ДҮЙНӨЛҮК ТАЖРЫЙБА МЕНЕН УЛУТТУК ПЕДАГОГИКАЛЫК ПРАКТИКАНЫН  СИНТЕЗИ

  • 16.03.2025
  • 0

Билим берүү методологиясынын эволюциясы дүйнөлүк тажрыйба менен улуттук педагогикалык практиканын синтези аркылуу өркүндөтүлүп келет. XXI кылымдагы окутуунун эффективдүү моделдеринин катарында Сингапурдун тажрыйбасы жана Гапыр Мадеминовдун «Акыл эмгегинин маданияты» (АЭМ), «Устаттык өнөрү» китептеринде сунушталган дидактикалык принциптер өз ара логикалык байланышта өнүгүп, бири-бирин толуктап турат. Окшоштуктары боюнча Талас облустук усулдук борборунун директору Салтанат БЕЙШЕНОВА кепке тарттык.

ДҮЙНӨЛҮК ТАЖРЫЙБА МЕНЕН УЛУТТУК ПЕДАГОГИКАЛЫК ПРАКТИКАНЫН  СИНТЕЗИ

Салтанат Усеновна, Сингапур тажрыйбасы менен Г.Мадеминов жазган АЭМдин философиялык-гносеологиялык байланышы эмнеде?

— Методикалардын ортосундагы теориялык жана практикалык окшоштуктар илимий-философиялык негизде каралат. Алардын окутуудагы негизги мамилелери, методикалык ыкмалары жана педагогикалык таасири салыштырмалуу талдоого алынды. Сингапур тажрыйбасы жана Гапыр агайдын АЭМ, “Устаттык өнөрү” методикалары ортосундагы жалпы философиялык жана методикалык принциптер төмөнкүдөй негизги факторлор менен дал келет: Окуучунун активдүү катышуусу, анын ой жүгүртүү жөндөмүн өнүктүрүү; практикалык маселелерди чечүүгө багыттоо жана изилдөөчүлүк мамилени өнүктүрүү; окутуунун структуралуу, илимий, аналитикалык модели жана мугалимдин ролу – сабакты башкаруучу гана эмес, шыктандырган устат катары каралышы. (“Устаттык өнөрү”)

 Демек, Сингапур тажрыйбасы жана Гапыр Мадеминовдун усулдары   бири-бирин толуктап, окутуунун натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө түзгөн методикалык симбиоз катары каралат десек да болот.

— Бул эки методика билим берүү тармагында терең методологиялык жана педагогикалык трансформацияны ишке ашырууга көмөкчү болуучу маанилүү концепциялардын бири болуп саналат.

Сиз эки методиканы параллель карап жатасыз. Ошончолук эле окшошпу?

— Билим берүү системасы – бул жөн гана маалымат берүү эмес, ал адамдын аң-сезимин, дүйнө таанымын, акыл-эсинин терең катмарларын ойготуп, инсанды комплекстүү өнүктүрүүчү күч. Дүйнөлүк деңгээлде таанылган Сингапур тажрыйбасы менен кыргыз элинин улуу педагогикалык мурастарын сактап, жаңылык киргизген Гапыр агайдын методикасы бири-бирине окшош жана параллель түшүнүктөрдү камтыйт. Экөөнүн тең негизи – окуучунун аң-сезимин ойготуу, логикалык жана изилдөөчүлүк жөндөмдөрүн өнүктүрүү жана билимди терең кабыл алууга багыттоо.

Бул эки методиканын окшоштуктары жөнөкөй шайкештик эмес, бул – педагогикалык парадигмалардын түпкү философиялык негиздеринин дал келиши. Алардын ортосундагы байланыш билимдин табиятын, адам акылынын өнүгүү механизмдерин жана таанымдын мыйзам ченемдүүлүктөрүн терең изилдегенде гана ачык көрүнөт.

— Демек, агайдын деле усулу боюнча окуучу жаттама эмес, алган билимин жашоодо колдоно билет экен да.

— Дүйнөлүк тажрыйба  жана Гапыр Мадаминовдун усулу билимди статистикалык маалыматтардын жыйындысы катары эмес, динамикалык, тирүү процесс катары карайт. Окуучу маалыматты жаттоочу эмес, билимди түзүүчү, аны  турмуш менен байланыштырып алган билимин жашоодо колдонуу менен окшоштуктары байкалат.

Гапыр агайдын методикасында бул принцип «билимдин түпкү маңызын түшүнүү», «маанилүү нерсени бөлүп алуу», «логикалык анализ жүргүзүү» деген түшүнүктөр менен берилет.

Жыйынтыктап айтканда,  билим – бул жөн гана маалымат эмес, ал кайрадан түзүлүп, ой жүгүртүү аркылуу жогорку деңгээлге жеткенде гана чыныгы таанымга айланат.

Акыл-эс жана логикалык моделдөө. Экөөнүн тең максаты – окуучунун аң-сезимин ойготуу жана анын логикалык ой жүгүртүү жөндөмүн өркүндөтүү.

Сингапур методикасы «Бар моделин» (Bar Model Method) колдонуп, математикалык жана илимий түшүнүктөрдү визуализациялоого басым жасаса, Гапыр агайдын усулу «Акыл эмгегинин маданияты» (АЭМ) аркылуу окуучунун эс тутумун башкарууга, анын ой жүгүртүү чеберчилигин тереңдетүүгө багытталган.

Бул экөө тең адам акылынын иштөө механизмдерине негизделген дидактикалык методдор.

Биринчиден, изилдөө жана активдүү катышуу – билимдин өзөгүн ачуу.

Сингапур методикасында окуучу пассивдүү угуучу эмес, изилдөөчү жана чыгармачыл ой жүгүртүүчү болуп калыптанат. Ал сабактын негизги активдүү катышуучусу болот.

Гапыр агайдын методикасында «Проблемалык талкуу», «Өз алдынча ишмердүүлүктү уюштуруу» сабакты эффективдүү өтүү. Сабакта эркин болуу ж.б. темалары принциптери  окуучунун изилдөөчү инсан катары өнүгүшүн көздөп турат.

Жыйынтыктап айтканда, чыныгы билим сырттан таңууланбайт, ал ички аңдоо, суроо берүү жана изилдөө аркылуу алынат. Экинчиден, методикалык принциптердин окшоштуктары.

Сингапур методикасы жана Гапыр агайдын методикасы бири-бирин толуктап, бир эле философиялык негизге таянат – окуучуну ой жүгүртүүчү, иликтөөчү, чыгармачыл инсан катары өнүктүрүү.

Билим берүү – бул инсанды өнүктүрүүчү жана коомду алдыга жылдыруучу күч. Сингапур тажрыйбасы менен Гапыр Мадаминовдун (АЭМ) методикасынын ортосундагы терең байланышты талдоо аркылуу билим берүү философиясынын универсалдуулугун байкоого болот.

(Кызыктыруу, Изилдөө, Түшүндүрүү, Кеңейтүү-тереңдетүү)

Сингапур методикасында практикалык моделдөө, критикалык ой жүгүртүү жана изилдөөчүлүк мамиле негизги орунду ээлесе, АЭМ методикасы эс тутумду активдештирүү, өз алдынча билим алууга, изденүүгө, себеп-натыйжасын табууга, негизгисин бөлүп алууга ж.б. логикалык анализ жүргүзүү жана окуучунун аң-сезимин ойготуу аркылуу билимдин терең кабыл алынышын камсыздайт. Бул эки методика тең окуучунун активдүү катышуусуна, билимди структуралаштырууга, проблемаларды чечүү жөндөмүн калыптандырууга жана билимди турмушта колдонууга багытталган.

Билим берүүдө ийгиликке жетүүнүн эң натыйжалуу жолу – бул жаңы методикаларды интеграциялоо жана адаптациялоо. Сингапурдун алдыңкы билим берүү ыкмалары менен Гапыр агайдын улуттук педагогикалык тажрыйбасынын синтези Кыргызстандын билим берүү системасы үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Бул айкалыш окутуунун натыйжалуулугун жогорулатуу менен гана чектелбестен, билимди терең жана туруктуу өздөштүрүү механизмин калыптандырууга негиз болот.

ДҮЙНӨЛҮК ТАЖРЫЙБА МЕНЕН УЛУТТУК ПЕДАГОГИКАЛЫК ПРАКТИКАНЫН  СИНТЕЗИ

Ошентип, XXI кылымдын динамикалуу шарттарында билим берүү окуучуну информацияны пассивдүү алуучудан активдүү иликтөөчүгө жана инновациялык чечимдерди кабыл алуучу инсандын деңгээлине чыгаруусу керек. Бул максатты ишке ашырууда Сингапур методикасы менен АЭМ методикасынын окшоштуктары жана аларды интеграциялоо жолдору кыргыз билим берүү системасын жаңы сапаттык деңгээлге жеткирүүнүн стратегиялык багыты катары каралышы зарыл деген оюн билдирди.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер