COVID-19: САНИТАРДЫК ЭРЕЖЕЛЕРДИ САКТОО – МЕЗГИЛ ТАЛАБЫ

  • 09.04.2021
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги  жалпы билим берүүчү уюмдарга санитардык нормаларды жана талаптарды сактоо боюнча ата-энелер жана окуучулар менен ишти күчөтүү тапшырмасын берди.

Мониторинг 

Билим берүү жана илим министрлигинин Мектеп жана мектептен тышкаркы башкармалыгынын башчысы Марат Үсөналиевдин берген маалыматына таянсак, коронавирустук инфекциянын (COVID-19) андан ары жайылышына жол бербөө жана өлкө аймагына бул илдеттин кирүү жана жайылуу коркунучу уланып жатканына байланышкан тобокелдиктерди азайтуу максатында, Кыргыз Өкмөтүнүн токтомун жетекчиликке алып, КРнын Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте 2020-2021-окуу жылында жалпы билим берүүчү уюмдарында, коронавирустук инфекциянын (COVID-19) шарттарында окуу-тарбиялоо процессин уюштуруу боюнча нускама иштелип чыгып, бекитилген.

— Министрлик билим берүү процессин уюштуруу варианттарын сунуштадык. Окуучулардын жана педагогдордун өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирбестен, билим берүү процессин уюштуруу мүмкүнчүлүгү бар болгон региондордо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана аймактык саламаттык сактоо органдарынын корутундуларынын негизинде окутуу реалдуу режимде уюштурулушу мүмкүн. Ошол эле мезгилде ата-энелер жана окуучулар менен санитардык нормаларды жана талаптарды сактоо боюнча ишти күчөтүү тапшырмасы берилди. Алсак, 5-апрелге карата республика боюнча 2147 мектеп реалдуу режимде ишин кайра улантты. Мектептердин ишин кайра улантууда локалдык ыкма колдонулду. Ар бир региондогу эпидемиологиялык кырдаал эске алынууда Күнүгө мониторинг жүргүзүлүп жатат, — дейт М.Үсөналиев.

Ушул жылдын 5-апрелине карата, Бишкек шаарынын мектептеринин 6-, 7-, 8-, 9- жана 10-класстарынын окуучулары онлайн режимде окууну улантып жатышат.  Ал эми Чүй облусу боюнча жети мектеп онлайн окууга өткөрүлдү, анын ичинен бир мектеп оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу онлайн режимде окутууда.

— Биздин маалымат боюнча, учурда 15 мугалим коронавирус жуктуруп алган, дагы үч окуучу пневмония менен ооруп жатышат. Бул мектептер оффлайндан онлайнга өтүштү. Сокулуктагы, Кеминдеги Орловка, Чүй-Токмоктогу Гидростроитель мектептеринде коронавирус жуктурган мугалимдер аныкталган. Бишкек шаары абдан кооптуу болуп турат. Акыркы маалыматтарга караганда, борбор калаа “кызыл” зонага киргизилди. Андыктан мугалим, тарбиячы, ата-эне жана окуучу санитардык-эпидемиологиялык кырдаалды эске алып, баардык эрежелерди так аткаруусу зарыл, — дейт башкармалыктын  башчысы.

Бала бакчада абал кандай?

Билим берүү жана илим министрлигинин  Мектепке чейинки билим берүү бөлүмүнүн башчысы Нурзида Касымованын айтымында, республикада реалдуу режимде 1698 балдар бакчасы иштеп жатат. Анын ичинен 1285 мамлекеттик/муниципалдык (анын ичинен тогуз атайын адистештирилген, үч ведомстволук) жана 413 жеке менчик бала бакчалар санитардык-эпидемиологиялык талаптарды так аткарып жатышат.

— Саламаттык сактоо министрлиги менен бирдикте жаңы жеңилдетилген механизм иштеп чыгып жатабыз. Ата-эне же балдар ооруп калса, күн сайын алар менен баарлашып туруш керек. Мурдагы алгоритмде деле жазылган эгер ооруп калса, ата-эне болобу, бала болобу, же тарбиячы болобу кимге кайрылуу керектиги, ошол кезде медайымдар эмне иш кылыш керек экени да так жазылган. Саламаттык сактоо министрлиги иштеп чыккан алгоритмди жер-жерлердеги бала бакчаларга жеткирип жатабыз. Бишкек шаарындагы №93 бала бакчанын медициналык айымынан ковид-19 аныкталып, бул мекеме 14 күнгө карантинге алынды. Оору жуктуруп алган медайым менен байланышкан баардык адамдар аныкталып жатат. Анын үй-бүлөсү дагы карантинде. Чогуу иштешкендер ПЦР анализин берип, медициналык кызматкерлердин көзөмөлүндө турат, — дейт Нурзида Касымова.

Оорунун жайылуу деңгээлине жараша карата аймактар “жашыл”, “сары”, “кызыл” зонага бөлүнгөн. Маселен, “жашыл” аймакта, т.а. оору катталбаган региондогу мектепке чейинки мекемелер толук кандуу иштеп жатышат. Ал эми, Бишкек жана Ош шаарларында жогорку тайпалар иштеп, калгандары иштебей эле турушат.

— Жергиликтүү штаб чечими менен оорулар катталса, алар бала бакчаны, мектепти жапканга укуктары бар. Учурда 180-200 бала сасык тумоо менен ооруп жатышат. Ковид менен ооругандар аныктала элек,  — дейт бөлүм башчы.

Кесиптик орто жана жогорку окуу жайларында  да оору катталды

ББМнын Кесиптик билим берүү башкармалыгынын начальниги Гүлмира Абылкасымованын билдирүүсүнө таянсак, жума сайын студенттердин, окутуучулардын коронавирус жана сасык тумоо менен ооруп жатканы боюнча мониторинг жүргүзүлүп жатат.

— Акыркы эки жума ичинде ковид жуктуруп алган студенттер менен окутуучулардын арасында көбойүп жатат. Алсак, 19-26-мартка чейин коронавирус менен алты студент жана бир окутуучу ооруп калышкан. Ал эми 26-марттан 2-апрелге чейин 27 студент, 12 окутуучу жуктуруп алышса, орто кесиптик окуу жайларда 11 студент, төрт окутуучу ооруп жатышат. Мындан тышкары 75 адам ооругандар менен байланышкандар. Ошондой эле 108ден ашык студент сасык тумоо менен ооруп жатышат, — дейт Гүлмира айым.

Бишкек “кызыл” зонага кирди

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Улукбек Бектургановдун  билдирүүсүндө, Бишкек шаары кызыл зонага кирди.

— Коронавирус жуктурган адамдардын саны көп. Бишкек шаары — “кызыл” зонада жана Чүй облусу — “сары” зонада деп катталды. Калган алты облус — жашыл зонада. Коронавирус жуктурган адамдардын көбөйүшүнө бет кап режимин сактабоо, массалык, маданий иш-чараларды уюштуруу, адамдар көп чогулган жерлерде аралыкты сактабоо таасир этүүдө, — дейт У. Бектурганов.

Кытай вакцинасы менен  эмдөө башталды

29-марттан баштап Кыргызстанда коронавирус илдетине каршы эмдөө башталды. Акыркы маалыматтарга караганда, Бишкек шаарынан 24 мугалим эмдөөдөн өткөн.

— Эмдөөгө кытайлык SinoPharm компаниясы чыгарган вакцина колдонулуп жатат. Бул вакцина дүйнөнүн 53 өлкөсүндө колдонулган экен. Анын таасири дене тап бир аз көтөрүлүп, адамды алсыратат экен. Вакцинаны алган адамдын саламаттыгында оорчулуктар болсо, Өкмөт менен Саламаттык сактоо министрлиги жооп берет. Анын ичинде министр катары мен жооп берем, — деген “Азаттык” радиосуна берген интервьюсунда саламаттык сактоо министри А. Бейшеналиев.

Ошондой эле ал азырынча Кыргызстанда коронавирустун мутацияланган жаңы түрү каттала электигин да кошумчалаган.

Алгач эмдөөдөн Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда “кызыл зонада”, бейтапканада, «Тез жардамда» иштеген медицина кызматкерлери, мугалимдер жана күч органдарынын өкүлдөрү өтүп жатканын Республикалык эмдөө борборунун башкы адиси Араби Уланбек уулу билдирди.

— Эмдөө ыктыярдуу негизде жүргүзүлүп жатат. 8-апрелге карата Бишкек шаарынан 24 мугалим эмдөөдөн өттү. Мугалимдерди өз ыктыяры менен келип, эмдөөдөн өтүп жатышат. Анткени алар тобокел топко (группа риска) киришет. Канча деген жаш балдарды окутушат, ошондуктан алар эмдөөдөн өткөнү туура, — дейт башкы адис.

Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери илдеттин курмандыктары жалпысынан 1483 кишини түздү. Ал эми  пандемия башталгандан бери инфекцияны жугузуп алгандардын жалпы саны 88 163 адамга жеткен.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер