ЭЛЕКТРОНДУК АККРЕДИТАЦИЯ КОРРУПЦИЯЛЫК ТОБОКЕЛДИКТИ АЗАЙТАТ

  • 02.04.2021
  • 0

Билим берүү мекемелерин жана программаларын электрондук аккредитациядан өткөрүү үчүн атайын маалыматтык система иштелип чыгып, Билим берүү жана илим министрлигинде тесттик режимде колдонууга берилди. Учурда алгачкылардан болуп Бишкек шаарынан бир, Аламүдүн районунан бир мектеп өтсө, эки колледж жана бир катар кесиптик лицейлердин документтери түшүп, комиссия тышкы баалоо жүргүзүүдө. 

 

АККРЕДИТАЦИЯ КАЧАН БАШТАЛГАН?

Бизде билим берүү мекемелерин аккредитациялоо 2013-жылы “Билим берүү жөнүндө” мыйзамына өзгөртүү киргизилгенден бери жаңы мазмунда ишке ашырылып келет. Мыйзамга ылайык, мектептер, кесиптик-лицейлер, колледждер, жогорку окуу жайлар аккредитациядан өтмөйүнчө бүтүрүүчүлөрүнө диплом, аттестат, күбөлүк бере албайт. Жогорку окуу жайлар сөзсүз түрдө көз карандысыз аккредитациядан өтүшү керек. Башка окуу жайлар өздөрүнүн чечими менен көз карандысыз аккредитациялык агенттиктерден өтсө болот. же Билим берүү жана илим министрлигинен электрондук аккредитациядан өтүшү керек. Мамлекеттик жана муниципалдык мектептерди аккредитациядан өткөрүү үчүн министрликке бюджеттен каражат бөлүнгөн.

Аккредитациялоо иши ачык-айкындыкты талап кылгандыктан, азыр мурдагы баалоодон түп-тамырынан бери өзгөртүлгөн жаңы процедура – электрондук аккредитация ишке ашырылып жатат. Бул платформанын бирденбир өзгөчөлүгү министрлик менен окуу жайдын ортосундагы адамдардын байланышын азайтып, коррупциялык көрүнөштөргө бөгөт коет.

– Бүгүнкү күндө мамлекет санариптештирүү багытында бара жатат. Бул багытты коштой, билим берүү мекемелерин аккредитациялоону дагы автоматташтырып, адам факторунун катышуусун азайтууга аракеттер көрүлүүдө. Аккредитациянын жыйынтыгы дагы жалпы элге, ошол билим берүү уюму жайгашкан жердеги кызыктар тараптарга — ата-энелерге, окуучуларга, жергиликтүү бийликке, демөөрчүлөргө, кыскасы, баардыгына ачык-айкын көрүнүп турушу абзел. Тилекке каршы, көп билим берүүчү мекемелер өздөрү жасап жаткан иштерин коомчулукка жеткире албагандыктан, алардын ишмердигине карата түрдүү сын пикирлер айтылууда. Бул электрондук аккредитациянын дал ушул пикирди жөнгө салууга дагы чоң жардамы тийет, — дейт Лицензиялоо жана аккредитациялоо башкармалыгынын башчысы Калдыбай уулу Мирлан.

Электрондук аккредитациялоо системасын иштеп чыгуу боюнча өткөн жылы Өкмөттүн атайын буйругу чыккан. Ошол буйрукка ылайык мурунку Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети, азыркы Кыргыз Республикасынын Өкмѳтүнѳ караштуу Санариптик ѳнүктүрүү мамлекеттик кызматы ушул системаны иштеп чыкты. Бул платформа бүгүнкү күндө аккредитациялоо ишинде тесттик режимде иштеп жатат. Тилекке каршы, 2021-жылдан баштап каржылоо токтоп калгандыктан, аны иштеп чыккан кызматкерлердин эмгек акысы төлөнбөй, платформаны толук ишке киргизүүгө мүмкүнчүлүк болбой турат.

ЭЛЕКТРОНДУК АККРЕДИТАЦИЯ КОРРУПЦИЯЛЫК ТОБОКЕЛДИКТИ АЗАЙТАТ

ӨЗГӨЧӨЛҮГҮ ЖАНА КАДАМДАРЫ

Бул электрондук аккредитациялоо платформасынын бирден-бир өзгөчөлүгү — жогоруда айтылгандай, адам факторун азайтууда. Мурункудай аккредитациядан өтө турган мекеменин кызматкерлери министрликке болгон документин көтөрүп алып келбейт. Убактысын ашыкча коротпойт. Алар баардык ишти ошол тутум аркылуу гана бүтүрүшөт. Ал жакта аккредитациянын түрүнө жараша талаптар коюлган. Баардык суроолор тутумдун ичине киргизилген. Алгач билим берүү уюму платформага катталып, андан кийин өзүнүн көрсөткүчтөрүн толтуруп, анан министрликке электрондук түрдө жөнөтөт. Өзүн-өзү баалоонун отчетун толтуруп бүткөндө, билим берүү уюмунун арызы Башкаруунун автоматтык тутумунда автоматтык түрдө иштелип чыгат. Ал система Адилет министрлиги менен байланыштырылган. Анткени баардык билим берүү уюмдары ал жакта каттоодо турат. Юридикалык каттоосу боюнча маалымат түшкөндөн кийин ички процедура башталат. Башкаруунун автоматтык тутумуна кирбеген окуу жайлар аккредитациядан өтө албайт. Бул Өкмөттүн токтомунда бекитилген.

Электрондук түрдө арыз жөнөтүлөрү менен ал министрликке келип түшөт. Дароо катталып, эксперттик комиссия түзүлөт. Эксперттик комиссия да мурункудай министрликке келбейт. Комиссияга буйрук чыгары менен, алардын электрондук даректерине кат барат. Ошол жактагы логин, пароль менен автоматтык түрдө аккредитациядан өтө турган окуу жайдын маалыматына кирүүгө уруксат алышат. Эксперттер окуу жайдын ишмердигине бааны көз карандысыз коюшат. Баанын — дал келет, жарым жартылай дал келет, же дал келбейт деген үч түрү бар. Ошол үч баанын бирин тандагандан кийин, ал бааны эмне үчүн койгондугун түшүндүрүп, комментарий жазат. Эксперт жумушун бүтүп, аяктоо деген баскычты баскандан кийин, комиссиянын корутундусу автоматтык түрдө өзү иштелип чыгып, PDF форматта даяр болот. Эксперттер аны принтерден чыгарып, кол коюп, кайра тиркеп гана коет. Министрликтин базасында эксперттик комиссиянын жыйынтыгы даяр деген статус пайда болгондон кийин, системадан чыгарылып, коллегияга кароого киргизилет.

– Бул электрондук аккредитациянын эң негизги максаты — коррупциялык тобокелдикти азайтуу, санариптештирүү боюнча баардык билим берүү уюмдарынын абалын жакшыртуу болуп саналат. Анткени көп мектептерди министрлик интернет менен камсыз кылганы менен, аны максаттуу пайдалана албай келишет. Мисалы, көп окуу жайдын сайты жок. Айрым сайты барлар ошол жакка материалдарын жайгаштыра албай жатышат. Мектеп аткарган ишинин жыйынтыгын өзүнүн сайтына жайгаштыра албай, өзүнүн тегерегиндеги кызыктар тараптарга жасап жаткан иштери жөнүндө маалымат жеткире албай жатат. Билим берүү уюмунун аткарган иштери жөнүндө маалымат жок болгондуктан, аларды иштебей жатат, мектептер начар, жалаң акча алуу менен гана алек болууда деген сыяктуу сөздөр коштоп жатат, — дейт Бактыгүл Акулова.

 

 АЛГАЧ КИМДЕР ӨТӨТ?

Азыр портал тесттик режимде иштеп жатат. Учурда Бишкек шаарынан №12 мектеп-гимназиясы жана Аламүдүн районундагы №2 мектеп-гимназиясы өтүп бүтүп, аккредитациянын жыйынтыгы кечээ Ош шаарында өткөн министрликтин коллегиясында чыгарылды. Булардын тажрыйбасы тууралуу кийинчерээк сөз кылабыз. Бир нече кесиптик лицейлер, эки колледж тесттик режимде өзүнүн документтерин жөнөткөн. Азыр аларга комиссия түзүлүп жатат. Комиссия да тесттик режимде иштейт.

– Аккредитациядан өтүп жаткан мекемелер кадимкидей эле белгиленген тартипте аккредитацияланат. Азыр программаны иштетип көрүп, кемчиликтерин карап, жалпы өндүрүшкө бергенде кыйналып калбайбызбы деген маселелерди чечип жатабыз. Мүмкүн болушунча эң жөнөкөй форматта жасалды. Окуу жайлар Фейсбук, Инстаграмм сыяктуу социалдык тармактарга катталгандай эле каттала алышат. Эң жөнөкөй суроо-жооп баскычтары менен өтүшөт. Бир аз маселелер жаралып жатат. Анткени бул билим берүү уюмдары үчүн бул жаңы система. Жогоруда айтылгандай, системаны толук кандуу ишке киргизүүдө жаралган каржылык маселеси Ошто өткөн министрликтин коллегиясында талкууланып, аны чечүүнү жетекчилик өз көзөмөлүнө алды, — дейт Бактыгүл Акулова.

 

АТАЙЫН ОКУУЛАР БАШТАЛДЫ

Билим берүү жана илим министрлиги Азия өнүктүрүү банкынын долбоорунун каржылоосу менен электрондук аккредитациядан өтө турган мекемелердин кызматкерлерин 29-марттан баштап окута баштады. Биринчи семинар башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине арналып, 29-31-мартта өттү. Андан кийин эки семинар башталгыч кесиптик билим берүү уюмдары үчүн, дагы экөө орто кесиптик билим берүү уюмдары үчүн пландалган. Май айында болсо мектептер үчүн өткөрүлөт. Анда райондук билим берүү борборлорунун бирден адиси менен бирден мектептин директору окутулат.

– Аларды Бишкекке чакырабыз. Эмне үчүн бир гана директорду окутабыз? Биринчиден, каржы булактарын үнөмдөөгө туура келүүдө. Анткени бир жылга 20 миллион сом эле каралат. Ал акчага биз 600дөй мектепти аккредитациядан өткөрүшүбүз керек. Ошондуктан ушундай чектеп койдук. Бирок ал окуудан өткөн эки киши өзүнүн районуна барып, башка мектептердин директорлорун окутушат. Буюрса, кийинки окуу жылынан баштап электрондук аккредитация толук бойдон ишке кирип калса, мектептер кыйынчылыксыз өткөнгө даяр болуп калышат, — дейт министрликтин лицензиялоо жана аккредитациялоо башкармалыгынын жетектөөчү адиси Бактыгүл Акулова.

 

АЛГАЧКЫ КАРЛЫГАЧТАР

Электрондук аккредитациядан учурда Бишкектеги №4 кесиптик лицейи өтүп жатат. Тутумга катталып, тийиштүү документтеринин баарын тиркеп, министрликке жөнөтүп коюп, иштин андан аркы баскычына даярданышууда.

  • Бүгүн эле порталга кирип, документтериңер кабыл алынды деген белгини көрүп кубанып отурабыз. Бул тутум менен аккредитациядан өткөн абдан жеңил экен. Баардык документтердин электрондук түрүн гана жүктөп койдук. Мурда болсо 5-6 папкадан турган материалдардын топтомун көтөрүнүп алып, министрликке барып, убара болуп жатчубуз. Тутумдун өзүндө үч чоң окута турган видео бар экен. Ошону жакшылап көрүп чыкканда эле баары түшүнүктүү болду. Билбей, түшүнбөй калган жерлерибизди болсо тийиштүү адистерден сурап алып жаттык. Аларга да рахмат, күн-түн, дем алыш, майрам дебей бизге жардам беришти. Эң жакшысы система абдан жөнөкөй түзүлүптүр. Улам бир баскычты басып өтө берет экенсиң. Дагы бир жакшы жери керектүү жерлерге сайтыбыздын, Инстаграмм, Фейсбук баракчабыздын шилтемесин гана жүктөп койдук. Комиссия ошол шилтеме аркылуу кирип, биздин окуу жайда жасалып жаткан иштер тууралуу бир топ маалыматтар менен таанышып алса болот экен, — дейт лицейдин директору Усупбаева Эрмек.

Чолпон Кийизбаева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер