КОНСТИТУЦИЯ — БИЗДИН ЖАШООБУЗДУН БАШ МЫЙЗАМЫ

  • 06.04.2021
  • 0

Кыргызстан 11-апрелде тарыхый кадам таштоо алдында турат. Жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо менен бирге Конституциянын долбоору боюнча референдум өтөт. Жаңы даярдалган Баш мыйзамдын артыкчылыктары тууралуу Конституциялык кеңешменин мүчөсү, юридика илимдеринин доктору, профессор, КР эмгек сиңирген юристи Чолпонкул Арабаев «Кут Билимге» берген маегинде айтып берди.

— Чолпонкул Исаевич, референдумга саналуу гана күндөр калды. Сиз мүчө болгон Конституциялык кеңешме иштеп чыккан Баш мыйзамда адам укуктары, президенттин ыйгарым укуктары менен милдети, бийлик бутактарынын тең салмактуулугу боюнча талаш-талкуулар болуп, коомчулукта түрдүү пикирлер дагы деле уланууда. Ушулар тууралуу сөздү баштардын алдында биз эмне себептен президенттик башкарууну тандап алдык деген суроого жооп алып алсак.

— Азыр жалпы Кыргызстандын эли, анын ичинде биринчи кезекте агартуучулар, илимпоздор, маданият кызматкерлери Жаңы баш мыйзам кабыл алынса жашообуз жакшырат, илим-билим саясаты жакшы жолго коюлат деп жаңы долбоордон көптү үмүт кылышууда. Ошол үмүттөр буюрса, орундалат. Себеби Баш мыйзам Кыргызстандын келечегин, өсүп-өнүгүүсүн аныктай турган, ага фундамент, негиз боло турган мыйзам. Ошондуктан 11-апрелде референдумга Кыргызстандын ар бир жараны, анын ичинде кыргыз интеллигенсиясы активдүү катышып, өзүнүн атуулдук милдетин аткарат деген ойдомун. Тилекке каршы, бизде акыркы жылдары мен барбасам деле болот, мен үчүн башкалар деле добуш берип коет деген  кайдигер мамиле басымдуулук кылып кетти. Биз бул ойдон кайтып, Баш мыйзамга жоопкерчиликтүү мамиле кылышыбыз керек. Анткени эртеби-кечпи сөзсүз Кыргызстандын ар бир жараны Баш мыйзамда камтылган нормалар, ченемдер менен түздөн түз же кыйыр түрдө кезиге турган далай жолдор болот.
Ал эми эмне себептен президенттик башкарууну тандап алдык деген суроого келе турган болсок, январь айында өткөн референдумда элдин 80% ашыгы башкаруунун жаңы формасын тандап берди. Чын-чынына келгенде бизде буга чейин иштеп келген парламенттик башкаруу өзүн актай алган жок. Расмий түрдө парламенттик башкаруу деп жазылып, жарыяланганы — де-юре, де факто Президент гана башкарып келди. Кыргызстанда чыныгы парламенттик башкаруу формасы болгон жок деп кесе айтууга туура келет. Баш мыйзам андай башкарууга жол берген менен Парламенттин деңгээли талапка жооп берген жок, мындай башкарууну алар алып кете алган жок. Учурда Конституциялык кеңешке оппонент болуп жаткан айрым серепчилер ушуну туура түшүнүшү керек.
Эми элдин тандоосу менен Конституция өзгөрүп жатат. Баш мыйзам улуттук менталитетибизди, улуттук өзгөчөлүгүбүздү, каада-салттатарды, кыргыз мамлекети жайгашкан географиялык шартты ж.б. жагдайларды, өткөн-кеткен кемчиликтерди, Кыргызстандын келечегине кайдыгер карабаган миңдеген адамдардын, ошонун ичинде алыскы райондордон, шаарлардан келип берген ой-пикирлерин, сунуштарын эске алуу менен жазылды. Мына ушулардын бардыгы терең талданып, тыкыр каралып, Кыргызстандын соңку жаңы тарыхында биринчи жолу кыргыз тилинде жазылды.
Экинчи маселе партиялык системада жатат. Партияларды жеке менчик коомдук уюмга айландырып алышты. Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоодо депутаттык орундар сатылып, алтын мандаттар пайда болду деген эл арасында ар кандай тескери ойлор жаралды. Ошонун айынан 5-6-чакырылышта келген депутаттардын сапаты начар болду, кесепетинен бийликтердин ортосундагы тең салмактуулук сакталбай калды. Президенттерге бул майдай жакты. Сапатсыз парламентти көшөгөнүн артында туруп алып башкаруу абдан жеңил болду. Эки Президент тең ушундай жол менен мамлекетти башкарып иштешти, ошондуктан бизде өнүгүү болгон жок.
Сырттан карыздарды алып жатканда да алардын жакшылап ойлонуп, жети өлчөп, бир кескенге, баарынын эсебин чыгарып, аны кантип төлөйбүз, кайсы каражаттан, эмненин эсебинен дегенге деңгээли жеткен жок, Президенттер үчүн мындай учур өтө ыңгайлуу болду. Кыргызстандын ички, тышкы карыздарынын көбөйүшү да ушуга байланыштуу. Акыркы жылдарда алгылыктуу чечимдердин кабыл алынбагандыгы элдик толкундоолорго алып келди. Мына ушундай жайгдайларды, мамлекеттик кызматта адилеттикти, калыстыкты калыптандыруу үчүн жаңы шайланган Президент Садыр Нургожоевич кадрдык жаңы саясатты баштап, атайын Жарлык чыгарды. Райондордо акимдерди, анын орун басарларын аттестациялоо өтүп жатат, деңгээли төмөндөр өздөрү эле аттестациядан качып келбей, келгендеринин арасынан өтпөй калгандар да болду. Анан ошондой адамдар аким болуп, бир районду башкарып жатса, каяктагы өсүштү, каяктагы келечекти айта алабыз? Ошондуктан сөзсүз түрдө кадрлар конкурсттук тандоонун неизинде келиши керек. Конкурс болгон жерде, тандоо болот, тандоо болгон жерде сапат болот. Сапатсыз иш эч бир натыйжалуу жыйынтыкка алып келе албайт.

— Жаңы сунушталып жаткан Конституцияда Жогорку Кеңеш бир топ ыйгарым укуктарынан ажырап калды, ал укуктар толугу менен Президентке өтүп кетти ы деген да дооматтар айтылууда.

— Ооба, бийликтеги тең салмактуулук боюнча ар кандай көз караштар айтылып жатат. Жогорку Кеңештин бир топ ыйгарым укуктары, компетенциясы Президентке өтүп кетти деген оппоненттерге дагы ачык айтып коюшубуз керек. Албетте, президенттик башкарууга өтүп, жоопкерчилик бир кишиге жүктөлүп жаткандан кийин ага дагы бир топ ыйгарым укук берилиши керек. Мына ушул жагын алар эске албай жатышат.

Мамлекеттик бийликтер ортосундагы тең салмактуулук, менимче, жакшы эле сакталды. Жогорку Кеңеш бийликтин бир бутагы катары саналгандыктан, ага тийиштүү классикалык укукка, компетенцияга ээ экендиги ачык-айкын эле жаңы долбоордо көрүнүп турат. Биринчи кезекте ал аткаруучу эмес, мыйзамчыгаруучу орган, экинчиден, чыгарылган мыйзамдарды көзөмөлгө ала турган, эл менен бийликтин ортосундагы өкүлчүлүктү орундата турган орган.

Жогорку Кеңеш Министрлер кабинетинин төрагасын, анын орун басарларын жана Министрлер кабинетинин мүчөлөрүн дайындоого макулдук берет, республикалык бюджетти бекитет, Министрлер кабинетинин ишмердүүлүгү жана республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө Министрлер кабинетинин төрагасынын отчетун угат, Президенттин сунуштамасы боюнча Жогорку соттун жана Конституциялык соттун судьяларын шайлайт, аларды кызматтан бошотот, Конституциялык соттун жана Жогорку соттун судьяларынын арасынан төрагаларын беш жылдык мөөнөткө дайындоого макулдугун берет, Улуттук банктын төрагасын шайлайт, аны кызматтан бошотот. Эсептөө палатасынын мүчөлөрүнүн курамын шайлайт жана мыйзамда каралган учурларда аларды кызматынан бошотот, Акыйкатчыны (Омбудсменди) шайлайт жана мыйзамда каралган учурларда кызматтан бошотот, аны жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берет. Башкы прокурорду дайындоого жана жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берет. Тактап айтканда, Жогорку Кеңешке тийиштүү классикалык компетенциясынын баары эле сакталды.
Жогорку Кеңештеги депуттардын саны азайды. 120дан 90 түштү. Анын канчасын можаритардык система менен, канчасы пропорционалдык система менен шайлоого келе турганы келечекте мыйзам менен аныкталат. Бул жаатта да ар кандай ой-пикирлер айтылууда. Айрымдар отуз беши пропорционалдык система менен, калган 55 можаритардык система менен келсин деген ойлорун айтып жатышса, мүмкүн теңме тең кылабыз дегендер да бар. Эми ал келечекте мыйзам менен аныктала турган маселе.
Адам укуктарына токтоло турган болсок, Конституцияда адам укугу боюнча биздеги кабыл алынган, Кыргызстан кошулган эл аралык конвенцияларда, эл аралык келишимдерде каралган адам укугуна байланышкан баардык ченемдер буга чейин эле камтылган. Бул боюнча Венециялык комиссиянын пикири, сунушу жокко эсе деп айтсак болот. Негизи адам укуктарын сактоо боюнча Кыргызстандын деңгээли коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу кыйла эле жакшы.

Дагы бир жакшы жаңылык, көптөн бери талкууланып келе жаткан Өкмөт менен Президенттин аппараты бириктирилип, Президент Өкмөттүн башында турушу керек деген маселе да чечилди. Өнүккөн өлкөлөрдүн тарыхындагы ой-пикирлерди, тажрыйбаны эске алып, Өкмөт эмес, министрлер кабинети болушу керек деген сунушту биринчилерден болуп мен киргиздим. Бул Баш мыйзам жазылып жатканда бир топ талкуу менен ишке ашты. Эми Президент мамлекет башчысы, жогорку кызмат адамы жана Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигин жетектейт. Министрлер кабинетинин төрагасы Президенттин аппараты менен Өкмөттүн бирикен аппаратынын башчысы да болуп саналат, эки аппаратка бир башчы болот. Муну менен мамлекеттин бюджетин бир топ үнөмдөөгө жетишебиз.

—  Акысыз билим берүү, балдарды мамлекеттин камкордугуна алуунун конституциялык кепилдиктери кемиген жокпу?

— Буюрса, жаңы Баш мыйзамда илим-билим, тарбия жаатында да жакшы жаңылыктар бар. Мурункуларына кирбей калган бир катар атайын нормалар киргизилди. Ошонун ичинде үй-бүлө маселесине, жетим балдарды тарбиялоо, деги эле коомдогу балдардын ролуна жакшы көңүл бөлүндү. Негизи аларга болгон камкордук буга чейин кагаз бетинде эле калган. Алар жакшы тарбия албаса, камкордукка бөлөнбөсө, келечекте кантип кыргыз элинин кандай жараны болот, кантип өз элине кызмат кылат? Мына ушулардын баары бири-бири менен тыгыз байланышта. Мамлекет татыктуу жарандарын тарбиялаш үчүн Конституциялык деңгээлде тийиштүү мыйзамдарды кабыл алып, мамлекеттик атайын органдар кам көрүшү керек. Баш мыйзамга мына ушул сыяктуу жаңылыктар киргизилди. Буюрса, референдумду эл колдоп берсе, келечекте жүздөгөн мыйзам актылар чукул арада кабыл алынат деген ойдомун. Президенттин мыйзамдарды инвентаризациялоо, сот, укук коргоо органдарынын ишин өркүндөтүү, жарандарды руханий, маданиятка, спортко тарбиялоо боюнча бир канча жарлыктарын Баш мыйзамда каралган нормаларды турмушка ашырууга багытталган аракеттер деп айтсак болот.

Негизи Кыргызстан — ачык өлкө. Бизде 250дөн ашык саясий партия расмий каттоодон өткөн. 10 миңден ашык жарандык-коомдук, уюмдар бар. Андыктан биздин элден эч нерсени жашырууга мүмкүн эмес. Элибизде «Ийнени же шибегени капка ката албайсың» деген макал бар эмеспи. Бүгүн ошол актуалдуу болуп турат. Себеби бизде бир нерсени элден жашыруу өтө кыйын. Андыктан «Ханституция» болот, Президент баарын ээлеп алат дегенден алыс эле болгонубуз жакшы.
Демек, рефендум болобу же шайлоо болобу, аларга ар бир жаран жоопкерчиликтүү мамиле жасашы абзел. Анткени, ага кандай мамиле жасасак, кандай депутаттарды бийликке өзүбүздүн өкүл катары алып келсек,  эртеңки жашообуз ошого жараша болот. Кыргызстандыктардын ар биринин добушу эртеңки келечек, добуш деген — ар намыс, абийир. Кыргыз эли эч качан абийирин, ар-намысын саткан эмес. Муну өлкөбүздүн атуулдары туура түшүнүп, астейдил мамиледе, терең жоопкерчилик менен кабыл алышыбыз керек.

Маектешкен Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер