ИЗДЕНҮҮДӨН  ИЙГИЛИК  ЖАРАЛАТ

  • 25.04.2023
  • 0

Мугалимдин ишмердүүлүгүнөн  асыл ой, бийик идея, максаттуулук жаралат. Ал эми ишмердүүлүк билим-тарбия берүүдө ийгиликке жеткирет.

ИЗДЕНҮҮДӨН  ИЙГИЛИК  ЖАРАЛАТ

 Сабак — мугалим менен окуучунун биргелешкен чыгармачылык эмгеги

Окуучу  менен болгон биргелешкен эмгекте, окуучунун билим алуу мүмкүнчүлүгүнө  улуу педагог, педагогика илимдеринин доктору Ю.К. Бабанский төмөндөгүлөрдү  сунуш кылган. Алсак, окуучунун коомдук жана эмгектик активдүүлүгү, адептүү тарбиялангандыгы, окууга болгон мамилеси,  окуу таанып билүү иш-аракетинин калыптанышы, окуудагы туруктуулугу, дене бой жактан өсүшү, үй-бүлөнүн тарбиялык мааниси болгон жети параметри. Ушуларды эске алуу менен сабакта билим берүү — учурдун талабы. Мугалимдин ишмердүүлүгү анын өткөн  сабагында түптөлөт жана жаралат.

Педагогикалык ишмердүүлүк өз ара аракеттенүүчү эки тарапты камтыйт жана аң-сезимдүү мүнөзгө ээ. Коюлган максаттан  пайдаланылган каражаттардан,  алынган натыйжадан жана процесстин өзүнөн тургандыктан, 1979-1980-окуу жылынан 2022-2023-окуу жылына чейинки аралыкта ар бир өткөн сабактын максатын айкындоо, аны окуучуларга жеткирүү жолу жана сабактагы натыйжага ээ болуу – бул менин 43 жылдык педагогикалык ишмердүүлүгүмдүн алгачкы баскычы. Ал эми сабакта тема боюнча билимди берүүдөгү каражаттар, аларды таап жана тандай билүү, предмет аралык байланыштарды түзүү — бул ишмердүүлүктүн башаты болгон.

 

Ишмердүүлүк адамга гана таандык болгондуктан, билим жана тарбия берүүдө окуучунун  активдүүлүгүнө жетишүү жана химия предметине болгон кызыгуусун арттыруу — бул менин педагогикалык ишмердүүлүктөгү экинчи баскыч болуп эсептелет. Билим алууда баланын инсан катарында калыптанышын шарттаган баарлашуу, эмгектенүү, окуп үйрөнүү ишмердүүлүгүнө жетишүү багытында ар бир сабакта жагымдуу маанай, активдүү иш-аракетти түзүү керектиги зарыл.

Ишмердүүлүктүн ыкластуулук менен багыт алуу компонентинде ар бир сабактын толуктуулугуна, жеткиликтүүлүгүнө, илимдүүлүгүнө басым жасоо менен окуучулардын химия предметине болгон кызыгуусуна жетиштим. Менин окуучуларым 1991-2023-окуу жылына чейинки аралыкта ар бир окуу жылында райондук окуучулардын предметтик олимпиадасында химия боюнча 1-2-орунду, облустук  турда 1-2-3-орундардын ээси болсо,  республикалык этапта 2018-2022-окуу жылдарында  активдүү катышуучусу болду. Ал эми 2020-2021-окуу жылында окуучум  республикалык олимпиадада 1-орунду алган.

 Билим, тарбия берүү ишмердүүлүгү мугалимге гана таандык

Мугалим ишмердүүлүктүн ой жүгүртүү иш-аракети компонентинде  окуучунун билгичтигин, баамдоосун, анализдөөсүн, салыштырма билүүсүн, жалпылоосун, проблеманы чече билүүсүн калыптандырат, өнүктүрөт  жана  окуучуну  ишмердүүлүккө  чакырат, натыйжада  окуучулар  тема  боюнча  буклеттерди, рефераттарды  жазып, химия  боюнча  билимдерин  тереңдетет.

Мугалимдин  ишмердүүлүгүнүн дагы бир орчундуу багыты — окуучуну  изилдөөчүлүк  иш-аракетке  тартуу. Эгерде  окуучу  теманын үстүндө өз  алдынча изилдөө ишин алып  барса, анда ал  ар бир кадамын баамдап,  изилдөө иш-аракетиндеги ыкмасына жана топтогон маалыматына басым жасап, билгичтигинен жыйынтык чыгара билүүсүнө түрткү берет. Ушундай жол менен  окуучунун химия предметине болгон кызыгуусун арттырдым.

Албетте, окуучумун кызыгуусу ийгиликти жаратат. Ал ийгилик мугалимдин ишмердүүлүгүнүн натыйжасы.

Мугалимдин ишмердүүлүгү сабакта жаралгандыктан  ал окутуучу жана өнүктүрүүчү компонентке ээ. Маселен, мен сабакты окуучунун окуу ишмердүүлүгүн мотивдештирүүдөн баштайм. Алсак,  билимди актуалдаштырам, окуучулардын божомолдоосу аркылуу сабактын максаттары менен тааныштырам, тема боюнча билимди берүүдө окуучунун өз алдынча окуу ишмердүүлүгүнө өбөлгө түзөм, окуу материалдарын моделдештирем, мультимедиалык презентацияларды түзөм, бышыктайм жана окуучулардын билимин баалоо менен сабакты аяктайм.

Ар бир сабак өзүнчө кызыктуу дүйнө, бул дүйнөнү түзүүдө изденүү, чыгармачылык менен эмгектенүү керек. Кайталангыс улуу химик Д.И.Менделеев: “Талыкпаган эмгектенүү, ишмердүүлүк болбосо, таланттар да, генийлер да болбойт” деп айткандай, ар бир окуучу таланттуу экенине ишенем жана алар менен билим-тарбия берүүдө биргелешкен кызматташуум үчүн сыймыктанам.

ИЗДЕНҮҮДӨН  ИЙГИЛИК  ЖАРАЛАТ

Жээнбүбү Надырбекова ,  №10 Жоробек Мамытбеков атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин химия мугалими, эл агартуунун мыктысы, КР Президентинин Ардак грамотасынын ээси.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер