ЧЕЧИЛГЕН ЧЕК АРА, МААНАЙДЫ КӨТӨРГӨН МАЙРАМ

  • 24.03.2025
  • 0

Нооруз майрамы белгиленген күнү жана анын эртеси акыл-оюмду ээлеп алган, кээде бушайманга салган айрым ой толгоолорумду коомчулук менен бөлүшүүнү туура көрдүм.

Жаратылыштын мыйзамы ушундай, жыл сайын март айынын 18-21-күндөрүндө күн менен түн узактыгы жагынан бири-бирине теңелген болот. Бул теңелиш жөн теңелиш эмес, ал – мезгилдин алмашышын, жаратылыштын жаңыланышын, адамдардын арууланышын, коомдун жаңы нукка түшүшүн ж.б. көп нерселерди ичкертен шарттаган улуу теңелиш, улуу барабардык болуп эсептелет.  Ата-бабаларыбыз Улустун улуу күнү, Жыл ажыратуу, Нооруздама же Нооруз деген атоолор менен, илгертен жапырт майрамдап келген бул улуу күн жөн-жай жерден ыйык тутулган эмес.

Анткен менен, быйылкы Нооруз мурдагы жылдардагыдан өзгөчө болду: биринчиден, күн менен түндүн теңелиши касиеттүү Рамазан айына туш келди; экинчиден, анын акыркы, эң негизги күнүнүн ыйык Жума күнүнө дал келип калганын айт. Үчүнчүдөн, бул жылкы Нооруз, айрыкча, бизге – кыргыз элине өзгөчө жаркын маанай тартуулады – күн менен түндүн теңелүүсүнүн алгачкы күнүндө, 19-мартта тарыхыбызда биринчи жолу мамлекеттик чек арасы толук такталган өлкөгө айландык! Ооба, тарыхта биринчи жолу! Бул жөн окуя эмес! Бул биздин өлкөнүн мамлекет болуп калыптануу, эгемен болуу тарыхынын жаңы баскычка көтөрүлүшү деген сөз! Биз тарыхый өнүгүүнүн бул бийиктигине кыргыздын эр жүрөк уулдары, ири алдыда, Садыр Нургожоевич Жапаров менен Камчыбек Кыдыршаевич Ташиевдин саясый эрки жана ишбилгилик сапаттары менен жеттик! Муну ар бир жаран көңүлүнө түйүп коюшу керек. Эки лидердин бир пикирде болушу, бир кишидей аракет кылышы, чечкиндүү мүнөздөрү, өлкө милдетин моюнга ала билген баатырдык сапаттары чечүүчү роль ойноду. Миң алкыш! Башка сөздүн болушу мүмкүн эмес!

ЧЕЧИЛГЕН ЧЕК АРА, МААНАЙДЫ КӨТӨРГӨН МАЙРАМ

Ошентип, Кыргызстан да, Тажикстан да – эки өлкө тең, алдыда далай кыйынчылык күндөрдү башка салышы мүмкүн болгон опуртал маселеден, буюрса, биротоло кутулду, Борбордук Азиянын эң байыркы эки элинин ортосундагы достук жана бир туугандык мамилелердин калыбына келишине жол ачылды. Мына эми, Садыр Нургожоевич айткандай, улутубуздун деми менен, уңгужолубуздан жазбай жүрүп отуруп, тездик менен, коомдук турмуштун бардык тармактары боюнча дүйнөлүк бийиктиктерди багынтабыз десек болот. Эмгектенүү гана керек!

Ошого карабай, көпчүлүк деген көпчүлүк эмеспи, коомчулуктан, саясатчылар арасынан бирди-жарым да болсо, бул маселенин чечилишине сын пикир айткан пенделер чыгып калып жатат. Бул да табигий көрүнүш! Алардын эмоциянын күүсү менен айткан сөздөрүн туура түшүнүп, кечиримдүүлүк менен мамиле кылуу, араздашууга айландырбоо, ырашкерликке чакыруу биздин ак көңүл, кең пейил жетекчилерибизге, жалпы элибизге куп жарашканы турат. Күндөлүк турмуштан эле, эң жөнөкөй бир мисал алалычы: базардагы бир буюмду сатып алган киши кымбатыраак алдымбы деп ичи тызылдап баратса, саткан киши арзаныраак сатып жибердим окшойт деп ичи тызылдап отурган болот. Бир кылымдан ашкан тарыхы бар, кандуу чырга айланган, тирешүүлөр күндөн күнгө күчөп бара жаткан маселени түп-тамырынан чечүү оңойбу, мындайда эки тарапта тең ичи тызылдаган бирөөлөрдүн болору турган иш. Бирок, эки жактын тең улуу жеңиши – аларды келечекте бар болуу же жок болуу чегине алып бара турган апаат маселеден арылышы, касташуулардын жок кылынышы эмеспи!

Мына эми, бул эки элдин улуулугу, акылмандыгы ошол ич тызылдаткан жерлерди апыртпай, ушак-айың сөзгө айландыруудан алыс болуп, ысык мамиледе ынтымак жашап кетишинде турат. Мен бул эки байыркы элдин акылынын тереңдигине, көрөгөчтүгүнө жана эң бийик адамдык сапаттарга ээ экендигине ишенем.

ЧЕЧИЛГЕН ЧЕК АРА, МААНАЙДЫ КӨТӨРГӨН МАЙРАМ

Айтарым, бул сапар чекара маселеси эки өлкө үчүн тең эң туура чечилди, эки өлкөнүн тең Парламенттери тарабынан жактырылды, келишим мыйзамдуу документке айланды. Мындан ары аны-муну сүйлөп отуруу осолдук гана болот. Өлкө башчыларыбыздын саясый эркин, айлап-жылдап азап чегип иштеген комиссия мүчөлөрүнүн теңдешсиз эмгегин сыйлай билүүгө, барктай билүүгө чакырам. Тынчтык – биздин өсүп-өнүгүүбүздүн негизги шарты. Тажик эли – биздин кудай кошкон кошунабыз, терең тарыхый байланыштарыбыз да бар. Биз – эки эл бири-бирибиз менен түбөлүк бирге, достук, кошуналык ынтымактыкта жашоого милдеткербиз.

Бектемир Мурзубраимов,

Академик, Баткен облусунун, Сүлүктү шаарынын ардактуу атуулу

Бөлүшүү

Комментарийлер