КҮЙҮТ
- 23.07.2025
- 0
Экинчи таң атканда от араба бир бекетте токтоп туруптур. Демейдегидей кыйкырып, куру айбатка кышылдагын үстөккө-босток чыгарып шаштырбай, буурул таңда коруна, дабышсыз турганына караганда анын кыймылдаар түрү жок. Вагондордо ары-бери баскандар, сыртта жаң-жуң кылышкандар да адаттагыдай бакылдашпастан шыбырап-күбүрөй, ары-бери шашылышат. Ал ойгонгондо каршысындагы ногой негедир купенин айнегинен сыртты үңүлө карап туруптур. Жеңижок от арабада үлүлдөй жылып бараткандарды гана эмес, айлана тегеректеги көз жеткис кумдуу талаалардын арасында жашагандарды да солк эттирген бир нерсе болгонун сезип, жүрөгү болкулдай түштү. Эгерде бир нерсе болбосо, эки күндөн бери илкисе да тынбай жылып бараткан от арабадан неге үн чыкпайт? Ары-бери өткөндөр кабатырлана неге шашылышат? Адатта бороон-чапкын болордо аба негедир чымын канат сермесе угулчудай тынчый түшөт эмеспи. Жымжырттыкка канчалык дитин койсо да аралаш тилдерде; “Жызак”, “козголоң”, “набыт…” дегенден башканы кулагы чалбады. Сыртты караган ногой бери бурула, башын чайкай:
-Бурадар, иш чатак, — деди ногойчо, сартча аралаштыра. Жызакта ак падышага каршы козголоң чыгып, көп адамдар өлүптүр. Аларды Каршы, Термез, Коженттегилер да колдоп жаткан имиш. Биздин поюзду жолдон чыгарып, токтотуп коюшту.
Алар бараткан он чакты вагон чиркелген от араба ошол күнү запастык жолдон кыймылдабады. Кээде алар келаткан тарапка катуу ылдамдыкта көп вагондор чиркелген поэзддер өтөт. Ногой аларды узата тиктеп:
-Аскерлерди, курал-жарактарды ташып жатышат,-дейт.
Ошол күнү түштөн кийин “Жызактагы козголоңго казактар, ала чапандар да кошулуптур. Кыргыздар тарап да тынч эмес экен” деген сөздөр тарады. Казанга бараткан уламалар бир вагонго бекинип алышты. Жеңижок менен келаткан ногой да бир жакка жоголду. Кошуна купедеги орто жаштардагы, жегдесинин үстүнө эски төө чепкен кийген казак төшүн дагдайта ача, улам оюуларынын өңү эбак өчкөн такыясы менен терин аарчына ары-бери баса күңкүлдөйт. Жызактыктардын, от арабаны башкаргандардын “шешелерин” айта сөгүнө, дагы эки бекет жүрүшсө, үйүнө барып калмагын айтып тилдене сыртка чыгып, аларды сөгө кайра кирет. Жеңижоктун көңүлүндө адеп пайда болгон коңултуктоо бир нерсени сезгендей барган сайын күчөп, казактын айткандарына көңүл бурбай, куржундагыларын кармалай тынчы кете баштады.
Бешимде баарын түрткүлөп, жүктөрү менен сыртка чыгарып, темир жолдун боюна тизишти. Вагондордо иштегендер сурагандарга кыска жооп айтышты:
-Азыр ак падышанын төрөлөрү жүктөрүңөрдү текшеришет.
Толоюн, оң жагына тапанча тагынган, сур кийиминдеги — топчулары, кайкалаган шапкесиндеги — темирлери ээр-жабдыкка кыюуланган жездердей жаркылдаган төрө, тилмеч ногойдун коштоосунда шашпай бекеттен чыгып, алдыларына куржундарын, түйүнчөктөрүн жайгандарга жакындады. Колунда кооздук үчүн кармаган ичке таяк. Аны көргөндө негедир Жеңижоктун жүрөгү шуу дей түштү.
Төрө тизилгендердин арасындагы сары чачтуу тили бурумдардын жүктөрүн карабады: бир нерсе айтты эле, алар таңылчактарын көтөрө шашыла вагондоруна кирип кетишти. Ак селдечен уламалар алакандай кагаздарын көрсөтүшкөндө, аларга да кол шилтеди. Ал казактардын, ала чапандардын алдындагы кирдеген түйүнчөктөргө, арасындагы кактарга, жаңы бышкан өрүктөргө, тандыр нандарга, бирин-экин сүрсүгөн балыктарга да көңүл бурбады. Бир карап, түйүлгөндөрдү ичке таягы менен түрткүлөйт да жыйнагыла дегендей ишарат кылат. Ал Жеңижоктун куржунунун биринчи көзүндөгү гүлазыкка, көмөч нанга да назар салбады. Майы чыккан куруттарды гана кызыккандай карап койду. Экинчи көзүндөгү оролгондорго келгенде ногойго бир нерсе деди.
-Булардын ичинде эмне бар? Төрө ачсын деп жатат, — деди ал.
Жеңижок Көксулуу экөөсү бир эмес, бир нече жолу аспеттеп орогон түйүнчөктү этияттап ачты. Кара-Суунун арчасынын ысырыгынын жыты бур эте түштү. Көз майын жедирип, үч жыл тынбай жазган кагаздардын таңгагын көргөндө төрө түздөнө Жеңижокко олурая карап, таягын бекет жакка шилтеди.
— Сиз түйүнчөгүңүздү жыйнап, бул жакка чыгың, — деди ага ногой бекет жакты көрсөтүп. Төрө анан кагаздарыңызды өзүнчө карайт.
От арабадагылардан Жеңижокко кошо бекеттин тактайлардан курулган кичинекей имаратына дагы эки адамды алып киришти. Алардын түйүнчөктөрүнөн китептер табылыптыр. Жапалдаш бойлуу, тегерек сакалчан кара сур адамдын колундагы “Куран” экен, аны Жеңижок сырткы жазуусунан боолгоду. Аны төрө барактап, арт жагын үңүлө тиктеп, “коран?” деп тилмечке суроолуу карады эле, ал баш ийкегенден кийин аны ээсине берип, кол шилтеди. Экинчи — майжуубазда же устаканалардын биринде иштегендей күрмөчөн, кепкачан орто жаштагы адамдын бурум тилдеги сүрөттүү китебин барактай, шылдыңдагандай жылмая бир нерселерди айтып, ар жерлерине көз салып, анан ээсине ыргытты эле, ал топтой тосуп алып сыртка шашылды. Жеңижоктун жазгандарына келгенде төрө кайрадан сурданды. Майда жазууларды үңүлө тиктеп, ар жерин барактап, Жеңижокту суроолуу карап, тилмечке кайрылат. Анысы шашыла бир нерселерди айткандан кийин кайра барактайт.
— Бул эмне, кимге арналган жазуулар деп сурап жатат — деди тилмеч. Мусулмандарга арналган риваят эмеспи?
Жеңижок шашыла баш чайкап, риваят жөнүндө укпаганын, булар өзүнүн ырлары экенин, Казанга китеп кылып чыгарганы алып баратканын айтты. “Казан” дегенди укканда төрө Жеңижокту тирмийе карап, кагаздарды тилмечке берип, оку дегенди буйруду окшойт, ал башталышын окуп, маанисин которгондой, бурум тилде бир нерселерди ага айтты. Төрө тилмеч окугандарды түшүнбөсө да “алла” деген сөздү уккан сайын денеси дирт эте, саргыч муруттарын эрбейте Жеңижокту имере карайт. Ал Жеңижокко гана эмес, тилмечке да ишенбегендей. Төрө унчукпаган соң тилмеч кагаздардын дагы башка жерин ачып окуп, ага дагы бир нерселерди айтат. Акырында төрө ушул жагы жетишет дегендей кол шилтеп, тилмечке корс этти.
— Китепти чыгарганга уруксатың барбы? — деп сурады тилмеч андан.
Жамандыкты сезгендей, барган сайын жүрөгүндөгү түпөйүл күчөп, ою онго бөлүнүп турган Жеңижок шашып, апкаарый түштү. Ырлар өзүнүкү болсо, өзү кагазга түшүрүп, өз акчасына чыгарганы алып баратса, дагы кимден уруксат керек? Ал китеп чыгаруу үчүн бир жерден уруксат алынат дегенди уккан деле эмес.
— Ак падышанын жаңы бүтүмүнө ылайык, китепти чыгарганга, сатканга Ташкендеги жарым пашаанын кеңсесинен уруксат кагаз керек, — деди тилмеч. Ансыз ал мыйзамсыз нерсе катары жок кылынат.
-Жок кылынганы эмнеси?
-Өрттөп салышат. Тартип ошондой.
Аны укканда Жеңижоктун денеси өлө, оозу кургап, көзү караңгылай түштү. Жазгандарын өрттөгүдөй ал ак падышага эмне кылыптыр? Ага түгүл айылындагылардын бирине деле жамандык кылбаса, ушунча жыл мээнет кылып жазгандарын жөн эле тартып алып, өрттөп салышабы? Бу ырлардын деги кимге зыяны бар? Жанагы Жызак, козголоң дегендерин жолдон эле укпаса, өмүрүндө көргөн, билген деле эмес. Жок, орус төрө түшүнбөй башкача ойлоп жатса керек. Токтогул орустар жакшы эл болот дечү эмес беле! Жакшысы ушубу! Мүмкүн, колунан кармап жалынып жалбарып, тилим жеткиче айтсам кайрып берер? Шектене тиктегенине караганда мени ошол козголоңчулардын биринен деп ойлосо керек? Андай болсо мен ушерде турмак белем? Жанагы ногойдой эле алда качан качып жоголмокмун. Кашайгыр, ал Орунборго чейин ат-көлүктөр, кербендер да болот деп жөн жерден каңкуулабаган тура! Тилмечи да жок нерселерди кошуп айтып, бу сарыбашылды шектентип жатабы? Алардын баарын эми буга кантип түшүндүрөм? Ал менин колумдан келбейт. Эми эмне кылам? Оо, кудай! Алдырарда, жаздырар деп чын эле ак куржундагыларымдан айрыламбы! Мунусун билсем, дагы бир-эки жыл күтө турбайт белем. Чын эле ал менин куранды көчүргөндөй даарат алып жазып, Көкөн байкушум сандыгынын ардактуу жерине ак жоолукка орой аспеттеп сактагандарды мыжыга бүктөп, ар жакка ыргытканы жатат. Анан үч жылдан ашык убакыттан бери жазгандарынын Таластагы үйүндөй өрттөнүп, күлгө айланарын ойлогондо, акыл-эсин жогото, эки колун суна төрөгө боюн таштады.
-Жок! Жок! Өрттөбөгүлө! Мага берсеңер кайра өзүм алып кетем!
Эртеден бери бурчта үнсүз турган лашкер Жеңижокту далыдан алганда ал төрөнүн эки колуна жабышып калган. Лашкер анын колдорун кычырата кайрып чыгарып, силккенде тактай дубалга карс эте урунуп, жерге кулады. Далылары, колдору сыздаганына карабастан кайра ыргып турганда, лашкер кылычын сууруду. Анын чекирейген ырайымсыз көздөрүнөн кадам таштаса, кылыч менен тартып жиберерин билип, буркурап-боздой сыртка тамтаңдады. Артынан тепкенде, тепкичтен ала-сала тоголоно жыгылды.
— Бекер кылдыңыз, бекер кылдыңыз! Төрөгө неге жулунасыз! Ал да мага окшоп буйрукту гана аткарат, — деп артынан тилмеч чын-жалгандан кейип калды.
Ал жашында эл безери кылган дартынын, улагаларда сандалткан азап-тозокторунун, кеч күздө Таласта баш калкалар үйүнөн ажырап жайдак калгандагы, артында туягы жок өтүп бараткан өмүрүнүн күйүттөрүнө ак куржундагылардын күйүтүн, өкүтүн кошо ошерде чыгарды. Ага чейин жаны анчалык сыздаган эмес.
Күүгүмдө темир жолдон ыраактагы кумдан турган бир күн мурда; нурдуу жүзүнөн кызылы кете, кайраттуу чачтарынын чекелеринен башка жерлерине ак да түшө элек, кирсиз кой көздөрү ачык, ишенимдүү караган, олбурлуу толмоч адам болсо, азыр ал чачтарынын, кырма сакалынын көбү агарып, далылары ийиле, бөз чепкенинин ийиндери жеңдериндей шалбырап, тунжураган көздөрү китирейе оор дем ала, өзөк тамырынан ажыраган дарактай өзүнөн өзү теңселе, үйүнө эптеп жетип жыгылууну , тынчтыкты гана көздөп калган абышка болчу.
ХХХ
Кандай кыйынчылыктарга,сыноолорго туш болбосун, эгерде андан чыкканга кенедей да болсо мүмкүнчүлүк калса, жакшылыктан адамдын үмүтү үзүлбөйт. Оорусу айыккыс экенин билген же жакынынан айрылган бирөөдөй, болгон нерсени таптакыр оңдой албай турганына көзү жеткенде гана адам тагдырына биротоло моюн сунат. Ал ар кандай болот: айрымдар абалды оңдогонго болбой турганына көзү жеткенде, алгачкы өзөгүн өрттөгөн оор сезимден акырындап бошонуп, кайрат кылып, чыйралат. Алар басымдуу көпчүлүктү түзөт, ошон үчүн кандай жоготуулар, кырсыктар болбосун турмуш, жашоо уланып келет. Ал эми кээ бирлердин өзөгүнө бир жабышкан нерсе, жакшысы болсо да, жаманы да кайра чыкпай, сүлүктөй жабышып, жан дүйнөсүн тынчытпай өйүй берет.
Шатыра-шатман жүрүшкөн менен Көксулуу да, Жеңижок да ошондой адамдардан эле. Китеп чыгаруу ою казактардын ырларын окуганда пайда болуп, анан акырындап максатка айланган. Акыркы эки-үч жылда ошол максат менен гана жашаган. Аны ак падышанын жол тоскучтары жок кылышты. Анын ордунда аңгыраган боштук гана калды. Эгерде дагы үч-төрт жыл үйүнөн чыкпай отуруп, ырларын, айтыштарын, жомокторун кайра кагазга түшүрсө, өрттөлгөндөрдүн баарын болбосо да көпчүлүгүн ордуна келтирмек. Аны өзү деле билет, бирок Жеңижокту бирде чоочутса, бирде таң калтырганы, бекеттеги окуядан кийин анда андай каалоо да, эрк да калбады, негедир кайра жаралбады. Жан дүйнөсүнүн мурда китеп чыгаруунун түйшүгү менен жашаган орду жетимсиреп, эч нерсе менен толбостой Кара-Тыттын кышындагы шамалындай оңулдап гана турат…
Ал Аралдын жанынан куржундагыларынан айрылып кайра келгенде аны көргөн Көксулуу бир күн кечке ыйлаган. Анткени, анын маңдайында көздөрү, каштары эле Жеңижокту эске салбаса, арыктап, жүдөп, сүлдөрү эле калган бейтааныш бирөө турган. Жаш козунун шорпосу бир айда аны оңдоду. Жүзүнө кызыл жүгүрүп, көкүрөк-далылары, булчуңдары толду. Бетиндеги бырыштары жазылды, бирок маңдайында кабатталган эки сызык, кой көздөрүндөгү тунжуроого аралашкан кайдыгерлик жазылбады, тарабады. Алар биротоло жабышып калган сүрөттөй күлсө да кетпейт. Ыктыяры менен комузун алса, күүлөрдү гана кайрыйт, ырдагысы келбейт. Бирөөлөр суранса, комуз чертип, ырдап, жомок айтып да берет. Бирок анда деле мурдагыдай жан дүйнөсү жибибейт, илхам-ыкласы түшпөйт. Колундагы кесени бирөөгө узаткандай кайдыгер гана аткарат. Жан дүйнөсүндөбү же денесинин бир жериндеби, айтор, таруудай бир нерсе тынчтык бербей нойуп, ак куржундагыларын эле эске сала берет.
Кара-Суунун жээгине барып тынбаган, бүтпөгөн, бирок эч качан жадатпаган шаркыракты, шуулдакты гана тыңшап отура бергиси келет. Оо, аккан суу, аккан суу, тирүүлөрдү баккан суу, баардыгына жаккан суу! Мунун шаркырагын, Ак-Улоонун аскасындагыдай шуулдагын кимдер гана укпаган? Алар кайда? Алардын бириндей болуп өзү да өтөт. Ал өлүмдөн коркпойт. Төрөлгөндө эле жараткан пешенеңе сызып койсо, андан чоочулагандан не пайда? Бирок чын эле аркы дүйнөсү бар болсо (ал ага кээде ишенсе, кээде ишенчү эмес), өлгөндөн кийин да мына ушул шаркыракты, сайды жаңырткан шуулдакты тыңшап, маңдайындагы Чаптар-Бээнин бөксөлөрүн, Кара-Суунун чөйчөктөй жайыгын көз кыры менен карап жатса, бейишинин деле кереги жок эле. Ал эми Миң-Текенин чокусу, Миң-Бугунун төрлөрүн, Аркыт менен Түрдүктүн токойлорун да көрүп жатсам деген ой келгенде кээде өзүнүн ашкере ынсапсыздыгынан уялып да кетчү. Тирүүлөргө мейли дейли, ал эми жер алдындагыга Чабдар-Бээ менен Ийри-Булуң деле жетпейби! Кудай ошол тилегин берсе деле кана! Оо, аккан суу, аккан суу! Бул кылымдардан, а мүмкүн миң жылдардан бери ушул сайда агып жаткандыр. Жамгырлар жаап, карлар эрип киргенден башка учурларда, кудум ченеп бөлүштүрүп койгондой, азайбай да көбөйбөй, өз нугунан чыкпай ага берет, ага берет…
Токтогул “камандарынан” жашынып Кара-Сууда эки жылдай жүргөндө, бир ирет:
— Сен эмне суу жинди болуп калгансыңбы, Өтө? — деген эле оюн-чындан. Сыртка чыксаң эле сууну көздөй басасың. Мени деле ал жакка чакыра бересиң. Кара-Суу менен Түрдүктү өрдөгөндө кокус ат мүдүрүлсө, күрпүлдөгөн дайраларга түшүп кетемби деп кудайлап жайлоолоруңарга араң барам, а сен кебелип да койбойсуң. Жолдоруңдун да, жайлоолоруңдун да баары суу. Деги суудан жадабадынбы?
Анан ал күлө жаш кезинде Акчийге кирингени барышып, ирим тартып баратканда аны бир адам араң куткарганын, ошондон бери суудан коркуп калганын айткан.
Ал жашында суу агат да кетет, ошол бойдон жок болуп, жердин түбүнөн жаңылары чыга берет дечү. Көрсө, жерге сиңгени башка сууларга кошулуп, бир жерден кайра агып чыкса, көлгө, деңизге жеткени бууланып абага көтөрүлүп, булуттар менен тоолордун баштарына келип, кайра жамгырга, карга айланып, айлампада жүрө берет тура. Кашаттан арыда күрпүлдөгөн суулар мындан мурда бу жерден он жолу, мүмкүн жүз ирет агып өткөндүр. Адамдын өмүрү да ошондой болсо кана. Ал бул тоолорду кыямат кайың болгуча кайра-кайра айланып келип көргөндөн жадамак эмес. Адамдын каны балдарында уланат, бирок ата-энесин толук кайталаган балдар барбы? Көбүнүн сырткы түспөлдөрү гана эмес, кыял-жоруктары деле окшошпойт. Адам өмүрү улам кийинки жылда баары кайталана берген жаратылыштай эмес. Ошон үчүн эл-журт өзгөрүп, адам тиричилиги азга болсо да алга жылат тура. Аларды даңазалаган ырлардын, күүлөрдүн айрымдары гана бирөөлөрдүн эстеринде калбаса, көбү жөө тумандай биротоло жок болот. Ал сезиминин тереңинде ырларынын бир бөлүгү ооздон оозго өтүп, Кетбуканын, Асан кайгынын, Калыгулдун айткандарындай жашай берерин боолгойт, бирок көбү унутулуп, аларды да ар кимдер өздөрүнө жаккандай бурмалагандарда кандай насил-нарк калат? Ал да өзүнүн айткандарын машак тергендей жыйнап, бир кезде Кыргыз медреседе Нурмолдо эшен көрсөткөндөй, китеп кылып чыгаргысы келди эле, ал ишке ашпады. Буйрубаган ашка мурун канайт деген чын экен, бирок, бирок… жан дүйнөсүн мойуткан ал өкүт акырындап денесине да өтүп, ичинин бармактай жери эле уюй берсе, акыркы үч айдан бери ага билинер-билинбес тызылдаган оору кошулган…
ХХХ
Көксулуу ала уйду саап, кемегеге от жаккандан кийин ал ыргай таягына өбөктөй дагы кашатты көздөй басты. Эми ал сүтүн кайнатып, жапма челекке куюп, уйду Ак-Ташты көздөй айдайт. Мурда уюн өзү Кезарттын дөңүнө чыгарып келчү. Ал көбүрөөк басса, кыйналып кетерин байкагандан кийин Көксулуу айдачу болгон. Анан атала кылып, сүт катыктайт. Акыркы убактарда ичинин жүгөрүдөй жериндеги тызылдап ооруганы күндөн күнгө көбөйүп, коюураак тамак жесе оорусу андан бетер күчөп, ага өйкөгөнү кошулгандан атала гана ичет. Ичип деле жарытпайт, жарым кеседен ашык өтпөйт. Ал кеседегинин жармысын араң ичип, Көксулууга сунганда:
— Бу жумуруңузга жук болмок беле. Жок дегенде ушу кесени түгөтүң, — дейт. Бирок, Жеңижок алсыз баш чайкаганда ал тунжурай карап, кээде сыртка шашылат, же артка бурулуп, бир нерсе кармаламыш болот. Бирок эмне кылбасын, ал ирмеле түшкөн көз жашын силкип, ыйын күчтөп басарын Жеңижок билет. Ал да арыктап, байкуштун алайган эки көзү эле калды. Ал аны тунжурай караганда анын көздөрүнөн аёо менен кошо коркуп, аяп жатканын байкап, Жеңижоктун да ыйлагысы келип, өзүн араң карманат. Ал жашыса эле, Көксулуунун өксөп жиберерин билет. Кээде тартынбай ыйлап, экөөбүз тең бугубузду чыгарып алсак деген да ой келет. Бирок, эрди-катындын жөндөн жөн эле бири-бирин карап ыйлап отурушканын бирөө-жарым көрсө эмне дейт? Ээн тамда отура берип экөө акылдарынан айный башташканбы дебейби? Жөн жерден жамандыкты чакырган болчу беле. Ал тышка шашат.
Эки айдан бери сүт менен жармадан башка өтпөгөндөн ал арыктап, көздөрү чүкүрөйө, жаактары шимирилип, муундары кетип, башы айлана турган болуп калган. Катуураак кыймылдаса жүрөгү лакылдап,оозунан чыкчудай боло түшөт. Ал муундарында күч калбагандан улам жүрөгү калдактап калганын билет, бирок сүттөн, суюк аталадан башка өтпөсө, эмне кылат?
Ал бу дүйнө менен иши жок, таштуу жерлери гана бир аз көбүктөнбөсө, калган жагы карара, терең нугунда жай агып жаткан өзөндү бир аз карап отургандан кийин чыйрыга баштаганын сезип, ордунан турду. Жолдо келатканда эки-үч жолу көзү караңгылап, башы айланып кетти.
Үйүнө келгенде аялы сыртта кир жайып жүргөн.
— Көкөнтай, мага төшөк салып берчи, бир аз дем алайын, — деди ал ага.
Көксулуу далиске салган төшөккө кыйшайгандан кийин негедир аны чыгаргысы келбеди. Ал кирлеринин калганын жууганы турганы калса, токтотуп, айылдагыларды сураштырып, Токтогулду, Ниязаалыны эстеп, алардын бир жоругунан айтат. Ал акырында Болотайды, Кенжебайды, Турдумат паңсатты көргүсү келип жатканын айтып, анан оор дем ала акырын үргүлөй баштаганда, үстүндөгүлөрдү кымтылап, Көксулуу сыртка чыкты.
Жеңижоктун түшүнө кайрадан түндөгү замбил көтөргөндөр кирди. Зың! Зың! Зың! Карылуу төрт жигит араң көтөргөн оор замбил акырын чайпалса, анын ыргагында кичинекей коңгуроолор жылаажындай шыңгырайт. Бу ирет замбил көтөргөндөрдүн алдында Жеңижок өзү шашып баратыптыр, апасы аны оң колунан бекем кармап алган, улам ага бурула: “мен сенин бүгүн келериңди билгем“ дейт. Жанындагылар Садыр тагасы, Баялы акеси, абалары — Түткуч, Садыралы. Көңүлүнө: “Булар алда качан эле өлбөдүбү беле, мында не кылып жүрүшөт” деп күдүктөнгөндө, кайра: “арбактар каалаган жерлеринде жүрө беришет да” деген ой келди. Мурда өлгөндөр чакырганда, зың-зың эткен дабыштар угулганда качкысы келсе, азыр аны делөөрүй ээрчип баратат. Негедир зың-зың деген дабыш угулган сайын ооруган жерлери басылып, денеси жеңилдеп, баягы Арстанбекке учурашканы барганда Көл үстүнөн көргөндөй жеңил тармал булуттар бети-башын, коюн-колтуктарын аймалап, денесин мамыктай сылаган сайын булуттарга аралаша учкусу келе баштады. Чын эле эки колтугуна канат бүткөндөй, Кезарттын чомполун көздөй көтөрүлүп баратыптыр. Мамык булуттарга аралаша бийиктеп учкан кандай ырахат! Жанагы зыңылдагандар коңгуроо эмей эле өзүнүн комузунун дың-дың эткен дабышы экен. Эми ачык, даанаарак угула баштады. Аны ким чертип жатат? Дыңгыр-дыңгыр-дыңгыр!
Көксулуу үйгө киргенде Жеңижоктун тамагы үзүл-кесил кырылдай, көзү тегеренип бараткан. Ал аны чыңыра баса жыгыла башын ары-бери булкулады, жөлөсө эле туруп кетчүдөй көкүрөгүнөн көтөрө тизесине койду, бирок муздап бараткан дене төшөккө кайра кулаганда, сыртка атып чыкты:
-Айланайын эл-журт! Барсыңарбы? Шордуу башым тул болду! Өтөмдөн айрылдым! Жанымдын жартысынан айрылдым! Оо, эл-журт…
Папан Дүйшөнбаев
Комментарийлер