ЭӉ МЫКТЫ АДАМ – МУГАЛИМ
- 19.11.2024
- 0
Чакан айылдык мектептин бир мугалими бүтүндөй өлкөнүн билим берүү системасын өзгөртө аларын далилдеп койду. Индиялык 32 жаштагы Ранжит Дисали беш жыл мурун Global Teacher сыйлыгына 140 өлкөдөн көрсөтүлгөн 12 миңдей талапкердин катарынан суурулуп чыгып, дүйнөнүн эң мыкты мугалими деп табылган. Мыкты мугалимдер биргелешип дүйнөдөгү абалды жакшыртышы керек, калган 9 финалист да өз идеяларын ишке ашырсын деп, аларга Ранжит Дисали жарым миллион долларды – байгесинин жарымын бөлүп берген. Дүйнөнү таӊ калтырган мугалим жөнүндөгү урунттуу маалыматтарды келтирели.
Бул баян Кыргызстандын мектептерин да жаӊы замандын шартында өнүктүрүү үчүн өзгөчө демилгелерди колдоо керектигин көрсөтөт.
Макаланын түп нускасы “Освіторія Медіа” (https://osvitoria.org/) сайтына жарыяланган – шилтеме тексттин этегинде келтирилди. Кыргыз тилине анча-мынча кыскартуулар менен которулду.
Окуучу кыздар үчүн башталгыч класстын бардык окуу китептерин которгон
Бала кезинен маалыматтык технологияларга кызыккан Ранжит Дисали 11 жыл мурун мугалим болуп, шарты өтө начар (компьютер эмес, электр жарыгы деле көбүнчө жок болгон) мектепте иштей баштады. Жергиликтүү каннара эли кыздарын окутууну анча каалабай, бармактайынан иштетип, жашы жете электе эле күйөөгө узатчу. Ранжит айылга көчүп барып, жергиликтүү тилди үйрөнүүгө бар күчүн жумшады. Анан башталгыч мектеп үчүн жазылган китептердин баарын окуучулардын эне тилине которуп чыкты.
QR-код – окуп-үйрөнүүнүн эӊ сонун каражаты
Оозеки сүйлөөнү оӊой үйрөтүү үчүн Ранжит керектүү тексттерди, ырларды көркөм окуп, аудио жана видеолекцияларды түздү. Мугалим өзүнүн билим берүүчү видеоконтентин түзүп, коомдук уюмдарга, кесиптештерине да кайрылып, YouTube сайтында көптөгөн видеолорду авторлордун уруксаты менен ар кандай ресурстардан окуучуларынын тилине которуп, сабакта колдонду. Жалпысынан бул жылдар аралыгында ал 140 гигабайт санариптик ресурс түздү.
Алты жыл мурун Ранжит Дисали өз идеясын ата-энесинин смартфону бар 1-класстын сегиз гана окуучусу менен сынап көрдү. Мугалим окуу китебинин тиешелүү беттерине уникалдуу QR-коддорун киргизди. Мобилдик телефондогу NEO Reader программасын колдонуп, жаздырылган үндү угуу же видеону көрүү үчүн кодду сканерлеш керек. Тийиштүү тасманы көргөндөн кийин телефондон онлайн суроолор чыга баштайт. Бала жооп бергенде, алган баасы анын электрондук почтасына жөнөтүлөт. Ошентип, ар бир окуучу кыз каалаган убакта, каалаган жерде алынын жетишинче окуй бере турган болду.
Мугалим окуучулар жана алардын үй-бүлөлөрү үчүн тренинг өткөрүп, QR-кодду туура колдонууну үйрөттү. Бул технология ушунчалык жөнөкөй болгондуктан, бара-бара сабатсыз ата-энелерге да жагып, алар кыйла жакшы билип алышты. Башка ата-энелер жок дегенде эски смартфон сатып алууга аракет кылышты. Ошол эле жылы дагы 10 окуучу санариптик ресурска кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Анан бардык кыздар смартфондуу болушту. Ата-энелер үчүн Ранжит Дисали педагогиканын негиздери жана курактык психология боюнча бөлүмдөрдү да кошту. Бул жылдардын ичинде мугалим жалпысынан 290 ушундай окуу китепти жана балдар үчүн китептерди түзүп чыкты.
Алты миллион окуучуга – мыкты табылга
Мындай окутуу күтүлгөндөн да жакшы натыйжага жеткирди. Балдардын кубанычында чек жок эле. Алар класста темаларды талкуулап, көйгөйлүү маселелерди чечкенди абдан жактырып калышты.
Эки жылдан кийин окуучулардын 98% окуудагы күтүлгөн натыйжаларга жетишти, ал эми 85% экзамендердин эң жогорку упай алышты. Азыр айылдагы кыздардын баары сабакка барышат, жашы жете элек турмушка чыккандар жок. Ранжит Дисали иштеген башталгыч мектеп аймактагы эң мыкты мектеп деп табылды. Мугалим уюлдук телефондорго негизделген технологияга ыңгайлуу жамааттарды түзгөнү үчүн Microsoft компаниясынын сыйлыгын алды.
Устатка башка мектептерден да кесиптештери, ата-энелер келе башташты. Анан 2017-жылы ойлоп табуусуна автордук укукту каттап, тажрыйбасын жайылтуу сунушу менен Билим берүү министрлигине кайрылды. Ал эми бир жылдан кийин Ранжит Дисали жашаган Махараштра штатындагы бардык окуу китептер QR-коддор менен басылып чыга баштады. Азыр аларды 6 миллиондон ашык окуучулар пайдаланат.
Индиянын бардык аймагында инновацияны жайылтууга аракет кылып жатышат. Ал эми Канадада бул инновацияны башка өлкөлөргө киргизүү максатында өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюлду. Ойлоп табуучу азыр бүткүл өлкөдөгү жана чет өлкөлөрдөгү кесиптештери үчүн тренингдерди өткөрүп жүрөт.
Арбыган чындык жана Skype сабактар
2020-жылдагы дүйнөнүн эң мыкты мугалиминин ажайып идеяларынын бири AR-чындык (AR-реалдуулук) камтылган окуу китептерди түзүү. Физика, химиядагы элестетүү кыйын болгон бардык процесстер менен түшүнүктөрдүн, географиядагы объекттердин баарын эми смартфондун жардамы менен үч өлчөмдүү түрдө (туш тарабынан жылдырып) көрүүгө болот. Окуучу кыз үй-бүлөсүндөгүлөр менен бирге бул ажайып нерселерди көргөндө билимдин канчалык зарыл экенин баары түшүнө баштайт.
Иштин балдар жакшы көргөн дагы түрү – Ранжит Дисали жакында эле айылдаштарынын көмөгү менен мектепке сатып алган компьютер жана проекторду колдонуу менен өткөргөн Skype сабактары. Алгач коңшу мектептердин окуучулары менен 10 мүнөттүк баарлашуу уюштурулду. Андан соӊ бүткүл өлкө боюнча байланыш түзүлдү. Эми балдар кайсы бир теманы өзгөчө ачып берген башка штаттагы мугалимдин сабагын көрүп, эксперттин түшүндүрмөсүн уга алат. Мисалы, 4-класста Индиянын улуттук баатыры Шиважинин баянын окуганда, ал жашаган Форт Райгаддын сүрөтүн, видеосун көрүүнүн ордуна, окуучулар Форттун калдыктарына жакын жашаган жана анын тарыхын жакшы билген тургундар менен сүйлөштү. Балдар өздөрү кызыккан нерселерди сурап, маалыматты тактоо жана текшерүү, жалпылоо, талкуулоо ыкмаларын үйрөнүшөт.
Дүйнөнүн эң мыкты мугалимин Global Teacher сыйлыгын тапшыруу аземинде актёр Стивен Фрай тааныштырды. Видео – Global Teacher Prize
Океандын түбүнө, пингвиндерге же динозаврларга
Азыр окуучулар музейлерди, экскурсияларды, көргөзмөлөрдү уюштурган адамдар менен баарлашат. Мисалы, Америкадагы Канзас-Ситиге же Түштүк Африкадагы Кейптаунга саякат кылышы мүмкүн. Балдар окумуштуулар менен биргеликте океандын түбүн көрө алышат же адистерге кошулуп пингвиндерди изилдей алышат. Илимий паркка, Текстиль паркына жана Динозавр паркына барган виртуалдык турлардан унутулгус таасир жана өзгөчө тажрыйба алышат. Айтмакчы, 2017-жылдан бери виртуалдык экскурсиялардын бул түрлөрү технологияны колдонуу менен балдардын билим алуусун илгерилетүү боюнча дүйнөлүк эксперимент катары негизделген. 2020-жылы мындай экскурсияларды 42 өлкөнүн 253 мектебинен 9 миңден ашык бала пайдаланган.
Ранжит Дисали бул тажрыйбанын натыйжалуулугун дагы да арттырууга болот деп эсептейт: ал «Чек аралардан өтөбүз» долбоорунун автору. Ал чыр-чатакка кабылган өлкөлөрдүн окуучулары үчүн бул алты жумалык Skype аркылуу иштешүү программасын БУУнун туруктуу тынчтык максаттарына жетүүгө балдарды даярдоо үчүн түзгөн.
Дүйнөдөгү эң мыкты мугалим – азыр коомдук ишмер, Индиянын билим берүү жылдызы, анткени ал билим берүү темаларында 500дөн ашык макала жазган, теледен эксперт катары чыгып (ал журналистика боюнча аспирантураны аяктаган), өзүнүн идеяларын бөлүшүп турат. Окуучулары устатыбыз – ABP Maza версиясы боюнча өлкөдөгү эң мыкты блогер деп сыймыктанышат. Ал эми Ранжит Дисали өзү да заманбап мугалимдин үнү угулуп, жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу адамдарга ойлорун айтып жеткирүүсү керек деп ишенет.
Кыргыз тилине которгон Жолдош Турдубаев
Комментарийлер