ДҮЙНӨНҮН ЭҢ БИЙИК ЧОКУЛАРЫНА “МАНАСТЫ” КӨТӨРҮП ЧЫККАН БИЛИМ БЕРҮҮНҮН МЕЦЕНАТЫ

  • 01.08.2025
  • 0

Ош технологиялык университетинин бүтүрүүчүсү, билим берүүнүн меценаты, жеке ишкер Кадыр Сайдилкан дүйнөнүн эң бийик  Эверестти кошуп, жети континенттин жети чокусун багындырган кыргызстандык биринчи альпинист, билим-илим тармагынын меценаты жана улуттук мурастын, баалуулуктардын чыныгы  күйөрманы. Ал «Манас» эпосунун 4 килограммдык томдугун дүйнөнүн  бийик чокуларына көтөрүп чыгып, кыргыз рухун даңазалап, улуттук духту көтөрүп, 11 жылдан бери билимге умтулган жаштарды колдоп,  атайын стипендия уюштуруп, каражат жагынан жардам берип колдоого алып келет. Ошондой эле жакында кыргыз айымы Асел Байбагышеваны Эверестке чыгаруу максатын ишке ашырды.
Кадыр мырза б
үгүн “Кут Билим” гезитинин мейманы болуп, кызыктуу маек куруп берди.

ДҮЙНӨНҮН ЭҢ БИЙИК ЧОКУЛАРЫНА “МАНАСТЫ” КӨТӨРҮП ЧЫККАН БИЛИМ БЕРҮҮНҮН МЕЦЕНАТЫ

– Мен Алайкуу тоолуу өрөөнүндө жайгашкан Көңдүк деген айылда чоңойгом. 11 бир туугандын эң кичүүсүмүн. Университетти бүткөндөн кийин Казакстанда, Орусияда, Түштүк Кореяда иштеп, көпчүлүк мигранттардай кызыктуу жана түйшүктүү турмушту башымдан өткөрдүм. 2006-жылы Кыргызстанга кайтып келип, курулуш компаниясын ачып, ошондон бери ишкерлик менен алектенип, билим берүү тармагын да колдон келишинче колдоого алып келатам.

– Спорттун эң татаал түрү болгон альпинизмге кандайча келип калдыңыз?

– 2020-жылы COVID-19 илдетине кабылгам. Компьютердик томографияга түшкөнүмдө өпкөм 18 пайызы жабыркаганы белгилүү болду. Дарыгер досумдун таза абада, тоого чыгып, бел ашып басып, тыныгуу жана дем алуу көнүгүүлөрүн жасоо пайдалуу деген сунушун туура көрдүм. Ала-Арча улуттук паркынын кооз жаратылышына барып, жөө басып баштадым. Ал жакта кокусунан альпинисттердин лагеринен кайтып келе жаткан альпинисттердин тобу менен жолугуп калдым. Алар менен жакындан таанышып, мен да альпинист катары машыга баштадым. География сабагын аябай кызыгып окуп, «Жаныбарлар дүйнөсү» деген теле көрсөтүүнү үзбөй көрчү элем. Бала чагымда Африканын Килиманджаро чокусуна чыгууну кыялданчумун. Аппак кар баскан тоолорго, жаныбарлар менен айкалышкан кооз көрүнүштөргө суктанчумун. Ошол COVID күндөрү альпинисттик жолум ушинтип кокусунан эле башталып калды. Ошондой эле Рацека атындагы альпинисттер лагеринде дүйнөлүк деңгээлдеги белгилүү альпинисттер менен таанышып, алар менен достук мамиле түзүлүп, чыныгы машыгууларым башталган. Алгач кыйынчылыктар болбой койгон жок.

 

2021-жылы жаңы жылды Африканын эң бийик чокусу – Килиманджародо тосууга жетиштим. Жаңы жыл башталганда бардык каалоочуларга саат түңкү 12:00дө старт берилип, таңкы саат 3:45те чокусуна жеттим. Ошол маалда көптөр мени кесипкөй альпинист деп ойлошуптур. Тоодон түшкөн соң, көпчүлүк адамдар: «Сен жети чокуга чыгайын деп жатасыңбы?» — деп сурап калышты. Бул тууралуу менин эч кабарым жок болчу. Көрсө, «Жети чоку» деген дүйнөнүн жети континентиндеги эң бийик чокуларды аташат экен. Килиманджаро ошол тизмедеги эң төмөнкү (5895 метр) жана шарттары да салыштырмалуу жеңил болгондуктан, көпчүлүк альпинисттер дал ушул чокудан башташат. COVID маалында бизнес да токтоп, убакыт кенен болгон. Натыйжада, 2021-жылы альпинизм сезонунун алгачкы катышуучуларынын бири болдум. Кыргызстандык Эдуард Кубатов, Москвадан келген бир айым жана мен чокуга жарыша, биринчилерден болуп
чыктык.

ДҮЙНӨНҮН ЭҢ БИЙИК ЧОКУЛАРЫНА “МАНАСТЫ” КӨТӨРҮП ЧЫККАН БИЛИМ БЕРҮҮНҮН МЕЦЕНАТЫ

– Калган алты чокуну дагы багындырдыңызбы?

– Ооба, 2021-жылы Европанын эң бийик чокусу – Эльбруска чыктым. 2022-жылы Түштүк жана Түндүк Американын эң бийик чокуларын багындырдым. Ошондой эле, Азия менен Антарктиданын бийиктиктерине чыктым. 2023-жылы атайын топ менен Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө арнап, Австралиянын эң бийик чокусуна чыктык. Ошентип, дүйнөнүн жети континентиндеги эң бийик жети чокуну – «Seven Summits» долбоорун 2 жыл 8 айда бүтүрдүм. Кыргызстанда бул максатка жеткен алгачкы адам мен болдум.

 

– Мына, көпчүлүк чокулардын баары совет доорунда Коммунизм же Жеңиш бийиктиги деп аталып калган да. Анан жаңы аталышка кайтуу боюнча пикир сунуштарыңызды айтып келесиз, чет мамлекеттер өзүнүн тарыхый атын бере баштаган, бул боюнча сиздин пикириңиз өзгөргөн жокпу?

– Мен бул маселе боюнча абдан кечигип жатабыз деп айтсам жаңылбайм, себеби дегенде көп тоолорубуз коңшу өлкөлөрдүн тоолору менен чектеш. Биздин эң негизги “Жеңиш” чокусу Кытай менен, “Хан Теңир” чокусу Кытай, Казакстан жана биздин өлкө менен чектешип, үч өлкөгө карайт. Ошол эле Ленин чокусу Тажикстан менен чектешкенине байланыштуу чокудан чек ара өтөт. Алар бул чокуга “Ибн Сина” деп ат коюп алып, мамлекеттик карталарда ошол ат менен жазылып жатат. Буга Тажикстан тарабынан бир да альпинист чыга албайт, чокуга кыргыз жергесинин Чоң Алай өрөөнүнөн гана альпинисттер чыга алат. Ошого карабай “Ибн Сина” аты кеңири таралып жатат. Чокуларды адамдын атына койгонго мен карандай каршымын. Менимче тарыхый аттарын артка кайтарып койсок жакшы болот эле. Көптөрү Советтер Союзунун кошкон салымын баалап, алмаштыруудан баш тартып келишет. Менин оюма койсо Манастай каардуу, айбаттуу, сүрдүү болгондуктан “Манастай керемет чоку” деп өзгөтсөк, чынында татыктуу болот эле. Эми Манас баатырды Саякбай жана Сагымбай атабыз сүрөттөйт эмеспи, укмуштуудай төп келет. Себеби бул чоку эң кандуу тоо, чыккандан жарымынын көбү каза болот. Аны каймана иретинде “адамдын ажалына бүткөн тоо” деп аташат. Бир канча бизге да таандык тоолор бар, ошол тоолордун бири “Жеңиш” чокусу. “Коммунизм” чокусун коркпой этпей эле тажиктер канча жыл мурда “Исмаил Самонин чокусу” деп алмаштырган. Азыркы заманбап карталарды карап көрсөңүз, Ленин чокусу “Ибн Сины”, ал эми Коммунизм чокусу “Самолин” деп чыгат. Биз көп убакыттан бери чокулардын аттарын, тарыхын иликтеп, такыр алмаштыра албаганыбыз чындап өкүндүрөт. Ал түгүл бийик чокуда туруп видео тартып “тарыхый аталышка алмаштырып коюңуздарчы” деп жетекчилерге кайрылганбыз. Ленин чокусун “Жел айдар” чокусу деп кыргызча айтууга мүмкүн болушунча аракет кылалы, “Жеңиш” чокусунун тарыхый атын эч таба албай жатабыз, “Хан Тоону” кийинчерээк “Хан Теңир” деп калышкан, себеби ата бабаларыбыз буга чейин “Хан Тоо” деп атап келишкен.

– Мыкты альпинисттерге “Кышкы Ак илбирс” наамы ыйгарылып жүрөт. Кыргызстанда мындай наамга арзыгандар барбы? Сиз дагы ушундай наамга аракет кылып көрөсүзбү?

– Дүйнө жүзүндө «Кышкы Ак Илбирс» деген наамга ээ болгондор болгону үчөө гана. Алардын экөө – кыргызстандыктар. Бул статус советтик альпинизм доорунун эң жогорку сыймыктарынын бири болуп эсептелет. Ага ээ болуш үчүн мурунку СССР аймагындагы эң бийик беш чокуну кыш мезгилинде багындыруу керек. Бул чокулардын үчөө Кыргызстанда, экөөсү Тажикстанда жайгашкан. Ошол беш чокуга кышында чыгып, өз өмүрүн тобокелге салган альпинисттер гана «Кышкы Ак Илбирс» наамын алышат. Альпинизмде үч негизги статусту айырмалашат:

«Ак Илбирс» – Советтер Союзунун эң жогорку альпинисттик наамы.

«Корона Мира» (Дүйнөнүн таажысы) – бийиктиги 8000 метрден ашкан 14 чоку.

«Жети чоку» (Seven Summits) – жети континенттин ар бириндеги эң бийик чоку.

ДҮЙНӨНҮН ЭҢ БИЙИК ЧОКУЛАРЫНА “МАНАСТЫ” КӨТӨРҮП ЧЫККАН БИЛИМ БЕРҮҮНҮН МЕЦЕНАТЫ

– Жергиликтүү “Ак илбирс” наамы үч жыл мурда жаңыланган эле. Ал наамды Кыргызстандан кимдер алышты? Сиз дагы алганга жетише алдыңызбы?

– 2022-жылы Кыргызстандын альпинизм федерациясынын демилгеси менен «Ак Илбирс» наамы жаңыланып, расмий түрдө Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен кабыл алынды. Бул эгемендүү Кыргызстандын шартында берилчү улуттук альпинисттик эң жогорку статус болуп эсептелет. Жаңы жобого ылайык, «Ак Илбирс» наамын алуу үчүн альпинист Кыргызстандын аймагындагы үч 7000 метрлик чокуну багынтышы керек. Алар: Жеңиш чокусу (7439 м), Хан-Теңири чокусу (7010 м), Ленин чокусу (7134 м). Бүгүнкү күндө бул наамды алган биринчи жана азырынча жападан жалгыз адам – Асел Байбагышева айым болуп саналат. Ал эми мен эл аралык «Жети чоку» жана башка дүйнөлүк альпинисттик максаттарга басым жасап жүргөндүктөн, азырынча жергиликтүү «Ак Илбирс» программасына убакыт таба элекмин. Бирок бул менин келечектеги максаттарымдын бири болуп турат.

– Сиз чыккан чокуларга Саякбай Каралаевдин академиялык 4 килограммдык “Манас” томдугун көтөрүп чыгып жүрөсүз. Бийик чокуга чыккан альпинисттер өзүнө эң зарыл болгон жеңил буюмдарды гана алып жүрүшөт. Сиз неге өзүңүзгө дагы оор жүк кылып, “Манас” дастанын көтөрүп чыгып жүрөсүз? Же мунун башка дагы сыры барбы?

– Менин ыраматылык чоң атам алты жашымда дүйнө салган, 1980-жылдары электр жарыгы жок, май чыракта кошуналар атам болуп жер төшөктө отурар эле. Анан бизге чыракты коюп берип, агам экөөбүзгө “Манас” дастаны баштаган бардык эпосторду окутушчу. Ошентип, тамга тааныгандан баштап окугам. Кийинки учурда “Манас” эпосунда болгон биздин элдин мамилеси ичимди жылытпай өкүндүрүп келет. Тоого чыга электе менин Фейсбук жана Инстаграм баракчама “ыйык “Манас” эпосуна эмне үчүн ушундай мамиле кылабыз? — деп жазып жүрүп, бугум топтолуп жүргөн.

“Манас” эпосу менин бардык чокуларымда жанымда болду. Аны көтөрүп чыгуу аркылуу мен руханий баалуулукка, кыргыздын маданий мурасына болгон урматымды көрсөттүм. Бул эпос менен кошо табышмактуу же керемет окуя болгон жок, бирок акыркы жылдары “Манаска” карата коомчулуктагы кайдыгерлик, салкын мамиле мага жакпай жүргөн эле. Ошол мамилени өзгөртүү үчүн, мен “Манасты” эң бийик чокуга көтөрүп чыгып жүрөм.

Анан Манасты көтөрүп чыгып, ошол “дүйнөнүн бийиктигинен көрсөтүп, кайрылуу жазсам бир чоңураак таасир болот го, элдердин көңүлүн бура алам го” деп баштагам. Бир жагынан экинчи жагына “Манас” эпосуна болгон руханий, мен “кыргыз катары мен үчүн Манас эң баалуу нерсе” деп айта алам. Чокуга көтөрүп чыгып, китепти кучактап кайрылуу жасап жүрөм, канчалык деңгээлде таасир эткенин билбейм, бирок кичине болсо дагы таасири бар экенин сезип турам.

– Жаныңызда турган чет өлкөлүк альпинисттер бул жагдайды кандай кабыл алышты? Балким, абдан таң калган чыгар.

– Көптөрү сүрөттөрдү көтөрүп чыгышат. Башкалардан айырмаланып, мен “Манас” дастанын кармап сүрөткө түшүп, видео тартып жатсам, аябай таң калышат. Ошондон кийин чокудан түшкөн соң “сиз чокуга көтөрүп чыккан кандай китеп эле” деп кызыгып сурашат. “Манас бабабыз курама курап журт кылган, кулаалы таптап куш кылган. Манас атабыз мурда улуу кыргыз мамлекетин түзгөн” деп, байыркы кыргыз каганатынын карталарын көрсөтөм. “Биздин залкар баатырыбыз” десем “берчи, көрөйүн” деп алып, урмат-сый менен чекесине тийгизишип, ызаат кылышат. “Сен ушул китепти көтөрүп жинди болдуңбу” дегендер да бар, альпинисттер тоого кашыгын дагы эң жеңил материалдан жогорку технологияда даярдалган титан, жыгач же пластиктен алышат. Бул жерде 100 грамм салмак көп нерсени чечип коет. Дүйнөнүн эң бийик Эверест чокусунда чыкканда кычкылтек баллону төрт килограмм, мен ошол баллондун ордуна “Манас” китебин көтөрүп чыктым. Досторум “сенин китебиң элдин куржунунан төрт килограмм оор” деп тамашага салып айтышат. Анан бул мен үчүн өтө чоң жана олуттуу нерсе. Бул жөн гана жүк эмес. Бул мен үчүн ыйык символ. “Манас” дастаны менен сегиз миңдиктен үч чокуну багындырдым, руханий жактан да күч-кубат берди.

– Сиз багындырган жети чокулардын эң татаалы кайсы болду?

– Чынында эң татаалы – сөзсүз Эверест болду. Бул чоку физикалык жактан гана эмес, эң оболу моралдык жана психологиялык жактан оор. 7000 метрден жогору аймакты альпинизмде «өлүм зонасы» деп коюшат. Анткени ошол бийиктиктен кийин адамдын организми жашоо үчүн жетиштүү кычкылтек ала албай калат. Ал аймакта куткаруу операциясы жүргүзүлбөйт. Кокус бир нерсе болуп кетсе, адамды аман-эсен түшүрүп кетүү мүмкүнчүлүгү дээрлик жок. Эгер анын туугандары чоң суммада каражат таап берсе, атайын экспедиция уюштурулуп, сөөгү алып түшүрүлүшү мүмкүн. Бирок кырсык болгон 99 пайыз учурда адам ошол жерден кайтып келбей калат. Альпинизмде негизинен эки негизги тармак бар: техникалык альпинизм – бул тик аскаларга, кыйын географиялык рельефке чыгуу. Ал эми бийиктик альпинизми – бул Эверест сыяктуу өтө бийик, бирок техникага караганда, физикалык жана биологиялык чыдамкайлыкты талап кылган тоолорго чыгуу. Мисалы, Түндүк Американын эң бийик чокусу болгон Денали (Аляска) мен үчүн физикалык жактан эң оор чоку болду. Ал жактагы шарттар абдан катаал, аба ырайы – 53°ка чейин төмөндөйт. Ар бир альпинист өзү жүгүн көтөрүп, өз алдынча багынтат.
Мен Денали чокусуна шеригим менен кошо чыктым, ар бирибиздин жүгүбүз 40-50 кгдан ашык болчу. Андай шартта ар бир кадам – чыныгы сыноо. Ошондуктан физикалык жактан эң оор чоку – Денали, ал эми психологиялык жактан эң татаалы – Эверест болду десем жаңылышпайм.

үйнөнүн эң бийик Эверест чокусун багындырганда кандай сезимдер болду?

-Дүйнө жүзүндөгү эң бийик Эверест чокусу 8849 метр бийиктикте турат.Бул тоого чыгыш үчүн чоң даярдык керек. Бардык эле альпинисттер батынып чыга алышпайт. Тобокелге баш байлап чыгып, каза болгондор андан көп. Тоонун чокусуна “Манасты” көтөрүп чыгып, Эвересттин үстүндө 38 мүнөт отурдум. Бирок ошол учурда эч кандай сезим болбойт. Эверест – бул сүйүнүч эмес, өмүр менен өлүм тирешкен жер. Ар бир кыймыл-аракетиң оор болуп, денең чарчап, дарманың кетип калган, кычкылтек жетпейт. Сүрөткө түшүп, Кыргыз Туусун жайып чыгуу – өзүнчө бир азап. Эң кызыгы, тоонун чокусунда эмес, түшкөндөн кийин гана сезимдер келип, жеткен ийгилигиңдин маанисин түшүнөсүң.

Ар бир адамдын тоого чыгуудагы максаты ар түрдүү. Кимдир бирөө спорттук жетишкендик үчүн аракет кылат, башкалары атак-даңк же пиар үчүн чыгышы мүмкүн. Бирок менден: «Эмнеге ушунча азапты өзүңө өзүң тартып аласың?» — деп сурашса, мен дайыма: «Бул менин тоого болгон сүйүүм. Мен жөн гана тоону жакшы көрөм» — деп жооп берем.

(Уландысы кийинки санда)

Кабыл Макешов,
“Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер