Гуманитардык билим берүүнүн жаңы парадигмасынын зарылдыгы

  • 03.04.2024
  • 0

 

Гуманитардык билим берүүнүн жаңы парадигмасынын зарылдыгы

Кайсы өлкөдө болбосун гуманитардык билим берүү жалпы билим берүү системасынын өтө маанилүү бөлүгү болуп саналат. Анткени ал адам баласынын турмушунун ар кайсы өңүттөрү тууралуу маалымат берүүдөн тышкары, ар кандай баалуулуктарды калыптандырууда да абдан чоң роль ойнойт. Айрыкча жеткинчек жана жаш муундардын улуттук иденттүүлүгүн, жарандык позициясын калыптандырууда гуманитардык билим берүүчү сабактардын мааниси чоң.

Кыргыз Республикасында гуманитардык билим берүүчү сабактардын мазмунун түзүүгө байланышкан эки чоң маселе бар.

Алардын бири ишти уюштуруунун алгоритмине байланыштуу. Мен өзүм 2023-жылы “Адам жана коом” сабагы боюнча кыргыз тилдүү мектептердин 7 жана 8-класстары үчүн даярдалган окуу китептеринин, жумушчу дептерлеринин, усулдук колдонмолордун кыргызча вариантын редакциялап чыккам. Иштин жүрүшүндө төмөнкү маселелер аныкталды:

  • Аталган окуу китептери орус тилдүү авторлор тарабынан орус тилинде иштелип чыгып, кыргызчага которулган. Андагы материалдардын бир топтору түздөн-түз орус тилдүү мектептерге ылайыкташканы көрүнүп турат. Аларды мүмкүн болушунча так которуу боюнча талап материалдын кыргызча вариантынын сапатын төмөндөтөт, окуучулар түшүнө турган жөнөкөй тилден алыстатып, орусча текстине көз каранды кылат. Андыктан кыргыз тилдүү мектептер үчүн даярдалып жаткан окуу китептеринин түп нускасынын өзүн кыргыз тилдүү авторлор жөнөкөй, жатык тил менен жазып, окуучулардын жаш өзгөчөлүктөрүнө ылайыкташтырып чыгышы максатка ылайык. Мында материалдын жеткиликтүүлүгү жагынан катардагы педагогдор менен кайра байланыш өтө маанилүү.
  • Окуу китептерине мыйзам ченемдүү түрдө саналуу жылдарда өзгөрүп кете турган маалыматтар киргизилген. Мисалы, Кыргызстанды башкарган президенттер, “Кыргыз жараны” сыяктуу концепциялар, айрым ишканалардын тизмелери эң көп дегенде 5-6 жыл сайын өзгөрө турган маалыматтардын катарына кирет. Ошондуктан окуу китептерине утурумдук жагдайлар тууралуу маалыматтарды киргизүүгө тыюу салынышы зарыл.
  • Аныктамалар татаал, дээрлик илимий тил менен, компоненттери кайра өз алдынча түшүндүрмөнү талап кылган сөздөр аркылуу чечмеленген учурлар көп. Андыктан аныктамаларды жөнөкөйлөтүү негизги максаттардын бири болууга тийиш.
  • Окуу китептерин адистерге экспертизага бергенде алардын ар бири өз чөйрөсүнө таандык материалды киргизүүнү сунуш кылып жатканы окуу китептеринин материалын ыгы жок көбөйтүп жибериши ыктымал.

Бул айтылгандар мен катышкан окуу китептеринин редакциясынан байкалган тажрыйбага гана негизделет, бирок алар менен чектелбейт. Ошондуктан жогоруда айтылган принциптерди жалпы эле гуманитардык билим бере турган сабактардын окуу программаларын түзүүдө жетекчиликке алына турган принциптердин катарына кошуунун зарылдыгы бар.

Экинчи маселе окуу китептеринин жана окуу программаларынын ички мазмунуна байланышкан. Жеткинчек муундарга берилип жаткан сабактардын ичинен айрыкча тил, тарых, адабият, география жана дин таануу узак мөөнөттүү масштабдан караганда өлкөнүн келечегин аныктай турган муундардын дүйнө таанымын калыптандырган предметтерге кирет. Демек, эгемен Кыргызстандын шартында бул предметтерди окутуунун негизги максаттарын улуттук кызыкчылыкка төп келтирүүнүн зарылдыгы бар. Алардын ар бирин карап көрөлү.

Билим берүүдөгү тил саясаты

Окуучулар кыргызча эркин сүйлөшүнө жетиш үчүн кыргыз тилине башка улуттарды окутуунун учурдагы методологиясы жараксыз экенин Кыргызстан эгемендик алгандан берки көп жылдык тажрыйба көрсөтүүдө. Окуучуларга эрежелерди, көркөм чыгармалардын үзүндүлөрүн жаттатуунун натыйжасында бүтүрүүчүлөр кыргызча сүйлөп кеткен жок. Ушундан улам баштапкы максат – Кыргызстандагы мектепти бүткөн балдардын кимиси болбосун КҮНҮМДҮК жашоосунда кыргыз тилин эркин колдонууга жетишүү болушу керек. Күнүмдүк турмушта кыргызча учурашканды, коштошконду, жол сураганды, соода кылганды, документ толтурганды ж. б. жакшы өздөштүрүп, дайыма колдонууга жетишип калса мамлекеттик тил чындап улут аралык баарлашуу тилине айлангыдай шарт түзүлөт.

Ошону менен катар ушу тапта сырткы дүйнө менен алака-катыш жагы да маанилүү экени белгилүү. Муну эске алганда окуучулар кыргыз тилинде эркин сүйлөп, ал биринчи эне тили катары аң-сезиминде орноп калган соң гана ар кайсы мектептерде орто класстардан тартып орус тили, англис тили, кытай тили жана араб тили чет тили катары окутулушу максатка ылайык.

Тарых

Биринчиден, Кыргызстандын тарыхын окутууда бул жерди жердеген элдердин тарыхына, тагыраак айтканда жердин тарыхына эмес, биринчи иретте кыргыз элинин тарыхына басым жасаш керек. Анткени байыркы доордо кыргыз элинин ээлиги жалаң эле азыркы Кыргызстандын аймагы менен чектелген эмес. Анын ичинде көчмөн цивилизациянын отурук цивилизациядан айырмасы, ар кайсы тарыхый кырдаалдарга карата артыкчылык-кемчиликтери түшүндүрүлүүгө тийиш.

Экинчиден тарыхый инсандарга баа берүүдө алардын аракеттери, кабыл алган чечимдери кыргыздын улуттук кызыкчылыгына, тактап айтканда:

  1. Кыргыз тилине;
  2. Кыргыз жерине жана;
  3. Кыргыз элинин экономикалык абалына

канчалык туура келгенин, пайда же зыян тийгизгенин талдап, окуучуларга так, даана маалымат берүү зарыл. Бул айрыкча орус империясы келген мезгилден тартып азыркы убакка чейинки аралыкка тиешелүү. Ушулардын баарын билгенден кийин гана окуучуларда толук баалуу жарандык позиция калыптанат. Бул үчүн илимий деңгээлде ушундай принциптин негизинде Кыргызстандын жаңы тарыхын толугу менен ревизиялап чыгышка туура келет. Эгерде улут катары азыркы дүйнөгө туура көз караш менен киргибиз келсе, бул эртедир-кечтир сөзсүз жасала турган нерсе.

Кыргызстандын тарыхын эң мыкты билүүдөн тышкары, бизге чектешпеген Орусияга караганда биз менен коңшулаш Кытайдын, Казакстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын, аларга байланышкан цивилизациялардын тарыхын билүү биздин жарандар үчүн алда канча пайдалуу. Калган дүйнөлүк державалардын тарыхын дүйнөлүк тарыхтын жалпы контекстинде окутуш керек.

Тарыхый фактылар, адамдар улуттук кызыкчылыктын позициясынан гана бааланууга тийиш. Кыргыз элине, кыргыз мамлекетине тийгизген пайдасы менен зыянын аныктап алып, окуучуларга туура түшүндүрүү бул кызыкчылыкты түшүндүрүүгө жардам берет.

Кыргыз адабияты жана дүйнөлүк адабият

Кыргыз адабияты ушу тапта улуттук кызыкчылыктын позициясынан талдана элек. Совет мезгилинде Компартиянын идеологиясына эле кызмат кылган адамдардын чыгармачылыгын биринчи орунга койгон, эстетикалык жактан анча берери жок болсо да көтөрмөлөгөн парадигма дагы эле күчүндө. Билим берүү системасына киргизүүнүн принциптери да ошол эски системанын эрежелерин сактап калган. Мисалы, кайсы бир акындын же жазуучунун чыгармаларын окуу китептерине киргизиш үчүн ал адамдын тиешелүү мамлекеттик наамы, Жазуучулар союзунан колдогон пикири ж. б. болушу керек.

Бул принциптер эгемен мамлекеттин мазмунуна туура келбейт. Жаңы окуу китептерине кире турган чыгармалардын тизмесин педагогдор менен акын-жазуучулар чогуу отуруп жаңыдан бирге түзүп чыгышы зарыл. Бирок анын критерийлерин түп-тамырынан бери өзгөртүү талап кылынат. Компартияга же кайсы бир режимге гана кызмат кылып, эстетикалык ырахат же тарбиялык маани тартуулай албаган чыгармалар ага дегеле кирбеши керек. Ар бир акындын, жазуучунун мезгил сынынан өткөн, улуттук тарбияга кызмат кылган, эстетикалык ырахат тартуулай ала турган чыгармаларын гана киргизүү максатка ылайык. Алган сыйлыктары, наамдары, союзга мүчө болгон-болбогону эч кандай роль ойнобошу керек.

Дүйнөлүк адабиятты окутууда да бир орчундуу маселе бар. Ушу тапта маданияттын ар кайсы салааларын таануу көбүнчө европоцентристтик көз караштарга негизделген. Совет мезгилинде “Чет элдик адабияттын тарыхы” деген сабак байыркы Грекиянын, Римдин убагындагы чыгармалар менен башталып келген. Кийин Европанын гана акын-жазуучулары окутулган. Бирок дүйнө ошол кезде деле жалаң эле антика цивилизациясынан турган эмес, азыр деле жалаң Европадан турбайт. Чыгыштын, анын ичинде Кыргызстанга географиялык жактан алда канча жакын жайгашкан бир катар элдердин мындан кем эмес маданий мурасы, руханий көрөңгөсү бар. Эч болбосо географиялык себептерден улам ошол мурастын үлгүлөрүн өздөштүрүү Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгына туура келет.

Кыргызстандын экономикалык жана административдик географиясы

Ар бир окуучу ар бир облуста, керек болсо райондо эмне багылып, эмне өстүрүлөрүн, кандай адамдар жашай тургандыгын, калктын жыштыгын, улуттук курамын, кайсы жери кайсы өлкө менен чектешерин, кандай ишканалар бар экенин, кандай белгилүү адамдар чыкканын ж. б. билип чыккыдай сабактардын зарылдыгы бар. Окуучуларды бир аймактан экинчисине экскурсияларга алып барып, башка теңтуштары менен тааныштырып, алар ошол жактан жаңы досторду күткөнү жалпы жарандык биримдикке жол ачат жана жалпы улуттук көз карашты калыптандырууга өбөлгө түзөт.

Дин таануу сабактарын окутуунун негизги принциптери

Кыргызстандагы диний көз караштар мектептеги дин тууралуу сабактарга таасир этүүдө. Атап айтканда, 2022-жылы орто мектептердин 9-классы үчүн чыккан “Диндердин өнүгүү тарыхы” сабагын да балдарга бейтарап, илимий позициядан диндер жөнүндө маалымат берүү эмес, бир диндин нормаларын ошол диндин өз позициясынан түшүндүрүү аракети карасак болот. Аны тастыктай турган белгилер: 1) “Диндердин негизи” деген теманын мазмуну динчил адамдардын позициясынан баяндалганы; 2) Диндердин көз карашын түшүндүрүүгө арналган үч бөлүмдүн экөө ислам динине арналганы; 3) Даосизм, конфуцианство, синтоизм, индуизм сыяктуу диндер, атеизм, деизм, агностицизм ж.б. тууралуу түшүнүктөр таптакыр кирбегени.

Кыргызстан – жарыкчыл өлкө, ал эми мектептер – жарыкчыл багытта жалпы билим бере турган мекемелер. Ошондуктан жарыкчыл, дүйнөбий мамлекетте дин таануу сабактары диндер келип чыккан тарыхый-географиялык шарттарды да, ал тууралуу илимдеги түшүнүктөрдү да чечмелеп, бардык нерсеге сын көз карашты калыптандырууга өбөлгө түзүшү зарыл. Дүйнөдө диндин жана диний ишенимдердин, ага болгон көз караштын өтө көп түрлөрү бар. Ушундан улам Кыргызстанда ислам дини башка диндер менен тең бир катарга коюлуп, дүйнөдөгү көп диндин бири катары тыштан караган, байкоочулук көз караш менен окутулушу максатка ылайык. Окуучуларга ислам кандай өлчөмдө түшүндүрүлсө, буддизмди да, даосизмди да, христианчылыкты ж. б. да ошондой эле терең жана кенен өлчөмдө түшүндүрүлүшү талап кылынат. Андан тышкары атеизм, деизм ж. б. сыяктуу көз караштардын баарынын негиздери жөнүндө ошондой эле көлөмдө маалымат берип, окуучу өзү жыйынтык чыгарышына шарт түзүш керек. Өзгөчө диний ишеним менен илимий фактынын ортосундагы айырма абдан жакшы окутулушу өтө актуалдуу. Болбосо биринчиден объективдүүлүк, илимий мамиле жана калыстык принциптери түп-тамырынан бери бузулган болот, экинчиден дин таануу сабактары иш жүзүндө динге тартуу сабактарына айланат. Бул жарыкчыл мамлекеттин принцибине да, улуттук кызыкчылыкка да зыян.

Улуттук жана мекенчил тарбия

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жаран 18 жашка чыкканда өзүнүн иш-аракеттери үчүн толук жооптуу болуп эсептеле баштайт. Бул тарбия иштери ошол куракка чейин актуалдуу болот деген сөз.

Тарбия процессинде негизги үч тарап бар: а) бала (тарбиялануучу); б) ата-энелер (табигый тарбиялоочу); в) бала бакча же мектеп (институтташкан тарбиялоочу). Совет мезгилинде ата-энелер менен мектептер жана бала бакчалар негизинен өнөктөштүк мамиледе болсо, азыр тарбия процессин ар бир тарап бири-биринин мойнуна жүктөгүсү келген тенденция күч алды. Ошондуктан мектептер жана бала бакчалар менен ата-энелер атаандаш эмес, институционалдык өнөктөш болушуна жетишүү зарыл. Анын жолдорун педагогдор, илимпоздор жана башка тиешелүү тараптардын өкүлдөрү менен изилдеп жана иштеп чыккан оң.

Тарбия жана билим берүү тармагында мамлекеттик тилдин ролун күчөтүш үчүн менчик формасына карабастан республикадагы толук кыргыз тилдүү бала бакчалардын жана жалаң кыргыз тилинде билим бере турган мектептердин үлүшүн 75% жеткирүү максатка ылайык. Бул өлкөдөгү кыргыз калкынын демографиялык үлүшүнө болжол менен туура келет. Ошондуктан талаптагыдай сандык катыш болмоюнча башка тилдеги бала бакчаларды жана мектептерди ачууну токтотуш керек. Айрыкча калктын жыш жайгашкан жерлери шаарлар болгондуктан, мындай талаптардын аткарылышын биринчи иретте шаарлардан баштаган туура. Ошону менен бирге жогорудагы сандык катыш камсыз болмоюнча (кыргыз тилиндеги бала бакчалардын жана мектептердин үлүшү 75% жетмейинче) жалаң кыргыз тилинде билим жана тарбия берген жеке менчик бала бакчаларды жана мектептерди салыктан толугу менен бошотууга муктаждык келип чыгат.

Кыргыз тилинин ролун күчөтүүнүн дагы бир жолу — кыргыз тилиндеги жеке менчик бала бакчаларды жана мектептерди аз улуттардын өкүлү болгон балдарды бекер окутууга милдеттендирүү. Бирок андай шартта тарбияга жана окууга кабыл алынган балдардын үлүшү ар бир мекеменин жалпы тарбиялануучуларынын же окуучуларынын 25% ашпоого тийиш. Бул башка улуттардын өкүлдөрүн экономикалык да, саясий да себептерден улам балдарын жалаң кыргыз тилдүү бала бакчаларга жана мектептерге беришине кызыкчылыгын пайда кылат.

Улуттук иденттүүлүктү кичинекей чактан баштап калыптандырыш үчүн бала бакчаларга жана мектептерге улуттук оюндарды тарбиянын милдеттүү элементи катары киргизүү абзел.

Мындан тышкары, кыргыз тилдүү бала бакчалар менен мектептерге улуттук каада-салт сабактарын милдеттүү түрдө киргизип, алардын маанисин жана гуманисттик маңызын балдарга түшүндүрүү боюнча система иштеп чыгып, ишке киргизүү сунушталат.

Акырында, тарбия жана билим берген тилине жана менчик формасына карабастан, өлкөдөгү бардык бала бакчалар менен мектептерде жарандык тарбия сабактарын милдеттүү түрдө киргизип, аны башталгыч класстардан бүтүрүүчү класстарга чейинки негизги предметтердин бирине айландыруу максатка ылайык.

Жыргалбек Касаболотов, УИАнын Мамлекет жана укук институтунун изденүүчүсү

Бөлүшүү

Комментарийлер