ЧЫГААН  МУГАЛИМДЕР АНЫКТАЛДЫ

  • 04.10.2024
  • 0

Бишкекте өткөн республикалык “Жыл мугалими – 2024” сынагынын баш байгесин ОшМУнун “Билим” мектеп-лицейинин математика мугалими Назгүл Каныбекова жеңип алды.

Мыктынын мыктылары

ЧЫГААН  МУГАЛИМДЕР АНЫКТАЛДЫ

Билим берүүнүн тарыхында биринчи жолу чоң байге коюлду, т.а. баш байгеге —  батирдин ачкычы тапшырылат. Сынакка жети дубандан 17 предмет боюнча эң мыкты деп аталган 128 мугалим  келген эле. Конкурс  үч тур менен өтүп, иргелип отуруп акыры 21 мугалим күч сынашты. Акыркы 3-турдан кийин гран-прини жана «Жылдын мыкты мугалими» номинациясын ОшМУнун “Билим” мектеп-лицейинин математика мугалими Назгүл Каныбекова жеңип алып,  батирлүү болгону калды. Ал эми мыкты башталгыч класстардын мугалими – Ош шаарындагы №32 Жолон Мамытов атындагы орто мектебинен  Гулнур Балтабаева, мыкты кыргыз тили жана адабияты мугалими – Бишкек шаарындагы Т.Сатылганов атындагы №69 окуу-тарбия комплексинен Атыркүл Рыскелдиева, мыкты орус тили жана адабияты мугалими  — Ысык-Көл районунун Тамчы айылындагы мектеп-гимназиясынан Мээрим Алмаз кызы, мыкты математика мугалими – Ат-Башы районундагы А.Осмоналиев атындагы мектептен Бүбүайша Жумукова,  мыкты тарых мугалими – КР Президенттик “Акылман” лицейинен Азирет Заидов, мыкты чет тил мугалими – Бишкек шаарындагы И.В.Гёте №23 окуу-тарбия комплексинен Чолпон Калтаева,  мыкты география мугалими – Ош шаарындагы №52 “Кыргыз-Түрк достугу” мектеп-лицейинен Нуристан Марат уулу, «Диндердин өнүгүү тарыхы» предмети боюнча мыкты мугалими – Өзгөн районундагы Тагай Асранов атындагы №6 инновациялык орто мектебинен Сайрагүл Көчкөнбаева, мыкты көркөм-сүрөт искусствосу мугалими – Талас районундагы Султанбеков атындагы орто мектебинен Мирзат Байдалиевдер  Кыргыз Республикасынын “Билим берүүнүн мыктысы” жана Ардак грамотасы менен сыйланат.

Баш байгенин ээси ким?

Назгүл Каныбекова 1990-жылдын 19-майында Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал районунун Каныш-Кыя айылында карапайым адамдардын үй-бүлөсүндө туулган. Ал тогуз  бир туугандын эң кичүүсү. Назгүл 1997-жылдын 1-сентябрында Сатыбалды Байдөөлөтов атындагы Каныш-Кыя орто мектебине 1-класска кирип, 2008-жылы артыкчылык аттестаты менен аяктаган. 2009-жылы Ош мамлекеттик университетинин математика жана информациялык технологиялар факультетинин математика адистигине тапшырып, 2014-жылы бул окуу жайды артыкчылык диплому менен бүтүргөн. Ушул эле жылы аталган окуу жайдын магистратура бөлүмүнө тапшырып, 2016-жылы аны дагы артыкчылык диплому менен аяктаган.

ЧЫГААН  МУГАЛИМДЕР АНЫКТАЛДЫ

Сынактын жеңүүчүсү 2014-жылдан бери ОшМУнун “Билим” лицейинде окуучуларга математика сабагынан билим берип келатат. Үй-бүлөлүү, бир уул, бир кыздын энеси. Жолдошу Балажан Ахматов, Ош шаарындагы “Жетиген” мектеп-лицейинде дене тарбия мугалими болуп эмгектенет.

Н.Каныбекова: “Оюнум да, оюм да, басканым да, турганым да мугалимди туурап атып мугалим болуп калдым”

Ар бир баланын шыгына, дараметине, деңгээлине жараша математиканы окутуу – бул менин “идеологиям”

Кепти бир аз алыстан, мугалимдик кесипти кантип тандап калгандыгымдан баштагым келип турат. Баланын чоңойгондо ким болору анын кичинесинде ойногон оюнунан эле билинет экен деп ойлоп калдым. Кичинекей кезимде мени атам менен апам “басканын кара, басканын, эжекенин басканындай” деп эркелетишчү. Анда мен ансайын боюмду түзөп, согончогумду көтөрүп (эжекемин туфли кийгенин туурагым келген го), какайып басчумун. Эч качан өзүмөн чоңдор менен ойногон эмесмин. Жалаң гана өзүмдөн кичинелерди айланама топтоп алып ойногон жакчу. Анткени чоңдор менен “мектеп-мектеп” ойногондо мени окуучу кылып коюшар эле да. Анан калса алар көпчүлүк учурда “дүкөнчү-дүкөн”, “догдур-догдур” оюндарын ойношчу. А мен эжеке болгум келчү. Ошол үчүн да Айжаркын, Айбарчын, Сагын, Толгонай, Акылайлар менен ойночумун. Эки жакка эки тазикти көмөрө коюп, анын үстүнө узун тактайдан жаткырып парта жасап, таштардан олтургуч тизип, ашкананын артына, көңкананын жанына дароо эле “Дүйшөндүн мектебин” кура кетчүмүн. Алар кичинекей да, али окуй элек. Үйүндө дептер-ручкасы жок. Ошондуктан өзүм аларга эки сомдук көк дептерди ортосунан кыркып, сыртына аты-жөнүн жазып, анан кленка пакет менен сырттап… Пакеттен дептер тыш жасоо да өзүнчө керемет иш. Аны тегиздеп кыркасың, бириккен жерлерин күкүрттү күйгүзүп туруп басып-басып койсоң өзүнчө эле “дельфин” тыш дапдаяр. Ошентип, ар биринин  колуна карматам. Сабактан кийин сөзсүз жыйнап алам. Антпесе кайран мээнет күйбөйбү.

Кудум эжекемди туурап эшиктен кирип, алар менен саламдашып өзүмө даярдаган “өзгөчө” орундукка олтуруп, сабак баштайм. Көбүнчөсү мактап, алакандарына, дептерине беш коюп берем. Өтө берилип кеткенде уруша кетем, эки да коюп жиберем. Андайда окуучуларым “мен ойнобойм” деп кетемге түшөт. Кайра эле өзүм жалдырайм “эжеке деген калп эле урушат да” демиш болуп.

Доскабыз – сыртынын краскасы көчкөн көк трактордун эшиги. Бор маселесине келсек акыбалым оор болчу. Азыр ойлоп көрсөм, ошол кезде доскага жазган ак борлор таңкыс болгон окшойт. Себеби менин эжекем 2-3 борду кагазга ороп келип жазып, кайра сабактын аягында унутпай кагазына тамекини орогондой көздү кызартып ороп, кайра алып кетчү. Унутуп калса экен деген тилегимди таш каап кала берчүмүн. Анткени менин борум – кадимки отко күйүп бүткөн жыгач – көө эле. Трактордун эшигине жакшы эле жазылчу. Болгону кайра өчүрүү кыйын эле. Колдорум капкара болуп, тилик-тилик болуп жарылып кеткенине деле кайылмын.

Ошентип, оюнум да, оюм да, басканым да, турганым да мугалимди туурап атып бул кесипке болгон сүйүүм артып мугалим болуп калдым.

XXI кылым – илим менен техниканын кылымы деп айтып келебиз. Илимде да, техникада да болуп көрбөгөндөй чоң өзгөрүүлөр болуп жатат. Ушундай заманда биз 20-30 жыл мурдагы методдорубуз менен эле балдарды окута берсек, анда биз алардын келечегин уурдаган болоорубуз айкын. Бүгүн биз ар бир баланын деңгээлине, шыгына, кызыгуусуна жараша предметибизди багыттабасак болбойт.

Бул окуучуларды жакшы-жаман деп бөлүүгө алып келет дешиңиз мүмкүн. Жок, андай эмес. Бул ар бир баланын туруктуу өнүгүшүнө алып келет. Үйдө да 5 жашар кызыңызды дандырга нан жап деп урушпайсыз да, дандырга нан жапканды билбей атат деп капа да болбойсуз. Андан көрө чаң аарчы деген тапшырма берсениз, кызыңыз да апама жардам берип жатам деп мунун кубануу менен жасайт. Класста да ар бир окуучу математикадан коюлган тапшырмаларды чыгара алганына кубанат, шыктанат, умтулуу пайда болот.

Сөзүмдүн аягын белгилүү Совет педагогу математик-физик Виктор Федорович Шаталовдун сөзү менен жыйынтыктагым келип турат: “Окуй албаган бала болбойт, окута албаган мугалим болот”. Окуудагы жакшы жыйынтыктын кепилдиги – бул мугалим тарабынан класста түзүлгөн жагымдуу, чыгармачыл атмосфера. Муну Шаталов “туздалган бадыраң принциби” деп атаган. “Эгерде банкадагы туздалган сууга бадыраңды салсаң ал кааласа да, каалабаса да туздалган болот” деп айтканы бар. Андыктан бардык бала окууга, ишмердүүлүккө тартылган класста окубай олтурган баланын өзү болбойт.

Мыкты агай

Марат уулу Нуристан 1997-жылы 9-июлда Ош облусунун, Кара-Суу районуна караштуу Тээке айылында жарык дүйнөгө келген. 2003-жылы ошол эле айылдагы №22 Бегайым Лапин кызы атындагы орто мектебинин 1-классына кабыл алынып, 2014-жылы ушул эле мектепти ийгиликтүү бүткөн.

ЧЫГААН  МУГАЛИМДЕР АНЫКТАЛДЫ

2018-жылы Ош мамлектинин табият таануу жана география факультетин ийгиликтүү аяктап, 2020-жылы ушул эле факультеттин магистратурасын кызыл диплом менен аяктаган. Мугалимдик эмгек жолун 2019-жылы ОшМУнун «Кара-Суу» гимназиясынан башталды. Азыркы учурда Ош шаарындагы №52 «Кыргыз-Түрк Достугу» атындагы мектеп лицейинде география мугалими болуп эмгектенет.

2024-жылы Ош шаарында өткөрүлгөн «Жылдын мыкты мугалими» конкурсунда биринчи орунга жетишип, республикалык баскычка жолдомо алып, эми минтип мыкты география мугалими номинациясын жеңип отурат..

— Мугалимдик кесип менин бешенеме жазылган кесип окшойт. Анткени, кичинекейимден башка бирөөлөргө маалымат айтып берүүнү  жана ар дайым башка бирөөлөр менен маалымат бөлүшкөндү абдан жакшы көрчүмүн. Менин бул сапатым мугалим болушума өбөлгө түздү. Бала мезгилимде алдыма койгон «Мыкты мугалим болуу» кыялым орундалды. Мыкты мугалим болуу  «Мыкты мугалим» деген наамды алуу менен эле чектелбейт. Биз күн сайын мыкты болууга умтулушубуз керек. Бул жеңиш мени дагы да мыкты болуума шыктандырды, — дейт жеңүүчү.

Нуристан Марат уулунан турган турпаты, сүйлөгөн сөзүнөн нукура мугалимдик касиетти көрсө болот. Ал сынактын 2-турунда «Глобустун жардамы аркылуу географиялык маселелерди чыгаруу» темасында кызыктуу мастер-класс өтсө, акыркы, чечүүчү турда «Европанын калкынын жана чарбасынын жайгашуу географиясы» темасындагы сабагы өтө кызыктуу болду.  Нуристан сабагы кызыктуу, жугумдуу болуу үчүн ар бир окуучуга планшет ала келген. Андан сырткары тесттин вариантын көрсөтүү үчүн атайын улуттук ою түшүрүлгөн куржунда  дизайн менен жасалган тамгалары окуучуларды өзүнө тартып турду.

ЧЫГААН  МУГАЛИМДЕР АНЫКТАЛДЫ

Нуристан Марат уулу: “Балдарды чын жүрөктөн сүйүп, өз ишинин устасы болуу”

«Мен мугалим болуп иштегенди жакшы көрөм, анткени мугалим — кесиптердин төрөсү, мугалим болуу аркылуу бир адамды эмес, бүтүндөй коомду тарбиялоого болот. Окуучуларымдан  себепсиз жакшы көргөндү, эртеңкиге үмүт менен караганды, жашоодо бар нерсеге канаат кылууну  үйрөндүм», — дейт агай.

Нуристандын кесиптик амбициясы — өз өлкөсүнө татыктуу кызмат кылган, мекенчил, тарбиялуу муунду тарбиялоо. Анын хоббиси – китеп окуганды жана шахмат ойногонду абдан жакшы көрөт.

Өзү жаш болгону менен эмгекчилдиги үчүн бир топ сыйлыктарга татыктуу болду. Ал Ош шаардык кеңешинин Ардак грамотасы (2024), Ош шаардык мэриясынын ыраазычылык баракчасы (2024), ОшМУнун Ардак грамотасы (2023), ОшМУ ыраазычылык баракчасы (2022) менен сыйланган. Ошондой эле Нуристан Ош шаардык билим берүү борборунун “Эң мыкты чыгармачыл мугалим мугалим” номинациясынын ээси (2024).

Анын жазган китептери: «Эн, эн, эн» китебинин автору. “Акыл үчүн витаминдер 1”, “Акыл үчүн витаминдер 2” “Дүйнөнү багынткан кедейлер 1”, “Дүйнөнү багынткан кедейлер 2”, “Генийлер кантип сүйлөшөт”, “География предметинен олимпиадалык маселелерди чыгаруу”, “PISA-2025 Окуу сабаттуулугу”, “PISA-2025 Математикалык сабаттуулук”, PISA-2025 табигый илимдер боюнча сабаттуулук”, деп аталган 10 түзүүчүсү жана авторумун.

Ошентип, 5-октябрь – Билим кызматкерлеринин эл аралык күнүндө баш байгени КРнын Президенти Садыр Жапаров тапшырып, жалпы агартуу журтчулугун куттуктайт.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер