ИСАК БЕКБОЕВ – КЫРГЫЗ ПЕДАГОГИКА ИЛИМИНИН ЧОЛПОН ЖЫЛДЫЗЫ

  • 02.04.2021
  • 0

Бүтүндөй бир муундун устаты

Исак Бекбоевдин 90 жылдык өмүрү – адамдын өзүнүн табият берген шык-жөндөмүн туура баалап, ага зор ынтаа коюп жашоосунун, жүрөктүн амири боюнча ар дайым алга умтулуунун айкын далили. Мындай жашоонун түпкүрүндө адамдын ички дүйнөсүнүн аруулугу менен мазмундуу кенендиги, татаалдыгы менен жөнөкөйлүгү, назиктиги менен катуулугу, айкөлдүгү менен бүйрөлүк чебердиги жуурулушуп жатат. Андай адам башкалар үчүн сөздүн толук маанисинде үлгү, насаатчы, мугалим. Ошон үчүн Исак Бекбоевичти миңдеген адамдар окутуучум, мугалимим деп эсептешет. Жыйынтыктап айтканда, Исак Бекбоев ар дайым өзүн-өзү актуалдаштырууга, башкача айтканда, өз мүмкүнчүлүгүн, жөндөмүн, талантын жана тажрыйбасын пайдалуу ишке багыттоого жана аны аткарууга кара жанын карч уруп иштеп, ошол эле учурда жасалмалуулукка жол бербей, табигый сапатын, инсандык мүнөзүн сактап келди. Реалдуу чындыкты так өзүндөй кабыл алуусу, аны менен дайыма комфортабелдүү мамиле жасай билүүсү тамшандырат жана суктандырып ыраазы кылат. Башка адамдын оюн уга билүүдөгү токтоолугу, ар кандай абалдардан, мамилелерден, окуялардан алынган корутундулардан натыйжалуу тыянак чыгара билүүсү, болуп өткөндөргө баа берүүдөгү критерийлеринин реалдуу шартка жараша туруктуу жаңыланып туруусу, ырайымдуулук менен каардуулукту башкаларга туйдурбастан жылмакайлап айкалыштыра билүүсү, философиялык-этикалык мазмундагы, карама-каршылыксыз, жакшылыкка багытталган тамашакөйлүгү, автономиялуулугу, таалим-тарбиянын, маданияттын, жалпы эле коомдун айрым көйгөйлөрү боюнча өз көз карашын чечкиндүүлүк менен айта билүүсү агайыбызга мүнөздүү болгон өзгөчө касиеттер деп билебиз.

Э.Мамбетакунов,
п.и.д., профессор, КР УИАнын корреспондент-мүчөсү

 

Педагогика илиминин көч башында турган инсан эле

Исак Бекбоевдин өмүрү, бир жагынан, “ат үстүндө” да өттү. Иш сапар менен аябагандай көп жол жүрдү. Мугалимдерге теориялык, усулдук-методикалык кеңеш берүү үчүн педагог-устат Исак Бекбоевдин Кыргызстанда барбаган мектеби, түнөбөгөн айылы жок десек жаңылбас элек. Республикада өткөн нечендеген педагогикалык окууларда, семинар-кеңешмелерде, Москвада, союздук республикалардын борборлорунда уюштурулган Эл аралык конференцияларда 30дан ашык доклад жасаган. Кыргызстандын таланттуу балдарын жетектеп Европа, Азия, Америка өлкөлөрүнө окуучулардын Эл аралык олимпиадаларына барып, жеңиштүү кайткан. Өзгөчө, И. Бекбоевдин 1990-жылы Италияда «Чек арасыз педагогика аркылуу окутуу жана тарбиялоо» аттуу эл аралык конференцияда жасаган доклады конференциянын катышуучуларынын арасында чоң резонанс жараткан. Орусча «Материнское обрязное слово-золотая колыбель» деп аталган. И.Бекбоевдин бул доклады Италияда эл аралык басылмада жарыяланган.

Исак Бекбоев Кыргыз билим берүү академиясында Билим жана илим борборун жетектөө менен Кыргызстандын педагогика илиминин көч башында туруп, жаңы окуу концепцияларын, стандарттарын, программаларын, жаңы муундагы окуу китептерин түзүүнүн активдүү демилгечилеринен болду. Анын түздөн-түз көзөмөлү менен «Кыргыз педагогикасы» аттуу энциклопедия жарык көргөн. 700дөн ашык педагогикалык терминдерден жана түшүнүктөрдөн турган бул чоң, энциклопедиялык эмгекти түзүүнүн түйшүктүү ишин да Исак Бекбоев жетектеп, өзү да негизги авторлордон болуп отурат. Ар дайым бел чечпеген мээнеттүү түйшүктүн ичинде жүргөн жан дүйнөсү айкөл, адамгерчилиги бийик, терең илимпоз, Исак Бекбоевич «Кыргыз Республикасынын Эл мугалими» деген жогорку наамга ушундай ардактуу жана кыйын-кезең жолдор менен жеткен. Анын басып өткөн жолу баарыбызга өрнөк.

Советбек Байгазиев,
филол.и.д., профессор, КРнын Илим жана  техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты

 

Илим айдыңынын залкары

И.Бекбоев – кыргыз адабиятынын Алыкулу менен Чыңгызындай, кыргыз медицинасынын Иса Ахунбаевиндей, сүрөт өнөрүнүн Гапар Айтиевиндей, скульптурасынын Тургунбай Садыковундай, музыкасынын Абдылас Малдыбаеви менен Калый Молдобасановундай, аскердик ишинин Калыйнур Үсөнбекову менен Дайыр Асановундай, кыргыз педагогика илиминде анын “Чолпон жылдызы” сыяктуу аты калчу улуу өкүлү.

Анткени, И.Бекбоев – улуттук деңгээлдеги патриоттук духу күчтүү инсан. СССР кезинде ар бир улуттун өзүнө тиешелүү символдору болору сыңары эле, ар бир улуттук мамлекеттин улуттук мазмундагы окуу китептери болуш керектигин кабыргасынан коюп, «улутчул» деген коркунучтуу ярлыктан коркпостон, кыргыз мектептеринин 1-11-класстарынын өз алдынчалуу «кыргыз математикасын» жазууну ийгиликтүү ишке ашырган. Мунун өзү анын илимпоз-педагог катары топ жарган көрөгөчтүгү гана эмес, патриот инсан катары эркинин күчтүүлүгү. Ар дайым дили, жүрөгү таза адам гана өзү иштеген тармакта ийгиликтерге жетишет, адамдар менен да таза мамиледе болот жана адамдар арасында таза инсандык үлгүсүн жаратат. И.Бекбоев дал ошондой адам. Ал ар кандай талылуу маселе болобу, айткан сөзү таза, таасирдүү, ичинде эч кимге кири жок, улуу-кичүүгө бирдей, эч кимдин улутуна да карабастан камкор, жардам-кеңешин аябаган жаркын инсан, ар кандай татаал же жөнөкөй маселе болсо да, аны чечүүдө өзүнүн нукура окумуштуулук көз карашы бар акылман илимпоз.

Сулайман Рысбаев,
п.и.д., профессор, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер

 

Даанышман саяпкер

Адатта «Залкар» — деген сөз илим, өнөр, маданият тармагында эмгеги ат көтөргүс, ысмы улутка аттын кашкасындай белгилүү, жасаган эмгегинин наркы аңызга айланган журт мыктыларына карата айтылат. Педагогика айдыңында бул титулга ким ылайык дегенде, билим берүү ишин ичтен билгендердин эсине обол Исак Бекбоевдин ысмы келет. Ырасында, кыргыз адабиятынын куту Ч.Айтматовдун ысмы менен өлчөнсө, кыргыз илимий педагогикасынын бийиктигинин символу И.Бекбоев экендиги — аксиоматикалык акыйкат.

Арийне, турмушта кандай гана бийик нарк болбосун, аны баалоонун шарттуу чен-өлчөмдөрү, мерчемдери бар. Ушул өңүттөн алганда И.Бекбоевдин залкарлыгынын үч үлкөн мерчеми ортого чыгат. Алар И. Бекбоев адамдык өмүр баскычтары менен улуттук педагогика илиминин өнүгүшүнүн тыгыз байланыштуулугу, илимий педагогикалык изденүү чабыттарынын масштабдуулугу, улуттук илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо майданындагы даанышман саяпкерлиги.

И.Бекбоев табиятынан сынчыл интуициясы, аналитикалык ойлом маданияты күчтүү инсан катары мезгил койгон талаптар менен мугалимдердин кесиптик дараметинин ортосундагы айырмачылыктарга дайыма чын ыкластан абай салып анализдеп, талдап, алардын билим көрөңгөсүн өркүндөтүүгө реалдуу ресурс болчу эмгектерди жазууга басым жасаган. Мындай ийги тилек максаттарын ишке ашырыш үчүн илимий чыгармачылыктын баардык жанрларын ийкемдүү колдоно алган.

Исак Бекбоев илимде омоктуу ою бар, жаңы идеялар менен гипотезалардын генератору атыккан, сынчыл интуициясы күчтүү, илим менен практикадагы көйгөйлөрдү башкалардан мурдараак көрүп-туюп, аларды чечүүгө ыкласы күчтүү, бул ишке башкаларды да ынандырып тарта билип, өз мектебин түзө алган улуттук масштабдагы даанышман саяпкер аалым, «Кулаалы таптап куш кылган, курама жыйнап журт кылган» чыныгы устат.

Акматалы Алимбеков, п.и.д, профессор

 

Нарктуулук менен жөнөкөйлүктүн символу

Азыр баарыбыз Кыргызстанда педагогика илиминин негиздөөчүсү Исак агайдын окумуштуулук дагы, инсандык дагы касиеттерин эстеп жатабыз. Мен Исак агайдын ушунчалык бийик окумуштуу болуп туруп, ошол эле мезгилде эң жөнөкөй, нарктуу инсан болгонун эстегим келип жатат. Мен өзүм Исак Бекбоевичтин түздөн-түз колдоосу менен диссертациялык кеңешке мүчө болуп, ошол мезгилде илимдин алптары менен бирге талкууларга катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болдум. Диссертациялык кеңештин ишмердүүлүгүн уюштурууда, кандидаттык жана доктордук коргоолорду алып барууда Исак Бекбоевич аспиранттарга, докторанттарга кылдат мамиле жазоо менен илимий талкууларды кызуу өткөрөт эле. Ошолордун баарында агай илимге жаңы кирген адамдын көңүлүн да эч качан оорутчу эмес, “илбирс олжосун катуу качырып, бирок жеңил илип кетет” дегендей, анын ишенимин арттырып, күчүнө күч кошуп, бир сөзү менен илимге көзүн да, жолун да ачып, ак батасын берчү.

Бул сөздөрүм менен, улуу окумуштуу, чыныгы инсан гана мына ушинтип абдан “бийик”, “күчтүү” жана “таасирдүү” болгонуна карабастан жөнөкөйлүктү сактап каларын билдиргим келди. Биз дагы, өсүп келе жаткан муунду илимий бийиктиктерди багындырууга багыттоо менен бирге, аларга жер жүзүндөгү баардык адамдарга тиешелүү болгон баалуулуктарга, анын ичинде, чыныгы кыргызга тиешелүү болгон кенендикти, айкөлдүктү, ак көңүлдүктү жана дагы көптөгөн касиеттерди калыптообуз зарылдыгын эске салгым келет.

Таштанбек Сияев,
педагогика илимдеринин доктору, профессор

 

И.БЕКБОЕВДИН НУСКАЛУУ СӨЗДӨРҮНӨН

 

Ар предмет өз каражаты менен билим берет, өстүрөт жана тарбиялайт.

***

Мугалим – чоң киши, ошондуктан ал чоң кишилерче ойлонот. Кичинекей бала болсо, объектти түшүнүү үчүн жол издөөгө тийиш.

***

Жаңы материалды өздөштүрүүнү уюштуруунун стратегиясы туура тандалганда гана педагогикалык резонанс башталат.

***

Сабактын максаты – бул, сабак учурунда мугалим менен окуучунун биргелешкен ишинин негизинде окуучу ээ болуучу болжолдуу натыйжа.

***

Кайсы мугалимдин сабагында окуучу дайыма талыкпай эмгектенсе, ошол мугалим окуучуну эмгекке тарбиялоого чоң салым кошкон болот.

***

Ар кандай теориялык маалыматты окуучуга теориялык баяндоо менен эмес, педагогикалык баяндоо менен гана жеткирүүгө болот.

***

Бүгүнкү күндөгү мугалим конфликттен качпастан, же жөн эле басып койбостон, аны башкарып, баланын өнүгүүсүнө оң таасир эттирүү үчүн пайдаланууга тийиш.

***

Мектеп – мугалимден башталат, ошондуктан ал өз ишинин устаты болууга тийиш.

***

Биз балдарды эмне үчүн окутабыз? Бактылуу болсун деп окутабыз! Бактылуу адам – бул дүйнө кандай жаралганын билген, ошол билими менен аракеттенүүгө жөндөмдүү жана өзүнүн мүмкүнчүлүгүн өзү ачык көрүп, түшүнгөн адам!

 

Бөлүшүү

Комментарийлер