«ИЛИМДЕГИ КЫЗДАР» ДҮЙНӨНҮ ӨЗГӨРТӨТ

  • 12.05.2022
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги менен бирдикте “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду, “Балдарды коргоо борбору” коомдук бирикмеси жана БААУнун Инновациялык колледжи “Илимдеги кыздар” долбоорунун экинчи фазасынын насаатчылык боюнча программасын жыйынтыкташты. Иш-чарага Ош, Бишкек шаарларынан жана Чүй облусунан 193 насаатчы келип катышты. Жолугушууда экс-президент Роза Отунбаева, билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев, ошондой эле Кыргызстандагы ЮНИСЕФтин башчысы Кристин Жольм сөз сүйлөдү.

Экс-президенттин Омоктуу ою

Иш-чаранын модератору, “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору Догдуркүл Кендирбаева беш ай бою кыздар менен бекер, далилдүү, ишенимдүү илимге үгүттөп иштеп берген насаатчылар (менторлор) Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан аялзаттар экенин белгилеп, өлкөнүн өнүгүшүнө, өзгөчө билим берүүсүнө салым кошуп жаткандарына терең ыраазычылык билдирди. Андан соң, STEM түшүнүгүн биринчи жолу Кыргызстанга алып келген экс-президент Роза Отунбаевага сөз берди.

"ИЛИМДЕГИ КЫЗДАР" ДҮЙНӨНҮ ӨЗГӨРТӨТ

– Долбоор бүткөн күнү дагы насаатчылыкты токтотпой Кыргызстанга жайылтсак. Ушул маселе менин жүрөгүмдү өйүп жатат. Жалаң эле STEM деп отурбай, кыздарга өзүбүздүн ойлорубузду, жан дүйнөбүздү жеткирсек. Жаныбызда миллиарддаган эли бар Индия менен Кытай турат, биз болсо болгону алты миллионбуз, анын ичинен үч миллиону кыз-келиндер, анын жарымын жаш кыздар түзөт. Долбоорго тартылган ар кандай үй-бүлөдөн келген кыздардын кыялдары, ойлору өзгөрүлдү. Аларга акыл айтып, жол көрсөткөнгө милдеттүүбүз. Маселен, Америкада насаатчылык кыймыл абдан күчтүү. Бизнеске келсе да насаатчыларды кошуп беришет. Ментор менен ментилер кафе, ресторанга чогула калып, жолугуп, маселелерди чечишет. Бизде деле чогултсак болот. Кыздарды кыялдантсак, аларга түрткү берип, жылдыздарын жандырсак. Жаңы чакырыктарга даяр кылып өстүрүшүбүз зарыл. Кыздарды акчалуу кесиптерге, т.а. энергетика, тоо-кен жагына багыттап, жакшы кеңештерди берип, даярдайлы, — деди экс-президент.

Өлкөнүн өсүшү, өнүгүшү – STEMге байланыштуу

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Кыргызстанда эң маанилүү маселе – кантип билим берүүнүн сапатын көтөрүү, жалпыга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу экенине токтолду. Эгерде биз өнүгөбүз, өсөбүз, дүйнө менен интеграция болобуз десек билим берүү негизги өзөктү түзөөрүн айтты.

– Бүгүнкү баланын талабы, эртеңки жашоодогу жөндөмдөрү башкача болушу керек. Анткени коом өзгөрүп жатат. Биз эртеңки күнү балдарга кандай илимдер керек болсо, ошого окутуубуз зарыл. Билимдин ичиндеги мазмунду жеткирүүдө жаңыланышыбыз керек. Биз балдардын өздөрү жашай турган доорго даярдап, алдын ала анализдеп, 15-20 жылга багытташыбыз керек, — деди министр.

"ИЛИМДЕГИ КЫЗДАР" ДҮЙНӨНҮ ӨЗГӨРТӨТ

Ал бири-бирибиздин жакшы жактарыбызды чыгарып, жаманыбызды жашырып, насаатчылык менен жакшыга үгүттөп, жамандын жолун тосуу менен коомду агартууга чакырды. Сөзүн улай, министр бүтүрүүчүлөрдүн моделине басым жасап, бала бакчанын, орто мектептин жана жогорку окуу жайын бүтүргөн баланын моделинин үстүндө иштеп жатышканын айтты.

– Баланы төрт тараптан өнүктүрүүгө бел байлап жатабыз, биринчиден, сапаттуу билим берүү, экинчиси — искусствонун түрүн өздөштүрүү, анткени аны өздөштүргөн адамдын коомго зыяны тийбейт, ийримдерди өнүктүрүү менен мектепти көп кырдуу кылышыбыз керек. Үчүнчүдөн, дене тарбия, спорттун бир түрүн өздөштүрүү, мейли шахмат болсун, мейли сууга сүзүү болсун. 10-11-12-классты бүтүргөн балдарга (жаңы долбоор боюнча) бир же эки кыска мөөнөттүү курстун сертификатын берсек деп пландап жатабыз. Коомдо эмнеге 12 жылдыкка өтүү керек деп кызуу талкуу жүрүп жатат. “0” деген түшүнүк Советтер Союзу учурунда балдарды мектепке даярдоо үчүн киргизилген. Бардык жерде “0“ деген түшүнүк жок. Балдарды ансыз деле 480 саат жүктөм менен окутуп жатабыз, аны биз 12 жылдык деп аттестат берип койсок, бүтүрүүчүбүз 136 мамлекетке барганда кыйналбай окуганга мүмкүнчүлүк алат. Бул моделди окуган балдар азыркы балдардай ушул эле куракта мектепти бүтүрүшөт. Эч кандай жылы көбөйүп кеткен жок. Каалагандар мектепти бүткөндөн кийин профтехлицейлерге же колледждерге тапшырганга траектория сакталган. Бирок 11-12-класста биз профилдештирип окутсакпы деп жатабыз. Мына STEMдин өзөгү ушуга байланыштуу. Айыл жеринде профилди экиге бөлөбүз: гуманитардык жана так илимдер; райондук деңгээлде класс азыраак болгон жерлерде үчкө, шаарларда беш профилге чейин бөлөлү деген ойлорубуз бар: так илимдер, гуманитардык, математика, IT, андан сырткары өнүгүү деген тармакты кошуу каралууда: спорт, музыка, чыгармачылык жана технология, ошондой эле тилдерди өздөштүрүү өзүнчө пландаштырылып жатат. Эң негизгиси – жаңыланууга барышыбыз керек. Дүйнө өтө тездик менен өсүп жатат. Дүйнөдөгү прогресстерди, жаңылыктарды өлкөбүзгө алып келе албай жатабыз. Бүгүн дүйнө жүзүндө илимий изилдөөлөрдүн булактары же интернеттеги маалыматтардын 54% англис тилинде. Англис тилин окутуу балдарга суу менен абадай керек. Анткени дүйнөдө чыккан бир жаңылыкты биз которуп, аны апробациялап, эксперимент өткөргөнгө чейин канча убакыт өтүп жатат. Эгерде биздин окуучуларыбыз түз эле англис тилинде булактардан маалыматтарды өзү эле окуп алса, убакыт үнөмдөлөт. Туура, так маалымат алганга шарт түзүлөт эле. Англис тилин окутууну 3-класстан баштасакпы деген ой бар. Базистик окуу планга ITни эки жыл эрте баштаганга киргизип жатабыз. STEM боюнча саясат башталды. Бул предметтерди окуткан мугалимдердин эмгек акысын коэффициент менен 20% көтөрдүк. Өлкөнүн өсүшү, өнүгүшү, индустрия, өндүрүш ушул тармактарга байланыштуу болуп жатат. Биз үч жылдын ичинде 2230 мектептин химия, физика, биология лабораторияларын жасап бүтөбүз. Биринчи транш менен 500-600 мектепти жабдыйбыз, чоң мектептерде үч толук кандуу лаборатория болот, 300 карлик мектепке бирден лаборатория ачылат. Билим берүүдөгү жаңыланууларды, өзгөрүүлөрдү жер-жерлердеги кесиптештерге жеткирип, менторлук институттарды ачабыз десеңиздер, керек болсо биз И.Арабаев атындагы КМУда, ОшМУда
атайын сертификат программаларын ачуу боюнча колдоого даярбыз. Билим берүүгө кошумча каражаттар каралып жатат. Эгерде мамлекеттин колу жетпеген иштерди активдүү аткарып жаткан бейөкмөт уюмдары министрликке чоң долбоорлор менен кайрылса, биз каражат жагынан жардам беребиз. “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун “Билим фестивалы”, “Жайлоо бала бакчалары”, “Илимдеги кыздар” ж.б.у.с. өлкөгө кирип жаткан жаңылыктар деп эсептейм, — деди Алмазбек Бейшеналиев.

Өспүрүм кыздарга шарт түзүү зарыл

Кыргызстандагы ЮНИСЕФтин башчысы Кристин Жольмдин айтымында, долбоорго беш айдын ичинде 1300 ашык кыз катышыптыр.

– Насаатчы — мугалим гана эмес, өспүрүм кыздарга дос, ишенимдүү адам. Беш айдын ичинде кыздардын ишенимин күчөтүп, жол көрсөтө алдыңыздар. Алардын жашоосуна чоң өзгөрүү алып келдиңиздер. Бул программа дагы уланат. Кошумча жаңы кыздар менен иштегенге чакырабыз. Кыргызстандын өнүгүүсүнө STEMдин ролу чоң. Кыздардын STEMге кызыгуусу жана ошол багытта билим алуусу мамлекет үчүн жаңы таланттарды алып чыкканга жардам берет. Гендердик стереотиптерди жоюу керек. Анткени кыздар дагы бул багытта ийгиликтүү иштей алышат. Аярлуу катмардан чыккан өспүрүм кыздарга өтө көңүл буруп, шарт түзүшүбүз керек, — деди Кристин Жольм.

Анын айтымында, март айында 16 өспүрүм кыз Алматы шаарына барып Аль-Фараби атындагы Казак университетинин базасында нанаспутникти куруп, стратосферага учурушкан. Бул кичинекей демилгени окуучуларга жайылтып, айтып берүү керек.

"ИЛИМДЕГИ КЫЗДАР" ДҮЙНӨНҮ ӨЗГӨРТӨТ

Насаатчылар кыздарга кол сунду

“Илимдеги кыздар” долбоорунун координатору Роза Кайыкова насаатчылык институтту кантип жайылтып, кантип өнүктүрүп кетебиз деген маселе бар экенин белгиледи.

– Биздин эң биринчи стратегиялык өнөктөшүбүз — КР Билим берүү жана илим министрлиги. Экинчиси — Балдарды коргоо борбору жана БААУнун Инновациялык колледжи. Үч өнөктөш бирге эриш-аркак болуп бири-бирибизге көмөктөшүп иш алып келе жатабыз. Долбоордун философиясы – дүйнөдөгү жана Кыргызстандагы STEM багытындагы эмгек рыногунда аялзаттын катышуусун жогорулатуу, лидерлигин калыптандыруу. Жалпы республикалык тестирлөө – биздин фонддун иштөө компоненттеринин бири болду. ЖРТга 2020/2021, 2021/2022-окуу жылдарга 400 кызды даярдап чыгып, жок дегенде 70% STEM багытындагы жогорку окуу жайларга өтүү керек. Былтыр 215 кызды окутсак, 204 кыз ЖОЖго тапшырды. 11 ар кандай себептер менен тапшырган жок. Ошол кыздардын 97% ЖОЖго өтүп, анын 72% STEM багытында кесиптерди тандап алышты. Алты кыз чет мамлекеттеги ЖОЖдорго өтүп кетишти. Долбоордун эң негизгиси – насаатчылык программасы. Былтыр беш ай бою 113 насаатчы иштеп, 800 кыз ошол курстан өткөн. Долбоор башталгандан бүгүнкү күнгө чейин 193 насаатчы 2100 шакирт менен беш айлык мөөнөттө ишмердүүлүктү уюштурганга жетишти. Насаатчы кесипке багыт берди, ар түрдүү экскурсияларды уюштурушту, кесиптин артыкчылыктары боюнча маалымат беришти, мастер-класстар өткөрүлдү, көңүлдүү кездешүүлөр болду. Буюрса, эми күзгө чейин дагы бир фаза сиздер менен иштеп, 2600 кызды насаатчылык программадан өткөрөбүз деген ойдо турабыз, — деди координатор.

Ошентип, иш-чарага келген насаатчылар өз ойлорун ортого салып, өздөрүнүн тажрыйбасынын алкагында бир топ кыздардын жүрүм-турумун өзгөртүп, ойлорун топтогонго, келечекке максат койгонду үйрөтүшкөнү тууралуу презентация жасашты.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер