ИЗДЕНГЕН МУГАЛИМДИН ИЙГИЛИГИ

  • 17.10.2024
  • 0

«Жылдын мыкты мугалими-2024» республикалык сынагынын катышуучусу, облустук экинчи турда байгелүү биринчи орунду багындырган Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Т.Мойдунов атындагы №1 Макмал орто мектебинин башталгыч классынын алдыңкы мугалими Жанара Бекташова Египетке жети күндүк жолдомо менен сыйланды. Жолдомо райондун акими  Манас Мураталиевдин демилгеси менен ыйгарылды.

ИЗДЕНГЕН МУГАЛИМДИН ИЙГИЛИГИ

Жанара Бекташова “Жылдын мыкты мугалими-2024” сынагынын райондук, облустук турунан ийгиликтүү өтүп, республикалык деңгээлде облустун намысын коргоп борборго келген 14 мугалимдин бири. Ал 1991-жылы Жалал-Абад облусуна караштуу Тогуз-Торо районунун Казарман айылында жарык дүйнөгө келген. 1997-жылы өзү туулуп-өскөн айылындагы Макмал орто мектебинин босогосун аттаган. 2006-жылы борбор калаабыздагы И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин алдындагы колледждин чет тилдери бөлүмүн артыкчылык диплому менен аяктаган. Билимин жогорулатуу максатында 2012-жылы Нарын мамлекеттик университетинин педагогика факультетине тапшырып, 2016-жылы бакалавр, 2018-жылы магистр академиялык даражасына ээ болгон. Мектептеги иштери менен катар эле коомдук иштерге активдүү катышкан айымдардын бири катары мындан үч жыл мурда жердештери аны зор ишеним менен Тогуз-Торо айыл округунун жергиликтүү кеңешине депутаттыкка бир добуштан шайлаган. Райондук “Аялдар кеңешинин” активдүү мүчөсү катары да жергиликтүү аялдарды ар тараптан колдоо боюнча кандай маселе болсо жеринен чечүүгө колунан келишинче жардам берүүгө ынтызар.

ИЗДЕНГЕН МУГАЛИМДИН ИЙГИЛИГИ

Жаш жана жигердүү мугалимдин эмгек баракчасындагы ага берилген мүнөздөмөсүнө көз жүгүртүп көрөлү: “Өзүнүн эмгек жолунда Бекташова Жанара окуучуларга билим берүүдө балдардын кызыгуусун арттыруу максатында стандарттуу эмес сабак өтүү менен бирге, ар бир баланын жөндөмүнө, кулк-мүнөзүнө жараша билим берет. Анын окуучулары ар кандай олимпиадаларда ийгиликтерди жаратып келет. Заманбап технологиялардын заманында окуучуларды ар тараптуу өнүктүрүп, ар бир сабагын санарип техниканын жардамы менен мугалимге керектүү “Learning Apps”, “Padlet”, “Canva”, “Купидония”, “Plickers”,  “Мультиурок”, “Uchitelya.com” ж.б. маалыматтык платформаларды мыкты өздөштүрүп, сабактарында кеңири пайдаланат. Республикалык “Окуу керемет” долбоорунун алкагындагы “Башталгыч мектепте балдар адабиятын колдонуу”, “Окуйм. Угам. Түшүнөм”, “Интерактивдүү окутуу”, “Сократтын семинары” сыяктуу модулдук сабактары үлгүлүү деп табылган… Бул — билим таймашында бүтүндөй бир облустун намысын татыктуу коргогон мугалимдин иш тажрыйбасынын толук эмес тизмеси. Бул — келечек муундарды окутуп-тарбиялоодо, сабактардын эффективдүүлүгүн жана көрсөтмөлүүлүгүн арттырууда инновациялык технологияларды өздөштүрүү менен жаңыланууларды иш жүзүнө ашырып, саясий педагогикалык, методикалык чеберчилин жогорулатуу менен, ачык сабактарды талыкпай өтүп, кесиптештерине үлгү көрсөткөн элеттик мугалимдин бейнеси.

— Азыркы учурда Тоту Мойдунов атындагы №1 Макмал орто мектебининде башталгыч класстын мугалими болуп эмгектенем. Алгачкы эмгек жолумду Нарын шаарындагы №5 К.Жакыпов атындагы мектептен баштагам. Жалпы эмгек стажым 10 жылдан ашты. Ушул мезгил аралыгында өзүм сүйгөн кесибимдин аркасында көптөгөн ийгиликтерге жетишип келатам. Ар бир иштин соңунда аракетиңди баалаган, ийгиликтериңди белгилеп, сени менен кошо кубанып кубаттаган адамдар болгону кандай жакшы. Мени да колдоп, коштоп, ийгиликтерге шыктандырып, аздыр-көптүр эмгегим бааланып жатканына ыраазымын. Алган сыйлыктарымдын катарына райондук мамлекеттик администрациясынын, профсоюз уюмунун, райондук билим берүү бөлүмүнүн, Жалал-Абад облустук усулдук борборунун ж.б. Ардак грамоталары, облустук “Жылдын мыкты башталгыч классынын мугалими-2024” сынагында биринчи орунду ээлегендигим үчүн алган дипломум мени өзгөчө сыймыкка бөлөйт жана ошондой эле жоопкерчилигимди арттырат.

ИЗДЕНГЕН МУГАЛИМДИН ИЙГИЛИГИ

Мугалим чынында мектепке күн сайын сынакка катышууга даярдангандай келиши керек. Ар бир күнкү сабак мен үчүн сынактай, менин бет маңдайымда көзүн бакырайтып баео тиктеп олтурган ар бир баланын алдында мен өзүмдү күн сайын сынактан өтүп жаткандай сезем, — дейт Жанара Бекташовна.

Сынак демекчи, Жанара Бекташова Санжарбек Данияровдун фондунун “Биринчи мугалим” сынагына катышып, байгелүү экинчи орунду ээлеген жеңүүчү катары классындагы окуучулары менен Бишкекке экскурсияга келип кеткен. Ал азыр да фонд менен кызматташуусун улантып, жыл сайын башталгыч класстын мугалимдерине ыйгарылуучу фонддун “Урмат белгиси” медалын тапшырууда эксперт катары чакырылып турат.

— Менин мугалимдик ишмердүүлүгүмдөгү урааным – Ричард Уолдингтондун: “Керектүү нерселердин баарын үйрөтүү мүмкүн эмес, мугалим бир гана нерсени жасай алат, ал сулуу жазууну, туура окууну, тез санаганды жана боорукер болууга үйрөтө алат” деген сөзү. Эгерде тереңирээк ой жүгүртсөк, турмуштагы эң чоң китеп — бул жашоо китеби. Бактыга жараша биздин ар бир жаңы күнүбүз жаңы, бош барактан башталат жана аны эмне менен, кандай иш менен толтураарыбыз көбүнесе өзүбүздөн көз каранды.

Мен сыймыктанган адамдарым – менин насаатчыларым. Алардын колдоосу, акыл-насааты менен мен билим гана эмес, кагаз бетинде чагылдырылбаган баа жеткис адеп-ахлактык сабактарды алганыма кубанам. Мекенибиздин келечеги жаш муундарга байланыштуу. Демек, мен берген билим-тарбияга көз каранды. Мен балдарга сабак гана өткөн мугалим эмес, алар ишене турган адам болууга аракеттенем, — дейт Жанара айым.

ИЗДЕНГЕН МУГАЛИМДИН ИЙГИЛИГИ

Бир уул, эки кыздын мээримдүү энеси катары, баарынан мурда балдардын билим башатындагы пайдубалын түптөгөн башталгыч класстын мугалими катары алардын эртеңкисине эки эселеп тынчсызданып, алардын ийгиликтерине эки эселеп сүйүнөт. Былтыр 1-класста окуткан эки окуучусу Айдай Келдибекова менен Аделина Молдобекова “Алтын тамгага” талапкер болгон. Ага ээ болбосо да, баштапкы класста биринчи мугалиминен алган билиминин натыйжасында мектепти жалаң “беш” деген баада аяктап, ата-энесинин, окуткан мугалимдеринин жана мектептин сыймыгын арттыргандары эле ийгиликтин нак өзү эмеспи. Дагы бир окуучусу Байбол Нурбеков — мектептин президенти. Мындай жоопкерчиликтүү иште татыктуунун татыктуусуна гана ишеним көрсөтүлөрү айдан ачык. Байбол англис тили боюнча райондук олимпиадада биринчи орунду, облустук турда экинчи орунду ээлеген.

ИЗДЕНГЕН МУГАЛИМДИН ИЙГИЛИГИ

— Адам баласынын жашоосундагы эң маанилүү убакыт — бул өзү үчүн жана өзгөлөр үчүн пайда келтирүүчү убакыт деп ойлойм. А мугалим өмүрү өткүчө өзүнүн билгенин бөбөктөргө үйрөтүү, алардын инсан катары калыптанышына салым кошуу менен алектенип келет. Адам бермейинче ала албайт, демек, менин терең ишенимимде мугалимдик кесип — берүүчү кесип. Татыктуу берсең – алганың таттуу болот. Ал эми мугалим үчүн мындан өткөн ырахат, бакыт жок болсо керек.

Мен окуучуларымдан чын жүрөктөн жылмаюуну өзүмө “жуктуруп” алдым. Күндүн нуру, саламдашуу, балдардын чурулдаган үндөрү сыяктуу эң жөнөкөй нерселерден ырахат алууну, материалдык баалуулук эмес, жан дүйнөнүн, көңүлдүн баалуулугу бийик тураарын жана эң негизгиси, бала сымал таарынычты тез унутуп калганды үйрөндүм.

Ошол эле учурда мен ар тараптуу өнүккөн, чыгармачыл, креативдүү ой жүгүртүүгө аракеттенген, изденген, инсандык мотивациясы күчтүү окуучуларды тарбиялаган эң алдыңкы мугалим болууну каалайм жана бул максатымды ишке ашырууга билимим, талантым, мүмкүнчүлүгүм толук жетет деп ишенем, — дейт Жанара Бекташова.

 

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер