ЭЧ КИМ, ЭЧ НЕРСЕ, ЭЧ КАЧАН УНУТУЛБАЙТ!

  • 21.02.2025
  • 0

Тарых тактыкты сүйөт

 

ЭЧ КИМ, ЭЧ НЕРСЕ, ЭЧ КАЧАН УНУТУЛБАЙТ!КР Президенти Садыр Жапаров мамлекет башчысы болуп келгендеги эӊ алгачкы «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» жарлыгынын алкагында, Улуттук илимдер академиясында жарандык согуштун баатыры жана кыргыз жергесинде совет бийлигинин орношуна эбегейсиз салым кошкон Арстаналы Осмонбековдун өмүр жолуна арналган Мазалбек Кабаевдин «Слово о воинской доблести красного командира» аттуу даректүү китебинин бетачарына багышталган конференция өттү. Илимий иш-чарага кыргыз парламентинин депутаттары, саясий жана коомдук ишмерлер, академиктер менен профессорлор баш болгон окумуштуулар тобу, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, тарыхый каармандын агайын-туугандары менен жакын санаалаштары катышты. Конференциянын жүрүшүндө чыгарманын башкы каарманы, ал киши жашаган заман, кыргыз коомчулугуна тийгизген таасири, китептин жаралуу таржымалы, анын башка китептерден айырмачылыгы жаатында кеӊири сөз жүрдү.

 

Адегенде айта кетиш керек, «Слово о воинской доблести красного командира» китебинин автору Мазалбек Кабаев жарандык согуштун баатыры Арстаналы Осмонбековдун бир тууган жээни болуп саналат. Узак мезгил УКМК тармагында иштеп жүрүп отставкага чыккан, полковник чени бар. Буга чейин ал көп жылдардан бери өзүнүн таятасы жөнүндө архивдик документтерди чогултуп жүргөнүнөн кабарыбыз бар болчу. Мына эми, ал акыры окурман колуна тийип отурат.

Автордун айтымында, кезинде кыргыздын алгачкы кызыл командири, СССРдин «Кызыл Туу» орденинин алгачкы каварлери болгон кыргыз элинин өкүлү жөнүндө көп илимий изилдөөлөр, тарыхый материалдар жарыяланган, арбын эле макалалар чыккан. «Мен өзүм Арстаналы Осмонбековдун үчүнчү муунуна кирем. Мен дагы аскерий кызматкермин. Эми, мурда-кийин китеп жазып көрбөгөндөн кийин, мурда жазылган материалдар бир жактуу болуп калганын байкадым. Кыргыздын алгачкы басылмасы «Эркин Тоо» гезитинин биринчи санына да ал кишинин эбегейсиз эрдиги тууралуу материал жарыяланыптыр. Мурда бул жөнүндө сөз болгон эмес. Тарых тактыкты сүйөт дейт, жалаӊ тарыхый документтерге таянуу менен, так маалымат берүүгө аракет кылдым. Архивдик документтердин баары орус тилинде болгондуктан, китеп дагы орусча жазылып калды. Буюрса, жакын арада кыргыз тилиндеги варианты деле колго тийип калгысы бардыр», — дейт ал.

Ал эми Жогорку Кеӊештин депутаты Улугбек Ормонов совет мамлекети тараган 1991-жылдардан тарта кыргыз жергесинде совет бийлигинин орношуна зор салым кошкон көптөгөн каармандарыбыз бизге чоочун идеологиянын айынан таптакыр унутта калганын же алардын кошкон салымы башка өӊүттөн карала баштаганын белгиледи. «Мезгил баарына тараза экен, азыр алардын ар бири калыс баасын алууга мезгил жетти. Коомчулук да буга даяр болуп калды десек жаӊылбайбыз. Китеп көптөгөн тарыхый документтер менен коштолуп, мурда белгисиз бир катар жаӊы маалыматтар камтылыптыр. Менин пикиримде, бул китепти тезинен кыргыз тилине которуп, кыргыз окурмандарынын калыӊ катмарына жеткирүү керек», — деп кошумчалады эл өкүлү.

Ал эми тарых илимдеринин доктору Сулайман Кайыпов Мазалбек Кабаевдин бул китеби башкалардан башкача жазылганын, ошондон улам өтө таасирдүү чыгарма болгонун айтты. «Бул китепке менен алгы сөз жазып бердим. Буга чейин басмачылар менен кызыл командирлер жаатында эки ача түшүнүктөр пайда болуп калбады беле. Эми, эки тарапта теӊ ар кандай адамдар болгон. Менимче, басмачылар тараптын да, кызылдар тараптын да ар бирин жекече кароо зарыл. Ашыкча сөзү жок, тарыхый документалдуу маалыматтар так берилди. Буюрса, окурмандардын кеӊири чөйрөсүнө жугумдуу китеп болду. Алтургай, илимий негизи бар десек да болот», — дейт профессор.

 

Белгилей кетсек, Арстаналы Осмонбеков 1885-жылы мурдагы Наманган уездине караштуу Тегене айылында туулуп, 1945-жылы Жаӊы-Жол районунун Афлатун айылында каза болгон. Ал Наманган шаарындагы орус-тузем мектебинде билим алган. 1916-1917-жылдары азыркы Беларусь аймагындагы аскерий оорук жумуштарына тартылган, Ооруктагылардын согушка каршы кыймылына катышкан. 1917-жылы февралда 5-курулуш бригадасынын революциячыл камитетинин мүчөсү болгон. Оорук жумушунан кайтып келген соӊ, Кызыл Гвардия жана элдик милиция отряддарын түзүүгө катышкан. 1919-жылы Кызыл Армиянын катарына өтүп, 1920-жылы май айынан басмачыларга каршы күрөшүүчү ыктыярдуу отряддын командирлигине, ал эми 1921-жылы ыктыярдуу милициянын Кыргыз атчандар өзгөчө дивизионунун командирлигине дайындалган. Андан соӊ партиялык жана чарбалык жетекчи кызматтарда эмгектенген. Улуу ата мекендик согуш маалында беш бир тууганы кан майданга аттанып, өзү Жаңы-Жол районундагы колхоздордун биринде башкармасы болуп иштеди. Кыргыз АССР Советтеринин 1-уюштуруу съездине делегат болуп шайланган. Душмандарга каршы күрөштө көрсөткөн каармандыгы эске алынып, СССРдин «Кызыл Туу» ордени менен сыйланган алгачкы кыргыз өкүлү.

 

Кемел Белек, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер