ЭНЕ БОЛГОН ЭСЕЛЕКТЕР

  • 09.04.2021
  • 0

Адистер бойго жете элек кыздардын кош бойлуу болгон фактылары көбөйүп баратканын белгилешүүдө. Мындай шартта алардын ата-энелеринин жоопкерчилиги жөнүндө сөз болбой, аларды окуткан мугалимдер жазага тартылып жатканы коомчулукта кызуу талкууга алынып жатат. Ага өткөн аптада Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы мектептердин биринде 7-класста окуган окуучу кыздын көз жарганынан улам, ал мектептин директору, соцпедагогу иштен кеткени түрткү болду.

Фейсбук колдонуучу, п.и.д. доцент Кыялбек Акматов: “Директорду, соцпедагогду иштен алуу, мугалимге сөгүш берүү чечим эмес. Баягы эле «Балээге калган Бадалбай» дегендей болуптур. Кошо жатып, кошо турбагандан кийин мугалимде не күнөө. Эмне мектепте жатыптырбы? Ата-энелик жоопкерчиликти күчөтүү зарыл! Үй-бүлөлүк тарбия, үй-бүлө институтунун маанисин күчөтүү зарыл! Бир окуя болсо эле күнөөлүүнү издеп, кожо көрсүнгө чара көргөндү токтотуу зарыл! Бул жалпы коомчулуктун оорусу. Дарылоо керек!” — деп жазат өз баракчасында.

ЭНЕ БОЛГОН ЭСЕЛЕКТЕР

“Деректир бир тууганым болбосо, жумуштан кетмек эмес”

Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Талант Эмилбек уулу менен байланышканыбызда, бул окуянын чоо-жайы боюнча бизге төмөнкүлөрдү билдирди.

– Окуучу кыздын окуясына байланыштуу мектепте чогулуш болду. Кыздын кош бойлуу экенин эч ким билген эмес. Окуя июль айына туура келип жатат, демек, кыз ата-энесинин кашында болгон. Бирок ошого карабай, мектеп директору жана социалдык педагог жумуштан кетти. Деректир менин бир тууган эжем, өз демилгеси менен жаңы мектеп курдуруп жаткан, анын ачылышынан кийин кетейин деп күтүп жүрдү эле, ушул окуядан кийин калууну каалаган жок. Ушул кырдаал болбосо, мектеп директору жумуштан алынат беле, жок беле, анык айта албайм, балким эскертүү же сөгүш берилмек. Менин жеке оюмда, мектеп деректорлорун, мугалимдерди жумуштан алуу туура эмес. Балдар үчүн ата-энелердин жоопкерчилигин күчөтүү керек. Алар тараптан көзөмөл алсыз болгондуктан, мугалимдердин жылдап жумшаган эмгеги талаага кетип жатат. Мектепте мугалимдер ал кыздын жүрүм-турумундагы өзгөрүүлөрдү айткан күндө да, ата-энесине кандай кабыл алаары белгисиз эле, балким, жалаа жаап, жаманатты кылып жатышат деп жаман көрмөк. Окуучулар мектепте ашып кетсе алты саат болушат, андан сырткаркы убакта ата-энелеринин жанында, демек, биринчи жоопкерчилик ата-энелерде болууга тийиш.

Арийне, биз да өзүбүздөн жоопкерчиликти тап-такыр алып кое албайбыз. Келерки окуу жылынан баштап социалдык педагогдорго талаптарды күчөтүү аракеттерин көрө баштайбыз. Чындыгында азыркы соцпедагогдордун милдети өз адистиги боюнча, сааты жетпей, жарым ставкада иштеген мугалимдерге жүктөлгөнү эч кимге жашыруун эмес. Жаңы окуу жылынан баштап соцпедагогдорду жумушка алаарда алардын иш тажрыйбасын, жөндөмдүүлүгүн, билим сапатын кылдат карап алганга басым жасайбыз.

Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн адистери, райондогу жалпы эле мектеп администрациялары балдардын тартибин бекемдөө, балдарга карата зордук-зомбулукка жол бербөө багытында кыйла жакшы иштерди аткарып келишкен, мындан ары да аткара беришмекчи, — деди Талант Эмилбек уулу.

Анын айтымында, кеткен директордун ордунда иштеп жаткан адам да иштөөдөн баш тартууда. Ал ушундай кырдаалда жетекчи болуп иштөө өтө опурталдуу деген жүйөөлүү пикирин айткан.

– Ырасында эле балдардын жоопкерчилиги жүктөлгөн жетекчилик кызматтан баш тарткандай кырдаал түзүлүп жатат. Эселек кыздардын келечегине көлөкө түшүргөн терс көрүнүштөр көп эле кездешүүдө. Алсак, азыркы учурда мектепте хиджап маселеси курчуп баратат. Эгерде бир жарым ай мурда жоолук салынган мектеп окуучуларынын саны 302 болсо, азыркы күндө 600гө чыгып кетти. Намаз окуган балдарга мектептен шарт түзүп бергиле деген талап койгон ата-эне Таш-Көмүр шаарында катталганы маалым. Андыктан тиешелүү бийлик ата-эне менен мектеп биригип, баланын билим алуусун камсыздаган, коопсуздугун кепилдеген шарт түзүп беришин каалайт элем, — дейт Талант Эмилбек уулу.

Коомдун кодулоосунда калган кыздар

Серепчилердин баамында жашы жетелекте зордукталып, же алданып калган кыздар көбүнчө коомчулуктун кодулоосуна туш болот.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, 2018-жылы 13-17 жаштагы 552 өспүрүм көз жарган. Бул андан мурунку жылга караганда 60 адамга көп. Андан берки жылдардагы цифра деле көңүл жылытарлык эмес. Кыргызстанда өспүрүм куракта турмуш кургандардын саны жалпы баш кошкондордун дээрлик 13 пайызын түзөт. Ал эми КМШ өлкөлөрүнүн ичинен 15-19 жашында көз жаргандар боюнча Кыргызстан Азербайжандан кийинки эле экинчи орунда турат.

Бишкек шаарындагы №1 ҮДТнын дарыгери Чынара Сатарова эрте курактагы төрөттүн кесепети көп деп эсептейт.

– Укук коргоочулар эрте төрөгөн кыздардын көбү зордуктоого кабылганын белгилешет. Азыр мындай учурлар көп аныкталып жатат. Бул болочок энелер үчүн, демек, улут үчүн өтө кооптуу көрүнүш. Жөнөкөй эле бир мисал келтирейин, аял кош бойлуу кезинде анын организми эки эсе көп иштейт. Ошондо жүрөк, өпкө, бөйрөк, боор сыяктуу организмдеги баардык органдар эки эсе күч менен иштейт. Экинчиден, ал кыз өзү да эне болууга психологиялык, моралдык жактан даяр эмес. Анткени кыздардын организми 17-18 жаштан кийин гана толук калыптанып, жетилет. Айрым изилдөөлөргө караганда, эрте төрөгөн кыз-келиндер билим алуу жагынан чектелет. Андай болгон соң көбү жумушу жок, үйдө отуруп калат. Бул кайра эле экономикалык зомбулукка, көз карандылыкка алып келиши ыктымал. Өспүрүм кезинде төрөгөндөр 18 жаштан жогору жашта балалуу болгондорго караганда 1,5 эсе көп оорушат экен, — дейт дарыгер.

Тарбия башаты үй-бүлөдөн башталат

Билим берүү тармагында 20 жылдык тажрыйбасы бар соцпедагог Азиз Зарлыковдун пикиринде, балдарга ТВ, интернет, жана башка социалдык тармактар өтө терс таасир тийгизип жатат. Ал айрыкча ачык-айкындык, маалыматтардын иргелбей тарап жатканы балдардын тарбиясына кедерги келтирет деп эсептейт.

– Тарбия башаты үй-бүлөдөн башталат. Үйдө туура тартип, ал эми мектепте туура талап болсо, балдардын бош убактыларын пайдалуу иш-чараларга аралаштыруу колго алынса, балдардын окуусунда да, тартибинде да мынчалык маселелер жаралмак эмес. Мен айрыкча, үй-бүлөдөгү таалим-тарбияга басым жасаар элем. Кыргызда “Алма сабагынан алыс түшпөйт” — деп бекеринен айтылбаса керек.

Биринчи – ата-эненин жоопкерчилиги, анан чөйрөнүн, коомдун да таасири чоң. Соцпедагогдор деле колдон келишинче иш алып барып жатышат. Азыр өзгөчө мигрант маселеси курч турат. Эмгек мигранттарынын балдары алыс-жакын туугандарынын колунда калып жатпайбы. Балдардын тарбиясына коомдогу баш аламандык, коррупция, кайра-кайра болуп жаткан революция да терс таасир тийгизбей койбойт. Балдар баары бир чөйрөсүндөгү адамдардан таасирленет. Андыктан ата-энелер, ага-эжелер үлгү болууга тийиш. Ушул максатта ата-энелердин мектебин ачып, аларды жумасына бир жолу мектепке чакырып туруу керек деп ойлойм. Ата-энелерди жыйналышка гана чакырбай, алардын катышуусунда класстан тышкаркы ар түрдүү темадагы жолугушууларды, ток-шоуларды өткөрсө болот. Балдарды кызыктырган, өспүрүмдөргө таасири тийе турган чыгаан адамдарды, каармандарды чакырып, жолугушууларды уюштурсак, алар өзүнүн турмушта жетишкен ийгиликтери жөнүндө айтып беришсе, кыйла кызыктуу болмок.

Биз айыл жаштарынын башын кошкон иш-чараларды өткөрүү максатында “Жаштар борборун” ачканбыз. “Кофе үстүндө 60 суроо” деген долбоорубуз бар. Анын алкагында баардык темаларды талкуулоого болот. Ага биринчи кезекте мектеп окуучулары активдүү тартылып жатат. Башкаларга да кызыктуу болушу үчүн ТВ жана массалык маалымат каражаттарынан өкүлдөрдү чакырып, аларды чагылдыралы деген планыбыз бар. Андай жолугушуулар бүтүрүүчү класстын окуучуларына болочок кесип тандоодо да жакшы таасир берет. Ар бир класстан кызыктуу суроо берген окуучуларды алтын тизмеге түшүрүп, ал балдардын катышуусунда конкреттүү бир адам менен жолугушуу уюштурабыз.

Кийинкиде калган балдардын арасынан да ошондой жол менен кызыктуу суроо тандалып алынып, ал балдарды чогултуп экскурсияга алып чыгабыз.

Мындай жолугушуулар тарбияга, адеп-ахлакка, кесип тандоого жакшы таасир берет. Эгерде ишти туура уюштурса, балдар андан ары өздөрү эле алып кетет. Азыр баардык жерде экология көйгөйү күчөп турат. Биз бул максатта экомарафон ишембилигин өткөргөнү даярданып жатабыз, биздин өнөктөшүбүз “Керемет” банкынын жардамы менен эң көп целлофан, пластик, ж.б. зыяндуу таштандыларды чогулткан класстар арасында жарыш уюштуруп, жеңүүчүлөрүнө атайын сыйлыктарды тапшырабыз, — дейт Азиз Айдаркулович.

Айнагүл Кашыбаева, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер