ЭСТЕГИ ЭЛЕСТЕРДЕН ЭКИ ООЗ СӨЗ

  • 04.10.2024
  • 0

Адамдын өмүрү сыртынан карасаң өтө эле жөнөкөйдөй көрүнөт. Төрөлүү, жашоо, өлүү. Ал эми ички маңызын карасаң өтө татаал. Анын бардык моментин башка киши эмес, өзү да толук биле албайт. Эске сактап калуу да кыйын. Платон  менен  Сократтан, же болбосо Конфуцийден бери адамзат өзүн таануу деген суроого жооп издеп келет. Таптым деген бирөө жок. Улуу акылман Ч.Айтматов деле ал жөнүндө көп ойлорун  айтып, акырында “Адамга баарынан кыйыны – күн сайын  адам болуу” деген  осуятын таштап кетти. Ал дагы бир жерде “Адамдын жашоо маңызы өз рухун жетилтип отуруу — дүйнөдө мындан бийик максат жок” деп  жазыптыр. Мына  ушул ой, ушул асыл сапат мен айласыздан эскерейин деп жаткан курсташым, асыл жолдошум, санаалаш сапарлашым Шабданбек Кулуевге таандык болучу. Ал өз рухун өмүр бою жетилтүүнүн үстүндө аракеттенип келди. Анда эмесе сөз башынан болсун.

ЭСТЕГИ  ЭЛЕСТЕРДЕН  ЭКИ ООЗ СӨЗ

1960-жылы бир топ кыргыз балдар, кыздар Кыргыз мамлекеттик университетиндеги физика-математика факультетинин физика бөлүмүнө кирдик. Баардыгы 25 болчубуз. 1-курсту бүткөндөн кийин бизге Шабданбек кошулду. Жети бала бир бөлмөдө жашадык. Ошондо Шабданбек менен Асанбайдын гана атасы бар экен. Калгандарыбыз атасыз элек. Сыйдагулдун атасы да, энеси да жок болучу. Кычагансып ошол жылы Асанбайдын да  атасы каза болуп калды. Шабданбек өзү тиригарак эле. Сөздү макалдаштырып айтып, болгон окуяларды бир нерсеге салыштырып сүрөттөп берүүчү. Балдардын жүрүм-турумуна, кулк мүнөзүнө жараша ат коюп да койгон. Мамбеткулов Жеңишти — найзакер, Токтомышев Советбекти – сов палван, Асанбайды- Асанбау, Байызбекти — пау, Сыйдагулду – түйүнчөк деп атачу. Мени эмне дегенин чынында билбейм. “Эс” деп эле коюучу. Бау, пау дегенинин маанисин кийин билдим. 60-жылдарда Москвада Лифшиц, Ландау деген өтө популярдуу физик-теоретиктер бар болучу. Алардын физиканын теориясы боюнча жазган китептерин да окуганбыз. Ландауну кесиптеш-физиктери Дау деп коюшуучу экен. Ошону туурап Шакем жолдошторун жогорудагыдай атаптыр. Ал эми Сыйдагул өзүнө өтө тыкан, чыйрак, уюткан коргошундай болгон чымыр бала эле. Бир жолу 10 километрлик кроссто түйүнчөктөй түйүлүп биринчи келген. Ошондон баштап  ал “түйүнчөк” атка конгон. Өмүрү кыска экен, 5-курска барганда Новосибирскиде практикада жүрүп каза  болуп калды. Ал жактан сөөгүн Советбек  палван алып келди. Жеңиш болсо бою узун, шадылуу эле. Бокска катышчу. Чын эле арабызда найзакер болучу. Аларды Шабданбек гана байкап, өзүнүн баасын берген экен. Бири да ага теригип, тескери сөз айткан эмес. Ал учурда  Шабданбектин ыр жазганын билчү эмеспиз. Бирок, сөзгө сөздү жармаштырып, бир нерселер жөнүндө жамактап айтып калуучу. Көрсө, ошол учурда эле чыгармачылыктын элементтери жан дүйнөсүн козгоп, кайсы бир фантазияларга жетеленип жүргөн окшобойбу.

Кийинки курстарда окуп жургөндө үй-бүлөлүк шартына жараша академиялык отпуск алып, кийин математика адистигин бүтүрдү. Бирок ал физика менен математиканы бирдей өздөштүрүп, экөөнөн тең мектепте сабак берип жүрдү. Бизден эч качан колун үзгөн жок.

1965-жылы мурда кирген 25тин ичинен он үчүбүз гана физика бөлүмүн бүтүрүп чыктык. Советбек Новосибирск университетин бүтүрдү. Алардын ичинен  4 илимдин доктору, 4 илимдин кандидаты, 3 партиялык, советтик, профсоюздук ишмер, 3 билим берүүнүн отличниги, 1 академик, 1 мүчө корреспондент, 3 Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, 2 Кыргыз Республикасынын илим жана техника боюнча Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты чыгышты. Ал эми Шабданбектин ийгилиги бардыгынан өтүп кетти: “Эл агартуунун отличниги”, 10дон ашык китептин автору, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин сөзүнүн авторлорунун бири, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы, Кыргыз Республикасынын Эл мугалими ж.б. Башка республикалык, областтык, райондук жана айылдык деңгээлдеги сыйлыктарына менин санагым жетпей калган.

Шабданбек менен 60 жылча  чогуу жүрдүк. Ар кимибиз ар жакта иштеп жүрсөк да кол үзүшпөй, байланышта болдук. Айрыкча Шабданбек Суусамырдан шаарга келгенде сөзсүз учурап, ал-ахыбалды сурашып, үй-бүлө, иш жөнүндө баарлашып, айрыкча анын мугалимдик иши менен катар чыгармачылыгы жөнүндө сүйлөшчүбүз. Чалкан  журналына чыккан фельетондорун, газетага  жарыяланган ырларын, достук азилдерин көрсөтчү. Бирок анын жазуучулукка белсенип киришкенин 1987-жылы “Мектеп” басмасынан чыккан “Куланчы мерген” аттуу китебин окугандан кийин ишендим. Андан кийин бир топ китептерди жарыялады. Анын бардыгын автор катары мага белек катары  берип жүрдү. Өз учурунда аларды окуп, жекече пикиримди айтып, учуру келгенде мактоо сөздөрүмдү арнап, кай бирде сын пикиримди билгизип жүрдүм. 2003-жылы Кара-Балтадан чыгарган “Кылымдар жаңырыгы” деген китебине: “Академик даанышман, атактуу адам болдуңуз. Төр жагына илимдин, эмгегиң менен кондуңуз. Саргара иштеп бел чечпей, Сак-саламат болуңуз. Китебимди мына ушул, барактап окуп коюңуз” деп сылык-сыпаа каалоо  жазып, мага берип кетти. Анда аңгеме, даректүү баяндар, повесть, эскерүүлөр киргизилиптир. Андан кийинки китеби “Сезим ыргактары” деп аталат. Китептин баш сөзүндө өзү белгилегендей , бул китеп “Мектеп” басмасына 1985-жылы берилиптир. Ошондон чыкпай жатып, 1991-жылы автордун колуна кайра келиптир. Ал китепти өзү 2006-жылы демөөрчүлөрдүн жардамы менен чыгарды. Бирок ушул убакыт ичинде Шабданбектин өмүрүндө өтө чоң бурулуштар болду. Анын негизгиси Кыргыз Республикасы мамлекеттик эгемендикке ээ болгондон кийин, анын биринчи гимнин жазуу боюнча конкурска катышкандыгы, анын тандоонун ар кандай этаптарында жетишкен ийгиликтери, акыры акын Жалил Садыков экөөнүн жазган тексти Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынып бекитилиши болду. Кабыл алуу аземи Т.Сатылганов атындагы улуттук филармонияда Легендарлуу парламенттин спикери М.Шеримкуловдун башкаруусунда чоң салтанат менен өттү. Курсташтар чакыруу боюнча барып катыштык. Акырында филармониянын чоң ашканасында банкет болду. Аны Ж.Садыков менен Ш.Кулуевдер уюштурушуптур. Эл акыны Эсенгул Ибраев той башы болду. Көптөгөн ошол учурдагы белгилүү адамдар катышты. Парламент мүчөлөрү азыркыдай майда-чүйдө эмес, элдин урмат-сыйына ээ болгон адамдар болучу. Эң жакшы тилектер, каалоолор айтылды. Биз да өзүбүздүн ак тилегибизди айтып, мамлекеттик гимнди жазганга биздин курсташыбыз, жакын жолдошубуздун катышканына болгон кубанычыбызды, сыймыгыбызды билгиздик. Иш-чара бүткөндөн кийин баарыбыз чогулуп алып Т.Үмөталиев менен С.Чокморов көчөлөрүнүн кесилишиндеги Байызбектин үйүнө барып майрамды уланттык. Ошентип Шабданбектин мамлекеттик маанидеги өмүр жолу уланды. Мамлекеттик сыйлыктарга ээ болуп, элге таанылды. Миңдеген жолугушуулар, ар кандай деңгээлдеги кабыл алууларга катышты. Бирок ыр жазганын, чыгармачылык аракетин токтопостон, жигердүү эмгектене баштады. Ийгиликтер ага дем берди, күч-кубат берди. Жашоого болгон, жерине, элине болгон ак тилеги улам арууланып, ак дилинен эргип  иштегени байкалып турду. Ошондой эргүүнүн, өмүр жолундагы жаңы бийиктиктерди багындыруунун деми менен бир нече жаңы китептерди, ар кандай жанрдагы чыгармаларды жаратты. Мисалы, “Ырларым менен сырларым” (2012), “Көңүлдөгү эстеликтер” (2016), “Дил кайрык” (2020) ж.б. Мындан башка дагы Жангарач, Кожомкул, Мидин жөнүндө китептери бар деп уккам. Бирок алар мага жеткен эмес. Ш.Кулуевдин чыгармалары, анын чыгармачылык  өнөрүнүн өзгөчөлүгү жөнүндө адистер өз ойлорун билгизишер. Аны күтө туралы. Шабданбектин жасалма мүнөзү жок эле, улуу ойчул Жалаледдин Руми айткандай “болгонундай  көрүнүп, көрүнгөнүндөй болуп” жүрүүчү.

Шабданбектин өмүрлүк жубайы Багышова Асылбүбү Ак-Талаа районунан болот. 1968-жылы В.Маяковский атындагы Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтунун башталгыч класстын мугалимдерин даярдоо факультетин бүтүргөн. 1997-жылга чейин башталгыч мектептин окуучуларын окутуп жүрүп, ардактуу эс алууга чыккан.  “Эмгек ветераны” медалы, Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланган. Алар Элмира, Чыңгыз, Жалбыз, Фарида, Темирболот, Сталбек, Элнура аттуу уул-кыздарды чоңойтуп, татыктуу таалим-тарбия беришти. Алардын ар бири элибиздин жыргалчылыгы үчүн тер төгүп, ак эмгегин  жасап келишет. Алар ар түрдүү кесиптин ээлери. Балдарынын жогорку билимге ээ болушу жөнүндө Шабданбек менен Асыл ар дайым камкордук көрүп келишти. Балдар-кыздары эле эмес, неберелеринин билим алышына, турмуштан өз ордун табуусуна да ата-энелик мээримдерин төгүп, колунан келген жардамдарын аянбай берип келишкендиги бизге белгилүү. Күйөө балдары, келиндери да бири-бирине төп келишкен адамгерчиликтүү жубайлар экенин билебиз.

Кызы Фарида педагогика илимдери боюнча кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргоп, Кыргыз экономика университетинде жигердүү эмгектенип жүрөт. Жолдошу Асылбек Бишкектеги алдыңкы курулушчулардын баш сабында. Кенже кызы Элнура демилгелүү журналисттерден. Анын кыргыздын ар кандай багыттагы баалуулуктарын  дүйнө элине таратууга жасаган аракеттери колдоого алууга татыйт. Чыңгыз болсо өмүр бою бир жерде иштеп, ошонун үзүрүн көрүп жүргөн чагы. Темирболот болсо соода уюштуруу тармагында иштегени менен атасынын жолун жолдоп чыгармачылыкка берилип, мазмундуу ырларды жазып жүргөнүнө жакында күбө болдум.

Урматтуу Шабданбек курбумдун үй-бүлөсүнө – Асылбүбүгө, балдар-кыздарына, алардын үй-бүлөсүнө, небере-чөбөрөлөрүнө кенен келечек каалайм. Башыңар аман, бооруңар бүтүн болсун!

Урматтуу Шабданбек! Жаткан жериң жайлуу, топурагың торко болсун! Сени акыркы сапарга узатууда мамлекет башчыларынын, элиңдин, ага-туугандарыңдын, уул-кыздарыңдын көргөн камкордугуна ыраазымын. Ал сенин элиңе жасаган ак эмгегиңдин үзүрү! Жерибизде, элибизде тынчтык болсун, жараткан ынтымак-ырыс берсин!

ЭСТЕГИ  ЭЛЕСТЕРДЕН  ЭКИ ООЗ СӨЗ

Эсенбек Мамбетакунов,
КР УИАнын корреспондент м
үчөсү, педагогика илимдеринин доктору, профессор, КР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Ж.Баласагын атындагы КУУнун кафедра  башчысы

Бөлүшүү

Комментарийлер