ДҮЙНӨНҮ БАГЫНДЫРГАН “БАЙЧЕЧЕКЕЙ”

  • 18.04.2021
  • 0

Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук “Сейтек” борборунун “Байчечекей” үлгүлүү фольклордук-этнографиялык ансамбли өткөн жылдан бери тогуз эл аралык сынактарга онлайн катышып, байгелүү орундарды ээлеп келатат. Мына жакында Италияда өткөн “Келечек жылдыздары” сынагында 1-орунду жеңип, 300 евролук сертификаты менен сыйланды. Ал эми Японияда өткөн I Интернационалдык  “Токио жылдызы” сынагында гран-при утуп алып, 10000 сомдук сертификатка ээ болушту.

ДҮЙНӨНҮ БАГЫНДЫРГАН “БАЙЧЕЧЕКЕЙ”

“Байчечекей” үлгүлүү фольклордук-этнографиялык ансамблинин жетекчиси, билим берүүнүн мыктысы Гүлапия Алдабек кызынын айтымында, дүйнөнү дүрбөлөңгө салган Ковид-19 вирусу баардык балдарды үйүнө камап, аралыкта окутканга дуушар кылган учурда да тарбиялануучуларына күнүгө күүлөрдү үйрөтүп турду.

ДҮЙНӨНҮ БАГЫНДЫРГАН “БАЙЧЕЧЕКЕЙ”

ДҮЙНӨНҮ БАГЫНДЫРГАН “БАЙЧЕЧЕКЕЙ”

ДҮЙНӨНҮ БАГЫНДЫРГАН “БАЙЧЕЧЕКЕЙ”

— Өткөн жылкы карантин маалынан бери биздин ансамбль тогуз эл аралык сынакка онлайн катыштык. Пандемия учурунда балдарга стимул болсун деп ата-энелер ушул фестивалдарды таап беришти. Бул сынактарга катуу даярдык менен катыштык, натыйжада байгелүү орундарга жетиштик. Мисалы, кечээ жакында Италияда өткөн “Келечек жылдыздары” сынагында 1-орунду жеңип алып, 300 евролук  сертификат менен сыйландык. Ал үч жылга чейин жарайт экен. Ар бир катышуучу балага медаль, анан кубок тапшырылды. Буюрса, пандемия бүткөндөн кийин Италияга барабыз, — дейт ансамблдин жетекчиси.

ДҮЙНӨНҮ БАГЫНДЫРГАН “БАЙЧЕЧЕКЕЙ”

Мындан тышкары жакында Владимир шаарында өткөн I эл аралык музыкалык көркөм чыгармачылык “Золотые купола” сынагында 1-орунду алышты. Ал эми Японияда өткөн I Интернационалдык  “Токио жылдызы”  конкурсунда гран-принин жеңүүчүсү болуп, 10 миң сомдук сертификат утуп алышты. Бул сынактын жеңүүчүлөрүн пандемия бүтөөрү менен Токио шаарына чакырышып,  жандуу сынакка  катышышат экен.

— “Сейтектин” директору С.Челпакованын, анын орун басары И.Балтабаеванын наамына да Токиодогу бир музыкалык мектептин директору, вилончелист, продюсер Кониттон ыраазычылык кат келди. Ал мындай деп жазган: “I эл аралык музыкалык көркөм чыгармачылык “Токио жылдызы” сынагына эң жогорку деңгээлде даярдык көргөн үчүн ыраазычылык билдирем. Абдан таланттуу музыканттар бар экенине таң бердим. Мага силердин ойногон күүңөр, аспапта ойногон техникаңар, ыкмаңар абдан жакты. Эч кандай кемчилик көргөн жокмун, дагы бир жолу кутуктайм! Мен силерге ыраазымын!”, — деп кат жөнөттү дейт Г.Алдабек кызы.

Австрияда, Түркияда, Санк-Петербургда өткөн эл аралык сынактарда да 1-орунга жетишти. Бүткүл россиялык “Жаңы ысымдар” сынагына ансамбль катышкандан кийин дароо эле эл аралык сынакка айланган. Ал сынакта да 1-орунга чыгышкан. Б.Матасиновдун  “Эргиме” деген чыгармасын аткарып,  калыстар тобунун мактоосуна арзышты.

«Улут сыймыгы — миң кырдуу комуз күү жолу»

Жакында “Сейтекте” Г.Алдабек кызы шаардагы комуз ийриминин жетекчилерине мастер-класс өттү.

ДҮЙНӨНҮ БАГЫНДЫРГАН “БАЙЧЕЧЕКЕЙ”

— Комуз — биздин таянычыбыз, маданиятыбыз, сыймыгыбыз, улуттун жүзү. Комуз жансыз жыгач, бирок аны колдун аракети менен гана кандайдыр бир жагымдуу үндөрдү чыгарасың. Колдун музасы болгон үчүн — комуз деп аталып калган. Кытайлыктар аябай таң калат экен. Алардын ханзо деген музыкасы бар. Тарыхый маалыматтарга таянсак, «Энесайлык кыргыздардын сонун аспаптары бар, түрк элдеринин ичинен өнөргө бай, маданияттуу калк — кыргыздар. Алардын шыңгыроосу, добулбасы бар ж.б.у.с. Ошол аспаптар менен кошо өзгөчө аспабы бар, бүтүндөй коом чертет, эркеги да, аялы да, кызы да, баласы  да, карысы да, жашы да чертет. Ал кооз ооз же коом ооз деп саналат», — деп кытай окумуштуусу жазган экен. Албетте, ал комуз тууралуу жазып жатканы белгилүү. Мен  ички сезимимен оргуштап чыккан  күүлөрдү ойнойм. Балдарды чектебей үйрөтөм, анткени бул жан дүйнө менен байланыштуу. Бир күүнү чертип, үйрөнүп чыккан бала көптү көргөндөй болуп калат. Ал дагы комуз черткиси келип калат. Бул — рух. Бабалардан калган касиет. Анын өзгөчөлүгүн да мастер-класста айттым. Күүлөр кыргыздын жүрөгүнөн чыккан. Комуз айлана-чөйрөнү сүрөттөп коет. Комуз аркылуу — жан дүйнөнү тазартса болот. Эч кандай психологдун деле кереги жок. Жакында өткөн комуз боюнча мастер-класс практика жана теория түрүндө аншлаг менен өттү. “Сейтекте” улуттук аспаптар боюнча ансамбль бар экен деп аябай таң калышты. Көп нерсени үйрөндүк деп сүйүнүп, кээ бир мугалимдер эми келип турабыз деп кетишти. “Эргиме” деген күүнү мугалимдерге бир жарым сааттын ичинде үйрөттүк. Үйрөтүп туруп, оркестр менен алып чыктык. Биздин окуучулар, ортодо студенттер, мугалимдер болуп чертип чыктык. Бул дагы тарыхый окуя болуп калды, — дейт Гүлапия Алдабек кызы.

Ата-эненин пикири

Алия Солтонбекова, эне:

—   Менин эки балам Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук “Сейтек” борборунун “Байчечекей” үлгүлүү фольклордук-этнографиялык ансамблинде тарбияланып жатышат. Жетекчиликке аябай ыраазыбыз. Анткени менин балдарым комуз эмне экенин билбей эле келишкен. Үйдө отурбасын, телефон менен алектенбесин деп берип койгом.  Аябай комуз чертип кетет деп ойлонгон эмесмин. Эми балдарымдын артынан күүлөрдү да билип калдым. Кыргыз кийимдерди кийишет, ооз комуз, добулбас деп кыргыз аспаптарын санап айтып беришет. “Сейтекте” балдардын өнүгүшүнө баардык шарттар түзүлгөн. Борборго киргенден баштап чыкканга чейин керемет жашоого сүңгүп киресиң. Балдардын концертине келгенден кийин 2-3 күн ошол жакшы абалдан чыкпай жүрөм.

Гүлапия эженин эки таланттуу кыздары бар. Чет мамлекеттерге балдарды алып барганда, көп аракеттерин көрүп жүрөм. Бала менен бала болуп жүрүшөт. Былтыр карантинде Гүлапия эже дайыма байланышып, телефон аркылуу айрым күүлөрдү үйрөтүп турду. Болгон күүлөрүн күнүгө чертип, аябай калыптанып жатышты. “Эргиме” деген сонун күү, онлайн сынактарга ушул күү менен катышып, алдыңкы орундарды ээлеп жатышат. “Саада кат”, “Жаш кербез” жалаң залкарлардын күүлөрүн үйрөнүшөт. 11, 12 жаштагы балдарым азыр “Аттила ханды” үйрөнүп жатышат. Мен ойлогом аны 7-8-класска барганда чертишет го деп. Жок, азыр эле черте башташты. Көрсө, Гүлапия эже балдардын түпкүрүндөгү талантын сууруп чыгат экен. Болбосо балам телефон чукулап, ойногон бала эле. Азыр деле анда-санда телефон кармашат, бирок көбүнчө комуз менен алектенишет. Балдарга биз дагы ата-эне катары баардык шартты түзүп беребиз. “Сейтектин” жакшы жери, мектепте окуп жаткан баланы даяр кадр кылып даярдап чыгышат. “Байчечекейди” бүткөндө сертификат алышат. Кандай гана кесипти балдарым тандашпасын, каякка барса дагы комузу аларды таанытат. Кыргыз маданиятын алып жүрүүчүлөр болуп калышат. Ар бир үйдө комуз болушу керек. Үйдүн ичи дагы күү менен аласталат, тазарат. Менин эки балам короого чыгып, комуз черткенде орустар аябай кызыгуу менен угушат.

Түрк дүйнөсү деген сынак 23-жолу өткөрүлүп жатат. Ошол сынакка менин балам барып келди. Балдарыбыз кеткенде биз кошо он күн бою чогуу жүргөндөй эле болдук. Анткени Батма жана Зуура Алдабековалар жетекчи болуп барышкан. Барганда ар бир үй-бүлөнү, эмне тамак жеп жатканын тартып, күнү-түнү иштешти. Балдарды музейлердин баарына алып барышты. Балдар жөн эле конок болуп келбей, Кыргызстанды даңазалап келишти. Бул атайын программа болчу түрк үй-бүлөгө жашап, анан фестивалга катышуу эле. Он күн 15 бала түрк үй-бүлөсүндө жашап, алардын тили, маданияты менен таанышып келишти.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер