдил Байсаловдун жогорку окуу жайларынын ректорлору менен болгон жолугушуусуна катышкан Кыргыз-Россия Билим берүү академиясынын ректору, профессор Чынара Шакеева, жогорку окуу жайларда билим берүүнү өзгөртүү боюнча үч негизги сунушун ортого салды.
Жөндөмдүү кадрларды даярдоочу бекем пайдубал түптөө зарыл
— Жетекчиликтин жогорку окуу жайларынын программаларын жана окуу пландарын түп тамырынан жаңылоо боюнча ар бир айткан сын пикирлерине кошулаарымды билдирүү менен бирге, ар бирибиз билим берүү системасын модернизациялоонун масштабдуу милдеттерин так билип эле тим болбой, аны ишке ашырууга эртерээк киришибиз керектигин белгилеп кетким келет. Жогорку окуу жайлар билим берүүчү мекеме гана болбостон, коомдук өнүгүүнүн, билимди генерациялоонун жана инновациялардын борбору болууга тийиш экендиги чындык. Мен ушул жерден биздин окуу жайдагы психологиялык борбор жана лаборатория ошондой максатка арналганын кошумчалай кетким келет. Туура, биз келечекте атаандаштыкка жөндөмдүү кадрларды даярдоочу бекем пайдубал түптөшүбүз керек.
Ал үчүн биз биринчиден, сабаттуу, сапаттуу, креативдүү кадрларды даярдоого тийишпиз. “Кадрлар бардыгын чечет” деп эң туура айтылган. Мен профессионал психолог адиси, психология илимдеринин доктору катары ушул багытта адистерди окуткан программага токтолуп кетким келет. Кыргызстанда психологдорду даярдаган 7-8 жогорку окуу жайы бар. Алар кантип даярдап калышкан? Психология педагогикага жакындыгын эске алып, окуу программасын педагогдорду даярдаган окуу жайга жүктөп коюшкан. Алар өз предметтери боюнча мыкты адистер экендигинен шек санабайм, а бирок алар профессионал психолог эмес, демек, алар кесипкөй адистерди даярдаганга кудуреттүү эмес. Заманбап кадрларды даярдоо үчүн биринчи кезекте талапка туура келген программа, окуу стандарттары менен окутуу зарыл. Азыркы студенттер билим алып жаткан окуу пландарын ачып көрсөм, арасында кереги жок предметтер жүрөт. Мисалы, мен 1980-жылы алган дипломумду карасам, алардын арасында мен алган билимдин негизги дисциплиналары жок. Биз логика, морфология, теория вероятности (ыктымалдуулук теориясы) деген предметтерди окуганбыз. Адамдын жаны менен денесинин жана айлана-чөйрөнүн логикалык байланышын изилдебей туруп, анын психологиялык-эмоционалдык абалын билүүгө мүмкүн эмес. Ал эми морфология деген предметтен биз бакалардын башын кесип алып, нерв системасын изилдечүбүз. Ушул предметтер аркылуу чыныгы кесипкөй психолог адистери даярдаларын эске албай туруп, окууга өтүүгө жеңилдик беребиз деген ой менен жеңил предметтерди киргизип койгонбуз. Психология илимине чыгармачылыгы өнүккөн жөндөмдүү, шыктуу, өзгөчө сезгич, ой жүгүртүүсү терең балдар барышы керек, эң ириде алар өздөрү психолог болушу шарт. Коом өзгөрүп жатат, бара-бара бул психология негизги кесип болуп баратканына дүйнөлүк практикадан өзүбүз күбө болуудабыз.
Окуу планы, шахмат оюну же өзгөчө зээндүү балдар кантип өнүгөт?
Бул кырдаалдан чыгуу үчүн жумуш топ түзүүнү сунуштаар элем. Профессионал психолог, профессионал мугалим жана мектептин мыкты жетекчиси кирген ал топ башка алыскы же жакынкы мамлекеттердин окуу программаларын, пландарын карап чыгып, жакшылап анализдеп, сөзсүз түрдө логика, морфология, ыктыярдуулук теориясы предметтери камтылган мыкты окуу планын түзгөн соң, ошол боюнча окутуу керек. Эң маанилүүсү, ал акча төлөнгөн бир же эки жылдык долбоор болууга тийиш. Же болбосо ошондой эле шартта коңшу мамлекеттерден адистерди чакырса болот.
Мен жогоруда заманбап технологиялар мүнөт сайын өнүгүп, өзгөрүлүп турган ушул шартта балдарыбызды логикалык ой жүгүртүүсүн өөрчүтүүгө басым жасашыбыз керектигин белгилеп өттүм. Баланын аң-сезимин өнүктүрүп-өстүрүүгө ар түрдүү ийримдер, айрыкча, шахмат ийрими өтө пайдалуу. Анткени шахмат — бул эң оболу чыгармачылык, кыйын кырдаалдан чыгуунун жолу, ал — ойлонуу, ал – креатив жана ийгиликтүү жол издөөнүн активдүү вариациясы.
Ушул жерден дагы бир салыштыруу келтирейин. Мен жакында эле өз демилгем менен Чолпон-Атадагы “Акылман” лицейине барып келдим. Ага окуудан мыкты жетишкендиктерге жетишкен балдар 6-класстан кийин кабыл алынат экен. Ага чейин мен казак боорлошторубуз, тагыраак айтканда, Назарбаев борбору уюштурган чоң форумга катышып, спикер болдум эле. Анда өзгөчө зээндүү балдарды 1-класстан баштап кабыл алып тарбиялашат экен, ушул туура го деп калдым, себеби, менин эсимде, мен төрөлгөн Тамга айылына Ваганованын балет окуу жайына атайын адистер келип 4-5 жаштагы үч баланы тандап алып кетишкен, демек, баланы жаштайын көндүрүү жеңил. Казактар да ошол жолду тандашыптыр, бизде андай болбой жатканы өкүнүчтүү…
Илимий-практикалык борбор жана кадрларды кайра даярдоо
Үчүнчү, эң маанилүүсү – бул Кыргызстанда илимий-практикалык борбор түзүү зарылдыгын белгилегим келет. Аны мамлекеттик-менчик-өнөктөштүк негизде түзүүгө болот, анткени баары келип эле каражатка такалат эмеспи, борборлорду, лабораторияларды интерактивдүү системалар, технологиялар менен жабдуу талап кылынат. Лабораторияларды түзүп, аларды жогорку квалификациялуу кадрлар жана заманбап жабдыктар менен жакшылап жабдуу зарыл. Ошондой борборлор адамдын реакция берүү тездиги, нерв системасынын түзүлүшү, нерв системасынын байланыштары, психологиялык-эмоционалдык абалы ж.б. сыяктуу тубаса касиеттерин аныктоочу приборлор менен жабдылат. Мен муну баса белгилеп жаткан себебим, азыркы учурда Президенттен баштап баардыгы мыкты кадрларга муктаж. Кандай кадр кайсы тармакта иштөөгө жөндөмдүү экендигин алдын-ала аныктап билип алса, иштин өндүрүмдүүлүгү да жогорулары шексиз. Албетте, реакциясы жай адамдар же тескерисинче, ыкчам реакция берген адамдарды жаман же жакшы деп бөлүүгө болбойт, мисалы, кээ бир адистикке реакциясы күчтүү адамдар керек, буга ошол эле журналистиканы алсак болот, ал эми медицина сыяктуу адистик шашпай, олуттуу байкоолорду жүргүзүп анан тыянак чыгарууну талап кылат. Педагогдорду даярдоо да өтө кылдат мамилени талап кылат, өсүп келаткан жаш муундарды өз милдетин так билген кесипкөй адамдардын колуна тапшырууга баарыбыз милдеттүүбүз.
Кадрларды жаңы ыкмалар менен окутуу, даярдоо убакытты талап кыларын эске алып, кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуучу мекемелердин ишин жандандыруу талапка ылайык болууда. Мен дагы бир мисал келтирейин. Мисалы, Сингапурда педагогикалык кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу институту эң мыкты деңгээлде уюштурулганын көрүп суктандым. Өтө ыкчам өзгөрүлүп жаткан мобилдүүлүктүн негизинде, алар ар бир үч айда алган билимин кайра жаңыртып окуп турушат. Мына ушул жол, ыкма аркылуу биз тез арада колго алып көрө турган чара – бул кыска мөөнөттүү окууларды тез-тез өткөрүп, мугалимдерди заманбап ыкмаларга үйрөтүү аркылуу гана биз жогоруда белгилеген максаттарыбызга жете аларыбыз айкын. Ал эми эмгек акы маселесине келсек, албетте, көп маселелер каражаттан көз каранды, а бирок мугалим кошумча окубаса, изденбесе, өсүүгө умтулбаса, анда андай кадрларга канча каражат жумшасаң да кайтарымы болбойт.
Даярдаган Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”
Комментарийлер