“ИЛИМДЕГИ КЫЗДАР”: ПИЛОТТУК МЕКТЕПТЕРДИН ӨКҮЛДӨРҮ СТРАТЕГИЯЛЫК ПЛАНДОО ЫКМАЛАРЫН ӨЗДӨШТҮРҮШТҮ
- 06.11.2024
- 0
Билим берүү жана илим министрлиги, “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду, Борбор Азиядагы Америка университетинин алдындагы Инновациялык колледжи жана «Балдарды коргоо борбору» коомдук бирикмеси менен биргеликте ЮНИСЕФтин “Илимдеги кыздар” долбоорунун экинчи баскычы жыйынтыкталганы турат. Экинчи баскыч 2022-2024-жылдары Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын жана Чүй облустарындагы тандалып алынган 50 пилоттук мектептер менен ишке ашырылды. Долбоордун максаты, мектептерди өнүктүрүү стратегиялары ж.б.у.с. суроолор менен эксперт, профессор Абакир МАМЫТОВго кайрылдык.
— Абакир Мамытович «Илимдеги кыздар» долбоорунун негизги максаты эмне жана ал Кыргызстандын мектептик билим берүүсүн өнүктүрүүдө кандай колдоо көрсөтөт?
— Долбоордун негизги максаты — өлкөбүздөгү окуучу кыздардын табигый илимдерге болгон кызыгуусун калыптандыруу, кыздардын STEM билимине негизделген адистик билим алуусуна ар тараптуу колдоо көрсөтүү, жетекчилерди жана бардык кызыктар тараптарды мектептик жалпы билим берүүчү уюмдун стратегиялык планын иштеп чыгууга, STEM багытынын жана гендердик-сезимталдык педагогиканын талаптарын эсепке алууга үйрөтүү иретинде мүнөздөсө болот. Стратегиялык пландоо тажрыйбасына кырдаалдык анализ жүргүзүү, 50 пилоттук мектептердин, жергиликтүү башкаруу органдардын жана бардык кызыктар тараптардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен заманбап пландоо ишмердүүлүгүн мүнөздөгөн теориялык жана практикалык тренингдерден өткөрүү, алардын практикалык иш-аракеттерине методикалык жардам жана кайтарым маалымат менен камсыздоо, билим берүү тармагына жайылтуу максатында стратегиялык пландын үлгүсүн иштеп чыгуу, сунуштоо жана жогоруда аталган иш-чараларды каржылоо, албетте, мектеп билимин өнүктүрүүгө карата олуттуу салым катары баалоого татыктуу.
— Пилоттук мектептердин өнүгүү стратегиялык пландарын даярдоодо кандай негизги милдеттер коюлган?
— Милдеттердин курамы кеңири деп белгилесем болот. Алар:
- билим берүү системасын модернизациялоонун негизги багыттарынын негизинде жана республикалык жана региондук деңгээлде чогултулган реалдуу маалыматтардын негизинде билим берүү уюмунун стратегиялык өнүгүүсүн башкаруу;
- системалык реформаларды башкарууну камсыз кылуучу STEM билим берүүнүн жана гендердик сезимтал педагогиканын талаптарынын негизинде билим берүү уюмунун негизги ишмердүүлүгүн стратегиялык пландаштырууну ишке ашыруу;
- билим берүү уюмун өнүктүрүүнүн стратегиялык планында каралган негизги иш-чараларды республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен, ошондой эле донордук коомчулуктун колдоосу менен каржылоону камсыз кылуу;
- региондук деңгээлде жалпы мектепте билим берүүнүн талаптагыдай сапатын жана ага жетишүүнүн негиздүү ырааттуулугун камсыздоо үчүн бардык кызыкдар тараптардын катышуусун координациялоо;
- стратегиялык өнүгүү планынын максаттарына жана милдеттерине жетишүүдөгү прогресске мониторинг жүргүзүү жана баалоо, ошондой эле аны ишке ашырууга катышкандарга үзгүлтүксүз отчеттуулукту камсыз кылуу.
Жогоруда белгиленген милдеттерди ишке ашыруунун максаты — 11 жылдык мектеп билимин 12 жылдык билим берүүгө трансформациялоо Концепциясында жана жол картасында каралган иш-чараларды жетекчиликке алып, билим берүү уюмунун жаңы миссиясын, STEM билим берүү багытын, гендердик сезимталдык педагогиканын талаптарын ишке ашырууга иретинде кабыл алуу зарыл.
— Бул 50 мектеп үчүн стратегиялык пландарды даярдоо процесси кандай конкреттүү
этаптарды камтыды?
— Пилоттук мектептерде кырдаалдык анализ жүргүзүлдү жана стратегиялык пландоонун учурдагы абалы, жетишкендиктери жана орун алган кемчиликтери аныкталды. Кырдаалдык анализдин жыйынтыктары Нарын, Чүй, Джалал-Абад жана Баткен облустарындагы жолугушууларда кайтарым маалымат берүү жана стратегиялык планды маселелерин чагылдырган тренингдерди өткөрүү менен коштолду. Теориялык жана практикалык маселер боюнча долбоордун эксперттери (Ж.Букараев, окумуштуулар Ч. Самакова жана А.Мамытов) окутууларды өткөрүштү. Тренинг учурунда стратегиялык пландоонун технологиясын өздөштүрүү аракеттери көрүлдү жана пилоттук мектептерге өз алдынча стратегиялык өнүгүү планын иштеп чыгуу тапшырмасы берилди. Иштелип чыккан пландар жыйналып алынып, эксперттер тарабынан ар тараптуу баалоого алынды жана алардын жыйынтыгы боюнча региондорго чыгуу менен кайрадан жолугушуу-семинарлар уюштурулду. Натыйжада, пилоттук мектептердин өкүлдөрү жана кызыктар тараптар стратегиялык пландоо ыкмаларын өздөштүрүштү.
— Мектептер бул стратегияларды иштеп чыгууда кандай негизги кыйынчылыктарга туш болушту?
— Стратегиялык өнүгүү планын иштеп чыгуу жеңил болгон жок. Негизги кыйынчылыктар системдүү ой жүгүртүү, стратегиялык пландын максатын, милдеттерин жана аларды ырааттуу ишке ашыруу жолдорун аныктоодо орун алды. Олуттуу маселе стратегиялык пландын максаттарын ишке ашырууга көмөктөшүүчү маалыматты чогултуу жана ресурстарды, ар бир тапшырманы аткаруунун конкреттүү мөөнөттөрүн аныктоо жөндөмдөрүн калыптандырууда да орун алды. Мындай жагдай стратегиялык пландоо ишмердүүлүгүндөгү методологиялык айырмачылыктардын таасири менен орун алды деп белгилөө зарыл. Анткени, мектепте орун алган жагдай башкача экендиги, пландоо тажрыйбасы иш-чаралардын курамын, жооптуу кызматкердин аты-жөнүн жана аткаруу мөөнөтүн аныктоо менен чектелип келгендиги белгилүү болду. Ал эми заманбап пландоо теориясына ылайык стратегиялык максат кое билүү жана негизги милдеттерди аныктоо, аларды ишке ашыруу тартибин жана бюджетин тактоо, күтүлүүчү натыйжаны продукт катары мүнөздөп, аралык индикаторлорун (эреже катары 3 жылдык мөөнөткө карата), жооптуу кызматкердин аты-жөнүн жана каржылоо булагын белгилөө менен коштолушу талап кылынды. Албетте, долбоор сунуштаган ыкмалар мурда орун алып келген тажрыйбалардан олуттуу айырмага ээ экендиги таанылды.
— Долбоордун адистери мектептерге стратегияларды түзүүдө кандайча жардам
беришти?
— Албетте, долбоорду ишке ашыруу ар кырдуу логистикалык (уюштуруу, каржылоо, методикалык коштоо ж.б.у.с.) маселелерди чечүү менен коштолот эмеспи. Ага байланыштуу долбоордун командасы жана жетекчиси (Р. Кайыкова) өз милдеттерин так жана бийик жоопкерчилик менен аткарды деп баалоого татыктуу.
— Стратегиялык пландарды даярдоо жакынкы жылдарда бул мектептердин билим
берүү чөйрөсүнө кандай таасир тийгизет?
— Стратегиялык өнүгүү планын иштеп чыгуу боюнча тийиштүү билимге жана билгичтиктерге болгону 50 пилоттук мектептердин жана кызыктар тараптардын өкүлдөрү ээ болушту. Ал эми билим берүү тармагында 2300 мектеп бар экендигин эсепке алсак анда топтолгон тажрыйбаны кеңири жайылтуу маселеси олуттуу турганын четке кагууга болбойт. Бул маселени чечүү үчүн долбоордун атынан Стратегиялык өнүгүү планынын үлгүсү кыргыз жана орус тилдеринде иштелип чыкты, август кеңешмесинин алкагында талкууга алуу сунушу берилди жана министрлик тарабынан колдоого алынды. Демек, жалпы билим берүү уюмдарындагы стратегиялык пландоо иш-аракети жакшы жолго коюлат деген ишеним түптөлдү.
— Стратегиялык пландарда илим жана STEM тармагында кыздарды колдоо үчүн кандай элементтер камтылган?
— Гендердик-сезимталдык педагогиканын талаптарына ылайык ар бир милдеттин алкагында аныкталган продукт жана анын күтүлүүчү натыйжасы эки белги менен (кыздар жана эркек балдар үчүн) белгилөө талабы сунушталды. Демек, STEM тармагындагы иш-аракеттер жана элементтер мына ушул талапка жооп бериши зарыл.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер