ИНСАН ТААНУУНУН ИДЕЯЛЫК БАГЫТЫ ЖӨНҮНДӨ УЧКАЙ КЕП…

  • 27.12.2021
  • 0

Тарых түптөгөн тарыхый инсандарыбыздын ишмердигинен сабак алып, эмгегин улуттун келечегине сиңирип, тарыхтын келечегин ойлогон муундарды тарбиялоо — биздин милдет.

Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгында мамлекетибизди түптөп, көз карандылыкты тартуулаган  ата-бабаларыбызды эскерүү, улуттук мамлекет үчүн кылган кызматын жаш муундарга жеткиликтүү түшүндүрүү милдетин мен да мугалим катары аркалап жатам. 30 жылдык эгемендүүлүгүбүз гана эмес улуттук мамлекет катары жашап, дүйнөлүк тарыхтын бир учугун улап бара жаткан кыргыз эли Жусуп Абдырахманов сыяктуу билги, коомдук-саясий ишмерлерибиздин салымы менен экендиги акыйкат. Акылман инсандардын жасаган иштерин коомдун таанып билүүсүнө өбөлгө түзүп, ишмердик чеберчилигинен сабак алсын деп жасаган ишин даңазалап, өмүрүн жалгаштырып туруунун өзү — акылмандык.  Байкашыбызга караганда, Ж.Абдырахманов жана ошол сыяктуу тарыхый инсандардын атын атап, юбилейин белгилеп коюу менен гана болгон маалыматты жарыя кылып отуруп калбастан, мамлекеттик деңгээлде иш- чараларды өткөрүп, изилдөөлөрдү жүргүзүп, тыкыр иликтеп, илимий эмгектерди жазып жигердүү иштерди жүргүзүү колго алынганы байкалып турат. Айтайын дегеним кээде тарыхый инсандарды эскерүүдө болгон маалыматты жайылтуу менен гана чектелгендей элек.  Бирок акыркы иштин жүрүшү тарыхый инсандар жөнүндөгү маалыматтарды топтоп, изилдөөлөр жүргүзүлүп жаткандыгы кубандырат. Идеядан идеялык тарбия алуу, ишмердүүлүктүн  сабак алуу – өмүргө өмүр жалгаштыруу эмей эмине. Мезгил ылгабай, ар түркүн тарыхый доор менен жалгашып турган ишмерлердин жасаган иши мезгил тандабайт тура. Кайсы мезгил болсо да журт башчылары жана коомдун интеллект каймагы үчүн идеал болуп кала берет экен.  Инсан таануунун идеялык багыты – идеал тутуу эмеспи. Чындык ошондо. Коомдо идеялогия менен катар, идеал  тутууга фигураларды дагы туура аңдап билүү, түпкүлүктүүлүктү сактайт жана тарыхтын жолун улап, келечектин сапарын улап кетери чындык.
Идеялдуу тарыхый инсандардын жасаган иштерин, адамдык мыкты сапаттарын коомго жеткирүү зарылдыгын кантип чечүүгү болот? Маселе ушунда. Адабият майданындагы куралды, калемди,  толугу менен ушул темага буруп, анын бүтүндөй жашоосун дастан кылып, ыр кылып, аңгеме, санат кылып элге сиңирүү керек. Өлкө башчысы айтмакчы Манасты дастан кылып айтып бүгүнкү күнгө жеткирген элдик акылмандык дагы да болсо ошол таризде жол уласа болмок. Манас дастанга айланганда гана түбөлөк идеял жана анын өзөгү идеология болуп калганы ырас. Демек дастан кылчу өмүр жолу бар дасыккан чебер ишмерлер кеп учунда гана эмес, сөз өнөрү аркылуу жүрөктүн  түпкүрүнөн түнөк тапса деп,  мына ушунун өзүн колго алсак, сөз өнөрү да өз вазипасын аткарган болор эле.
Сөз өнөрүнөн орун алып, адабиятчылар, маданий ишмерлер өз компетенциясында, ал эми билим берүүнүн бардык баскычтарында программага киргизилип, окуу предметтери ар бири өз компетенттүүлүгүнүн алкагында окутуп-үйрөтсө, келечектин руханий дүйнөсүнө сиңип, акылына азык болор эле.
Коомдук-саясий, тарыхый инсандардын ишмердигин үйрөнүү менен окуучунун да тарыхка, элдин келечегине  аң-сезимдүү мамиле кылуусу калыптанмак. Азыркы мезгилде жаш муундардын жалпы эле коомдун калың катмарынын тарыхый, социалдык-саясий, экономикалык терминдерди түшүнө билбегени  дагы маселе. Анткени терминерди түшүнбөгүн адам эмне жөнүндө сөз болуп жатканын аңдабайт, түшүнбөйт.  Тарыхчы мугалим катары окуучулардын, келечек муундардын илимий, коомдук-саясий терминдерди түшүнө билүүсүнө басым жасалса дейм. Тарыхый билими терең коом болсок…
Ар бир эл өз тарыхын, тарых жараткан инсандарын жакшы билүүгө тийиш. Тарыхка интеллектуалдык мамиле калыптануусу зарыл. Тарых бул жомок эмес, чындыгында ал коомдун өнүгүшүнүн жалпы адамзаттык мыйзам ченемдерин  камтыйт. Мамлекет башчысы анын 120-жылдыгына карата өткөрүлгөн иш- чарада белгилеп өттү. Эске сала турган болсом, ушул жылы 31-августа Ж.Абдырахмановго “Кыргыз Республикасынын Баатыры” наамы ыйгарылган. Мамлекеттик архив агенттиги тарабынан Россиянын тарыхый архивинен, мамлекеттик кинофондунун архивинен, Казак Республикасынын президенттик архивинен, Алматы мамлекеттик архивинен  бир катар маанилүү документтер табылганы ырасталды. Кинотасмалар тартылып, жалпы журтка көрсөтүлүп, илимий китептеридин, документалдык жыйнактардын басылып чыгарылып жаткандыгы белгиленди. Өзгөчө  манилүү табылга Ж.Абдырахмановдун күндөлүгүнүн түп нускасы улуттук тарых музейине тапшырылып, 20-кылымдын жалпы улуттук тагдырынын эң маанилүү саясий документи катары улуттук таберик  экендиги белгиленди жана бул күндөлүк өзгөчө коргоого алынмакчы. Демек бул күндөлүк эң баалуу экспонатка айланды. Күндөлүктүн толук версиясы басылып чыкты. Демек бул таберик табылга илимдин изилдөө обьектисине айланат жана тарыхый доордун далилдүү документи катары тарыхтан орун алары шексиз. Ал эми анын негизинде улуттук лидерди, тарыхый инсанды коомдун аң-сезимине жеткиликтүүлүгүн арттыруу үчүн сөз өнөрүндө шедевр чыгармалар жаралса дейм. Ошондо гана улуттук баатырды Манастай дастан кылуу өнөрүнүн жолун улаган болор элек. Элдин тарыхын элге жеткирип, тарыхый инсандын идеяларын элдин руханий азыгына айлантууда илим да, сөз өнөрү да кызмат кылууга тийиш.
Быйылкы жылдагы аракет  Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмеринин элесин түбөлүккө калтыруу максатында көп алгылыктуу чечимдер кабыл алынды.  Анын атындагы парктар уюшулуп, айкелин тургузуу иштери жүрүп жатат. Жыйынтыктап айтарым, тарых барагында, китептин бетинде гана эмес элдин акылында, журт атасы, улуттук лидер катары идеалдуу инсан болуп жашообузду коштосо дейм. Анын улуттук мамлекетти түзүүдөгү жигердүү аракеттерине тарыхый баа берип, улуттук республикабыздын түзүүчүсү катары даңазалоону улантсак . Биз келечек муундар  тайманбай күрөшүп, мамлекетти түптөөгө, улутту сактап калууга аракеттенген инсандан сабак алып, эли-жерин Жусуп Абдырахмановдой сүйө билүүсүнө тарбиялап жетишели! Келечек муундар элге кызмат кылууда Жусуп атанын жолун жолдосун!
Манасты дастан кылган элдин наркын улап. ..
Журт атасы Жусуп Абдырахмановго таазим!

Ак ийилип сынбаганы акыйкат,
Иликтенип өткөн тарых катасы.
Чын дилимден жар саламын калкыма,
Жусуп-баатыр, Жусуп-элдин атасы!

Айткан сөздөн бекем кайтпай турганың,
Ала-Тоодой тирек эле калкыңа.
Журт башчылар эмгегиңди улантып,
Үлгү болсун ишмердигиң жалпыга!

Билсин дейли,  билбегенге не чара,
Сабак болуп тарыхтагы кемчилик.
Өрнөк болсун, үйрөнөлү баарыбыз,
Ата журтка күйгөндүктү сенчелик.

Жусуп уулу, журт башчысы кыргыздын,
Элибизге эгемендик түптөгөн.
Эл башчысы бүгүн сүйлөп жаткандай,
Түптүү элдин келечеги кепкенен.

Манас курап, Жусуп улап тарыхты,
Кыргыз элим кенен таштап арышты.
Бүгүнкүнүн чыгаандары чыгышсын,
Өнүгүүгө таба турган багытты.

Сталиндин таазимине татыган,
Айланам го Жусуп деген атыңан.
Мен сыяктуу жакшы көрсүн урпактар,
Жусуп улуу, Жусуп ата дегенди,
Эрдемсинип айтууга мен батынам.

Кеменгери, жол башчысы элимдин,
Курч экенин билдим  кубат-демиңдин.
Мезгил турса дымагыңды кайтарып,
Тайманбастан дагы алга теминдиң.
Өлүмгө да тике карап тайманбай,
Келечегин ойлоп кыргыз элиңдин.

Журт атасы Жусуп жаша! Элиң бар!
Мезгил, заман ылгабаган демиң бар.
Нечен тарых карытса да барагын.
Таазим кылчу тарыхтагы ордуң бар.

Мекенибизди көздүн карегиндей сактайлы, келечек урпактары!  Улуу жол башчынын эмгегине таазим!

Тагаева Фаризат,  Кара-Көл шаарындагы  Токтогул атындагы №1 мектеп-гимназиясынын тарых мугалими

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер