ИЗДЕНГЕН МУГАЛИМДИН ИЙГИЛИГИ

  • 14.07.2022
  • 0

Ош шаарындагы мектеп мугалимдеринин арасында өткөн «Санарип мугалим — 2022» кароо-сынагында баш байгени утуп алган №52 Кыргыз-түрк достугу мектебинин мугалими Илгиз Шамырзаев бир бөлмөлүү батирлүү болду. Сынак «Билим азыгы» коомдук бирикмеси тарабынан өткөрүлгөн.  Илгиз мындан бир жыл мурда дагы Ош шаарында өткөн «Жылдын мыкты мугалими – 2021» кароо-сынакка катышып, анда дагы бир бөлмөлүү батир утуп алган болчу. Ал эми ошол эле жылы өткөн республикалык сынакта да баш байгени жеңип алган.

ИЗДЕНГЕН МУГАЛИМДИН ИЙГИЛИГИ

Белгилүү болгондой, соңку жылдар аралыгында мугалимдер арасында өткөрүлүп жаткан түрдүү сынактар бир нече мугалимдердин көңүлүнөн четте калбай келе жатат. Анткени замандын талабына шайкеш келген сынактардын уюштурулушу агартуу тармагында эмгектенип жаткан мугалимдерге дем-күч берип, тажрыйба топтоого, чыгармачылык менен иштөөгө шарт түзүп берүүдө. Эң негизгиси – сынактын жеңүүчүлөрү үчүн белгиленип жаткан байгелердин чоңдугу. Ал дагы мугалимдерге стимул берип, чыгармачылык менен иштөөсүнө өбөлгө болуп жатат.

Ордолуу Ош шаарындагы «Билим азыгы» коомдук бирикменин иштей баштаганына эки жыл болсо да, төмөнкү жети багытта мугалимдерге колдоо көрсөтүп келет:  медициналык,  юридикалык кеңеш берүү, педагогикалык тренинг-семинарларды уюштуруу, техникалык буюмдарды сатып алуусуна жардамдашуу, чет өлкөлөргө билим саякатына баруусуна шарт түзүү, турак-жай алуусуна көмөк көрсөтүү жана типографиялык колдоо көрсөтүп келе жатат.

 Сынактын өзгөчөлүгү

— Сынактын алгачкы өзгөчөлүгү — катышуучу мугалимдердин эмгек тажрыйбасына чек коюлган жок. Ал эми экинчиси — сынактын негизги төрт баскычты камтыгандыгы болду. Белгилей кетсек, биринчи баскычта «Диагностикалык тестирлөөдөн», андан соң мамлекеттик билим берүү стандарты, предметтик стандарт боюнча 30 суроодон турган тесттен өттүк. Бул баскычтын көңүл жылыткан бир жери мугалимдер убакыт таап, кайрадан жогоруда белгилеген маалыматтарды кайталап, окуп чыкканга үлгүрдүк. Ал эми экинчи баскычта «Негизги тестирлөө» болуп, бул баскычта педагогика жана психология боюнча түзүлгөн 50 суроого жооп бердик. Жашоодо муктаждык болбосо аткарылбай же болбосо кол бошобой калган жумуштар өтө эле көп болот. Бул сынактын экинчи баскычында жеңишке болгон муктаждык себептүү кайрадан өз кесибибизге болгон түрдүү китептерди барактап, билимибизди бышыктап чыктык. Үчүнчү баскыч «Мугалимдин сабагы» деп аталып, мында ар бир мугалим өзүнүн 45 мүнөттүк сабагын он мүнөт убакытка батырганга аракет жасашты, тагыраак айтканда, сабактын он мүнөттүк фрагментин көрсөтүп беришти, — дейт жеңүүчү.

Финалдык тур өзүнчө төрт ири тапшырманы өз ичине камтыган: мугалимдин жетишкендиги боюнча үч мүнөттүк видеоролик, кесиптик өнүгүүнүн бир жылдык планын иштеп чыгуу компьютердик сабаттуулукту текшерүүчү тапшырмалар жана берилген тема боюнча сабактын максаттарын коюп дал ошол максаттарга жетүүгө ылайыкташтырылган деңгээлдик тапшырмаларды түзүү. Сынактын башында жалпы 1800дөн ашык мугалим катышкан болсо, баскычтан-баскычка өткөн сайын алардын саны кыскарды.

«Баштадыңбы коркпо, коркосуңбу баштаба!»

— Бир сөздү айткым келет: «Заманбап мугалим — 2022» кароо-сынагына канча мугалим катышкан болсо, алардын баарын изденген, чыныгы чыгармачыл, өз билимин өркүндөтүүдөн талбаган, креативдүү ой жүгүртө билген чыгаан мугалимдер деп билемин. Ар бир жеңишке болгон кадам ошол ишке ташталган алгачкы кадамдан башталат. Ал кадам «баштоо» деп аталат. Дегеним, сынакка катышкан ар бир эле мугалимдин алдында өзү үчүн чоң озуйпа турат. Же болбосо, бир кездери Чыңгыз хан айтып кеткендей: «Баштадыңбы коркпо, коркосуңбу баштаба!» деген ураандын негизинде жеңишке карай канат күүлөп, бар дараметин күчкө салып талпынат. Андыктан, сынактан жеңип чыгууга болгон иш-аракеттин баары улам сенин аткарып, изилденип, эмгектенип жаткан иштериңден эле көз каранды, — дейт чыгармачыл мугалим.

ИЗДЕНГЕН МУГАЛИМДИН ИЙГИЛИГИ

«Жашоомдун нугун мугалимдик кесиптен гана көрө аламын»

Илгиз Шамырзаев 2021-жылы Ош шаарында «Жылдын мыкты мугалими – 2021» сынагынын жеңүүчүсү деп табылып, бир бөлмөлүү батирдин ээси болгон. Бул жылы «Заманбап мугалим — 2022» сынагынын баш байгесин багындырып, экинчи батирдин ээси болуп отурат. Бул жетишкендиктердин баары мугалимге өзгөчө күч-кубат тартуулап, алдыга чоң максаттарды коюуга шарт түзүп жатканынан кабар берет.

— Мен өзүмдүн жашоомдун нугун мугалимдик кесиптен гана көрө аламын. Дегеним, Чыңгыз Айтматовдун «Саманчынын жолу» повестиндеги Майсалбек жазып кеткендей, «Мен балдарды күчүм канча жетсе, ошончо окутам». Мен бул сөзгө бир аз толуктоо киргизгим келет. Мен эли-жерибиздин керегине жараган, чыныгы мекенчил уул-кыздарды өмүрүм канча уланса, ошончо окутамын, — дейт сынактын жеңүүчүсү.

Баш байгенин ээси Илгиз Шамырзаев алты жылдан бери мугалим болуп эмгектенип келе жатат. Ал 1993-жылы Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районунун Кош-Алмурут айылында жарык дүйнөгө келген. Ош шаарындагы Кыргыз-Өзбек университетинин тарых-филология факультетин ийгиликтүү аяктап, алты жылдан бери жаш муунга билим-тарбия берүү түйшүгүн аркалап келет.

Илгиз ар бир сынакка жоопкерчилик менен даярданып, өзүнүн үстүнөн иштеп, эң негизгиси убактыны сарамжалдуу пайдаланууга аракет кылат.

Мугалим дайыма алдыда жүрөт

Илгиз Шамырзаев мугалим болууну кичинекей кезинен эле самап келген. Жогорку окуу жайды аяктап, балдар менен иштей баштагандан кийин өз кесибин туура тандап алганына сүйүнөт.

ИЗДЕНГЕН МУГАЛИМДИН ИЙГИЛИГИ

— Мыкты мугалим дайыма алдыда жүрүүсү керек. Ал үчүн көп издениши зарыл. Себеби жашоодо мугалимдин катачылыгы бүтүндөй бир мамлекеттин талкалануусуна алып келет. Ошондуктан мугалимдик кесип – ыйык кесиптердин төрөсү. Эң негизгиси мугалим жоопкерчиликтүү болушу керек, — дейт жаш мугалим.

 Гүлнара АЛЫБАЕВА, «Кут Билим»

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер