ЧЫНЫГЫ УСТАТ, МЫКТЫ ЖЕТЕКЧИ

  • 25.05.2022
  • 0

Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук “Сейтек” борбору быйыл 85 жылдыгын белгиледи. Буга чейин борбор тууралуу өтө эле көп жаздык. Бул жолу анын жетекчиси “Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер”, педагогика илимдеринин кандидаты Сабийра Челпакова тууралуу азыноолак кеп кылууну туура көрдүк. Анткени “Сейтекти” С.Челпаковасыз элестетүү мүмкүн эмес. Анын жетекчилиги алдында борбордо 176 ийрим ачылып, мыкты хореографиялык ансамблдер түптөлүп, кыргыз маданияты балдар аркылуу дүйнө жүзүнө таанытылды. Учурда бул борбордо 3000 чукул окуучу таалим-тарбия алат.

ЧЫНЫГЫ УСТАТ, МЫКТЫ ЖЕТЕКЧИ

Нукура лидер

Сабийра Челпакова кичинекей кезинен тили карак, зээндүү эле. Анын лидерлик сапатын байкашкан ата-энесинин тели-теңтуштары: «Ушул кызыңан бир деме чыгат» деп көп айтышчу экен. Ата-энеси менен ал Ысык-Ата районундагы Нурмамбет айылына барганды жакшы көрчү. Өзгөчө чоң апасынын жапкан наны, сепараторго тарткан каймакты талканга көөлөп, боорсокту шашлыктай кылып чыбыкка тизип бергени аны айылга тартып турчу. Айылга барып эс алган бир күнү бир айга тете эле. Атасы Мусилим абдан тамашакөй, уюштургуч, тууганчыл адам экен. Өмүрүнүн акырына чейин ал 1-Май районунун соту, ошондой эле Республикалык жактоочулар жамаатынын президиумунун мүчөсү жана төрагасынын орун басары болуп иштеген. Ал мандалинде жакшы ойночу экен. Апасы Ибраимова Кульбара — кыргыз айымдарынан чыккан биринчи энтомолог болгон.

— Апам илимдин артынан кубалап, анын ысык-суугун башынан кечирди. Изилдеди, биология илимдеринин кандидаты болду. Атамдан эрте ажырап, үй түйшүгүн жалгыз тартты. Ал баарыбызды жогорку окуу жайларда окутту. Менимче, апамдын эмгегинин акыбети кайтты. Жаңыл сиңдим анын эмгегин улантып, энтомологияны (курт-кумурскаларды изилдөө) изилдеп, ал дагы биология илимдеринин кандидаты болду. Эльмира болсо саясат таануучу, эксперт. Улуу эжем Дамираны музыкалык мектепке берип, фортепианого окутушкан. Апам командировкада жүргөндө ар бирибизге кат жазчу, аны менен ал бизге жоопкерчиликти моюнубузга илип койчу экен. Мен мектепте окуп жүргөндө эле активист элем. Мектепте отряддын председатели, пионервожатый, комсорг болгон үчүн ар кандай коомдук иштерге катышып, үйгө кеч келчүмүн. Ошондуктан мага кат жазганда көп чуркаганыңды азайт деп жазчу. Көрсө, ал бизди ишке так, олуттуу мамиле кылганга тарбиялаптыр. Менин уюштургуч, тамашакөй, меймандос, тууганчыл, эл менен бат тил табыша билген сапаттарым атаман болсо, эмгекчилдигим, ишке жоопкерчиликтүү караганым, баары колуман келет деген сапаттарым, албетте, апамдан, — дейт Сабийра Мусилимовна.

Ата-энесинен өткөн лидерлик сапатын такшалткан, сүйлөө речин шуруга тизгендей кынаптаган мектеп мугалимдеринин эмгеги опол тоодой экенин, өзгөчө класс жетекчисинин «Душмандарга алсыздыгыңды, көз жашыңды эч убакта көрсөтпө» деп айтканы бүгүнкү күнгө чейин кулагынын кырында.

С.Челпакова ал кездеги Фрунзе шаарындагы №60 мектепти аяктап, В.Маяковский атындагы Кыргыз кыз-келиндер институтунун (азыркы И.Арабаев атындагы КМУ) орус тили жана адабияты факультетин бүтүргөн. Кийин Б.Бейшеналиева атындагы институтка өтүп, экинчи билимин, т.а. менеджерлик адистикти алып чыккан. Кыргыз, орус, немис, түрк тилдеринде сүйлөйт.

Эмгек жолу

Сабийра Челпакова билим берүү тармагындагы ишмердүүлүгүн 1977-жылы Бишкек шаарындагы №5 орто мектебинде улуу пионервожатый болуу менен баштаган. Анын эмгек жолунда эки жыл Бүткүл союздук “Артек” пионер лагеринде вожатый болуп иштеши орчундуу ролду ойнойт. Азыркы бардык иш-аракеттериндеги сапаттар так ушул «Артек» лагеринде такшалган. “Артектен” топтогон тажрыйбасын келгенден кийин К.Жакыпов атындагы Республикалык пионер үйүндө методист жана маданий уюштуруучу болуп иштей баштаганда ишке ашырды.

1982-жылдан баштап 1-Май райком комсомолунун жолдомосу менен №5 кесиптик-техникалык лицейинин комитет комсомолунун катчысы болуп, 1986-жылдан окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары болуп иштейт. 1993-жылдан бери республикадагы мектептен тышкаркы билим берүү мекемелеринин флагманы болгон «Сейтек» улуттук борборун жетектеп келатат.

ЧЫНЫГЫ УСТАТ, МЫКТЫ ЖЕТЕКЧИ

— Жумушка киргенден тарта кыргыз топторун түзүү менен алектендим. Ушул жылдар аралыгында «Байчечекей», «Шаттык», «Жаш кыял» ж.б.у.с. топтор түзүлдү. Чет өлкөлөргө байма-бай чыга башташты. Балдар дүйнө жүзүндөгү элдердин маданияты менен жакындан таанышып, ошол эле кезде кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытканга жетишти. Республиканын билим берүү жагына сиңирген эмгегим, көп жылдык үзүрлүү педагогдук ишим үчүн 2005-жылы “КРнын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер” деген ардактуу наамга татыдым, — дейт борбордун жетекчиси.

Борбордун ардактуу наамдары

КРнын Президентинин Указдары менен 2007-жылы Балдардын жана өспүрүмдөрдүн республикалык “Сейтек” борбору мектептен тышкары кошумча билим берүүдө өзгөчө сиңирген эмгеги, ошондой эле өсүп келаткан муунду тарбиялоого кошкон кыйла салымы эске алынып, “улуттук” статуска ээ болду. Ошондой эле 2011-жылы балдарды жана өсүп келаткан жаш муунду маданий-эстетикалык, руханий жактан тарбиялоого кошкон зор салымы үчүн жана борбордун түзүлгөндүгүнүн 75 жылдык урматына Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук “Сейтек” борбору “Даңк” медалы менен сыйланды. Баса белгилей кетчү жагдай, мектептен тышкаркы мекемелердин ичинде жалгыз гана “Сейтек” борбору ушул ардактуу наамга татыктуу болгон.

ЧЫНЫГЫ УСТАТ, МЫКТЫ ЖЕТЕКЧИ

2015-жылдын декабрында “Мугалим” илимий-педагогикалык журналы “Сейтек” борборуна “Мыкты таалим-тарбия берүү борбору” наамын ыйгарган. Ал эми С.Челпакованын жаш жеткинчектердин талантын өстүрүп, сахнага алып чыгып, алардын эс алуусу менен бирге, таланттарын чыгарууга көмөк көрсөтүп, шарт түзүп келаткан эмгегин баалап, 2017-жылы “Мугалим” журналы Сабийра Мусилимовнага “Чыгармачылык өнөр мектебинин мыкты жетекчиси” номинациясы боюнча статуэтка менен сыйлаган. Быйыл 85 жылдык мааракесинин урматына дагы Ардак грамота менен сыйлады.

ЧЫНЫГЫ УСТАТ, МЫКТЫ ЖЕТЕКЧИ

85 жылдыкка чакырылган коноктор кур келишкен жок. Алсак, Билим берүү жана илим министрлигинин 1 млн сомго берген сертификатын Мектепте, мектептен сырткары кошумча билим берүү башкармалыгынын башчысы Самара Умралиева тапшырса, ал эми Бишкек шаардык мэриясынан 50 миң сомдук сертификат тапшырылды. Борбордун юбилейи менен куттуктап, Демократиялык Кыргызстан аялдар комитетинин төрайымы Роза Жумаева көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн С.Челпакованы  «Кылымдын залкары» медалы менен сыйлады.

 

ЧЫНЫГЫ УСТАТ, МЫКТЫ ЖЕТЕКЧИ

Насаатчы

Сабийра Мусилимовна жаш адистердин насаатчысы, кеңешчиси. Алардын сабактарына кызыгуу менен катышып, насаатчылык, кесиптик кеңештерин берип келгендиктен, натыйжада үзүрлүү, эмгегин сүйгөн мугалимдердин мууну чыга келди. Алсак: бир мугалим “КР билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер”, төрт мугалим “КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер”, бир мугалим “КР эмгек сиңирген артист”, бир мугалим “КР эмгек сиңирген тренер”, 19 мугалим “КР билим берүүнүн мыктысы”, 18 мугалим “КР маданиятынын мыктысы”, төрт мугалим “КР спорттун жана дене тарбиянын мыктысы”, үч мугалим “КР билим берүүнүн профсоюз кызматкерлеринин мыктылары”. Азыркы учурда 176 ийримде 3000 чукул окуучу таалим-тарбия алышат. Сабийра Мусилимовнанын ушу мектебинин жайылуусуна кошкон салымы зор. Республиканын бардык аймактарында ушу менен машыккан топтор ачылууда. “Сейтек” борборундагы “Чжун дао” ушу мектебинин ар жылдагы эл аралык мелдештерден алып келген медалдары айтып бүткүс.

ЧЫНЫГЫ УСТАТ, МЫКТЫ ЖЕТЕКЧИ

Ушуисттер 2006-жылы сентябрь айында Чүй облусундагы Таш-Дөбө капчыгайындагы деңиз деңгээлинен 4100 м. бийиктиктеги Таш-Башаттын чокусуна чыгып, Сабийра Мусилимовнанын урматына «Сабийра» аттуу чокуну ачышкан.

С.Челпакованын жаңыча ойлонуусу борбордогу ар кандай ийримдердин ачылуусуна шарт түздү. Кытай тили, гитара, театр студиясы, кыргыз улуттук аспаптар боюнча чопо-чоор, кыл кыякта ойноо студиялары ачылды. Жаңы окуу класстары заманбап техникалар менен, шахмат ийрими шахматтык такта менен жабдылып, сааттар бөлүндү. Борбордун 600 кишилик сахнасы кеңейтилип, капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлдү. Ал залда көптөгөн республикалык, шаардык иш-чаралар өткөрүлөт.

ЧЫНЫГЫ УСТАТ, МЫКТЫ ЖЕТЕКЧИ

С.М.Челпакова жаңыча ыкмаларды колдонуп республиканын булуң-бурчунан келген жаш адис, педагог-хореографтардын билимин жогорулатууга салым кошуп келет. Ар жылы февраль, март айларында республикалык “Бийдин да дили бар” хореография боюнча, “Комуз – түбөлүк ыйык өнөр” аттуу мастер-класстарды өткөрүүнү да салтка айландырды. Ар бир келген мугалим билимин өркүндөтүп, сертификат алып, жаңы ыкмаларды жер-жерлерге жайылтат.

Быйыл “Сейтек” борбору Билим берүү жана илим министрлиги менен бирдикте биринчи жолу “Балдарды театр аркылуу өнүктүрүү – ийгиликтин фактору” аттуу мектеп  театр ийрим жетекчилеринин билимин өркүндөтүү курсун өткөрдү.  Анткени оош-кыйыш заманда театр сүйүүчүлөр гана балдарды тарбиялай алат.

Илимий иши

2015-жылы Сабийра Челпакова 20 жылдык топтогон тажрыйбасын илимий тилге салып, «Мектептен тышкаркы кошумча билим берүү — инсандын калыптандыруунун бир багыты» аттуу темадагы педагогика илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган диссертациялык изилдөөсүн окумуштуулар чөйрөсү жаӊылык катары кабыл алган. Анткени мектептен тышкаркы кошумча билим берүү уюмдарынын басып өткөн жолдору, өзгөчөлүктөрү, этаптары биринчи жолу изилденип, тартипке келтирилип, илимий өӊүттө мүнөздөмө берилди. Иликтөө ушунусу менен баалуу экенин да окумуштуулар айтып чыгышты.

ЧЫНЫГЫ УСТАТ, МЫКТЫ ЖЕТЕКЧИ

Сабийра Мусилимовна чыныгы устат, улуу педагог, тарбиячы, жетекчи, бир тууган, дос, кесиптеш, эң башкысы ал — ЧЫНЫГЫ АДАМ. Ал боорукер, ички руху таза, ыйманы бийик. Ал таарынткан адамын дагы кектебейт. Күнүгө адам бойдон калуу бардыгыбыздын эле колубуздан келе бербейт. Ал эми Сабийра Челпаковага күнүгө адам бойдон калуу татаал иш эмес экенин дайыма тастыктап келатат.

“Сейтек” борборунун 85 жылдыгы менен “Кут Билим” гезитинин жамааты чын жүрөктөн куттуктайбыз! Таланттуу, ыймандуу, прогрессивдүү жаш муун  “Сейтектен” руханий-нравалык, маданий-эстетикалык сапаттарга сугарылып, тарбияланып,  Кыргызстандын атын дүйнөгө дүңгүрөтүп чыгара берсин!

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер