КӨҢҮЛ БОРБОРУНДА — МУГАЛИМДЕРДИН КЕСИПКӨЙЛҮГҮ!
- 05.11.2024
- 0
Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева кечээ 4-ноябрдагы Улуттук өнүгүү форумундагы сөзүндө 12 жылдык мектепке өтүүдө көп нерсе мугалимдердин кесиптик даярдыгына көз каранды, ошондуктан алар дүйнөлүк алдыңкы тажрыйбаны кылдат үйрөнүп, азыркы трансформациянын борборунда болушу керек деп айтты.
Чындыгында эле ар кандай жаңылануу жаңы билимдерди өздөштүрүүнү талап кылат.
— 90 миң мектеп мугалимдеринин квалификациясын жогорулатып, аларда жаңы компетенцияларды өнүктүрүү зарыл; ошондуктан биз үчүн дүйнөлүк алдыңкы билим берүү тажрыйбалары жана технологиялары абдан маанилүү, — деди министр.
Билим берүү тармагынын жетекчиси учурда чукул методикалык жардамдын жаңы форматы «мобилдүү педагог – көчмөн-мугалим», ошондой эле «виртуалдык мугалим» моделдери жайылтылып, бул жаңы онлайн квалификацияны жогорулатуу үчүн “Тунгуч” онлайн мектеби түзүлүүдө деп белгиледи.
Белгилүү болгондой, жасалма интеллект педагогдордун кесиптик компетенттүүлүгүнө мониторинг жүргүзүүнү жана баа берүүнү камсыз кылат. Бул мотивациянын жана натыйжалардын негизинде эмгек акыны адилеттүү кылууга мүмкүндүк берет.
Өлкөбүздүн тарыхында биринчи жолу мугалимдер үчүн ноутбук сатып алууга 670 млн. сом бөлүнгөнүн билебиз. Буга байланыштуу «Биринчи этапта ноутбуктар STEM-предметтер боюнча мугалимдерге, андан кийин бардык мектеп мугалимдери үчүн сатып алынат», — деди министр.
Кошумчалай кетсек, өткөн жылы мектептерге эмеректери, сканерлери, принтерлери, көчүрүү модулдары, мультимедиялык класстары бар 25 миң компьютер берилген болчу. Учурда республиканын мамлекеттик жана муниципалдык мектептеринин 96,3% интернетке туташты, бул 2023-жылга салыштырмалуу 4% көп.
А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»
Комментарийлер