Ишенгүл Болжурова: “САН КӨБӨЙГӨНҮ МЕНЕН САПАТТЫК ӨСҮШТӨН АКСАП ЖАТАБЫЗ”

  • 26.08.2021
  • 0

31-августта өлкө көз карандысыздыгынын 30 жылдыгын белгилөө алдында  турат. Майрам алдында педагогика илимдеринин доктору, профессор, коомдук ишмер Ишенгүл Болжурова менен эгемендик жылдарындагы билим берүү тармагынын абалы, ийгиликтери жана келечеги тууралуу маектештик.

  • Ишенгүл Садыковна, мамлекетибиздин эгемендүүлүгүнүн отуз жылдыгын белгилөө алдында турабыз. Сиз бул жылдары коомдук ишмер, мамлекеттик кызматкер, жетекчи катары мамлекетке кызмат өтөдүңүз. Эки жолу билим берүү жана илим министри болдуңуз, жогорку окуу жайларын да жетектедиңиз. Ушул аралыкта билим берүү системасында дагы бир катар өзгөрүүлөр болду. Ошолордун кайсынысын эң маанилүү деп эсептейсиз?

 — Мамлекет эгемендүүлүктү алгандан кийин башкалардай эле билим берүү тармагы дагы жаңы чакырыктарга, жаңы бурулуштарга туш болду. Системаны ага туруштук бере алды десек болот. Өзгөчө мугалимдерге рахмат айтышыбыз керек. Ошол кыйын кезде мектепти таштабай, бала тарбиялоо парзын татыктуу аткарып беришти. Алар мурунку даярдык менен мектепти сактап кала алышты. Караңызчы – заводдорду, фабрикаларды, колхоз, совхоздорду ишмерлер сактап кала алган жок. Ал эми билим системасын ошол күжүрмөн агай-эжейлер, педагогдор, менчик ишке кетип калбай, маянасын айлап албаса да, көгөрүп, ички ишеними, жоопкерчилик  менен мектептерге барып, колунан келишинче балдарга билим беришти. Ооба, азыр пенсия алдындагы, пенсиядагы мугалимдер деп калышат. Бирок дал ошолор эгемендикти алганы билим берүү системасын төшү менен жаап, колдоп, тайманбастык менен жаштарга болгон билимин берип, тарбиялап жатышты.

Ишенгүл Болжурова: “САН КӨБӨЙГӨНҮ МЕНЕН САПАТТЫК ӨСҮШТӨН АКСАП ЖАТАБЫЗ”

Албетте, проблемасыз өнүгүү болбойт. Бирок мен биринчи эле сан жагынан болгон өсүштөргө токтолгум келип турат. Биз эгемендүүлүктү алган жылдарда Кыргызстандын калкынын саны 4,5 млн. эле болсо, 30 жылдан кийин 6,5 миллионго жеттик. Бул өсүш менен бирге окуучулардын да саны көбөйдү. 940 миң окуучу бар болсо, азыр бир миллион 400 миңге жакындады. Мектептердин саны 1760дөн 2500гө жетти. Мугалимдердин саны дагы он миңге өстү. Алардын саны мурун 69 миңге жакын болсо, азыр 77 миңден ашты. Бирок балдардын санынын өсүшүнө салыштырмалуу эмнегедир мугалимдердин санынын өсүшү бир аз жайыраак. Мамлекеттик мектептердин арасында дагы жаңы формалар – гимназия, лицей, автордук мектептер, предметтик өзгөчөлүктөр, вариативдик окуу пайда болду.  Өзгөчөлүктөрдүн дагы бири –  1992-жылы  үч менчик мектеп болсо, азыр 114 мектепте 24 миңден ашык бала окуйт. Кээ бир менчик мектептерде ата-энелер ар бир балага эки миңден 12 миңге чейин Америка долларын төлөйт. Албетте, бул мектептердин материалдык базасы күчтүү, мугалимдеринин маянасы жогору, жаңы инновациялар менен окутат, эл аралык стандарттарга жооп берет.

Дагы  өзгөчөлүк – бул жогорку окуу жайлардын көбөйүшү. 1993-жылы 13 эле мамлекеттик ЖОЖ болсо, азыр 70 жакындап калды, анын 32 жеке менчик. Бирок кызыгы, биздин учурда  философиядан сан көбөйсө сапат оңолот деп окуганбыз. Азыркы заманда бул философиялык формула билим системасына келгенде  такыр туура эмес келип калды. Анткени саны көбөйгөнү менен сапаттык өсүштөн аксап жатабыз.

Ишенгүл Болжурова: “САН КӨБӨЙГӨНҮ МЕНЕН САПАТТЫК ӨСҮШТӨН АКСАП ЖАТАБЫЗ”

  • Дүйнөнү каптаган пандемия ого бетер сапаттык жактан аксатып салды окшойт. Айтайын дегеним, аргасыздан бир жыл бою аралыктан окудук. Бул билим берүүнүн сапатына абдан чоң зыян алып келди. Аны баарыбыз эле жон терибиз менен сезип, билип турабыз. Ошол зыянды сиз конкреттүү түрдө кайсы жерден, кандай көрүп турасыз?
  • Бизде пандемияга чейин эле коомдо кандай социалдык бөлүнүү болсо, мектептерде да ошондой бөлүнүү болуп калган. Бул шаардагы мектептер — лицей, гимназиялар, жеке менчик мектептерге байланыштуу.  Бирок дал ошол мектептерде окуган балдардын билим сапаты жогору болуп жатканын мойнубузга алышыбыз керек. Онлайн деп ар бир бала көзөмөлдө болуп, окуу планын так аткарышты. Аралыктан  окуганда дагы дал ушул мектептер айырмаланып турду. Ал эми айылдык мектептерде, өзгөчө интернети жок, же болбосо бир эле телефону менен телевизору бар үй-бүлөлөрдүн бир баласы окуса, экинчи баласы окубай калды. Ошондуктан азыр биз компетенттүүлүк деп эле жүгүрө бербестен, билимдүү болушу керек дегенге басым жасашыбыз керек. Себеби бир жылдын ичинде балдардын окуганы деле, окубаганы деле класстан класска көчтү. Алардын деңгээли бааланбай калды.

Пандемия убагында эң чоң зыян тарткандар – мигранттардын балдары болду. 2018-жылы ЮНИСЕФ менен Улуттук статистикалык комитети изилдөө жүргүзгөн. Алар2019-жылдын май айында өлкөдө 227 миң бала эне-атасыз калган деген маалымат беришкен. Андан бери да бул сан көбөйдү. Биз болсо мурунку маалымат боюнча  80 миң деп эле жүрөбүз. 2014-жылы 214 миң бала эне-атасыз калса, 2019-жылы 227 миң балага жеткени өтө чоң проблема. Эне-атасыз калган балдардын пандемия учурунда кандай окуганы да биз үчүн чоң маселе. Июнь айында КР Омбудсмени дагы бир чоң коркунучтуу цифраны айтты. Кыргызстанда 300 миң бала социалдык пособие  алат экен. Эми ушул балдардын аралыктан билим алууга шарты болдубу, канчалык деңгээлде окушту, аларды ким көзөмөлдөдү, бул жагы жеке эле билим берүү системасынын эле эмес, коомдун дагы алдындагы чоң проблема.

Президент мигранттардын балдарын коргоо, адеп-ахлак боюнча жакшы жарлыктарды чыгарып жатат. Бирок бизде биринчи кезекте тарбия маселеси турат. Тилекке каршы, баланы тарбиялоо милдетин ата-энелер мектепке анан кошумча билим берүүгө тапшырып коюшту.  

Ишенгүл Болжурова: “САН КӨБӨЙГӨНҮ МЕНЕН САПАТТЫК ӨСҮШТӨН АКСАП ЖАТАБЫЗ”

  • Сиз айткандай, ушундай кыйын учурда ата-энелерге кошумча билим берүү чоң жардамга келди окшойт. Көбү балдарын түрдүү курстарга берип, кырдаалдан чыгууга аракет кылышты. Ушундан улам кошумча билим берүүнүн маанисин эми түшүндүк окшойбуз деген ой келип турат. Биз билгенден балдар үчүн кошумча билимдин мааниси абдан зор экенин сиз көптөн бери эле айтып жүрөсүз. Ушул маселени кантип жолго койсок болот?
  • Бизде кандай оорчулук болбосун кошумча билим 30 жылдын ичинде өзүн сактап кала алды. Анын эң чоң себеби — педагогдордун, методисттердин күчү, балдардын талабы, эне-аталардын колдоосу. Эми ошону заманбап методика, креативдүү технологиялар менен, маалыматтык доорго жооп берген, эне-аталардын суроолоруна, үмүттөрүнө,  балдардын шык-жөндөмүнө жараша өркүндөтүп кетүү зарыл.

Мектепте, өзгөчө шаар жеринде 40-50 балага 45 мүнөттө бир мугалим жетиштүү көңүл бура албайт, талантын ачмак турсун,  тарбия да бере  албайт. Ага физикалык жактан жетишпейт. Ошондуктан менимче, келечекте ар бир балага шык-жөндөмүнө жараша өзүнчө портфолио түзүлүшү керек да, сен муну үйрөнүшүң керек деп таңуулабай, шык-жөндөмүнө жараша командада иштегенди, өз күчү менен жаңы билим алуу ж.б.  үйрөтүү зарыл. Бул  келечекке  компетенттүү инсанды  даярдоо болот.

Өзүнө ишене албаган же ачыла албай жүргөн балдардын көбү дал ушул кошумча билим берүүчү секциялардан, кружоктордон ачылып, лауреат, жеңүүчү болуп жүргөнүн көптөн бери анализдеп жүрөм. Демек, мектепке кошумча билим берүү жардамга келип жатат.  Ошондуктан биз муну өркүндөтүшүбүз керек. Мисалы, айылдарда эмне деген клубдар канча жылдан  бери жабык бойдон турат. Же болбосо мектептердин өзүн деле колдонсо болот. Айыл жаштары, тургундары үчүн кечки курстарды ачып койсо жаманбы? Биз өз убагында “Чоңдорго билим берүү” деген идеяны көтөргөнбүз. Тилекке каршы, ал идеябызды аягына чейин чыгара албай калганбыз. Аны ишке ашыруу азыр да кеч эмес. Себеби азыркы заманда мектептер, өзгөчө айыл жериндегилер, күнү-түнү иштеши керек. Свети, жылуулугу деги бар. Каалоочулар кечинде келип компьютерди, тигүүчүлүктү, ширетүүчүлүктү, кол өнөрчүлүктү, устачылыкты, жаңы бир технологияларды үйрөнсө болбойбу. Кыскасы, иштейм, изденем дегендер иштин көзүн табат, ал эми жалкоолорго кайда, качан болбосун  шылтоо табыла берет.

  • Өзүңүз белгилегендей, биздин мамлекеттин мүмкүнчүлүгү чак. Бирок ошого карабастан мамлекеттик бюджеттин 25% билим берүүгө жумшап жатат. Мүмкүн ошол каражатты сарамжалдуу пайдалансак, сиз айткан идеяларды да ишке ашырганга мүмкүн болоор.
  • Биринчиден, биздин бюджет башка мамлекеттерге салыштырмалуу төмөн. Экинчиден, мамлекет бөлгөн 30 млрд. сомдун  23 миллиарды  мугалимдердин эмгек акысына, Соцфондго, өргүүсүнө, жылуулукка, коммуналдык кызматтарга кетет. Ошондо билимге, материалдык-техникалык базаны чыңдоого, мугалимдердин чеберчилигин өркүндөтүүгө, аларды жаңы методикалык окуу куралдары менен камсыздоого акча жетпей калып жатпайбы. Башкача айтканда, акча көбүнчө эмгек акыга гана кетип жатат. Биз баарыбыз эле  Финляндияны мисал кылып, Финляндиядай болгубуз келет. Бирок биз андай боло албайбыз. Анткени аларда мамлекеттик мектепте окуган (жеке менчик мектептер өтө аз) ар бир балага бир окуу жылына орточо эсеп менен 12 миң доллардан бөлүнөт. Бизде болсо 300 доллардан эле тиет. Ошондуктан бизде мектепке эне-аталар жардам бериши керек. Алар жардам бербесе, мектеп алдыга жыла албайт. Совет доорунда мектепти каржылоо 20 статьядан ашык   жүрчү. Азыр болсо төрт-беш эле статья менен каржыланат. Эмгек акы, социалдык фонд, ремонт анан башка чыгымдар. Балдарды ысык тамак менен камсыз кылуу да бар, бирок ал көп жерлерде Азык-түлүк программасы аркылуу ишке ашырылат.

Баш мыйзамда 1-9-класска билим берүү акысыз деп жазылган. Жок дегенде 10-11-класста ата-энелер жардам беришсе түзүк болмок. Айтсак, ХХ кылымдын 50-жылдарына  чейин  ата-энелердин жардамы менен мектептер курулуп, мугалимдерге  материалдык, коммуналдык жардам көргөзүлчү.

Ишенгүл Болжурова: “САН КӨБӨЙГӨНҮ МЕНЕН САПАТТЫК ӨСҮШТӨН АКСАП ЖАТАБЫЗ”

  • Ишенгүл Садыковна, сөз учугун жогорку билимге бурсак. Отуз жыл ичинде сиз айткандай, ЖОЖдордун саны көбөйүп, аздыр-көптүр өнүгүп келе жатат. Бирок биз ойлогон, алар койгон максаттарга толук кандуу жетише элек. Мүмкүн аларга академиялык эркиндик менен, каржылык автономия жетишпей жаткандыр?
  • Жогорку окуу жайлардын көбөйүшү да өз убактысында жакшы көрүнүш болчу. Мисалы, 90-жылдары, экономика кескин түрдө түшүп, элибиз ачарчылыкта жашап, жаштар борборго келе албай калганда, областтарда эч болбогондо 4-5 жыл билим алып, өз район, айылдарына барып, оор абалдан чыгарат деген үмүт менен техникумдар, институттар университеттерге айландырылып, көбү жаңы ачылган. Борбордогу көп ЖОЖдор ал жаңы ачылгандарга – окуу китептерди, техникалык, окуу-методикалык жардам беришкен. Экинчиси – борбордо окуган балдарга да айыл, райондордон тамак-аш, окусун деп жардам бергенди эстесеңер…

Мамлекеттик ЖОЖдорго сегизден он беш пайызга чейин эле мамлекет жардам берет. Калганын өздөрү табышат. Мен КУУда ректор болуп турган кезде Урбан университети менен бюджетти ачык-айкын  кандай бөлүштүрүү керек деген маселенин үстүндө иштеп, эл аралык эксперттер менен бирге бөлүштүрүп чыкканбыз. Ошондо университеттин бир жылда тапкан кирешеси профессордук-окутуучулук курамга да,  жаңы окуу куралдарын алууга да, кабинеттерди ачууга, материалдык-техникалык базаны чыңдоого да жеткен. Ошондуктан бул жагынан ректорлор дагы ачык-айкын иштеп, академиялык чынчылдык,  мамлекеттик көз карашта болушу керек. Тапкан кирешесин ачык көрсөтүп, анын канчасын каякка кетирип жатканын ачык айтып, Окумуштуулар кеңеши менен биргеликте иштесе, тийиштүү органдарга ачык-айкын болсо эле баарына жетишсе болот. Анан ата-энелер, студенттер, коом тарабынан катуу көзөмөл да керек. Ал эми эң чоң максат – бул мамлекетибизге социалдык-экономикасын көтөргөн, граждандык аң-сезими бар инсандарды даярдоо. Жаңы муундагы улуттук  интеллигенцияны даярдоо —  эгемендүүлүктү сактоо, интеллектуалдык күчтү топтоо, мамлекетти  светтик, демократиялык  жол менен өнүктүрүү — бул да Кыргыз Республикасынын  билим системасынын  жоопкерчилиги, миссиясы.

Маектешкен Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер