ЭЛ АРАЛЫК ДЕҢГЭЭЛДЕГИ ИЙГИЛИК
- 01.08.2025
- 0
Жакында Францияда өткөн Физика боюнча эл аралык олимпиадада (IphO-2025) кыргызстандык эки окуучу Аскар Абдиев жана Эмир Анаралы уулу коло медаль жеңип, өлкө намысын бийик көтөрүп кайтышты. Бул чоң жетишкендиктин артында окуучулардын көп жылдык талыкпаган аракети жана аларды жетектеген мугалимдердин үзүрлүү эмгеги турат. Биз олимпиадалык команда менен иштеген жетекчиси Сабыров Чынтемир агай менен маектешип, ийгиликке жетүүнүн жолдорун, окутуудагы ыкмаларын жана кыргыз окуучуларынын өзгөчөлүктөрү туралуу маек курдук.

– Жакында эл аралык олимпиададан жакшы жетишкендик менен келдиңиздер, куттуктайм! Алгач, кантип мугалимдик кесипти аркалап калдыңыз, ушул тууралуу айта кетсеңиз.
– Чоң ыракмат! Колдоо менен куттуктооңуздар – биз үчүн абдан маанилүү. Чынын айтсам, мен бул кесипти башында атайын тандаган эмесмин. Университетте окуп жүргөндө эле мектеп окуучуларын олимпиадага даярдай баштагам. Мугалимдик кесип мага жакканын өзүм деле байкабай калыптырмын. Окуучуларым да тырышчаак, кызыгуу менен окуша турган. Алгач жөн эле аракет кылып көрүшсө, кийин бара-бара олимпиадага болгон кызыгуусу да, мамилеси да олуттуу болуп өзгөрө баштады. Бул мени да шыктандырып, ушул жолду улантууга түрткү болду. Ушунун баары чогулуп отуруп, акырында ийгиликке жол ачып отурбайбы.
– Жаш балдардын көбү гаджет менен убакыт өткөрүп калган заманда мындай ийгиликке жетүү зор сыймык. Сиздин окутуудагы эң негизги методикаңыз кандай?
– Албетте, замандын талабына жараша балдарды телефонсуз жашоосун элестетүү мүмкүн эмес. Аны толугу менен жок кылуу да мүмкүн эмес. Бирок биз окуучуларга гаджеттерди билим алуу үчүн пайдаланууну үйрөтөбүз. Алар материалдарды издеп, тапшырмаларды аткарып, талкууларга катышат. Ал эми күндүз окуу убагында алар негизинен класста биздин көзөмөлдө болушат. Бош убакытта эс алышат бул да өтө маанилүү. Ал эми негизги ыкма – окуучуну олимпиаданын атмосферасына тартуу. Эгер бала бир жолу өзү катышып көрүп, атаандаштыкты сезсе, кийин өзүнөн-өзү көбүрөөк аракет кыла баштайт. Кээде жеңет, кээде жеңилет, бирок ошол тажрыйба өзүнчө чоң демөөр болуп берет. Ошентип, билимге көңүл бурдуруу деле табигый жол менен жүрөт.
– Эми кеп кезегин IphO-2025 олимпиадасына бурсак. Ал тууралуу учкай айтып өтсөңүз.
– International Physics Olympiad (IPhO) – орто мектеп окуучулары үчүн дүйнөдөгү эң жогорку деңгээлдеги жана эң абройлуу физика олимпиадасы. Бул иш-чара жыл сайын ар башка мамлекетте өтүп, ага дүйнөдөгү эң мыкты мектеп окуучулары катыша алат. Ар бир өлкө эң күчтүү 5 окуучусун жана 2 жетекчисин жиберүүгө укуктуу. Олимпиада теориялык жана эксперименттик турлардан турат. Бул жерде жөн гана физикалык формулаларды билүү жетишсиз. Катышуучулар татаал анализ жасоону, креативдүү ой жүгүртүүнү жана тажрыйба менен иштөө көндүмдөрүн да көрсөтүшү керек. Ушундай деңгээлдеги олимпиадага катышуунун өзү эле чоң жетишкендик, ал эми ийгилик менен кайтуу – мамлекет үчүн да, окуучунун өзү үчүн да зор сыймык. Бул жылы IPhO 17-июлдан 25-июлга чейин Франциянын Париж шаарында өттү. Олимпиадага 94 өлкөдөн 400дөн ашык мыкты окуучу катышты.

– Олимпиадага канча убакыт даярдык көрдүңүздөр жана команданы кантип топтодуңуз?
– IPhO деңгээлиндеги олимпиадага даярдык көп убакытты талап кылат. Бизде окуучулар адатта 7-8-класстан баштап даярдана башташат, мүмкүн болсо, андан да эрте баштаганы жакшы. Болжолдуу балдарга IPhOго татыктуу деңгээлде катышуу үчүн 2–3 жыл даярдык талап кылынат. Кээ бирлери бир жылдын ичинде эле жакшы натыйжа көрсөтүп калат, кээ бирлери бир нече жылдан кийин. Мисалы, быйыл медаль алган Аскар даярдыкты 8-класстын аягында баштап, 9-класстан баштап активдүү окуган. Ал эми Эмир 10-класстан баштаган. Экөөнө тең IPhO медалына жетүү үчүн үч жылдай тынымсыз эмгек жумшалды. Ал убакытты, күчтү, тартипти жана чыдамкайлыкты талап кылат. Ал эми IPhOго команда тандоо улуттук олимпиада аркылуу жүргүзүлөт. Олимпиада төрт этаптан турат: биринчи жана экинчи турлар – онлайн, үчүнчү жана төртүнчү турлар – оффлайн. Командага IPhOго баруучу беш окуучу төртүнчү турдун жыйынтыгы менен аныкталат. Ошондой эле, республикалык олимпиаданын акыркы этабынын катышуучулары да Улуттук олимпиаданын төртүнчү туруна автоматтык түрдө катышууга мүмкүнчүлүк алышат.

– Олжолуу кайткан окуучуларыңыз тууралуу кеп уласак.
– Быйыл эл аралык олимпиададан эки окуучубуз Аскар Абдиев жана Эмир Анаралы уулу коло медаль менен кайтты. Экөө тең олимпиадалык жолду бир эле учурда баштаган жана дээрлик ар дайым бир деңгээлде, курч атаандаштыкта даярданып келишкен. Бул үч жыл ичинде алар күнүнө орточо 7–10 саат физика менен алектенип, көптөгөн татаал тапшырмаларды, эл аралык деңгээлдеги материалдарды иштеп чыгышты. Экөө тең көптөгөн олимпиадаларга катышып, биринде жеңишсе, биринде жеңилишкен. Бирок алардын туруктуулугу жана бекем тартиби дайыма жогорку деңгээлде болду. Аскар менен Эмир бир нече жолу окуу-жыйындарына (камптарга) катышып, анын ичинде чет өлкөгө да барып, тажрыйба топтогон. Себеби эксперименттик турга даярдануу үчүн Кыргызстанда мүмкүнчүлүктөр чектелүү болгондуктан, биз кээде башка мамлекеттерге барып же мурдагы IPhO жеңүүчүлөрүн (алтын, күмүш медалисттерди) чакырып, тренингдерди өткөрөбүз. Алар видеосабактарды, тапшырма талдоолорун изилдеп, өтө чоң жолду басып өтүштү. Ошондой эле ишеним менен айта алам мындай тажрыйба келечекте аларга чоң жардам берет.

– Кыргызстандык окуучулардын дүйнөлүк физика олимпиадасында айырмаланып турган күчтүү сапаттарын байкай алдыңызбы?
– Биздин окуучулардын ийкемдүүлүгү жана чыгармачылыгы айырмалап турат деп ойлойм. Мындан сырткары, туруктуулук жана күчтүү эрк бар деп ишенем.
– Бийик максат койгон окуучулар үчүн кандай кеңеш бере аласыз? Табияттан берилген талант болушу зарылбы же талыкпаган эмгек кылуусу керекпи?
– Менин оюмча, бул экөөнүн айкалышы керек. Талант болгону менен, ал жалгыз өзү жетиштүү эмес. IPhO деңгээлдеги олимпиадаларга катышкан ар бир окуучу узак жана ырааттуу даярдыкты басып өтүшкөн. Ал эми жөн гана эмгек жана тартип менен да медаль алса болот, бирок талантсыз ага чектөөлөр көп болот деп ойлойм. Ошол себептүү экөөнүн айкалышы мыкты ийгиликтерди алып келет. Азыр маалымат алуу оңой. Колдогу телефон менен билим алууну үйрөнүү керек.

– Келечекте кыргыз элине кызмат кылган мыкты окумуштууларды тарбиялап чыгарат деген ишеничтемин. Ишиңизге ийгилик каалайм.
– Мен да ушул таланттуу балдардын чоң ийгиликтерге жетип, мекенибиздин өнүгүүсүнө бараандуу салым кошоруна бекем ишенем. Сиздерге терең ыраазычылык билдирем.
Бурулкан КЕНЖЕБЕКОВА, “Кут Билим”
Комментарийлер