ИЕРОГЛИФИЯЛЫК ЖАЗУУНУ ЖАҢЫ ДЕҢГЭЭЛДЕ ИЗИЛДЕЙЛИ

  • 16.04.2021
  • 0

Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. ЖАПАРОВго

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри У.А.МАРИПОВго

КАЙРЫЛУУ

Урматтуу САДЫР НУРГОЖОЕВИЧ!

Урматтуу УЛУКБЕК АСАМИДИНОВИЧ!

 

Сиздерге, илимдин, билим берүүнүн жана маданияттын ардагери, филология илимдеринин доктору, профессор Акеш Имановдун жана көчмөн цивилизациясын, философиясын изилдөөчү Чоюн Өмүралиевдин өтүнүчүнөн улам кайрылып жатабыз. Эзелтеден эле кайсы бир элдин кандайдыр бир деңгээлде белгилүү болушу анын санына эмес, ириде анын руханий маданиятына жараша болмогу. Бул жагынан алганда, бизге Жараткан аянган эмес.

Эрксизден ондогон жылдар бою мээбизге мыктай кагып келген, малдан башка иши жок, тоо-ташты кыдырып жүргөн кыргызга Октябрь төңкөрүшү келип маданиятка үйрөтүп, кат-сабатын жоюп, келечекке жол ачкан деген “чындык” эске түшөт. Бул “чындык” акыры ар бирибиздин эсибизге тереңден орноп калганы, ушунча катардагы караламан эл түгүл “мен” деп төш каккан саясатчылардан баштап, “илбериңки илимий интеллигенция” дагы буга баш ийкеп, качандыр бир убакта ошол “тоодон түшкөн кыргыздын” ата-бабалары адамзат тарабынан жаратылган байыркы жазмалардын бир эмес эки түрүнүн — иероглификалык жана руникалык (енисей жазуусу) жазуусунун ээси экени, “чыныгы чындык” ушул экендиги капарына келип да койбойт.

Эми, канча бир мезгилден берки эсибизге сиңип калган “псевдочындыкты” алып ыргытып, “чыныгы чындыкты” өз ордуна коюуга болобу? Жолу барбы? Ал “чындык” качан ачылат?..

Ачылат! Качан биз, кыргыздар, бабаларыбыз калтырып кеткен жазмаларды түп нускасында — кыргыз тилинде окуганда! Ачылды! Ачылганда да азыркы чайнап которгон болжол мааниде эмес, баштапкы, анык, түп маанисинде ачылды!

Буга чейин Дүйнө жүзүнө “Веньян” деген аталышта белгилүү болгон кытай жазмасында түшкөн, улуу Лаоцзынын, Конфуцийдин терең ойлуу трактаттарын чечмелеп окуунун тегерегинде не деген жоромол-аракеттер жасалып, ал тургай кытай эли, өзү, жазылгандан так маалымат ала албай бушайман болуп жүргөн табышмак чечилди! Окулду! Баба тилинде жазылган –
баба тилинде окулду! Ооба, Жусуп Баласагын бабанын «Kutadgu Bilig» эмгеги “Куттуу билим” эмес “Куттуу бийлик” б.а «Кут алып келүүчү бийлик» («Власть, приносящая благодать») деп окулду. Көрсө, бабабыз бизге кут алып келүүчү бийликти орнотууну мурастаган тура…

Орхон-енисей руникалык жазма эстеликтерин биринчи болуп 1893-жылы даниялык окумуштуу В.Томсен чечип окуду. Окуганда да алгачкы сөз «теңир» деп окулду. Бул жазуу кыргыз тилинин түзүлүшүнө жакындыгы байкалды. 1894-95-жылдары окумуштуу В.Радлов бул жазуулардын алгачкы окулуштарын немец жана орус тилдерине которуп жарыялады.

Революциядан кийин алтай жазма эстеликтерин изилдөө белгилүү чыгыш таануучу-тюрколог, академик Малов Сергей Ефимович тарабынан улантылды. Бир канча изилдөөлөрдүн жыйынтыгында ал: а) тексттин фонетикалык системасы боюнча; б) тексттик материалдын лексикалык бирдиктери (сөздөр) боюнча; в) грамматикалык (морфологиялык, синтаксистик) түзүлүшү боюнча аталган жазма эстелик кыргыздардын тилине тиешелүү экенине ынанып, жарыя кылууга даярданып калган эле. Бул маалымат казак окумуштуусу С.Аманжоловго жетет жана ал ушундай чоң мааниге ээ жазма эстеликти кайсы бир аз сандагы элдин аты менен атоо уят иш болоорун, ошондуктан бул эстеликти байыркы түрк жазмасы деп атоо максатка ылайык болот деген сунуш менен БСКП(б) БК Саясий бюросуна кайрылат.

Сунуш Саясий бюро тарабынан колдоого алынат. Кезегинде, Москва үчүн бир кичине этноско караганда бир нече этностон турган топко көңүл бөлүү ыңгайлуу эле. С.Маловду, анын каршы болгонуна карабастан, даярдап койгон кол жазмаларына оңдоолорду киргизүүгө мажбур кылышып, жыйынтыгында орхон-энисей жазма эстеликтери “байыркы түрк жазуусу” деген ат менен тарыхка кирди.

Биз, бүгүн, орхон-энисей жазуусунун тили — кыргыз тили экендигин жана бул тарыхый чындык илимий адабиятта да өз ордун алыш керек деп эсептейбиз. Россия Академиясынан колдоо көргөзүүнү өтүнүп, андагы архивден керектүү материалдардын алынып келиниши жана биздин лингвисттер С.Маловдун илимий иштеринин негизинде кыргыз тили менен орхон-энисей руникасынын түзүлүштөрүн салыштырып изилдөө багытында иш алып баруулары зарыл. Ошондой эле изилдөө “Сары уйгурлардын тили” китебинин үстүндө да жүргүзүлүшү керек.

Эми кеп кезеги иероглификалык жазууда болсун. Жогоруда руникадан жандырылган алгачкы сөз – «теңир» болгон дедик. «Теңир, теңирчилик» кытай иероглификасын кыргызча окуу ачылышына да түздөн-түз тиешеси бар.

1995-жылы «Кыргыз Жер» корпорациясынын жеке университетинде Уңгу талаа теориясынын негиздөөчүсү Самат Кадыров башында турган Уңгу талаа теориясынын жана философиясынын лабораториясы түзүлгөн. Философия багытын изилдөөнү кыргыз элинин маданий иденттүүлүгүн изилдеп жүргөн журналист Чоюн Өмүралиев колго алган. Буга чейин анын “Асаба” газетасында сандан-санга жарыяланган “Теңирчилик” аттуу фундаменталдуу эмгеги (кийин монография болуп жарык көргөн) коомчулукка чоң резонанс жаратып келген. Автордун “Теңирчилик” эмгеги батыш гуманитардык системасындагы материалдык жана ар кыл жаңы пайда болгон категорияларга, сын баасын берүү менен эки жаңы фундаменталдуу маселени – улуттук жана ошону менен бирге эле жалпы адамзаттык идеяны көтөрүп чыкты.

Бул руханий жана материалдык биримдиктен жаралган көчмөн теңирчилик философиясы – улуттук философия багытындагы жаңы ачылыш болду.

1997-жылы “Кыргыз Жер” корпорациясы бийликтин аракети менен жабылганына байланыштуу «Уңгу талаа теориясы жана философиясы” лабораториясынын базасында “Кыргыз Жер” илимий-агартуу борбору коомдук уюму ачылып, илимий жетекчиликке Чоюн
Өмүралиев дайындалган.

Чоюн Өмүралиевдин изилдөөлөрү үч багытта.

Биринчи багыт – көчмөн коомунун тарыхы жана философиясы, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышы жана өнүгүшү боюнча изилдөөлөр.

Төмөндөгү монографиялар жарык көргөн: «Теңирчилик» (этика, 1994-ж.), «Теңирчилик» (укук, 1995-ж.), «Теңирчилик. Коом-Мамлекет» (2012-ж.), «Кыргыз мамлекеттиги: кече, бүгүн, эртең» (2017-ж), «Өзгөрүш. Адил мамлекет» (2020-ж.). Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн өнүгүшүнүн маселелери боюнча КР УИА жана ЖОЖдордун илимпоздор менен биргеликте эки илимий-теориялык конференция өткөрүлдү (2012-ж., 2017-ж.).

Экинчи багыт – паналтаизмдеги жаңы көз караш — түрк-алтаистика багытын өнүктүрүү жана автордун кырк жылдык илимий изилдөөсүндө Москва, Казань, Уфа, Ташкенттин архивдеринен жыйнап топтогон адабияттарды иштеп басып чыгуу. Бул алдыдагы иштерден.

Үчүнчү багыт – кытай жазмаларын кыргыз-түрк тилинен чыгып окуу т.а. түрк-сино-алтаистика. Бул жөнүндө жогоруда сөз кылдык.

Чыгыш цивилизациясын изилдөөнү улантып, дзэн, даосизм, конфуцианствонун философиялык башаттарын, ошондой эле поэзия, каллиграфияны иликтеп жатып автор өзүнө күтүүсүз буйгаттан жол чалып байыркы алтай дүйнөсүнүн ареалына чөмүлөт, ага “бурут тамга” “(буруттар” деп алтай мезгилиндеги кыргыздарды айтышкан) деген аталыш ыйгарат. Кытай жазуу-тамгаларынын кыргызча-түркчө окулушу илимий ачылыш катары биринчи жолу «Асылзат» газетасынын атайын бир толук санында 2001-жылы (№14, VIII) жарык көргөн, 2003-жылы Бишкекте өткөн бүткүл дүйнөлүк чыгыш таануучулардын конгрессинде илимий докладда баяндалган. Бул ачылыштын илимий-теориялык негиздери жана практикалык өңүттө ишке ашырылышы автордун 2012-жылы жарык көргөн «Теңирчилик. Бурут Тамга – Төрөн Тил» аттуу илимий басылмада көргөзүлгөн.

Кытай жазуу-тамгаларынын кыргызча-түркчө окулушунун илимий-теориялык негиздери жана практикалык өңүттө ишке ашырылышы Ч.Өмүралиевдин «Теңирчилик. Бурут тамга – Төрөн Тил» (2012-ж., жооптуу редактор ф.и.д. С.Мусаев), «Теңирчилик. Бурут Тамга – Жандырмак» (2014-ж., жооптуу редактор ф.и.д. К.Токтоналиев), «Теңирчилик. Бурут Тамга – Баянкат» (2015-ж., жооптуу редактор ф.и.д. А.Эркебаев) монографияларында берилген. Аталган эмгектер “Кыргыз Жер” илимий-агартуу коому тарабынан басылып чыккан.

Дүйнөлүк илимде Чыгыш Азия аймагында түптөлгөн алгачкы күчтүү өнүккөн цивилизациянын бири – байыркы Кытайга таандыкталган Шан-Инь цивилизациясынын (б.з.ч. XVI-XI кк.) теги-генезиси, аларды жараткан элдин дареги али да дайындуу, так тактала элек эле. Тарыхка байыркы инь жазуулары деп түшкөн алгачкы системдүү жазуу бүткөрө, окула элек болчу. Бул жазуунун соңку Чжоу заманында (б.з.ч. XI-III кк.) реформаланган, кийинки Цинь, Хань кезеңдеринде (б.з.ч. III — б.з. II кк.) дагы олуттуу өзгөрүүлөргө учурап, акыры азыркы иероглиф калыбын алганга чейинки мерчемде жүрүп өткөн өзгөрүүлөр ички бир-туташ эволюциясында чындап ачыла элек болчу. Синология илимине «вэньянизм» деп кирген тарыхый көрүнүш-кубулуштун да тамыры чындап тартылып, табышмагы бүткөрө изилдене элек эле («вэньян» – XX кылымдын башына чейин пайдалануудан чыкпаган байыркы адабий-жазуу тил, муну ханзу кытайына нак мүнөздүү байыркы оозеки-сүйлешмө «байхуа» тилинен айырмалаш керек). Демек, «байыркы кытай» деп саналган дүйнөнүн өзүндө да башы ачыла элек илимий көйгөйлөр али көп экен.

Ч.Өмүралиев буга дейре синология илиминде эч бир козголбой келген туруктуу калып: «бир иероглиф – бир морфема – бир сөз-угум» принцибин жарып чыгып, татаал иероглифтерди курам бөлүктөрүнө, же ички морфемаларына, акыркы бирдиктерине чейин ажыратып жиберип окуган. Алардын түпкү угумдарына түшкөн, ички угумдарынын айкашы аркылуу берилген муундап жазылган сөздөргө чыккан.

Натыйжада, ин, чжоу жазуусу жана иероглифика дегенибиз, абал башатында, буга дейре синология илими түшүндүрүп келгендей бир гана идеографиялык жазуу эмес, ичинде муун жазуу (слоговая письменность) болгондо, кыргыз-түрк тилинде түзүлгөн жазуу болуп чыкты. Кытай тамга-арибинин негизин түзгөн 214 ачкычтык белгилери: ин, чжоу, заманбап иероглифика үч баскычында тең мүлдө (баары – 642 тамга-иероглиф) дал ушундай окумга ээлиги далилденди. Бул – эбегейсиз эмгек жумшалган изилдөө! Бул – дүйнөлүк алтаистикадагы жана синологиядагы жаңы ачылыш!

Бабаларыбыздын бизге калтырган дагы бир байыркы жазма эстеликтери тууралуу изилдеп, илимий басылмаларда жарыялап жүргөн авторлордун бири – филология илимдеринини доктору, ОшМУнун профессору Лютфулла Жусупакматов.

2014-жылы КР УИАнын Ч.Айтматов атындагы Тил институтунда Лютфулла Жусупакматовдун “Кыргызстандын пиктография петроглифтериндеги жердин байыркы картосхемасы” аталыштагы монографиясынын жана 60 томдук “Саймалы таш” петроглифтеринин алгачкы сериялык каталогунун бет ачаары өттү. Ал жерде “Кыргыз Жер” коомунун илимий жетекчиси Ч.Өмүралиев сүйлөдү. Ошол петроглифтерден кийин эволюция жолу менен иероглифика жана руника жазуулары калыптанып жаралган. Бүгүнкү күнү аталган эмгектин калган томдорун басып чыгаруу керек. Ал мамлекеттин колдоосуна муктаж.

Ч.Айтматовдун 90 жылдык юбилейине ИАК Ч.Өмүралиевдин “Куш жолунда кут түшкөн”(2017-ж.) аталыштагы автордук ой-толгоосун басып чыгарды. Аталган эмгекте автор кыргыз элинин авалкыдан азыркыга чейинки руханий дөөлөтүн «КЫРГЫЗ – МАНАС –ЧЫНГЫЗ» деген бир руханий чынжырга бириктирип, коомго руханий өнүгүүнүн алгоритмин сунуштады. Чоюн Өмүралиевдин жогоруда айтылган ачылыштары кызыккан эле чакан бир топтун эмес, бир нече муундук изилдөөчүлөр иштей турган илимий иштер болмокчу. Ошондуктан бул ишти бүгүндөн баштоо зарыл. Себеби иероглификанын кыргыз-түрк тилинде окуу методикасын 70 жаштын кырына келип калган автордон башка эч ким билбейт. Жакынкы келечекте эле бул фундаменталдуу илимдин багытын колдонуу аркылуу өлкөнүн өнүгүшүнө, экономиканын жаңыланышына, сергек коомду курууга жетишүүгө болот. Андыктан бул багытта иш алып барган атайын мектептерди ачуу мезгил зарылдыгы.

Айтмакчы, кытай элинин экономикалык гүлдөп өнүгүүсү 1979-жылы Дэн Сяопиндин социалисттик өлкөдө улуу акылмандар Лаоцзы жана Конфуцийдин насааттарын негиз кылып алган “сяо кан” аталыштагы саясий программасын ишке ашыруудан башталган.

XIX кылымдын аягында аталган программанын негизинде капиталисттик Япония, XX кылымдын 60-жылдарында Сингапур, Гонконг, Тайвань, Түштүк Корея, Малайзия реформа жасаган.

Автор өзүнүн «Өзгөрүш. Адил мамлекет» (2020-ж.) аттуу монографиясында Малайзия, Сингапур, Түштүк Кореяда реформалар кантип ишке ашырылганын талдоо менен кыргыздын салттуу жашоо гөйү менен Лаоцзы жана Конфуцийдин руханий-экономикалык көз караштарынын айкалыштарын чечмелейт.

Биз, XXI кылымдын сересинде Кыргызстандын өнүгүшү үчүн байыркы бабаларыбыздын насааттарын түп нускада, кыргыз тилинде окуп, чечмелеп иш жүзүндө колдонууга милдеттүүбүз.

Мындан сырткары, Ч.Өмүралиевдин ачылыштарынын негизинде иероглификалык жазууну жаңы деңгээлде изилдөө алдыда Япония, Түштүк Корея менен кызматташууга жана Кыргызстанга жаңы технологияларды, инвестицияларды тартууга шарт түзөт.

Жогоруда эки пенсионердин жасаган иштерине мамлекеттен бир тыйын да корогон жок. 2018-20120-жылдары мамлекеттен колдоо сураганы жоопсуз калды. Бирок жогоруда белгиленген маселелерди мамлекеттин жардамысыз чечүү мүмкүн эмес. Ошол убакта илимдер академиясына же министрлерге тапшырма берип коюу да эч жыйынтык бербейт жана алар өздөрүнүн бюджетинен бир тыйын да бөлүп бере алышпайт эле.

Айласыздан: “Кыргызга душман издеп кереги жок. Кыргыздын жоосу – кыргыз” деген сөз ойго түшөт. Учурда, тилекке каршы, кыргыздардын мүнөзүндөгү негизги сапат “көрө албастык”, “ичи тардык” болуп калгандай.

Чоюн Өмүралиев тарабынан коюлган илимий жана саясий маселе өзгөчө мамилени талап кылат. Автордун ою боюнча, Евразиядагы байыркы цивилизация “вэньян” адабий тили менен байытылган. Бул – Түштүк-Чыгыш Канат. Миңдеген жылдар Азиянын көчмөндөрү мекендеген азыркы орусия чексиз тайпагына “өзгөчө” мамиле этип келишкен. Бул – Түндүк-Батыш Канат. Бул эки канаттын ортосунда оолжуп, кучагына корей, япон, түндүк элдерин батырып Алтай дүйнөсү жатат. Демек, азыркы учурда, Россия менен Кытайдын ортосун тарыхый, философиялык, ал тургай тилдик багыттан да жакындаштыра турган Алтай болмокчу.

Эгерде бул нерсеге системдүү көз таштасак, жакынкы келечекте алтай дүйнөсүнүн миссиясы жаңы өңүттөн ачылат. Чоюн Өмүралиевдин эмгекетеринде көтөрүлгөн маселе бир гана тарых, тил, философияга эле тиешелүү эмес, анда жалпы адамдардын жашоосунун негизин түзгөн элдер арасындагы карым-катышты сапаттык деңгээлге көтөрүүнү көздөгөн баалуу ойлор, достукту, шериктештикти бекемдеген сунуштар да бар.

РФтин Мамдумасынын депутаты Иван Белеков Кыргызстанга бир нече ирээт келип, В.Путиндин тапшырмасы менен өлкөнүн жетекчилерине жолуккан. Ал 2020-жылы Алтайда эл аралык Алтай форумун өткөрүүнү болжогон эле, бирок, covid-19 кырдаалына байланыштуу бул иш-чара 2021-жылдырылган. И.Белеков Ч.Өмүралиевдин эмгектери менен таанышып, авторду аталган форумда доклад жасоого чакырган. Форумду уюштуруучулардын ою боюнча аталган иш-чара Евразия мейкиндигиндеги биримдикти бекемдөө менен жалпы эле Россия жана Евразия өлкөлөрүнүн ортосундагы маданий жалпылыктарды белгилөөгө башат болот.

Жакында өткөн Түрк кеңешинин саммитинде катышуучу тараптардын позициясынын шайкештигине жетишүүдө Түрк кеңешин “Түрк мамлекеттеринин биримдиги” деп атоо идеясы колдоого ээ болду. Келечекте жалпы руханий биримдикке умтулган түрк элдеринин арасында руханий тарыхы бир болгон Кыргызстандын ордун аныктоодо да Ч.Өмүралиевдин автордук ойлорун колдонуу зарылчылыгы келип чыгат.

Ушуга байланыштуу, Чоюн Өмүралиевдин жогоруда айтылган ойлорун ишке ашырууну көздөп, “Кыргыз Жер” илимий агартуу коомуна мамлекет тарабынан жетиштүү колдоо көргөзүүнү суранабыз.

Эдилбек САРЫБАЕВ,
«Кыргыз Жер» ИАКтын төрагасы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер