ДЕНЕ ТАРБИЯ ЖАНА МАДАНИЯТ БОРБОРУ – ЖАШТАРДЫН ЖАН ДОСУ

  • 09.12.2021
  • 0

Окуучулардын, студенттердин, жаштардын жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендердин руханий, адеп-ахлактык, физикалык жана маданий өнүгүүсүн калыптандыруу максатында Билим берүү жана илим министрлигинин алдында Республикалык дене тарбия, спорт жана маданият боюнча усулдук борбору ачылды. Борбордун максаты, милдети жана келечеги тууралуу анын директору Кулболду Исаев гезитибизге берген маегинде айтып берди.

ДЕНЕ ТАРБИЯ ЖАНА МАДАНИЯТ БОРБОРУ – ЖАШТАРДЫН ЖАН ДОСУ

  • Кулболду Октябревич, азыр заман өзгөрүп, жаштардын каалоосу такыр башкада болуп, балдардын аң-сезимине сергек жашоо образын киргизүү абдан кыйын болуп турган кезде бул борбордун ачылышы жерден издегениң асмандан табылгандай эле болду окшойт?   
  • Бул борбор билим берүү жана илим министри Болотбек Купешевдин демилгеси менен ушул жылдын сентябрь айында расмий ачылды. 2017-жылга чейин Массалык спорт жана ден соолукту чыӊдоо боюнча республикалык “Жаштык” борбору жаштардын жана өспүрүмдөрдүн ден соолугун чыӊдап, спорт менен машыктырып келген. Тилекке каршы, ал жана мамлекеттеги спорт мектептеринин баардыгын Спорт комитетине берилип кеткен. Ошондон бери Билим берүү жана илим министрлигинде спорт, ден соолукту чыңдоо боюнча иш жүргүзүлбөй калган. Албетте, билим сөзсүз берилиши керек, бирок ошол берилген билимди сиңирип алуу үчүн биринчи кезекте ден соолук керек. Мурда балдарды көчөдөн үйгө киргизе албасак, азыр тескерисинче, көчөгө чыгара албай калдык. Расмий маалыматтарга таянсак, бүгүнкү күндө балдардын 70% ашыгы скалиоз менен ооруйт. Көрүү жагынан чыккан маселе дагы ушул цифрага жетип калды. Бул гаджеттин пайдасы да бар, бирок ден соолуктун душманы болуп жатканын унутпашыбыз керек.
  • Борбор өзүнө кандай максат-милдеттерди алып жатат?
  • Биз чоң спортту өнүктүрүүнү милдет кылбайбыз. Максатыбыз -окуучулардын, студенттердин жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын арасында маданиятты өнүктүрүү, спортко тартуу жана бардык билим берүү уюмдарында массалык спорттук, аскердик-патриоттук, маданий иш-чараларды уюштуруу жана координациялоо. Биринчи кезекте билим берүү уюмдарынын маданият жана дене тарбия кызматкерлерин окуу-методикалык жактан камсыз кылуу жана квалификациясын жогорулатуу борбору катары кызмат кылат. Ошондой эле дене тарбия, спорт, маданият жаатында окуучулардын талантын ачуу жана өнүктүрүүнү координациялайт. Окуу, спорт мекемелерине, клубдарына жана башка уюмдарына усулдук жана спорттук-массалык иштерди уюштурууда ар тараптуу жардам көрсөтүүнү колго алат.

Албетте, иш баштоо, аны алдыга жылдырып кетүү өтө оор. Бирок акырындап алдыга жыла баштадык. Ириде команда түзүлдү. Азыр борбордо штатта мени менен 12 киши иштеп жатабыз. Алдыдагы жылда аткарыла турган иштердин календардык планын түзүп, бекитип алдык. Бир долбоорубуз кудай буюрса, ишке ашканы калды. Акырындап биз жайгашкан мекеменин майда ремонт иштерин баштап жатабыз.

ДЕНЕ ТАРБИЯ ЖАНА МАДАНИЯТ БОРБОРУ – ЖАШТАРДЫН ЖАН ДОСУ

Буюрса, кийинки окуу жылынан баштап республика боюнча мектептерде биринчи сабакты дене көнүгүүлөрү менен баштайбыз деп жатабыз. Муну “мультпауза” деп коет. 15 мүнөт көнүгүү жасатып, анан Мамлекеттик гимнди ырдатып туруп  сабак баштасак кандай сонун болот. Албетте, балдарды секиртип, оор көнүгүүлөрдү жасатпайбыз, алар тердеп кетпегидей кылып, болгону денени ойготуучу көнүгүүлөрдү киргизебиз. Азыр башталгыч класстарда класстын ичинде эле көзгө, колго, бүтүндөй денеге жасоочу көнүгүүлөр  боюнча методикалык сунуштамаларды иштеп жатабыз. Буюрса, муну бардык мектептерге, бала бакчаларга жеткиребиз.

Дене тарбия сабагынан Батыштын айрым ЖОЖдору баш тарткан, көрсө, бизге да кереги жок экен деп дене тарбия сабагынын сааттарын башка сабактарга оодарып жиберген ЖОЖдор да бар. “Казды туурап карганын буту сыныптыр” болбойлук. Аларда мүмкүнчүлүк көп, биз реалдуулукту карашыбыз керек. Биз үчүн биринчи орунда ден соолук турушу зарыл.

Мындан бир канча жыл мурун Американын штаттарында болдум. Ошол убактагы Америка кабылган проблемага азыр биз кабылып жатабыз. Ал -адамдардын семирүүсү. Бул кырдаалдан чыгуу үчүн мектептерине сабактан кийин саат бешке чейин ар бир бала милдеттүү түрдө спорттун бир түрү менен машыксын деген талап киргизген. Эгерде ага баш ийбесе, катуу жазаланат.

Россияда дагы ушул көйгөй орчундуу болуп, мектептеринде дене тарбия сабагынын саатын көбөйттү. Мурунку “ГТО” деген нормативди киргизди. Ал жакта нормативди тапшырган абитуриенттерге ЖОЖго тапшырып жатканда кошумча балл берилет. Биз дагы акырындап ушуну киргизелик деп жатабыз. “ГТОнун” алтын медалы бар балдарга кошумча 10 же 20 балл кошуп берсек, спортко өздөрү эле тартылат.

ДЕНЕ ТАРБИЯ ЖАНА МАДАНИЯТ БОРБОРУ – ЖАШТАРДЫН ЖАН ДОСУ

  • Маданият жаатында кандай иштерди мерчемдеп жатасыздар?
  • Азыр Маданият министрлиги менен тыгыз кызматташып жатабыз. Алар башканы, биз башканы жасабай, багытыбыз бир болсун, чогуу иштейлик дедик. Эң башкысы тарыхый-маданий мурастарды сактоого, аны пайдалануу жана өнүктүрүү, ошондой эле элдик чыгармачылыкты өнүктүрүү, студенттердин, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жаштардын маданий турмушка катышуусу үчүн шарттарды түзүүгө аракет кылабыз. Ал үчүн атайын иш-чаралардын планын бекиттик. Буюрса, ошол план боюнча иштеп баштайбыз.

Үчүнчү —  аскердик-патриоттук тарбиялоо деген дагы багытыбыз бар. Иштин көлөмү абдан чоң. Штатта болсо 12 эле киши. Бул жактан отуруп алып Баткенди башкаруу өтө кыйын болот. Ошондуктан облустарда да борборлорду  ачалык деп жатабыз. Түштүктө бир борбор, Чүй, Талас, Бишкекте бир борбор, Ысык-Көл менен Баткенде бир борбор болсо жетет.

  • Аскердик-патриоттук тарбиялоо деген үчүнчү багытыңыздар дагы ар тараптуу колдоого ала турган багыт экен. Себеби азыр бизде балдарды мекенчилдикке тарбиялоо маселеси курч турат. 
  • Бул үчүнчү багыт дагы министр Болотбек Купешевдин демилгеси менен киргизилди. Ал аймактарды кыдырып чыккандан кийин ушуну сунуштады. Өзгөчө Баткендеги тажиктер менен болгон кагылышуудан кийин мектептерде аскердик-патриоттук тарбияны кайрадан жандандыруу, жогорку деңгээлге чыгаруу зарылдыгы келип чыкты. Баткенде балдар элдик кошуундарды түзүштү, бирок курал-жарак колдонгонду билишпейт. Мурун СССР учурунда курал-жарак колдонгонду мектептен эле үйрөтүп коюшчу. Азыр болсо андай мүмкүнчүлүк жок, окуучулар жыгачтан жасалган куралдар менен гана окушат. Азыр кайра автоматты мектепке алып келгенге мүмкүнчүлүк жок. Жок дегенде аскер командирлерин чакырып келип, иштетелик деп жатабыз. Алгач чек арага жакын жайгашкан аймактардан, анын ичинен Баткенден баштайлык деген тилектебиз. “Пейнт болл” деген бар, октун ордунда краска колдонулат. Биз сабактарга ошону колдонсок болот. Аны менен атышып аскердик техниканы, тактиканы үйрөнүшөт. Эч болбоду дегенде  катарга тизилгенди, басканды билип алышат.
  • Жогоруда бир долбоорубуз ишке ашканы калды дедиңиз. Ал эмне долбоор?
  • Азыр мектептердин, өзгөчө, аймактардагы мектептердин спорт аянтчаларынын абалы кандай экенин баарыбыз жакшы билебиз. Ар бир мектепке “воркаут” аянттарын куруп берүү боюнча долбоор жаздык, аны министрлик колдоп берди. Учурда “Кумтөр” менен сүйлөшүп жатабыз. Буюрса, Теңгиз Бөлтүрүк колдоп жатат, алгачкы ишти Ысык-Көл облусунун мектептеринен баштайлык деп турабыз. Бул облуста жалпы 189 мектеп бар экен.

ДЕНЕ ТАРБИЯ ЖАНА МАДАНИЯТ БОРБОРУ – ЖАШТАРДЫН ЖАН ДОСУ

Биз аянтчаларды куруу ишине өзүбүздүн эле кесиптик окуу жайларын тарталык деп чечтик. Себеби жеке фирмалар оңбогондой акча сурашат экен. Алардын эсеби боюнча бир мектепке орто эсеп менен миллион сом кетет. Эгерде биздин окуу жайлар жасаса эки-үч эсе үнөмдөсөк болот. Бул биринчиден, бизге, акчабызды үнөмдөөгө пайдалуу болсо, экинчиден, окуу жайлар акча таап алышат, үчүнчүдөн,  студенттерине практика болот.

  • Сиздер жайгашкан маданият үйү Совет доору кулагандан бери такыр каралбай, абалы бир топ эле оор болуп калган экен.
  • Ооба, өзүңүз көрүп тургандай, мекеменин абалы мышык ыйлаарлык. Бул жер мурда кесиптик техникалык билим берүү мекемелеринин Маданият үйү болчу. Анча-мынча кружоктор иштеп жатыптыр. Азыр ремонт кылып алалык деп мамлекеттен акча сурап жатабыз. Кыргызстандын эл артисти Аксуубай Атабаев ушул жакта да иштеген экен. Азыр бир бөлмөдө роялы турат. Ошол жакты музей кылалык деген планыбыз бар. Борбордун сонун актовый залы бар. Бирок такыр каралбай калыптыр. Ошону да жасатып алсак, окуу жайлар үчүн да, өзүбүз үчүн да түрдүү иш-чараларды өткөрүүгө сонун аянтча болуп бермек.

Азыр тренерлерди чакырып, спорт залдарды жасап алып, балдарды машыктыра бергиле, ижарага бир тыйын албайбыз деп жатабыз. Жаныбызда эле үч баштапкы кесиптик окуу жайы, мектептер бар, Батыш жагыбызда болсо жалаң жаңы конуштар. Буюрса, ошол жактын балдары үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк жаралат.

Жылуулук такыр жок экен. Кырдаалдан чыгуу үчүн бардык кызматкерлер бий залын оңдоп алып, ошол жакта отуруп иштеп жатышат. Жаныбыздан эле жаратылыш газы өтөт экен. Буюрса, газ менен жылытыла турган кылып, системаны оңдоп алсак, бир топ иш бүтүргөн болот элек.

  • Сөз башында борбордун эң башкы милдети билим берүү уюмдарынын маданият жана дене тарбия кызматкерлерин окуу-методикалык жактан камсыз кылуу жана квалификациясын жогорулатуу борбору катары кызмат кылат дедиңиз. Бул жагынан кандай иштер аткарылат?
  • Билим берүү академиясы дене тарбия сабагынын программасын иштеп баштап, бирок каржылоо жок аягына чыкпай калыптыр. 5-9-класска чейин гана даяр программа бар экен. 1-4-класс менен 10-11-класстыкы жок. Азыр ошол программаны аягына чыгалык деп адистер менен сүйлөшүп жатабыз. 10-11-класстарга түзүлгөн программа лицей, техникумдарга да жарайт. Анткени 9-класстан кийин барган балдар менен жаш курагы бирдей эле болот.

Азыр методикалык сунуштарды иштеп чыгуу үчүн адистерди тартуу аракетин кылып жатабыз. Тилекке каршы, бул жаатта мыкты иштей турган адистер жетишсиз. Жаштардын болсо тажрыйбасы да, билими да жетишпейт экен. Ошондуктан эки муунду бириктирип иш алып баралык, мыкты адиске бир, эки жаш адисти кошуп берип, үйрөтөлүк, окутуп-тарбиялап алалык деген изги тилегибиз бар. Буюрса, эмгек акы маселесин дагы чечелик деп жатабыз. Биз иштеген 7-8 миң сомдук жумушка азыркы жаштар келбейт, келсе да көпкө турбайт экен.

 

Маектешкен Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер