БЫЙЫЛ ЖРТ ОРТОЧО УПАЙЫ БАШКА ЖЫЛДАРДЫН БААРЫНАН ЖОГОРУ

  • 26.06.2024
  • 0

БЫЙЫЛ ЖРТ ОРТОЧО УПАЙЫ БАШКА ЖЫЛДАРДЫН БААРЫНАН ЖОГОРУКыргызстанда Жалпы республикалык тесттин  жыйынтыгы жарыяланды. Ага 70 миңден ашуун мектеп бүтүрүүчүсүнүн 50 миң 741 катышкан.

Жалпы республикалык тесттин орточо упайы былтыркыга жана башка жылдарга салыштырмалуу кыйла жогору болуп, 128,6 баллды түздү. Былтыр 121,8 балл болгон.  2019-жылы 123 баллдан ашкан.

Катышкандардын 66,9 пайызы босого упайдан өттү. Өткөн жылы бул көрсөткүч 58,3 пайызды түзгөн эле.

Бул тест сынагы ЖОЖдорго кабыл алууда коррупциянын алдын алуу үчүн өткөрүлүп келүүдө.

                       «Алтын сертификат» тизмеси   

БЫЙЫЛ ЖРТ ОРТОЧО УПАЙЫ БАШКА ЖЫЛДАРДЫН БААРЫНАН ЖОГОРУ21-июнда Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынара Батракеевадан 2024-жылы жалпы республикалык тестте эң жогорку упай топтоп, “Алтын сертификатка” ээ болгон 56 окуучунун тизмесин алган эле.

«Быйыл эң жогорку упай 234 болду. Алтын сертификаттын төмөнкү чеги 225 упайды түздү. Былтыр салыштырмалуу төмөнкү чеги 222 упай болсо, жогорку чеги 236 упай болгон. Быйыл болсо төмөнкү чек бир аз жогорулап, 225 упайга жетти»,-деди «Кут Билимге Чынара Батракеева.

Эң жогорку упайга үч абитуриент ээ болду. Алар: Бишкек шаарындагы Кыргыз-Орус Славян университетинин жалпы билим берүү орто мектебинин окуучусу – Аминат Гордаева, Бишкек шаарындагы №29 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплексинин былтыркы жылдагы бүтүрүүчүсү – Максат Оморов жана Талас облусундагы “Мээрим-Себат” Талас эл аралык Кыргыз-Түрк кыздар лицейинин окуучусу – Эльнура Эркинбекова.

26-июнда Билим берүү жана илим министрлиги май айындагы ЖРТга жүйөөлүү себептер менен тапшырбай калган бүтүрүүчүлөр үчүн 21-23-июнда өткөрүлгөн тестте  дагы 2 абитуриент “Алтын сертификат” алуу укугуна ээ болгонун маалымдады.

Ошентип, быйыл «Алтын сертификатка» 58 абитуриент татыктуу болду.

“Алтын сертификатка” ээ болгондор:

  1. Аминат Гордаева (234) – Бишкек ш., Кыргыз-Орус Славян университетинин жалпы билим берүү орто мектеби;
  2. Максат Оморов (234) – Бишкек ш., №29 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплекси (былтыркы жылдын бүтүрүүчүсү);
  3. Эльнура Эркинбекова (234) – Талас обл., “Мээрим-Себат” Талас эл аралык Кыргыз-Түрк кыздар лицейи;
  4. Самарбек Абдиманнанов (232) – Баткен обл., “Семетей” Кадамжай лицейи;
  5. Рамазан Айдарбеков (231) – Нарын обл., М.Субакожоев атындагы Нарын лицейи;
  6. Дарина Дудникова (231) – Бишкек ш., №65 Экология-экономикалык лицейи (былтыркы жылдын бүтүрүүчүсү);
  7. Исабек Сатимбаев (231) – Ош обл., “Олимп” мектеп-гимназиясы;
  8. Баястан Сталбеков (231) – Жалал-Абад обл., Курманбек баатыр атындагы Жалал-Абад лицейи;
  9. Бек Темиркулов (231) – Чүй обл., Ж.Баласагын атындагы Токмок лицейи;
  10. Асхат Бекмухамбетов (230) – Бишкек ш., Б.Якир атындагы автордук физика-математикалык № 61 мектеп-лицейи;
  11. Шабдан Жантаев (230) – Бишкек ш., Б.Якир атындагы автордук физика-математикалык № 61 мектеп-лицейи;
  12. Ричард Инаркиев (230) – Бишкек ш., “Келечек” окуу-тарбия комплекси;
  13. Нуржан Абазбеков (229) – Бишкек ш., Б.Якир атындагы автордук физика-математикалык № 61 мектеп-лицейи;
  14. Айназик Абдыжапарова (229) – Ош обл, “Профессор Купуев П.К. атындагы Академиясы” мекемеси;
  15. Эльмар Бозоев (229) – Бишкек ш., “Билимкана” Эл аралык мектеби;
  16. Айганыш Дөөлөтбекова (229) – Нарын обл., А.Буйлашов атындагы №8 орто мектеби;
  17. Дарья Ли (229) – Бишкек ш., №70 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплекси;
  18. Жумадил Ниязбеков (229) – Аксы районундагы А.Жаныбеков атындагы №46 жалпы орто билим берүүбылтыркы жылдын бүтүрүүчүсү  ) Бишкекте катталган;
  19. Актан Асаналиев (228) – Бишкек ш., былтыркы жылдын бүтүрүүчүсү;
  20. Индира Мажитова (228) – Ош ш., А.Тангатаров атындагы мектеп-гимназиясы;
  21. Айбек Осмонбаев (228) – Бишкек ш., №70 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплекси;
  22. Самир Сабиров (228) – Бишкек ш., №70 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплекси;
  23. Бекзат Ыдырысов (228) – Бишкек ш., №67 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплекси;
  24. Ясин Абдурахманов (227) – Чүй обл., Жайыл баатыр атындагы жалпы билим берүү лицейи;
  25. Арслан Алымбеков (227) – Бишкек ш., №62 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплекси;
  26. Карим Асылбеков (227) – Бишкек ш., Ч.Айтматов атындагы Кыргыз-Түрк балдар лицейи;
  27. Арзыбек Сулаев (227) –  Нарын ш.,  Кыргыз-Түрк лицейинин  былтыркы бүтүрүүчүсү,  Чүй облусунда катталган.
  28. Элдос Тургамбаев (227) – Бишкек ш., Б.Якир атындагы автордук физика-математикалык № 61 мектеп-лицейи;
  29. Дмитрий Царенков (227) – Бишкек ш., И.Раззаков атындагы КМТУнун лицейи;
  30. Дилбара Акжигитова (226) – Бишкек ш., И.Ахунбаев атындагы КММАнын алдындагы лицей;
  31. Эсентур Асанкулов (226) – Чүй обл., А.Пушкин атындагы №1 гимназия-мектеби;
  32. Азамат Баргыбаев (226) – Бишкек ш., А.Токомбаев атындагы №24 мектеп-гимназия;
  33. Сыймык Жусубалиев (226) –  Бишкек ш., Ч.Айтматов атындагы Кыргыз-Түрк балдар лицейи;
  34. Жамиля Камбараалиева (226) – Бишкек ш., К.Бобулов атындагы №88 жалпы орто билим берүү мектеби;
  35. Айдана Камчибекова (226) – Бишкек ш., былтыркы жылдын бүтүрүүчүсү;
  36. Байзак Карыпжанов (226) – Талас обл., “Манас Ата” Талас лицейи;
  37. Алмаш Мамасалиева (226) – Ош обл., Б.Келдибаев атындагы №25 орто мектеби;
  38. Нурзат Маматбаева (226) – Ош обл., “Араван Билим-Ордо” билим берүү мекемеси;
  39. Айсулу Осукеева (226) – Чүй обл., Новопавловка гимназия орто мектеби;
  40. Каухар Чойбаева (226) – Бишкек ш., №13 англис тилин тереңдетип окутууну камтыган  мектеп-гимназиясы;
  41. Никита Шмыговский (226) – Бишкек ш., №12 мектеп-гимназиясы;
  42. Шерболот Абдимиталипов (225) – Ош обл., “Олимп” мектеп-гимназиясы;
  43. Темирлан Асанов (225) – Бишкек ш., А.Токомбаев атындагы №24 мектеп-гимназия;
  44. Тенгиз Валиев (225) – Бишкек ш., Б.Якир атындагы автордук физика-математикалык № 61 мектеп-лицейи;
  45. Бермет Джолоочуева (225) – Бишкек ш., “Билимкана-БААУ” билим берүү мектеби;
  46. Бектемир Доронбеков (225) – Жалал-Абад обл., Курманбек баатыр атындагы Жалал-Абад лицейи;
  47. Жанбол Жаркынбаев (225) – Нарын обл., былтыркы жылдын бүтүрүүчүсү;
  48. Сапарбек Кадырбеков (225) – Жалал-Абад обл., Курманбек баатыр атындагы Жалал-Абад лицейи;
  49. Темирлан Карабаев (225) – Чүй обл., Новопавловка гимназия орто мектеби;
  50. Айтуар Карабаев (225) – Бишкек ш., №62 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплекси;
  51. Никита Михайлов (225) – Чүй обл., А.Пушкин атындагы №1 гимназия-мектеби;
  52. Салтанат Пазылбекова (225) – Бишкек ш., Б.Якир атындагы автордук физика-математикалык № 61 мектеп-лицейи;
  53. Асанбек Туратов (225) – Бишкек ш., №12 мектеп-гимназиясы;
  54. Рамир Хуснияров (225) – Бишкек ш., №37 гимназия-мектеби;
  55. Байэл Чолпонкулов (225) – Бишкек ш., Б.Якир атындагы автордук физика-математикалык № 61 мектеп-лицейи;
  56. Ширин Шакирова (225) – Бишкек ш., Бишкек ш., №9 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплекси.
  1.  Абдумалик Турсунов (231) – Ош обл, “Профессор Купуев П.К. атындагы Академиясы” мекемеси;
  2. Айчүрөк Ишенбекова (225) – Бишкек ш., №70 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплексинин былтыркы бүтүрүүчүсү.

ЖРТдан эң жогорку балл​ алган окуучу Бишкектен 

 Биз эң жогорку упай алган окуучулар менен байланышып, ЖРТ тууралуу сурадык. Бишкек шаарындагы №29 гимназия мектебин былтыр бүтүргөн Максат Оморов өткөн жылы 217 упай алып калгандыктан быйыл  ЖРТга даярдаган “School Club” курстарына барып жүргөнүн айтып берди. «Бирок мектепте кайсы темаларды өтсөк, ошонун баары тестте суроо катары келди», — дейт ал. ​

БЫЙЫЛ ЖРТ ОРТОЧО УПАЙЫ БАШКА ЖЫЛДАРДЫН БААРЫНАН ЖОГОРУ«Тесттин өзү мен үчүн анча деле оор болгон жок, былтыр дагы өзүмдү сынап көргөн элем. Кошумча маметатика жана англис тилине тапшырган тестимдин жыйынтыгы боюнча 234 балл топтодум. Мектепте кайсы темаларды өтсөк, ошонун баары тестте суроо катары келди. Мен бир жылдай Бишкекте жогорку окуу жайда билим алдым. Эми Гонконг шаарындагы City Univresity of Hong Kong окуу жайында IT программалоо адистиги боюнча окусам деп максат кылып жатам. Бирок алган билимимди Кыргызстанга кайтып келип колдонсом деген тилегим бар. Мен беш бир туугандын улуусумун. Ошондуктан аларга үлгү, өрнөк болушум керек. Атам Нурбек Калдыбаев- жеке ишкер, бизнесмин, апам-Мээрим учурда үй кожойкеси. Бөбөктөрүмө таалим-тарбия берип, үйдө эле. Мен англис, орус тилдеринде эркин сүйлөм. Эне тилимди дагы жакшы билем. Жогорку упай алганымда ата-энем дагы абдан сүйүндү. Футбол ойногонду жакшы көрөм. Бош убагымда ден соолугумду чыңдоо үчүн машыгуу залына барып турам. Дебатка да кызыгам», -деди Максат.

Тестти кыргыз тилинде тапшыргандар болгону 123, 7 баллдын тегерегиндеги упайды топтой алса, тести орус тилинде тапшырган абитуриенттер  135,4 баллдын тегерегинде упай топтоду. Абитуриенттер тестти каалаган тилде тапшырат, бүтүргөн мектебине көз каранды эмес.

Ошондой эле  быйыл биринчи жолу кыргыз тили боюнча милдеттүү тест тапшырышты.

БЫЙЫЛ ЖРТ ОРТОЧО УПАЙЫ БАШКА ЖЫЛДАРДЫН БААРЫНАН ЖОГОРУ«Тест тапшыргандар кайсы тилде окуганына карабастан мамлекеттик тил боюнча тест тапшырылсын деген жарлык келген. Бирок, ал тесттин жыйынтыктарында упай катары берилбейт.  Биринчи жыл болгондуктан деңгээлин билүү үчүн гана аныктадык. Ушул ишмердүүлүк кошулгандыктан ушул жагдайдан улам текст өткөрүү мөөнөтү бир аз созулуп кетти. Негизги тест, предметтик тест болуп эки күндөн өтсө, быйыл мамлекеттик тил тести кошулгандыктан бир аз көбүрөөк убакытка узарды»,-деди Чынара Батракеева.

«Региондор арасында мелдешке айландырбайлы»

“Алтын сертификатка” Бишкек шаарынан – 35, Чүй облусунан – 7, Ош шаарынан жана Ош облусунан – 7, Жалал-Абад облусунан – 3, Нарын облусунан – 3, Талас облусунан – 2 жана Баткен облусунан – 1 окуучу ээ болду.

«Биздин борбор облустарга бөлүп, жарыш,  атаандаштык кылуудан оолак болууга аракет кылабыз. Себеби, облустун эч кандай жеке салымы жок. 50 миң адам  тест тапшырып жатса, анын ичинен 58 гана “Алтын сертификат” алып жатат. Аларды жарыш катары көрүү өтө туура эмес.  Ал балдардын өздөрүнүн жеке жетишкендиги. Балким, ата-энелеринин же балдарды окуткан мугалимдердин жетишкендиги, салымы. Эң негизги уңгусу бул баланын жөндөмү. Ошол бала таланттуу, билимге умтулгандыгы үчүн ушундай жыйынтыкка жетип жатат. Акыркы учурда чоңдор, жетекчилер ар бир эле нерсени жарышка, мелдешке айландырып жатабыз. Балдар тестин жыйынтыгын алып, жогорку окуу жайга өтүүнү гана тилек кылат.  Тесттин максаты жогорку окуу жайларга өтүп, окуй ала турган балдарды тандоо. Тест ошондой балдарды иргеп берип, максатын аткарып  жатат. Балдар дагы ошол максаттарына жетүүгө аракет кылып келүүдө. Бирок аны чоңдор же жетекчилер мелдешке, атаандаштыкка айландырып жатабыз. Тиги облус биринчи, бул облус экинчи, бул үчүнчү, бул райондон чыкпай калды, аларга сөгүш берүү керек деген түшүнүктөр туура эмес»,-дейт Чынара Батракеева.

Региондордун ичинен быйыл бир гана Ысык-Көл облусунан бир да окуучу «Алтын сертификатка» жетпей калды. Адистер бул жыйынтыкты туура мааниде чечмелеш керек дешет.

«Муну облуста билим берүү төмөн түшүп, артка кетти,  жаман дешке болбойт. Бир баланын эң жогорку упай албай калышы, облустун билим берүүгө болгон мамилеге эч кандай таасир этип, көлөкө түшүрбөйт. Жалпы республикалык тесттин  жыйынтыгы менен облус, райондун жетекчилеринин ишмердүүлүгүн баалоо же мектеп директорунун ишин баалоо туура эмес көрүнүш.  Себеби, тесттин максаты жогорку окуу жайларда окуй ала турган жөндөмдүү, таланттуу балдарды тандоо. Облус, райондорго бөлүү менен балдардын шыгына, жөндөмүнө  терс таасир тийгизип жатабыз. Өзүнчө эле дуулдап, көбүртүп-жабыртып, ажиотаж жасоонун зарылдыгы жок. Анткени  “Алтын сертификат” алган  50 бала  тест тапшырган 50 миң абитуриенттин  0,1 пайызын гана түзөт. Ошондуктан облустун, райондун ишмердүүлүгүн аны менен баалоо туура эмес.  ЖРТ — бул билим деңгээлин баалоо, таразалоо эмес», — деди Батракеева.

«Тесттин жыйынтыгы менен билим деңгээлин баалоо мүмкүн эмес. Себеби мектепте чынында алган билимин түшүнгөн, жаттама жана такыр эле программадан артта калган балдар бар. Бардык предметтерден беш алгандардын арасында жаттап алгандары бар. Албетте, алар тестти тапшырганда кыйналат жана анын жыйынтыгы менен жакшы балл топтой албай калат. Ал эми логикалык ой жүгүртүүсүн жакшы өрчүтүп, мектеп программасын өздөштүрүп алгандар тестти жеңил тапшырат да өз жөндөмдөрүн көрсөтө алышат. Тесттин өзгөчөлүгү мына ушунда. Ал жаттама балдар менен чынында билим алган балдарды бөлүп көргөзүп берет”.

«Өзүмдү сынап көрдүм»

БЫЙЫЛ ЖРТ ОРТОЧО УПАЙЫ БАШКА ЖЫЛДАРДЫН БААРЫНАН ЖОГОРУ«Тест жеңил болгон жок. Өзгөчө кыргыз тилине келгенде кыйналдым. Бирок алдын ала эсептөөлөрүм боюнча 200дөн кем эмес балл алам деп отургам. Ал үчүн айылдагы эле мугалимдерим биологиядан Элмира Жумаева, кыргыз тилинен Сабира Акунова эжейлерим даярданганга жардам беришти. Ошондой эле биринчи мугалимим Жумакан Болотбекованын дагы салымы зор. Андан сырткары, акы төлөп Нарын шаарындагы “Secom”  билим берүү борборундагы даярдоо курстарына бардым. Негизги тест боюнча: математика мугалими Майрамбек Самсалиев, кыргыз тили мугалими  Жаңыбай кызы Эркайым даярдык көрүүгө салым кошту.  Ата-энем дыйканчылык, мал чарбачылыгы менен алектенет. Үй-бүлөдө үч кыз, бир уулбуз, атам менен апам бизди билимдүү болсун деп болгон аракетин жумшап жатат. Мен ата-энеме абдан ыраазымын, алар мени жумушка салып койбой, оку деп, колдоого алып турушту. Мен тесттен 207 упай алдым, -деди Нарын районундагы Он-Арча айылындагы орто мектептин бүтүрүүчүсү Малика Асангелдиева.

Эскертүү: Ар кандай себептер менен тестке өз убагында катыша албай калган мектеп окуучулары жана колледждердин бүтүрүүчүлөрү үчүн ЖРТнын III этабы  болгондуктан дагы кошумча маалыматтар болушу да ыктымал.

Кабыл Макешов, “Кут Билим”

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер