ҮЧ ТИЛДҮҮ БИЛИМ БЕРҮҮ – КЕЛЕЧЕКТИН ИНСАНЫН ТАРБИЯЛОО
- 16.10.2024
- 0
“Келечек MИT” билим берүү комплексинде мындан беш жыл мурун “XXI кылымдын көндүмдөрү менен үч тилдүү билим берүү” эксперименталдык программасы ишке киргизилген. Окуу комплексиндеги 500дөн ашык окуучунун ичинен 88 окуучу эксперименталдык класстарда окушат. Ушул аптада аталган программанын өздөштүрүлүшү боюнча тегерек стол уюштурулуп, эксперттер сунуштарын айтышты.
Ачык сабак жана “Акыл Ордо”
Иш-чаранын жүрүшүндө үч тилдүү программа менен окуп жаткан класстарга мектеп мугалимдери ачык сабак өтүп, “Акыл Ордо” таймашы уюштурулду. Тегерек столдун алкагында көп тилдүү билим берүү программасын өркүндөтүү, анын жетишкендиктери жана көйгөйлөрү боюнча эксперттердин пикирлери угулуп, сунуштар айтылды. Аталган иш-чара Кыргыз Республикасынын “Кыргыз жараны” концепциясын жана улуттук биримдикти чыңдоо максатындагы стратегияларды жүзөгө ашырууга багытталган.
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Гуманитардык-педагогикалык колледжинин директору, эксперименталдык программанын түзүүчүлөрүнүн бири Т.Ашымбаеванын айтуусу боюнча, STEM-сабагы тилдер менен интеграцияланып берилиши жакшы көрүнүш.
— Айрыкча англис тилин балдардын кабыл алуусуна эң жакшы мүмкүнчүлүктөр түзүлүп жатат. Инклюзивдүү билим берүү — бул бүгүнкү күндө билим берүү саясаты эле эмес, дүйнөлүк инклюзивдик маданияттын түбүн түптөгөн негиздөөчү. Инклюзия топтук ишке келгенде оркоюп көрүнүп калат. Ошону мугалимдер эске алып, кийинки ишинде ошонун үстүндө иштеш керек. Топто иштегенде активдүү иштеген окуучулардын гана жыйынтыгын карап коебуз. Топ деген командалык иш, команда эмне жыйынтыкка келди деген нерсеге көңүл бөлүү зарыл. Сабакта, биринчиден, максатты окуучунун позициясынан коюу керек. Мугалимге тиешелүү нерсени сабакка чыгаруунун кереги жок. Экинчиден, сабакта жаңы сөз киргизгенде балдарга түшүнүктүү берүү керек. Маселен, тоют деген сөздү шаардык балдар билишпейт. Себеби ата-энесинин кеп корунда ал сөз жок. Ар бир мугалим балага жеткиликтүү болуу үчүн сөздөрдү тазалап, фильтрлеп туруу керек. Эгер кандайдыр бир сөздү киргизүү керек болсо, анда ага түшүнүк бериш керек. Сыртынан караганда ачык сабак берген мугалимдер окуучуларга жагымдуу педагог экени көрүнүп турду, — дейт жетекчи.
Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун Инновациялык технология борборунун башчысы Гүлмира Артыкбаеванын пикиринде, “Келечек MИT” билим берүү комплекси өзгөчө мектептердин бири.
— Эки сабакты көрдүк. STEM-сабагы менен англис тили, экинчи сабакта — кыргыз тили менен Мекен таануу айкалыштырылып өтүлдү. Менин сунушум — топко бөлүп иштетип жатканда бардыгын мугалим көрүп турушу керек. Топтун жыйынтыгы бирдей болушу зарыл. Топтун ичинде балдардын мамилелери дагы билинип калат. Берилген сабактын жакшы жактары көп болду. Экинчи сабакта балдарга жылуу маанай тартуу, кызыктыруу кадамдары сөзгө алаарлык, — дейт Гүлмира Артыкбаева.
Андан соң, КББАнын бөлүм башчылары Дамира Шаршенбаева, Калиман Жунушалиева, И.Арабаев атындагы КМУнун колледжинин мугалимдери Айжана Такабаева жана Гүлшайыр Жаныбековалар дагы ар бир сабакка баа берип, сунуштарын айтышты. Кыскасы, Назима Абдыбекова берген STEM-сабагында жашоонун көндүмдөрүнө басым жасалып, ошол эле кезде башка предметтер менен интеграцияланып өткөнү бир эле окуучуларды эмес, барган эксперттерди дагы кызыктырды. Анткени Назима эжей сабак учурунда 4-класстын окуучуларына англис тили, орус тили, айрым учурда (көп эмес) кыргыз тилинде сабакты түшүндүрүп, балдарды топко бөлүп алып, жашоого керектүү көндүмдөрдү үйрөтө алды. Ал эми кыргыз тили менен Мен жана дүйнө (мугалимдер: Усупбаева Айым, Мамбеткулова Эльмира) сабактарын өтүшкөн мугалимдердин тандемде иштегени, биринен бири сабактарын өткөрүп алуудагы позициялары балдардын ой жүгүртүүсүн чаташтырбай, тескерисинче, эки сабак бир сабактай жуурулушуп, кызыктуу өтүшү менен өзгөчөлөндү. Маселен, “Күз” аттуу темадагы Мен жана дүйнө предметинде пайдаланган сөздөр кыргыз тилинде дагы кайталанып, күз мезгилин башка мезгилдерден ажырата алууну, аба-ырайынын өзгөрүшүн баамдап, аны тексттен балдар окуп, сүрөт, интерактивдүү доскада көрсөтүлгөн мультикөндүмдөр аркылуу калыптандыра алышты. Ал эми үч тилдүү программаны беш жылдан бери окуп келаткан 5-класстын окуучулары “Акыл Ордо” интеллектуалдык оюнунда (мугалим:Усупбаева Айым ) канчалык деңгээлде кыргыз тилин өздөштүргөндөрүн көрсөтө алышты. Мугалим суроосун берип бүтө элек кезде эле окуучулар биринен өтүп экинчиси жоопторун так айтып жатканы баарыбызды кубандырбай койгон жок. Иш-чаранын жыйынтыгында мектеп жетекчилиги менен чакан тегерек стол уюштурулуп, талкуу жүрдү.
XXI кылымдын көндүмдөрү менен үч тилде окутуу
“XXI кылымдын көндүмдөрүн колдонуу менен окутуу англис, кыргыз жана орус тилдеринде жүргүзүлгөн даярдоо топтору жана башталгыч класстар үчүн үч тилде/үч тилде окуу планы” катары патенттелген. Программанын авторлору Бермет Турсункулова, Токтокан Ашымбаева, Назима Абдыбекова.
— Бул программа билим берүү системасынын негизги катышуучулары катары ата-энелердин суроо-талабын эске алуу менен иштелип чыккан. Мында бүтүрүүчү үч тилде билим алган, 21-кылымдын көндүмдөрүн — 4 Кс (сынчыл ой жүгүртүү, чыгармачылык, кызматташуу жана коммуникация) өздөштүргөн ийгиликтүү бүтүрүүчү. Бул программанын уникалдуулугу — бала мектептеги биринчи жылдан баштап тилдерде эркин болот. Бул программа 21-кылымдын көндүмдөрүн колдонуу менен башталгыч мектеп үчүн үч тилдүү программа катары берилген. Мында предметтер жана узартылган сааттар үч тилде окутууга пайыз менен бөлүнгөн. Алсак, кыргыз, орус тилдери – 30%, англис тили – 40%, — дейт Т.Ашымбаева.
Эксперименталдык класстарда англис тилин (фонетиканы изилдөө түрүндө) үйрөнүү жана кыргыз тилиндеги адеп сыяктуу бир предметти окууга бир саатка көбөйтүлгөн. Себеби үч тилдүү класстарда тилдер артыкчылыктуу, анткени бул окуучулардын жана алардын ата-энелеринин таламдарына жана муктаждыктарына жооп берет. Алсак, кыргыз тилинде үч предмет: кыргыз тили жана окуу, мекен таануу, адеп. Орус тилинде төрт предмет: орус тили жана окуу, математика, музыка жана көркөм өнөр. Англис тилинде үч предмет: англис тили, фонетика, STEM-сабагы.
— Программанын максаты — үч тилдүү чөйрөдө билим жана коммуникация көндүмдөрүн өздөштүрүү, турмуштук көндүмдөрдү өздөштүрүү жана командада иштөө үчүн жагымдуу шарттарды түзүү болуп саналат. Болжолдуу натыйжаларга токтолсок, окуучуларды үч тилде: кыргыз, англис, орус тилдеринде эркин баарлашууга жана билим алууга даярдоо; окуучулардын келечектеги кесиби үчүн жогорку окуу жайды тандоого мүмкүндүк берүүчү IT көндүмдөрүн колдонуу менен адистик багыттарга даярдоо; ошондой эле 21-кылымдын көндүмдөрүн колдонуу менен окуучуларды жашоо көндүмдөрүнө даярдоо, т.а. баарлашуу, кызматташуу, чыгармачылык жана критикалык ой жүгүртүү, — дейт авторлордун бири Назима Абдыбекова.
Англис тили — фонетика — тилдин тыбыштык жагын изилдеген жаңы предмет. Ал тилдин бардык тыбыштык каражаттарын, башкача айтканда, тыбыштарды жана алардын айкалыштарын гана эмес, басымды жана интонацияны да камтыйт. Фонетика үн сигналдарынын жасалышын, берилишин жана кабыл алынышын изилдейт. Предмет 1-класстан баштап англис тилиндеги тексттерди окууда тыбыштардын туура айкалышын үйрөтөт. Ал эми кыргыз тилиндеги Адеп сабагы 1-класстан баштап берилип, анда окуучунун адеп-ахлактык маданияты калыптанат. Бул предметти окуу менен окуучу жашоо үчүн эң керектүү көндүмдөрдү – адамдык сапаттарды өркүндөтүүгө, коом менен байланышты жакшыртууга умтулууга ээ болот. Туура ойлонууну, максаттарды коюуну жана ага жетүүнү, баарлашуунун бардык этикалык стандарттарын сактоону үйрөнүшөт. Бул предмет ошондой эле элдик каада-салттарын жана баалуулуктарын эне тилинде изилдөөгө жардам берет. STEM сабагы болсо – бул жаңы дисциплиналар аралык багыт, анда программа табият таануу билим берүү тармагынын ар кандай багыттагы темаларды камтыйт: илимдин элементтери (Илим), информатика (Технология), инженерия (Инженерия) жана математика (Математика).
— Информатика (робототехника) сабагы окуучулардын жана алардын ата-энелеринин кызыкчылыктарына жана муктаждыктарына жооп бергендиктен, биринчи класстан баштап окутулат. Биздин мектептин өзгөчөлүгү — Роботехника сабак катары киргизилген. Акыркы кездерде ата-энелер үч тилдүүлүк класстарга балдарын бергенге кызыкдар. Анткени Кыргызстанда жашап жаткандан кийин жөнөкөй баарлашканды жок дегенде үйрөнсүн дешет. Кембридж программасы боюнча окутабыз. Үч тилдүүлүк программанын келечеги жакшы. Биздин максатыбыз — мындан ары дагы билим берүүнү өнүктүрүүнү, жакшыртууну көздөп жатабыз. Бул программанын эң жакшы элементи – кыргыз тили. Англис тилин балдар бат үйрөнөт. Бирок кыргыз тилин үйрөнүү абдан кыйын, татаал, себеби кыргыз тили мектептерде англис тили катары болуп калды. Англис тилине болгон кызыгуу кыргыз тилине да тренд болушу керек. Ошондуктан максатыбыз — кыргыз тилди башка тилдер менен биргеликте үйрөтсөк балдар мындан ары жакшы кабыл алмак. Жыйынтыктарын көрүп жатабыз, буга ата-энелер дагы кызыкдар. Үч тилдүү система мектептеги тилдерди натыйжалуу үйрөнүүгө гана жардам бербестен, чет өлкөдөгү мыкты университеттерге жана колледждерге тапшыруу мүмкүнчүлүгүн жогорулатат. Мисалы, Европа университеттеринде англис тилин жакшы билүү талап кылынат, КМШ университеттеринде — англис жана орус тили. Ал эми Кыргызстанда жашап жаткандан кийин сөзсүз кыргыз тилин билүү керек. Эл аралык мектеп болгону менен өзүбүздүн баалуулуктарды сактап калуу бирден бир максатыбыз, — дейт мектептин директору А.Маманов.
Методика
Программанын окутуу методикасы да өзгөчө экен. Жергиликтүү менталитетти эске алуу менен эң алдыңкы жана ийгиликтүү ыкмалар колдонулат. Методдордун бири долбоор-иш-аракет ыкмасы болуп саналат. Ар бир негизги теманын аягында окуучу өзүнүн билимин долбоордук иш аркылуу бекемдейт. Мисалы, англис жана кыргыз сабактарында окуучулар берилген тема боюнча кичи китептерди же кол өнөрчүлүктү жасашат.
— Бул программа Кыргыз Республикасынын мамлекеттик билим берүү стандартын, ошондой эле даяр эл аралык программаларды — англис тили жана фонетика сабактары үчүн Кембридж окуу курсун (Оксфорд китептери), ошондой эле STEM боюнча кошумча сааттарды ишке ашырат. Предметтердин мазмуну Кыргыз Республикасынын башталгыч мектебинин предметтик стандарттарына жана Кембридж программасына ылайык келет. «21-кылымдын көндүмдөрү менен үч тилдүү билим берүү» программасы окуу планынын бардык предметтерин кайчылаш темалар менен бириктирип, мета-предметтик жыйынтыктарды алууга багытталган. Биринчи класстын тематикалык программасы дисциплиналар аралык лексикага жетишүү үчүн Маслоу пирамидасына негизделген 9 негизги чоң темадан турат. Экинчи жана үчүнчү класстарда темалар мугалимдердин ар кандай долбоор жана ишмердүүлүк демилгелерине ылайык өтүлөт, — дейт Назима Абдыбекова.
Мектеп жетекчилеринин айтымында, алдыдагы бир нече жылда 1-класстан 11-класска чейин үч тилде окутууну киргизүү пландалууда.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
АЛТЫН КҮЗ
Сабактын тиби: жаңы билимди өздөштүрүү
Сабактын формасы: интеграцияланган сабак
Колдонулуучу ыкмалар: чыгармачыл, интерактивдүү
Сабактын жабдылышы: окуу куралдары, презентация, таратмалар, сүрөттөр, жемиштер ж.б.
Негизги компетенттуулук:
1. Маалыматтык:
2. Социалдык-коммуникативдик:
3. Өз алдынча уюштуруу жана маселелерди чечүү:
Предметтик компетенттүүлүк
1. Теманы жеткиликтүү түшүнүү, оюн айта алуу, суроолорго жооп бере алуу
2. күз мезгилин башка мезгилдерден ажырата алуу, сүрөтүн тарта алуу
3. тазалыкка, тактыкка, оюн эркин айтууга үйрөнүү
Сабактын максаты:
1. Билим берүүчүлүк: теманы жеткиликтүү түшүнүү, жаңы сөздөрдү үйрөнүшөт оюн айта алышат, суроолорго жооп бере алышат
2. Өнүктүрүүчүлүк: күз мезгилин башка мезгилдерден ажырата алуу, аба-ырайынын өзгөрүшүн билишет, сүрөтүн тарта алышат.
3. Тарбия берүүчүлүк жагы: креативдүү ой жүгүртүүгө, тез кабыл алууга көнүшөт. Топто иштөөдө өз ара мамиле курууга көнүгүшөт.
Күтүлүүчү натыйжа:
- Теманы жеткиликтүү түшүнүшсө, оюн айта алышса, суроолорго жооп бере алышса
- күз мезгилин башка мезгилдерден ажырата алуу, аба-ырайынын өзгөрүшүн билишсе, сүрөтүн тарта алышса
- туура ой жүгүртүүгө, тез кабыл алууга көнүшсө
Сабактын жүрүшү:
№ | Мугалимдин ишмердүүлүгү | Окуучунун ишмердүүлүгү | Компотент түүлүгү | Баалоонун түрлөрү | |
Уюштуруу (3 мин.)
| — саламдашуу; — жоктоо; — “жакшы маанай” үчүн тапшырмалар | Окуучулар окуу куралдарын толуктап, “жакшы маанай ” үчүн берилген тапшырмаларды аткарышат | комп | ыкма |
Жекече |
НК3 ПК1 ПК2 ПК3 | |||||
Үй иши(5мин) | Жер жана Күн (Мен жана дүйнө) Жемиштерди көрсөтүп жаттап келгенин текшерип алат. (Кырг.тил) | Ооз эки айтып тапшырмаларын текшертишет | НК3 ПК3 | Чыгармачылык, интерактивдүү |
Жекече |
Жаңы тема түшүндүрүү (12 мин.) | Окуучуларга теманы жеткиликтүү түшүндүрөт. 1. Суроолор берилет 2. Түшүнүктөрү айттырылат(К.тил) 3. Сүрөткө карап сүйлөттүрөт(М.т) 4. Күз мезгилинин сүрөтүн тактадан табышат. (М.т) 5. Созулма үндүү тыбыштар катышкан сөздөрдү кайталашат.(К.т) | Окуучулар теманы түшүнүү үчүн кунт коюп отурушат. Сүйлөп беришет Суроолорго жооп беришет Күз мезгилиндеги аба-ырайынын сүрөтүн таап, айтып беришет.
| Чыгармачылык, интерактивдүү |
Жекече, жупта, топто. | |
Бышыктоо, Жыйынтыктоо (15мин.) | Топтук тапшырмалар берилет
Ар бир топ үч станцияга барып тапшырма аткарышат. Ар бир станцияда кырг.тилге да мен жана дүйнө сабагына да тапшырмалар камтылган.
Иштин жүрүшүн, тапшырманын аткарылышын көзөмөлдөшөт | Топто диалог курушат, аңгемелешишет, ой бөлүшөт. Ар бир топ үч станцияга барып тапшырма аткарышат.
Топто суроо-жооп курушат
| Чыгармачылык, интерактивдүү | Жекече, жупта,
| |
Баалоо (5 мин.)
| Жекече баалоо Формативдик баалоо Рефлексия
| Окуучулар сабакта жасаган эмгегине жараша баа алышат | Жекече, жупта,
| ||
Үй иши(1мин.) | Күздүн сүрөтүн тартуу,жана айтып берүү
| Тапшырманы түшүнүш өт |
- ВКонтакте
- РћРТвЂВнокласснРСвЂВРєРСвЂВ
- Viber
- Telegram
Комментарийлер