ЧЫНЫГЫ АДЕПЧИ МУГАЛИМ

  • 20.01.2022
  • 0

Белгилүү этнограф, окумуштуу Сабыр Иптаровдун шакирттеринин бири Сонунбүбү Калматова адеп сабагы жоюлуп калса дагы устатынын атын өчүрбөө максатында Бишкектеги №89 орто мектепте адеп ийримин түзүп, атайын кабинет жабдыды.

ЧЫНЫГЫ АДЕПЧИ МУГАЛИМ

Математикадан адепке өткөн мугалим

Сонунбүбү Калматова 1952-жылы  28-июнда туулган. 1970-жылы Бишкек шаарындагы №1 мектеп-интернатын бүтүрүп,  ошол эле жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин механика-математика факультетине кирип, 1975-жылы математика  мугалим кесибине ээ болгон.

1975-жылдан  2009-жылга чейин Балыкчы шаарындагы Кыргызстандын 50 жылдыгы атындагы №5 жана Манас атындагы №10 орто мектептеринде математик мугалими болуп эмгектенген.

ЧЫНЫГЫ АДЕПЧИ МУГАЛИМ

Үй-бүлөлүк шартка байланыштуу Бишкек шаарына көчүп келгенде ар кандай семинарларга катыша баштайт. Ошондой иш-чаралардын биринде айтылуу №68 гимназиянын директору К.Омурова С.Калматовага кайрылып: “Кандай мектепте иштегиңиз келет?” — деген суроосуна дароо эле ойлонбостон: “Күчтүү”, – деп жооп берген экен. Ошол эле күнү К.Омурова мектебине ээрчитип барып, тааныштыргандан кийин  адеп сабагынын мугалими болуп кабыл алынган.

№68 гимназияга келген күндөн баштап ал шаардык семинарларга жөн гана катышпастан, өтүлгөн сабактарга так, туура талдоолорду бергенин ошол кездеги Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын башкы адиси, ыраматылык Т.Насырымбекова дайыма баса белгилеп келген экен.

С.Калматова адеп-ахлактан, санжыра-санаттан кур эмес мугалим экендигин шаардык адепчи мугалимдер дароо эле байкашкан. Анткени “Үй-бүлөлүк тарбиядагы элдик педагогика” деген ат менен ачык сабакты шаардык семинарда өтүп,  бул тема бир саатка батпай турганын ал далилдеген. Ошол сабакка катышкан мугалимдер көп керектүү маалыматтарды алышканын айтышкан. Мугалимдин өзүн алып жүрүшү, окуучулар менен алака-катышы баарын кызыктырган.

— Мугалимдин көрөңгөсү бай, сүйлөсө сөзгө чечен, үнү сабактын өзөгүнө жараша өзгөрүп турду. Бул сабактан жакшы китеп окугандай, жакшы кино көргөндөй рахат алдык. Сонунбүбү чыныгы адеп мугалими экендигине баа бердик. Адеп классы талапка ылайык жасалгаланган. “Ата мурасы – урпактарга”, “Адеп – адам көркү”, “Ааламга адам келди”, “Үй-бүлө — тарбия башаты”, “Атаң барда эл тааны, атың барда жер тааны”, “Маданият – элдин жүзү” аттуу стенддер илинген. Эки шкаф толо эмгектери класс боюнча, чейректер боюнча иштелип чыккан. Буларды көрүп туруп, Сонунбүбүгө “Жаш мугалимдер үчүн колдонмо жазсаң болот” деген сунуш киргиздик, — деп кезегинде КР эмгек сиңирген мугалими Т.Насырымбекова айткан экен.

2011-2012-окуу жылында “Мурас” ийрими менен  “Аалам. Адам. Глобус. Боз үй” деген темада өткөн илимий-изилдөө сабагы өзгөчө белгиленип, жыл жыйынтыгында Бишкек билим берүү башкармалыгынын Ардак грамотасы менен сыйланган. Ушул жылдары ал  Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгында адеп сабагы боюнча методикалык бирикменин мүчөсү болуп шайланган.

Мугалимдин дил баяны

Адепчи мугалимдердин сунушун эки кылбай, ал өзүнүн топтогон эмгектеринин бир үзүмү  катары “Адептик дил баян” аттуу китепти  жазып чыгарат. Ал китепте мугалимдин дил баяны камтылган.

ЧЫНЫГЫ АДЕПЧИ МУГАЛИМ

— Окуу программасы бар, китеби жок адепти берүү үчүн мугалимдин өз куржуну салт-санаа, үрп-адат, санжыра-тарыхтан кур эмес болуш керек эле. Кепти кеп, сөздү сөз деп баалай, барктай билген гана адам бул сабакты бере алаарын түшүндүм. Изденүүгө туура келди. Адеп сабагынын тамырын таап берсе табылгыс сабак. Окуучулардын кабыл алуусу да эң сонун, тим эле суу жетпей калган дарактай кабыл алышат. Изденишет, оюн айтышат, талашат, табышат. Көп дөөлөттөрдүн барк-баасын, кептин кунун жоготуп баратканыбызды сезишет. Айтканга сабак 45 мүнөттүк болгон менен ага даярдануу алда канча көп убакытты талап кылат. Мен ар бир класска, ар бир саатым үчүн изденип эмгектендим, эмгегимди окуучулардын табылгалары, ойлору менен толуктадым. Сабактарымдын айрымдарын Бишкек шаардык адеп секциясынын семинарларында ачык саат катары өттүм. Алар жылуу пикир жаратты. Сабактарымдын айрым иштелмелери “Кутбилим-сабак” тиркемесине берип, жарыяланган, — деди Сонунбүбү Калматова.

“Мурас” ийрими

Адеп сабагына эриш-аркак кылып “Мурас” ийримин  жетектеп, адеп сабагында өтүлгөн айрым темаларды бул ийримде тереңдетип бере баштайт. Мисалы, “Аалам. Адам. Глобус. Боз үй” деген ат менен бир жыл окуучулар менен эмгектенип, сахнага алып чыккан. “Кыз ала качуу салт эмес, трагедия” деген тема менен иштеп, ал сабакты сахналаштырып, мектеп сахнасына коюлган.

— Көрөрман мугалимдердин ичинен бир эжей: “Эже, сиз менин тагдырымды алып чыктыңыз, мен деле ал сырымды эч кимге айткан жок элем” деди. “Бул трагедия сеники эле эмес, азыркы учурда көп кездешкен кыздардын тагдырынын трагедиясы” — дедим. “Адептик дил баян” китебиме “Мурас” ийриминде иштелип, сахналаштырган иштеримди киргиздим, — дейт мугалим.

“Өзгөчө”

ЧЫНЫГЫ АДЕПЧИ МУГАЛИМ

Сонунбүбү эжей Балыкчы шаарында иштеп жүргөндө ар тараптан өнөрлүү, чыгармачыл, 12 мугалим, эл агартуунун отличниктеринен турган “Өзгөчө” деген топ түзгөн. “Апакем”, “Өзгөчөм”, “Акыйнек”, “Сен белең” деген обондуу ырлардын автору.

— Өз каражаттарыбызга эки сыйра улуттук кийимдерди тиктирип, салт-санаа баш болгон тарбиясы мол санжыраларды элдик ырларга жөрмөп, бийлерге тепчип, сонун программа түзүп, Орто-Токой, Чырпыкты айылдарына адеп сабагын өттүк. 40 баш боз үй көтөрүп, көл үстүнө тигип, шаарыбыздын маданият күнүнүн көркүн чыгардык. Облустун, шаардын сыйлыктарына ээ болдук. Мен шаар мэриясынын Ардак грамотасына арзыдым. Кийин биздин иш-чарабыз менен “Эрайым” коомунун жетекчилери келип таанышты. Өздөрү менен Венгриядан келген айымды ала келишиптир, ал киши биздин ишти тасмага түшүрүп кетти. Коомдо жашап жаткандан кийин коомдогу ар бир кырдаал көз карегинде, жүрөк толтосунан орун алат. Шайлоодон кийинки ойлорумду да газетага билдиргем. Кандай кырдаал, кандай шарт болбосун четте калгым келбейт.  Мен көп мугалимдердин биримин. Мендей эмгекти ар бир эле мугалим жүргүзүп жатса керек, бирок ошол эмгектер сабак өтүлүп бүткөндөн кийин кереги жоктой чаң басып шкафтарда кала берет. Бул мугалимдин өз эмгегине болгон кайдигерлиги. Эгер биз эмгегибизге кайдигер карабай, изденип, таап алган табылгабызды топтоп, кийинки муундарга өткөрүп турсак, жаман болбос,  — дейт адепчи мугалим.

“Бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун”

Бир саат сабак бербеген, балдардын күлкүсүнөн жүдөгөн адамдар мугалимдер үчүн жонуна жылуу, этине жакын эмнени жаратат? Ошондуктан улуу муундагы педагогдор өмүрдү жөн гана өткөрбөстөн, эмгектерин таберик калтыруу керек деген оюн мугалим ортого салды.

— Бала кезде баарын билсем дечү элем,

Бүт сырларын бул табышмак дүйнөнүн.

Баарын эмес, биле албадым четин да,

Кайдан билдим тагдыр башка сүйлөрүн, — деп акын Кадыр Айткул уулу айткандай, өтүп жаткан коомдун оош-кыйышын колдон келишинче түздөп, өйдө-төмөн айтылган сөздөрдү жамаачылап жазгап, “Уят деп келген улуу журт” деген улуу сөз менен балдарды тарбиялап келебиз. Бирок балдар коомдо жашап, аралашып жүргөндөн кийин аларга берген элдик адеп – мурасыбыз жыртык кол чатырга окшошуп калат экен. Эгер алдыдагы көч баштаган эр-азаматтар карапайым элди адаштырып турса, өзгөчө балдар сезимтал келет, жаманды да, жакшыны да өзүнө тез кабыл алат. Сократтын пикири боюнча, философия жаратылышты эмес адам маселесин, анын адеп-ахлактык сапаттары жана билимдеринин маңызы жөнүндөгү маселелерди изилдөөсү керек деген. Сократтын дагы бир пикирине көңүл бурсак, “жогорку даражадагы адептүү адам гана ийгиликке жөндөмдүү жана диалектикада чебер боло алышат”  деген, — дейт С.Калматова.

“Апалардын ааламы”

ЧЫНЫГЫ АДЕПЧИ МУГАЛИМ

С.Калматова жаны тынбай иштеп, жаш муундарга туура багыт көрсөтүп, адеп-ахлакка тарбиялоодо өтө зор эмгектерди жаратып келаткан ардагер мугалимдердин бири. Учурда “Апалардын ааламы” деген долбоору ай сайын ЭлТРде тартылмак болду.  Сонубүбү эжей Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасынын ээси. Эл агартуунун отличниги, жогорку категориядагы мугалим. Үй-бүлөлүү, үч баланын энеси, үч неберенин чоң энеси.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер