ЭЛ ЭМГЕКТЕН ЭСКЕРЕТ

  • 01.09.2023
  • 0

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Жарлыгы менен академик, хирург Ахунбаев Иса Коноевичке Кыргыз Республикасынын медицинасынын жана илиминин калыптанышына, өнүгүшүнө кошкон зор салымы үчүн “Ак Шумкар” өзгөчө белгисин тапшыруу менен “Кыргыз Республикасынын Баатыры” эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды (каза болгондон кийин).

Кыргыздын сыймыктуу уулдарынын бири, кыргыз медицинасынын түптөлүү башатында турган белгилүү хирург, медицина илимдеринин доктору Иса Ахунбаев 1908-жылы Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Тору-Айгыр айылында туулган. Ал үй-бүлөсү менен чогуу 1916-жылы Улуу Үркүндө Батыш Кытайга качып, 1917-жылы кайтып келген. Турмуштук шартына байланыштуу 14 жашынан баштап окуй баштаган. Ал орус тилин окуп үйрөнүү үчүн күнүгө өзүнүн айлынан Рыбачьеге чейин 22 километр жөө барып келип турган. Билимдин артынан сая түшкөн 17 жаштагы улан жонуна куржунун артып алып жөө-жалаң Фрунзеге, андан ары Ташкентке аттанган.

ЭЛ ЭМГЕКТЕН ЭСКЕРЕТ

1935-жылы Ташкенттеги Орто Азия медициналык институтун аяктагандан кийин 1935-1937-жылдары Кыргыз ССР саламаттык сактоо эл комиссарынын орун басары болуп иштеген. 1937-жылы башталган сталиндик репрессия апааты болочок хирургга өз залакасын тийгизбей койгон жок. Жазыксыз жерден жалаага кабылып, 1937-1939-жылдары жазыксыз жерден абакта камалып, тилекке жараша, акталып чыккан.

Иса Ахунбаевдин кыргыз медицинасына таштаган алгачкы кадамы Улуу Ата Мекендик согуш башталган 1941-жылга туш келет. Ал башка курдаштары сыяктуу эле Батыштагы кан күйгөн согушка аттануу үчүн бир нече жолу суранган, бирок анын кызматы оорукка көбүрөөк керек эле. Болочок хирург ошол жылы Фрунзе (азыркы Бишкек – ред.) шаардык оорукананын хирургия бөлүмүнүн ассистенти болуп ишке орношкон.

Кыргызстанда биринчи болуп жүрөккө операция жасаган

Таланттуу хирург 1947-жылдан тартып өмүрүнүн аягына чейин Кыргыз мамлекеттик медицина институтунун жалпы хирургия кафедрасынын башчысы болуп эмгектенүү менен бирге эле 1948-52-жылы КММИнин директору кызматын аркалаган.

Иса Коноевичти даңктуу жана барктуу жолду басып өткөн десек жарашат. Ал бир колуна хирургдун сыйкырдуу скальпелин, бир колуна сырдуу калемин кармап, операция жасоо менен катар эле илимий иштерин тынбай жүргүзүп келген. Ал кыргыз медицинасы, айрыкча тоолуу климатта жашаган кыргыз эли медициналык жардамга, илимий изилдөөлөргө өтө муктаж экендигин жакшы билген. Анын илимий иштерине көз жүгүртсөк, Кыргызстандын климатына мүнөздүү ооруларды изилдегенине күбө болобуз. Теория менен практиканы ийгиликтүү айкалыштыра билген хирург 1952-1954-жылы СССР Илимдер Академиясынын Кыргыз филиалынын Президиумунун төрагасынын орун басары, андан кийин анын төрагасы болгон.

ЭЛ ЭМГЕКТЕН ЭСКЕРЕТ

Иса Коноевич Кыргызстанда медицина илимин өнүктүрүүдө жана жергиликтүү медициналык кадрларды тарбиялап чыгарууда чоң роль ойногон.

Анын демилгеси менен 1959-жылы Республикалык клиникалык ооруканада көкүрөк хирургия бөлүмү уюштурулган жана Орто Азия жана Казакстанда биринчи болуп жүрөккө операция жасаган.

Иса Коноевичдин сейрек жаралуучу чебер хирург экендигин тастыктаган бир катар фактылар бар. Кесиптештери анын жашы жетимишке чукулдап калганына карабай, бир күндө 10-12 сааттан кем эмес операция жасаганын аңыз кеп кылып айтып жүрүшөт. Кээ бир хирургдар ырым кылып жакындарына операция жасабайт дешет, бирок ал алыс жакынына карабай баарына операция жасай бергенин көп айтышат.

Ахунбаевдин комуздун кылынын жардамы менен жасаган операция жөнүндө кимдер гана билбейт?! Иса Коноевичтин Кадыркул деген жакын тууганы сокур ичеги болуп калганда, аны аман сактап калыш үчүн боз үйдүн ичинде сокур ичегисин алып, жаратын комуздун кылы менен тиккени, ал тууганы жыйырма күнгө жетпей ат мингенге жарап калганы легенда катары айтылып келатат.

ЭЛ ЭМГЕКТЕН ЭСКЕРЕТ

Дагы бир бизге жеткен маалымат боюнча бир жолу Шаршенбек аттуу жигит келип, бир врач операция жасап өмүрүн сактап калгандыгы жөнүндө көргөн түшүн айтып берет. Айткандай эле ал жигитке жасаган операциясы ийгиликтүү ишке ашып, аман-эсен сакайып кеткени маалым. Бул окуя 1959-жылдын 19-майында болгон эле. Ошентип ал күн Кыргызстандын кардиохирургиясынын күнү катары тарыхта сакталып калды.

15 жыл аралыгында Иса Ахунбаевдин жетекчилиги алдында мурда бир да жолу болуп көрбөгөн ондогон операция жүрөккө жасалып, жүздөгөн адамдар жүрөк дартынан биротоло айыгып кеткен.

Илимий эмгектери, алган сыйлыктары

И.Ахунбаевдин жазып кеткен илимий эмгектери азыр да өзүнүн актуалдуулугун жоготпой, кыргыз медицинасынын өнүп-өнүгүүсүнө өз салымын кошуп келет. Анын илимий изилдөөлөрү негизинен балдардын аппендицитине, эндемиялык богок, эхинококкоз, шок жана жүрөк ооруларына арналган.

1964-жылы Н.С.Андросов менен авторлош жазган “Эндемиялык богок” илимий эмгеги жарык көргөн. Ошол эле жылы “Жүрөккө операция жасоо” макаласы басылып чыккан. Андан тышкары “Аппендицит детского возраста” макаласы 1947-жылы Москвадан жарык көргөн.

Академик Кыргызстандын климаттык өзгөрүүлөрүнө байланышкан оору-дарттарды изилдеп, ошол темалар боюнча тынымсыз иликтөөлөрдү жүргүзүү менен бирге, илимий макалаларды байма-бай жарыялап турган. 1963-жылы эхиноккоз дартынын көйгөйлөрүнө арналган “Проблема эхинококкоза в Киргизии”, 1965-жылы “Проблема эндемического зоба в Киргизии” аттуу эмгектерди жарыялаган. Андан тышкары 1967-жылы “Очерки по шоку и коллапсу”, 1973-жылы “Справочники симптомов, синдромов болезней человека и диагностических проблем” деген аталыштагы көлөмдүү справочниги жарык көргөн.

230дан ашык илимий эмгектин, анын ичинен 109 монографиянын автору болгон. Бир нече ирет эл аралык илимий жана коомдук форумдарга, төрт жолу хирургиялык конгресске катышкан. Австралия, Франция, Грекия, Канада жана башка мамлекеттерде илимий докладдарды окуган. СССР Жогорку Советинин 2-4 шайланышынын жана Кыргыз ССР Жогорку Советинин 5-6 шайланышынын депутаты болгон. Ленин, Эмгек Кызыл Туу, Октябрь Революциясы, Эл достугу, «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясында Иса Ахунбаев атындагы сыйлык белгиленген. Өзү өзөгүн түзүп кеткен Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына анын ысымы ыйгарылган. Андан тышкары Бишкек шаарындагы КММА жайгашкан көчөгө жана Тору-Айгыр айылынын борбордук көчөлөрүнө, Республикалык госпиталдын хирургия клиникасына анын ысмы ыйгарылган.

ЭЛ ЭМГЕКТЕН ЭСКЕРЕТ

Атактуу хирург, медицина илимдеринин доктору, профессор, СССР МИАнын корреспондент мүчөсү, Кыргыз ССР ИАнын академиги жана туңгуч президенти, Кыргыз ССРинин илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыктын ээси, Кыргыз ССРнин эмгек сиңирген врачы, Кыргыз ССРинин илимге эмгек Сиңирген ишмери Иса Коноевич Ахунбаев 1975-жылы 5-январда автокырсыктан улам дүйнөдөн кайткан. Анын сөөгү Бишкектеги «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлган.

Айнагүл КАШЫБАЕВА,

“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер