ДҮЙНӨ ЖАҢЫ, КООМ ЖАҢЫ, МЕКТЕПТЕГИ БИЛИМ ЖАҢЫ

  • 14.02.2025
  • 0

Учурда Кыргызстандын билим берүү системасында зор өзгөрүүлөр жүрүп жатат. Бүгүн биз ошол өзгөрүүнүн өзөгүндө турган билим берүүнүн мазмуну тууралуу сөз кылабыз.

Жаңылануу мазмундан башталат

Ооба, билим берүүдөгү ар кандай өзгөрүү  анын мазмунунан башталат, анткени эмнени, качан жана кантип окутууну тактап албай туруп, жаңылануу жолуна түшө албайбыз. Муну адамзат тээ илгертен бери басып өткөн жолунда айкын далилдеп турат. Карт тарыхты карасак, ар бир коомдук формация өзүнүн билим берүү системасын мыктылоону дал ушул билим берүүнүн мазмунунан баштаганын  көрөбүз. Мисалы, Европада XVII кылымда акырындап калыптана баштаган капиталисттик өндүрүштүк мамилелер, ири  завод-фабрикалардын пайда болушу, аларды  иштетүү  үчүн сабаттуу жумушчуларга карата муктаждыкты жараткан. Шаарлар өсүп, элдин саны көбөйгөн. Көп сандаган окуучуларды бир убакта окутуу үчүн мурунку окутуу системасы таптакыр жараксыз экенин көргөн  соң, чех педагогу Ян Амос Коменский «Улуу дидактика » аттуу кайталангыс эмгегин жараткан. Мында ал окутуунун жаңы мазмунун,  принциптерин, мурдагыга окшобогон форма, усулдарын сунуштаган. Бул эмгек жаралгандан кийин кимди, качан, кайда, кантип окутуу маселелери заман талабына шайкеш чечилген десек болот. Ян Амос Коменский киргизген класстык-сабактык окутуу системасы, окутуу принциптери мына бүгүнкү күнгө чейин дүйнөлүк педагогикада кенири колдонулуп келүүдө. Анын жемишин 70 жылдан ашык жашаган советтик билим берүү системасы да көрдү. Эгемендик алгандан бери Кыргызстан да пайдаланып келүүдө.

Бирок «жүз жылда жер жаңы, элүү жылда эл жаңы» дегендей, учурдагы билим берүүгө байланышкан жаңы чакырыктар: эл аралык билим берүү мейкиндигине интеграцияланган жана таанылган мектептик жалпы билим берүүнүн улуттук системасын түзүү; билим берүүгө баарын камтуу жана баарына бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу; билим  берүүнүн минималдуу мазмунун окутуунун максаттарына жана окуучулар ээ болуучу зарыл компетенттүүлүктөргө ылайык башталгыч, негизги жана жогорку класстарда так аныктоо; табийгый-илимий жана математикалык багыттардагы окуу предметтеринин ролун предметтер аралык мамиленин негизинде камсыз кылуу;  тарбиянын, өнүктүрүүнүн жана окутуунун биримдигин чыңдоо; глобалдашкан дүйнөдөгү тез өзгөргөн коомдо жашоо үчүн зарыл болгон компетенцияларды калыптандырууну, жаратылыш байлыктарын сарамжалдуу пайдалануу маданиятын жана табият менен таттуу мамиледе жашоо көндүмдөрүн күчөтүү; мекенчилдикти, жалпы жарандык аң-сезимди, өзүнүн, үй-бүлөсүнүн, коомдун жана мамлекеттин коопсуздугу үчүн жоопкерчиликти, улуттук адеп-ахлактык негиздерге таянган адилеттүүлүк, абийирдүүлүк, боорукердик сыяктуу сапаттарды калыптандыруу, профилдик окутууну киргизүү; билим берүү процессинин бардык катышуучуларынын мектептик жалпы билим берүүнүн максаттарына жана тарбиялоонун, өнүктүрүүнүн жана окутуунун натыйжаларына жетишүүдөгү жоопкерчилик чөйрөсүн бекемдөө максаттары алдыңкы планга чыгып отурат.

ДҮЙНӨ ЖАҢЫ, КООМ ЖАҢЫ,  МЕКТЕПТЕГИ БИЛИМ ЖАҢЫ

Ушундай зарылдык билим берүүнүн улуттук жаңы моделин түзүүгө киришкен өлкөбүздүн билим берүү системасын өз мазмунун өзгөртүүсүн шарттады. Жакында эле Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан түзүлгөн эки жумушчу топ Мамлекеттик билим берүү стандартынын долбоорун иштеп чыгып, аны министрликтин коллегия жыйынынын кароосуна коюп жатат.

Белгилүү болгондой, акыркы Мамлекеттик билим берүү стандарты бизде Өкмөт тарабынан 2022-жылы бекилген. Учурда улуттук билим берүү моделин калыптандыруу милдеттерине ылайык өлкөбүздө Мамлекеттик билим берүү стандарты жаңыланып жатат. Бул  жаңыланган Мамлекеттик стандарттын долбоору Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, «Билим берүү жөнүндө» Мыйзамынын, Президенттин 2024-2028-жылдары Кыргыз Республикасын санариптик трансформациялоо концепциясын бекитүү жөнүндөгү Жарлыгынын, 2024-2028-жылдары Кыргыз Республикасын санариптик трансформациялоо Концепциясынын, Кыргыз Республикасында он эки жылдык мектептик билим берүүгө өтүү Концепциясынын, «Кыргыз жараны» жарандык иденттүүлүктү өнүктүрүү Концепциясынын, Кыргыз Республикасынын «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик » уңгужолу жана Кыргыз Республикасынын билим берүү системасын трансформациялоо боюнча «Алтын Казык» программасынын негизги талаптарына ылайык иштелип чыкканын айта кетели.

Эски жана жаңы Мамлекеттик стандарттардагы айырмачылыктар

14-февралда Билим берүү жана илим министрлигинин коллегия жыйынына сунушталып жаткан жаңы Мамлекеттик стандарттын долбоору болгону 10 беттен ашпайт. Анда 4 бап, 21 пункт, 3 тиркеме бар. Негизги түшүнүктөр жана терминдер — 26. Ал эми 2022-жылдагы Мамстандартта 5 глава, 63 пункт, 2 тиркеме болуп, өзү 28 беттен турган.

Мурунку Мамстандартта 26 түшүнүк жана термин берилген эле.  Эски Мамстандартта 3 негизги компетенттүүлүк: маалыматтык, социалдык-коммуникативдик, өзүн-өзү таануу жана көйгөйлөрдү чечүү каралса, жаңы Мамстандарттын долбоорунда 4 негизги компетенттүүлүк: таанып-билүүчүлүк-ишмердүүлүк, социалдык-коммуникативдик эмоционалдык-инсандык, маалыматтык-санариптик компетенттүүлүк сунушталып жатат. Жумушчу топтун мүчөлөрү Мамстандарттын жаңы долбоорун иштеп чыгууда төмөнкү: жеткиликтүүлүк, тактык, инсандык жеке өнүгүүгө багытталгандык; жаңыланууга ийкемдүүлүк; билим берүүнүн мазмунун проекциялоодо биримдик жана уламалуулук принциптерин жетекчиликке алышкан.

Сунушталып жаткан жаңы Мамстандарттын долбоору мектептик билим берүү этабында калыптануучу башкы баалуулуктар деп: мекенчилдик, чынчылдык жана адилеттүүлүк, жоопкерчиликтүүлүк, боорукердик жана жан тартуу, эмгекчилдик жана ак ниеттүүлүк, жаратылышка аяр мамиле жасоо, туруктуу өнүгүү принциптерин кармануу баалуулуктарын эсептейт. Түзүүчүлөрдүн пикиринде жалпы билим берүүнүн максаты болуп окуучулардын туруктуу өнүгүү жана өмүр бою билим алуу мүмкүнчүлүгүн кубаттоо үчүн зарыл болгон баалуулуктарга, негизги жана предметтик компетенттүүлүктөргө ээ болуусу үчүн сапаттуу билим берүү болуп саналат.

Ошондой эле Мамстандарттын долбоорунда жалпы билим берүүнүн милдеттери катары,: окутууда инклюзия жана гендердик теңчилик принциптерин сактоо, коопсуз жана өнүктүрүүчү окутуу чөйрөсүн түзүү, элдин маданий, руханий-адеп-ахлактык жана үй-бүлөлүк баалуулуктарына тарбиялоонун шайкеш келиши, дени сак жашоо мүнөзүн калыптандыруу, мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө жана туруктуу колдонулушуна кам көрүү, окуучуларда башка элдердин тилине, маланиятына, тарыхына карата этнотолеранттуулукту калыптандыруу, негизги жана предметтик компетенттүүлүктөрдү калыптандыруу ж.б.у.с. көрсөтүлгөн.

Жаңы Мамстандарттын долбоорунда негизги компетенттүүлүктүн: таанып билүүчүлүк-ишмердүүлүк, социалдык-коммуникативдик, эмоционалдык-инсандык, маалыматтык-санариптик компетенттүүлүк сыяктуу төрт түрү берилген.

Ошондой эле сунушталып жаткан Мамстандарттын долбоорунда окутуунун натыйжаларын пландаштырууда жана окуудагы жетишкендиктерди баалоодо эске алынышы зарыл болгон негизги жана предметтик компетенттүүлүктүн калыптанышынын репродуктивдик, продуктивдик жана креативдик деңгээли белгиленет.

«Окутуунун ар бир баскычында окуучулар билим берүү шарттарын эске алуу менен курактык жана жеке өзгөчөлүктөрүнө ылайык негизги жана предметтик компетенттүүлүктөргө ээ болушат» деп айтылат аталган долбоордо.

Мындан тышкары, сунушталып жаткан Мамстандарттын долбоорунда жалпы билим берүү уюмдары үчүн базистик окуу планы — милдеттүү предметтердин тизмеси, аларды окутуунун ырааттуулугу, окуу жүктөмүнүн көлөмү так көрсөтүлгөн.

Мамстандарттын долбооруна ылайык 12 жылдык ченемдин мөөнөтү 3 деңгээлден турат: — башталгыч жалпы билим берүү: 1-6-класстар (алты жыл); — жалпы негизги билим берүү: 7-9-класстар (үч жыл); — жалпы орто билим берүү: 10-12-класстар (үч жыл).

Жаңы Мамлекеттик стандарттын долбоорунда билим берүү:

1) филологиялык; 2) социалдык; 3) математикалык; 4) табигый-илимий, 5) искусство жана технологиялар; 6) ден соолук маданияты чөйрөлөрүнө бөлүнүп берилген жана ар бири базистик окуу планында бекитилген предметтерден турат.

Баалоо системасына келсек, сунушталып жаткан долбоордо окуучулардын окуудагы жеке жетишкендиктерин жана прогрессин өлчөө үчүн класста: диагностикалык, калыптандыруучу жана суммативдик баалоо колдонулат деп айтылат. Андан ары окутуунун денгээлдери боюнча баалоонун өзгөчөлүктөрү так жана даана сыпатталган.

Келечектеги билим берүүнүн мазмунун аныктаган бул маанилүү документтин долбоорунда андан ары «Жалпы билим берүүнүн негизги компетенттүүлүктөр алкагы» аттуу 1-тиркеме жана 26 негизги түшүнүктөргө жана терминдерге түшүндүрмө берген 2-тиркеме берилген.

Ошентип, түзүүчүлөрдүн пикиринде дүйнөлүк тажрыйбаны эске алып, мугалимдердин суроо-талаптарына ылайык түзүлгөн бул документ ары кыска, ары нуска жазылды. Анын кандай даярдалганын алдыдагы коомдук талкуулар дагы ачыктайт деген ойдобуз.

 

А.АЛИБЕКОВ,  «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер