ФИЛОЛОГИЯ – АДАБИЯТ АРКЫЛУУ МАДАНИЯТ ТААНУУ

  • 15.04.2022
  • 0

Кыргызстан эл аралык университетинде 531000 Филология багыты 2018-жылы түзүлгөн.

Филология кафедрасы Кыргызстандын эмгек рыногунда гана эмес, чет мамлекеттерде да суроо-талапка ээ болгон адистерди даярдайт. Анткени англис жана кытай тилдерин билген жогорку квалификациялуу окутуучу адистер учурда жетиштүү санда эмес.

Кафедра быйылкы жылы өзүнүн алгачкы бүтүрүүчүлөрүн (41 студент) турмуш жолуна учуруу алдында турат.

Филология факультети өз ишин студенттердин сапаттуу филологиялык билимге болгон муктаждыктарын канааттандырууга багыттап, атаандаштыкка жөндөмдүү филологдор, илимий жана илимий-педагогикалык кадрлар менен камсыз кылууда ЖОЖдорго жардам берет. Кафедранын максаты – англис филологиясынан кошумча котормочу адистиги боюнча чет өлкөлүк университеттер менен кызматташууну кеңейтүү.

Филологдун жумушу чыгармачылык мүнөзгө ээ. Билим берүү аянтчалары: КР университеттери жана кесипчилик орто окуу жайлары.

ФИЛОЛОГИЯ – АДАБИЯТ АРКЫЛУУ МАДАНИЯТ ТААНУУ

Кафедранын студенттердин педагогикалык практикасын уюштуруу боюнча өлкөбүздөгү төмөнкү жети ЖОЖдор менен өз ара келишимдери бар:

  1. К.Карасаев атындагы БМУ, 22.10.2020;
  2. ОшМУ, 25.11.2020;
  3. И. Арабаев атындагы КМУ, 18.01.2021;
  4. Б.Осмонов атындагы ЖАГУ, 22.10.2020;
  5. Ж.Баласагын атындагы КУУ, 2022-жылдын 14-февралында;
  6. КТМУ «Манас», 21.03.09;
  7. Чет тилдер институту, Санкт-Петербург, 10.02.2021. (кош дипломдуу окуу жөнүндө келишим), филология 531000 багыты боюнча жогорку окуу жайларынын окутуучуларын даярдоо.
  8. АКШ, Стоктон университети, International Student Advisor, DSO/RO

Office of Global Engagement (D 102), Stockton University, 101 Vera King Farris Drive, Galloway, NJ 08205-9441, P: 609-626-5532, F: 609-626-3580

  1. Орегон университетинин OSU негизги кампусу. OSU-Cascades кампусу

Эки кампус (OSU Main жана OSU-Cascades), тел 541-737-0561

Филолог кесибинин артыкчылыгы Кыргыз Республикасындагы бардык жогорку жана орто окуу жайларда университет мугалими, илимий кызматкер, адабий редактор же котормочу катары иштөөгө мүмкүндүк берет.

Профил багыты – ЖОЖдор үчүн англис, кытай жана немис тилдеринин мугалими.

Практика

  1. Академиялык мобилдүүлүк боюнча студенттер Санкт-Петербургдагы Чет тилдер институтунда өндүрүштүк практикадан өтүшөт.
  2. Быйыл 2022-жылдын 21-февралынан 19-мартына чейин 3-курстун студенти
    Муратова Сезим Санкт-Петербург шаарындагы Чет тилдер институтунда педагогикалык практикасын ийгиликтүү аяктады.

Кафедранын профессордук-окутуучулук курамынын кесиптик билимин жогорулатуусу.

Кафедра мүчөлөрү кесиптик билимин такай жогорулатып турушат.

— Q-Skills тренинг- семинары – сентябрь;

— «Тил университеттеринде чет тилдерди окутуу» тренинги – октябрь;

— Фулбрайт программасынын окумуштуусу Чжэн Шан Чжан менен «Пандемия шартында да англис тилин окутуунун ыкмалары», «Корпустук лингвистика» семинары – ноябрь;

— Lingua мектеби менен семинар – ноябрь;

— Нарын мамлекеттик университетинин доценти, п.и.к., доц. А.С. Айдаралиеванын «Чет тилдерин окутуудагы актуалдуу көйгөйлөр» аттуу окуу семинары. Бөлүм ошондой эле Fullbright программасынын окумуштуулары Сара Хендерсон Ли, Карлос Рууд, Чжэн Шан Чжан жана Сэмюэл Джордж менен тез-тез конок лекцияларын уюштуруп турат.

ФИЛОЛОГИЯ – АДАБИЯТ АРКЫЛУУ МАДАНИЯТ ТААНУУ

  1. Чет мамлекеттерде негизги тил мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча сертификаттын болушу:
  2. Караева Зина, филология илимдеринин доктору, проф. – Лондон
  3. Андашева Ф.Т., филология илимдеринин кандидаты, доц. — Германия
  4. Акунова Г.Т., ага окутуучу – Германия
  5. Сарымсакова А.Т., улук окутуучу – Кувейт.
  6. 2022-жылдын 15-февралында кафедра 3-курстун өндүрүшкө чейинки практикасы боюнча семинар өткөрдү. Кафедра Кыргызстандын алты университети жана Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарындагы бир университети менен келишим түзгөн. Студенттер практикалык окууга жиберилди.
  7. Билим берүү жана илимий ишмердүүлүк үчүн инфраструктураны жана материалдык-техникалык базаны өнүктүрүү. Филология илимдеринин доктору, профессор З.К.Караеванын кабинети түзүлүп, мында миңден ашык заманбап адабияттар жана ар түрдүү тилдердеги башка материалдар коюлду.
  8. Илимий изилдөөчүлөр сапаттуу, фундаменталдуу, атаандаштыкка жөндөмдүү билим ала турган магистратура, PhD – докторантура бар. Кафедрадан
    Акматова Айниса PhD ишин коргоп, филология тармагындагы ишмердүүлүгүн ийгиликтүү улантууда.
  9. Потенциалдуу иш берүүчүлөр менен өз ара аракеттенүү механизмдеринин болушу (филология факультетинин студенттеринин практикасын өткөрүү үчүн билим берүү органдарынын жана бизнес структуралардын өкүлдөрү менен). Биздин беш университет менен келишимибиз бар.
  10. Эл аралык аккредитацияга ээ докторантура программалары бар алдыңкы чет элдик университеттер менен өнөктөштүктө PhD докторлорун даярдоо (Германия, АКШ, Россия университеттери, б.а. Чет тилдер институту, Санкт-Петербург ш.)

КЫРГЫЗ ЖАШТАРЫН ТАҢ КАЛТЫРГАН СЭМУЭЛ ДЖОРЖ

2022-жылдын март айында Кыргызстан эл аралык университетинин (ОИӨК КЭББМ) англис тили филологиясы кафедрасында Британиядан келип, Бүбүсайра Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин Музыка факультетиндеги “Салттуу музыка жана фольклор” кафедрасында билим алып жаткан Сэмуэл Джорж менен англис тил филология бөлүмүнүн студенттеринин жолугушуусу болду.

Анда Сэмуэл Джорж Кыргызстанга келип, кандайча музыка факультетинде окуп калганын, анан калса салттык музыка менен фольклордук ырларды тандаганын, кыргыз жеринин кооздугуна, кыргыз маданиятынын түптүү экенине таң калганын айтып, элибиздин меймандостугуна терең баа берди. Андан соң Кытайда окуп, кытай тилин дагы жакшы билээрин студенттердин суроо жообунан улам күбө болдук. Студенттер анын аткарган ырларын көңүл коюу менен угушуп, көптөгөн суроолорду
беришти.

Кеченин экинчи бөлүгүндө Сэмуэл Джорж менен кошо келген кыргыздын дагы бир таланттуу жигити, чогуу окуган курдашы Казыбеков Жээнбек экөө биригип, элдик ырлардан бир нечесин дуэт кылып аткарып беришти. Кыргыздын салттуу ырларын англис жигит Сэмуэлдин аткаруусунда уккандан кийин жаштардын кыргыз адабиятына, кыргыз тилине болгон кызыгуулары күчөп, суроо артынан суроо жаадырышты. Сэмуэл кыргызча суроолорго кыргызча, англисче суроолорго англисче, кытайча суроолорго кытайча жооп берип, тил билүү адамдагы руханий байлык экенин иш жүзүндө көрсөттү.

Таланттуу коноктун аткаруусундагы “Гүлбарчын” элдик ыры менен Элмирбек Иманалиевдин сөзүнө жана обонуна жазылган “Жан секет” аттуу ыры угармандарга өзгөчө жакты. Бул мукамдуу ырлар студенттердин жан дүйнөсүн козгоп, кыргыз музыкасына болгон сүйүүлөрүн арттырды. Алар кыргыз тилинин кооздугуна дагы бир жолу күбө болушту.

Эң кызыктуусу, Сэмуэл Джордун кызыккан иши кыргыздын эпосторун которуу экен. Биздин Университетте да “Котормо жана семиотиканын илимий мектеби ” бар. Британдык конок бул тууралуу маалыматты атайын сайттан окуп таанышканын, биздин мугалимдер менен чогуу кичи эпосторду которууга катышаарын айтты.

Үч муундун жолугушуусу

Кыргызстан эл аралык университетиндеги филология бөлүмүндө окуган студенттердин жардамы менен эң бир кызыктуу жолугушуу болуп өттү. Бул капысынан болгон жок. Бир белгилүү китептеги маалыматтар себеп болуп, кыргыз элинин сүйүктүү кызы, англис тилинин алгачкы мугалими, англис тилинин – Дүйшөнү – Шааркан апа менен студенттердин жолугушуусу уюштурулду. Каарманыбыз 92 жашка чыкканына карабастан, дагы деле жаштарга айтаар сөзү бар экенин сезип жолугушууга чакырдык. Шааркан апабыз чакыруубузду кабыл алып, биз айткан күнү күттүрбөй келди. Балпайган кыргыз байбичесин көрүп кубандык. Шааркан апа өз сөзүндө 1934-1940-жылдардагы билим берүүнүн жүрүшүнө токтолуп, китеп жок болгонуна байланыштуу окуучулар дарактардан жыгачтарды эле калемсап кылып жерге жазып үйрөнгөнүн, кыргыз жаштарынын ошол мезгилде эле билим алууга дилгир экендигин айтып берди. Мунун баары биздин студенттер үчүн жомоктогудай эле көрүндү. Орто мектепти бүтүргөндөн кийин Фрунзеге (азыркы Бишкек) келип, жогорку окуу жайына окууга тапшырат. Тагдыр буйруп, ошол 1953-жылы чет тилдер факультети жаңы ачылып, Шааркан апа биринчи курстун студенти болуп
калат.

Билим берген мугалимдерин да эскерип өттү. Сучкова Л.М., Поздняков А.С. , Цветкова М.Н. сыяктуу мугалимдердин кыргыз жаштарына билим берүүдөгү жасаган иштери чоң экендигин белгиледи. Бир ооз орусча же англисче сөз билбей келип, англис тилин окуй баштаганда далай кыйынчылыктар болгонун, окуу куралдарынын, тилдик лабораториялардын жетишпегенине карабастан сабактарды калтырбай тырышып окугандарын айтып, студенттерди эмгекчил болууга чакырды. Шааркан апанын дагы бир баалуу кеңешин айта кетели. Ал студенттерди азыртан ден соолугуна көбүрөөк көңүл буруп, спорт менен машыгууга үндөдү.

Мунун да себеби бар экен. Шааркан апа чуркоодон дайыма алдыда болуп, союздун чемпионатына катышып, Крымга чейин барып, башка шаарды, башка адамдарды көрүп келгени аны окуусун дагы жакшы окууга шыктандырганын айтат.

Студенттер Шааркан апанын турмушуна кызыгышып, көптөгөн суроолорду жаадырышты. Шааркан апа төрт кыз, төрт уулдуу болгонун, айрымдары пенсияга чыкса, айрымдары ушул мезгилге чейин мамлекетибиз үчүн кызмат өтөп жатканын айтты. Шааркан апа студенттерге ден соолукту чыңдап, спортко көңүл буруш керек экендигин кайталап, кайра-кайра кулактарына салды. Жолугушуунун аягында студенттер Шааркан апа менен эстеликке сүрөткө түшүп, келерки окуусуна дем-күч алышты.

Зина КАРАЕВА,
филология илимдеринин доктору, профессор

 

Бөлүшүү

Комментарийлер