КӨМӨКЧҮ ЖАТАК-МЕКТЕПТИН ӨЗГӨЧӨ БАЛДАРЫ

  • 28.03.2024
  • 0

Чүй облусуна караштуу Москва районунун Беловодск айылындагы балдардын атайын билим берүүчү көмөкчү жатак-мектебинде учурда Кыргызстандын туш тарабынан келген 156 бала бар, анын ичинен 24 бала үйүнө барып-келип билим алса, беш баланы мугалимдер жумасына бир жолу үйүнө барып окутат. Жатаканада калган 132 баланын билим алып, коомго аралашуусуна керектүү көндүмдөрдү үйрөнүшү үчүн бардык ыңгайлуу шарттар түзүлгөн, аларга үч маал ысык тамак, эки маал жеңил тамак берилет. Балдар бош убактыларында кол өнөрчүлүк менен алектенет.

Кыздарыбыз уз, балдарыбыз уста болсо дейбиз

Бул республикалык маанидеги жатак-мектепке өзгөчө аталган балдар жашайт. Өзгөчө дегенибиз – бул жерде жараткандын жазмышы менен энесинин этегинен түшкөндө эле эс-акылы кем жаралган балдар баш паанектейт. Алар менен бирге “күндө туусам күндө жок, күндө жылан жеп коёт” дегендей, окутуп-үйрөткөнүн күндө эле эмес, алеки саатта жадымдан чыгарып койгон жарым эс балдарды окутуудан тажабай, чарчабай- чаалыкпай, маңдайынан сылап чачын тарап, акылы тунук болбосо да, көздөрү асмандай туп-тунук бейкүнөө жаралган балакайларды бапестеп багып келаткан баатыр жүрөк багуучулардын, балдардын үйрүлүп үстүнө түшүп күнү-түнү түйшүгүн тарткан тарбиячылардын, мугалимдердин кызылдай мээнети кошо жашайт.

КӨМӨКЧҮ ЖАТАК-МЕКТЕПТИН ӨЗГӨЧӨ БАЛДАРЫ

Жатак мектептин жашоосу менен таанышууга барган журналисттердин бир тобу адегенде кыздардын устаканасына баш бактык. Анда үч кыз төшөк курап олтурган экен. Анын бирөөсү кадимки эле тигүүчү машинкада узун-узун издерди жүргүзүп жатканына кубанган мастер Наталья Николаевна Майстренко алдындагы кызыл-тазыл кездемелерди көргөзүп: “Ноорузга карата кийүүчү кийимдерди тигип жатабыз”, – деди сыймыктанганын жашырбай. Бөлмөгө киргенде эле эң биринчи көзүбүзгө түшкөнү – кыздардын колунан жаралган буюмдар илинген бөлмөнүн дубалына чоң тамгалар менен жазылган техникалык коопсуздукту сактоо эрежелери болду.

КӨМӨКЧҮ ЖАТАК-МЕКТЕПТИН ӨЗГӨЧӨ БАЛДАРЫ

Иштегенине 15 жылдын жүзү болгон Наталья Николаевна кыздар мектептен күнүмдүк турмушуна керектүү көндүмдөрдү үйрөнүп чыкканы эле чоң жетишкендик болор эле деп эсептейт.

– Биздин кыздардын ден соолугуна байланыштуу өтө этият болууга туура келет. Адегенде эле ийне кармоонун эрежесин үйрөтөбүз, кыздар колуна ийне кармагандан, тигүүчү машинкалардын үнүнөн коркушат. Аларды мындай шартка көндүрүүгө да бир кыйла убакыт кетет, кыздардын баарынын эле абалы бирдей эмес, кээ бири тез эле үйрөнүп, үйрөнгөнүн жадымында сактап калса, кээ бирине эс тутумунда сактоо кыйынга турат, андыктан кыздар тигүүнүн сырларын 100 пайыз үйрөнө албайт. Түз тигиш салууну, топчу кадоону үйрөтүүгө жетишсек – бул биз үчүн чоң жеңиш деп эсептейбиз. Кыздарыбыз мектепти аяктап кеткенден кийин кандайдыр бир кесипке ээ боло албаса да, жок дегенде топчу кадаганды, тигүүнүн эң жеңил ыкмаларын үйрөнүп алса, күнүмдүк турмушунда өзүнө тыңыраак болуп, башкаларга азыраак көз каранды болсо дейбиз, – дейт Наталья Николаевна, бүт дили менен кыздардын келечегине камтама болгонун жашырбай.

Бул жердеги балдардын келечек турмушуна керектүү көндүмдөрдү өздөштүрүүсүнө аларга жакын жайгашкан тигүү цехтери жана №28 кесиптик-техникалык лицей көмөктөшүп келатат. Кесиптик-техникалык лицей эркек балдарга ширетүүчү, устачылыкты үйрөтсө, тигүү цехтери кыздарга тигүүчүлүк боюнча кесиптик багыт берет. Балдарды мектептен бир кесипке үйрөтүү учурда эң актуалдуу болуп жатпайбы, андыктан мындай балдарды бир кесипке толук үйрөтө албаса да, күнүмдүк турмушундагы эң жөнөкөй ыкмаларды үйрөнүп алганы чоң олжо. Өкүттүү жери – мындагы балдар башкалардай болуп каалаган кесибин тандап кете албайт жана алардын келечеги кандай болору бүдөмүк…

Көмөкчү жатак-мектепте жети жылдан бери иштеп келаткан тарбиячы Сибира Людмила Анатольевна айткандай, тарбиячылар эртең мененки саат алтыдан кечки саат тогузга чейин иштегендиктен, балдар эле эмес, алардын үй-бүлөсү, үй-бүлөлүк абалы тууралуу жакшы кабардар болуп турат. Эң өкүнүчтүүсү – алардын ата-энелик мээрими балдарын мына ушундай жатаканасы бар мектепке жайгаштыруу менен чектелгени.

— Биз балдар менен күнү-түнү бирге болгондуктан, аргасыз алардын ата-энелери менен да жакындан тааныш болуп калабыз. Тилекке каршы, бардык эле ата-энелер балдарынын өзгөчө абалын кабыл ала бербейт, чейрек башталганда жеткирип келип, чейрек аяктаганда алып кетүү менен чектелген ата-энелер да жок эмес. Албетте, биз алар менен байма-бай аңгемелешип, мындай балдардын мектептен кийин чөйрөдө социалдашуусу керектигин айтып турабыз. Балдарыбызды ар кандай даталуу күндөрдү тосууга даярдап, майрамдык концерттерди уюштурабыз, кыйын болсо да бий үйрөтүп, ыр жаттатабыз. Чындыгында балдардын эс тутумуна жараша ыр жаттатууга көбүрөөк убакыт талап кылынат, мисалы, биз азыр 1-июнь – Балдарды коргоо күнүнө карата даярданып жатабыз, – дейт Людмила Анатольевна.

Ашпозчу-апа Гүлмира

Жатак-мектептеги түзүлгөн шарттардын эң маанилүүсү – балдардын тамак-аш менен камсыз болушу экени чын. Ашпозчу Гүлмира Байзакова ашкана башчысы болуп иштеп келатканына 12 жылдан ашты.

– Биз тамак-ашты диетолог адиси түзүп берген атайын аштизме боюнча үч маал даярдайбыз. Түшкү тамагы стандарт боюнча биринчиси, экинчиси жана нан, компот менен берилет. Андан тышкары, эки маал конфет, печенье, май токоч, колбаса, сыр сыяктуу жеңил тамактарды беребиз. Азык-түлүктөрдү тендер боюнча алабыз. Тамак-аш берген адамды баары эле жакшы көрөт болуш керек, айрыкча, даамдуу тамак жегенде чуркап келип “апа” деп кучактап баш бармагын көрсөтүп калса, мага аябай жагымдуу болот, – дейт жатак-мектептин номур биринчи ашпозчусу.

КӨМӨКЧҮ ЖАТАК-МЕКТЕПТИН ӨЗГӨЧӨ БАЛДАРЫ

Ашканага кирип, балдардын тамагына кылдат мамиле жасаларына күбө болдук. Баардыгы өз жайында, таза, иреттелген эмеректер кечээ-бүгүн эле пайда болбогонун айгинелейт. Арийне, адилет үчүн айта кетели, бул жердеги балдар эмес, ата-энесинин кашында олтурган балдардын баары эле күндө таттуу жеп, колбаса, сыр менен чай ичери деле күмөн…

Ата-энелерге кулак кагыш

Билим берүү жана илим министрлигинин Мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Гүлшан Абдылдаевадан алган маалымат боюнча министрликтин алдында республика боюнча 14 көмөкчү жатак мектеп, аны менен катар мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын атайын мектеби да бар. Атайын мектепте жана атайын көмөкчү жатак-мектепте жалпысынан 6 445 бала билим алууда. Ошол эле учурда акыл-эси менен интеллектиси сакталган, бирок майыптыгы бар 28-30 миңден ашык бала жалпы билим берүү мектептерде билим алат. 2 345 бала ар кандай себептер менен окууга тартылбай калгандар, анын ичинде 845 бала ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген категорияга кирет.

– Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, бирок интеллектиси сакталган балдарды жалпы билим берүү мектептерине аралаштырып, инклюзивдик билим берүү ыкмасын жайылтуу “Билим берүү жөнүндөгү” жаңы мыйзамына да киргизилген. Чындыгында, кээ бир ата-энелер ден соолугунан жабыркаган балдарды үйлөрүндө көмүскө кармагандыктан, көбү окууга тартылбай калат. Бул балдардын жалпы санын аныктоого кай бирде тоскоолдуктарды жаратат. Биз ата-энелер арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнүн жеткиликтүү жолдорун караштырып жатабыз. Үйдө оорулуу баланын болгону психологиялык жактан өтө оор экенин туура түшүнөбүз, бирок ата-энелер да ал балдарды өмүр бою калкалап жүрө албасын мойнуна алышы абзел. Ден соолугунан жабыркаган балдардын диагнозун канчалык эрте аныктасак, аларга ошончолук эрте жардам берүүгө болот. Бул фактыны ата-эне кабыл алып, баланын кол-бут моторикасын иштетүүгө жетишүү үчүн билим алууга тартып, баласы бой жеткенче өзүн-өзү багууга үйрөтүүгө жетишүү керек, – дейт Гүлшан Кушбековна.

Адис ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн реабилитациялык борборлор ачылып жатканын белгиледи.

— Акыл-эсинен болобу, денесинин кайсы бир мүчөсүнүн мүчүлүштүктөрү болобу, деги эле жарык дүйнөгө өзгөчө жаралган балдарга кандайдыр бир деңгээлде билим берип, иш менен камсыздоо аркылуу нан таап жеп кетишине көмөктөшүү багытында Билим берүү жана илим министрлиги Социалдык өнүктүрүү министрлиги жана Саламаттыкты сактоо министрлиги менен бирдиктүү иш-чараларды уюштурууну караштыруудабыз. Бала бакчалардын алдында же реабилитациялык борборлордо болобу, азыркы медицина алдыга өнүккөн заманда баланын диагнозун эненин боюнда түйүлдүк кезинде эле аныктоого болот. Бул багытта биз баарыбыз “Дени сак бала – дени сак улут” экендигин коомчулукка коңгуроо кагып, ата-энелерди саламат жашоого үндөшүбүз зарыл, – дейт.

Өзгөчө балдарга өз энесиндей мээрим төккөндөр

Нуриза Болотбекова жатак-мектепке жетекчи болуп келгенине үч айдын жүзү болду. Кесиби психолог Нуриза Жеңишбековна ушул жерге келген кыска убакыт аралыгында эң биринчи өзгөчө статусу бар жатак-мектептин жамаатынын ички ынтымагына басым жасады.

–Баарыбыз эртели-кечке ушул жерде бир үй-бүлөдөй иштейбиз. Балдарга да өз ата-энесиндей мамиле жасаганга аракеттенебиз. Жараткандын жазмышы менен ушундай тагдырга туш болгон балдардын бүгүнкү абалы, келечеги бизди да терең түйшөлтөт. Биз ата-энелер менен бири-бирибизди туура түшүнүү, өз ара жардамдашуу аркылуу гана балдарыбызга жалпы камкордук көрө алабыз. Балдардын мүнөзү оор, алардын маанайлары саат эмес, мүнөт сайын өзгөрүп тургандыктан, эмне күтөрүңдү да билбейсиң. Андыктан ата-энелерге, алардын жакындарына кайрылып суранарыбыз – балдарга жакшы мамиле жасайлы, орой, агрессивдүү мамиле терс таасирин тийгизерин эсибизден чыгарбайлы, – дейт Нуриза Жеңишбековна.

Коомдун башка бардык жеринде кездешүүчү көйгөйлөр мында жок деп айтууга болбойт, кемчиликтер, жетишпестиктер болгон жана боло берет чыгар, болгону — аларды четинен четтетүү аракеттерин өз убагында көрүү абзел. Маселен, жогоруда кыздарды кол өнөрчүлүккө үйрөткөн Наталья Николаевна кездеме, ийне-жип, жадагалса, үтүк керек дейт. Ашпозчу айтпаса деле балдарды тамактандыруу үчүн түрлүү азык-түлүктөр керектиги турган иш. Мына ушундай кем-карчтарын толуктап бере турган демөөрчүлөр көп болсо, кандай сонун болмок. Ал эми сындагандар, акыл айткандар, жамандагандар четтен чыгат, алардын айгайлагандан башка пайдасы канча?!

 

Айнагүл КАШЫБАЕВА,

“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер