ЭЭРЧИШКЕН ҮЧ АГАЙ
- 05.08.2025
- 0
АГАЙЛАР БАСКАН ЖОЛ
Тээ илгери Аксыдагы “Райкомол” сегиз жылдык мектебинен 1965-66 жылдары биринчи бүтүргөндөргө 60 жыл болду. Ошондогу 16 окуучудан үч окуучу мугалим болушту. Ошол үч окуучу: Ботоев Кулубай, Абасов Төлөгөн, Темирбек Тажимырза уулу мугалимдик кесипте үзүрлүү эмгектенишип келишти. Баардыгы болуп он алты окуучу 8- классты ийгиликтүү бүтүргөн. Алардын ону балдар, алтысы кыздар эле. Эмесе үч агайдын таржымалын айтайын.
БИРИНЧИ МУГАЛИМ БОТОЕВ КУЛУБАЙ

Класста эң улуусу болгон Ботоев Кулубай агай 1948-жылы мурунку Жаңы-Жол, азыркы Аксы районунун Кичи-Ак-Жол айылында туулган. Биринчи класска тогуз жашында окуйт. Ата-энесинен эрте калып, бир туугандарынын колунда тарбияланат. Мурунку Кичи-Ак-Жол, азыркы М.Сыдыков атындагы орто мектепти бүтүрүп,1968-жылы Советтик Армияга чакырылып, эки жыл кызмат өтөйт. Армиядан келип, алгач М.Сыдыков атындагы орто мектепте, андан соң 1974-жылы мурунку “Ленинчил жаш”, азыркы Ж.Мамытбеков атындагы орто мектепке пионервожатый болуп иштейт.1986-жылы Ош мамлекеттик окуу жайынан сырттан окуп бүтүрөт. Кулубай агай элетте жашап туруп эле мекенибизге жүздөгөн татыктуу уул кыздарды тарбиялап өстүрүп, мектеп туурунан учурган. Ары боорукер, ары кичипейил, карапайым мугалим бир топ коомдук сыйлыктарга татыды. “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими” ардактуу наамынын ээси. Устат мугалим Жаңы-Жол айылынын Ардактуу атуулу. Кыргыз Өкмөтүнүн Ардак Грамотасы менен да сыйланган. Мындан тышкары Аксы районунун мамлекеттик администрациясынын, Жалал-Абад областтык администрациясынын, Билим жана илим министрлигинин Ардак Грамотасын алган. Кезинде пионерлер менен активдүү иштегендиги үчүн “Вожатый методист” медалы, “Ардагер мугалим” төш белгиси, Комсомолдун райондук, облустук жана Республикалык Ардак грамоталары менен сыйланган. Аксы районундагы № 10 Ж.Мамытбеков атындагы орто мектебинин алдына балдар жана өспүрүмдөр аянтчасын өзү демилге көтөрүп, өз каражатынан жүз миң сом жумшап, демөөрчүлөрдүн жардамы менен заманбап шартында куруп берди. Ал жерде айылдын мыкты инсандарынын, кадырман педагогдорунун, ушул мектептен бүтүргөн илимдин докторлору, кандидаттарынын сүрөттөрү коюлган. Мамлекеттик туулар, желектер балдар үчүн кабыл алынган мыйзамдар, Жусуп Баласагындын учкул сөздөрү илинген. Аянтчада класстан тышкары иштер, иш чаралар, жолугушуулар, кароо сынактар өткөрүлүп турат. Эл сый урмат кылып ал тактага агайдын ысымын ыйгарышты. Ал кырк эки жыл мектепте иштеди. “Кулубай агай жөнөкөй мугалим, кичипейил инсан”- дейт белгилүү журналист Абдымомун Калбаев. Агай төрт кыз жана бир уулдун атасы, ондон ашык небере эки чебереси бар. Өмүрлүк жары Бактыкан оорудан улам кайтыш болуп кеткен. Агай азыр деле мектептен кол үзбөй барып, кеп кеңешин айтып, алдыңкы жакшы окуган окуучуларга стипендия берип турат.
ЭКИНЧИ МУГАЛИМ АБАСОВ ТӨЛӨГӨН

Төлөгөн агай 1950-жылы 1-июлда Аксы районундагы залкарлардын бешиги болгон кут даарыган Ак- Жол айылында төрөлгөн.
Ал белгилүү чоң спортчу, волейбол оюнунун атасы, жазма акын, төрт китептин автору. Биринчи китеби ноталуу “Ак жол кайыктары”, Экинчиси “Кут түнөгөн айылым”, үчүнчүсү “Апа деп согот жүрөгүм”, төртүнчүсү “Көз алдымда элестеди”. Азыр агай 75 жашка чыгып, өзү окуткан, тарбиялаган окуучуларынын жана айылдагы бир туугандарынын урмат сыйына бөлөнгөн учуру. Мугалим ардактуу кесип. Агайды айылдаштары, окуучулары абдан сыйлашат. Кыяк тартып, комузда кол ойнотот. Аны ырчы катары тааныгандар көп. Билгендер баалайт. Эл шайыры деп атасак да жарашат. Өзүнүн көптөгөн обондуу ырлары бар. Комуз чертип далай сынактардын жеңүүчүсү болгон. “Карылык” деген ырын ырдаганда ар адам ыраазы болот.
Мен билген демилгечи Темирбек Тажимырза уулу жыйырма жылга жакын М.Сыдыков атындагы орто мектебинде профсоюз уюмунун төрагасы, Ак Жол айыл өкмөтүндө үч жолку чакырылышында айылдык кеңештин төрагасы, Ак Жол Жаңы-Жол айыл аймактарында ардагерлер кеңешинин төрагасы болду. Ал аксакалдар менен “шаңдуу аталар” тобун түзүп концерт берип келүүдө. Айылда көптөгөн демилгелердин автору. Төкөм жашынан эле байлыкка жана бийликке жетүүнү каалабаган инсан. Бул жашоодо чындыкты туу тутуп, артына из калтырып жашап келет. Классташтары үчүн бул да сыймык. Дээринде тубаса шыгы бар. 2017-жылдан баштап айылда жүрсө да Кыргыз Республикасынын улуттук жазуучулар союзунун мүчөлүгүнө кабыл алынды. Бул да болсо анын чыныгы талантынын белгиси. Баардык эле адам айылда жүрүп союзга мүчө боло бербейт. Төлөгөн Абасов агайдын өмүр баянына кылчайсак, Жалал-Абад шаарындагы А.С.Пушкин атындагы педагогикалык окуу жайынын дене-тарбия бөлүмүн бүтүргөн. Жакшы окугандыгы үчүн Фрунзедеги Дене-тарбия институтуна жолдомо беришет. Бирок турмуш шартка байланыштуу жалгыз апасын карай турган адам жок болгондуктан окууга бара албады. Айылдагы өзү бүтүп кеткен мектепке ден-тарбия мугалими болуп иштеп калат. Жалал-Абад мамлекеттик Университетинин филология факультетинде сырттан окуду. Кырк алты жыл мектепте “Ынтызар” аттуу адабий чыгармачыл ийримди жетектейт. Ал 1970-жылдан бери ыр жазуу менен алектенет. Көптөгөн ырларына обончулар обон чыгарып, ырдап жүрүшөт. Өзүнүн жети обону бар. Мугалимдик иш тажрыйбасы жетишээрлик.
Агайдын жубайы Жуманалиева Дилдекан физика мугалими, эл агартуунун мыктысы. Беш уул кыздын ата-энелери. Он үч небереси булардын бактысы. Төлөгөн эл сыйлаган мугалим. Ал Аксы районунун жана Ак Жол айылынын Ардактуу атуулу. Иштеген иши бааланып, Кыргыз Республикасынын дене тарбиясынын, эл агартуунун, билим жана илим профсоюз кыймылынын мыктысы. Төлөгөн Абасовдун ысымы мектептин спорт залына ыйгарылган. Агай КР дин эмгек сиңирген мугалими наамына татыктуу.
ҮЧҮНЧҮ МУГАЛИМ БОКОЕВ ТЕМИРБЕК

Тажимырза уулу Темирбек классыбыздагы 16 окуучунун эң кичинеси, жашы.1952-жылы 13-февралда азыркы Аксы районуна караштуу Ак Жол айылындагы Райкомол кыштагында педагогдордун үй-бүлөсүндө туулган. Атасы Тажимырза математика мугалими болгон. Темирбекти беш жашында ээрчитип жүрүп окутту. Үч мугалимдин эң улуусу Кулубай агай тогуз жашында, ал эми Төлөгөн агай жети жашында, Темирбек агай беш жашында окуп классташ болушкан. Мугалимдик кесипти аркалаган үч агай азыркы учурда айылдын аксакалдары жана тарбиячылары. Ардактуу атуулдар аке, үкө болушуп, бири-бирин урматташат, сыйлашат. Темирбек Тажимырза уулунун өмүрлүк жары Кожогелдиева Базарбүнүн кесиби медик. Беш уул кыздардын ата энеси. Темирбек агай 1967- жылы 10-классты бүтүп, Ош мамлекеттик педагогикалык институтун физика математика бөлүмүнө тапшырып студент болот.1971-жылы окууну бүтүрүп, советтик армиянын катарына чакырылып кызмат өтөп келип, өз айылындагы Райкомол сегиз жылдык мектепке үч ай иштеп, Кичи-Ак-Жол, азыркы М.Сыдыков атындагы мектебине математика мугалими болду.1976-2002-жылга чейинки аралыктарда О.Ташкулов атындагы орто мектепте директор болуп иштеген. Педагогикалык кызматта үзүрлүү эмгектери үчүн райондук, облустук билим берүүнүн, билим жана илим министрлигинин, райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамоталары менен сыйланган. Эл агартуусунун мыктысы, “Ардагер мугалим” төш белгилеринин ээси. 2014-жылы Кыргыз Республикасынын мугалимдеринин Республикалык курултайынын делегаты болгон. Айылдык кеңештин бир нече жолку чакырылышынын депутаты. Агайдын тарбиясын алган жүздөгөн окуучулары ар кайсы тармактарда эмгектенишип жатышат.
Кулубай БОТОЕВ,
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими
Комментарийлер