БУЛЛИНГ ЖАНА АНЫ ЧЕЧЕ БИЛҮҮ
- 13.11.2024
- 0
Окуучулардын саламаттыгын, алардын социалдык жана психологиялык бакубаттуулугун коргоо, манипуляциялардан жана мобилдик түзүмдөрдөн келип чыгуучу көйгөйлөрдүн алдын алуу, интернет чөйрөсүндө алгылыксыз маалымат менен санарип технологиялар аркылуу кордоолордун жана коркутуулардын бардык түрлөрү менен күрөшүү, бейпил жана коопсуз окуу процессин камсыздоо үчүн Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу чыкты. Буйрукка ылайык, Кыргыз билим берүү академиясы мугалимдер үчүн маалыматтык материалдарды даярдап, буллингдин жана кибербуллингдин алдын алуу жөнүндө презентация жасоого тийиш.
Буллингден балдарды коргоо
Билим берүү уюмдарынын жетекчилери дайыма буллингдин, кибербуллингдин, басмырлоонун жана суициддин алдын алуу үчүн тарбиялык иштерди жүргүзүшү, чогулуштарда окуучулардын ата-энелерине буллингдин жана кибербуллингдин зыяны тууралуу айтып бериши, балдардын уюлдук техникаларды колдонуусуна дыкат байкоо жүргүзүү зарылдыгын, “Үй-бүлө – негизги тарбиялоо институту” деген темада түшүндүрүү иштерин жүргүзүшү керек.
Борбор калаадагы №77 мектептин социалдык педагогдору “Буллинг жана аны чече билүү” деген аталышта ар кандай иштерди жүргүзүп келатат. Аталган мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалими Диана Каныбек кызынын маалыматы боюнча, алардын ата-энелерге түшүндүрүүдө, буллинг — бул адамга карата кысым көрсөтүү же коркутуу формасындагы зордук-зомбулук.
— Бул социалдык көйгөй болуп саналат жана мектеп чөйрөсүндө өзгөчө жайылган, мында окуучулар бири-бирине физикалык же эмоционалдык зыян келтирет. Буллингдин бир нече түрлөрү бар. Алсак, физикалык буллинг — бирөөнү түртүп, уруп, кол салуу аркылуу жасалат. Зордук-зомбулуктун бул түрү башка окуучуларга денелик зыян келтирүү максатын көздөйт. Сөз менен кысым көрсөтүү — көбүнчө шылдыңдоо, кемсинтүү, коркутуу же жаман сөздөр менен жабыр тарттыруудан турат. Буллингдин бул түрү адамдын өзүнө болгон ишенимин кемитет. Социалдык буллинг — башкаларды топтон обочолонтуп, мамиле түзбөй, аларды атайылап четтетүү аркылуу өзүн көрсөтөт. Мындай учурда балдар жамааттан бөлүнүп, жалгызсыроо сезимин башынан өткөрөт. Кибербуллинг — интернет аркылуу мазактоо, коркутуу же кемсинтүү учурлары. Бул түрү социалдык тармактарда, чаттарда жана башка интернет платформаларда орун алат, — дейт мугалим.
Буллингдин себептерин карап көрөлү: балдардын эмоцияларын башкара албай, кыжырдануусун башкалардан чыгаруусу; өзүнөн күчсүздөргө үстөмдүк кылуу аракеттери; үй-бүлөлүк жана социалдык көйгөйлөр жана өзүнө болгон ишенимдин төмөндүгү. Негизинен адистердин айтканына караганда, буллингге кабылган окуучулар депрессияга, жалгызсыроого, өзүнө болгон ишенимдин төмөндөшүнө дуушар болот. Кээде алар психологиялык жаракат алып, бул мектепке барууга болгон каалоосун жоготушу мүмкүн.
Кантип алдын алууга болот?
- Окуучулар менен ачык сүйлөшүү: Аларга ар дайым кысым көрсөтүү туура эместигин түшүндүрүп, башкаларга боорукер мамиле жасоого үндөө.
- Тарбиялык сааттарды уюштуруу: Буллингдин зыянын түшүндүрүп, ар кандай тренингдерди, психологиялык колдоо иш-чараларын жүргүзүү.
- Ата-энелер менен тыгыз байланыш: Мектеп менен ата-энелердин биргелешип иш алып баруусу, балдардын көйгөйлөрүн өз убагында байкап, алардын алдын алуу.
Эгер мектепте буллингдин белгилери байкалса, ошол окуучуларга сөзсүз психологиялык жардам көрсөтүү керек, бул көйгөйдүн күчөп кетпеши үчүн мугалимдер да активдүү катышып, буга каршы иштерди уюштурушу зарыл.
— Биздин №77 жалпы билим берүү орто мектебинде “Буллингден балдарды коргоо” деген темада 27-сентябрда жогорку класстардын (8-9-10-кл) жана 5-6-7-класстардын ата-энелер жыйналышында презентация окулду. Октябрь айында бул көйгөй 9-г класста вербалдык буллинг жана 7-б класста кибербуллинг катталып, окуучулар жана алардын ата-энелери чакырылып, түшүндүрүү иштери болду. Буллинггдин курмандыгы болгон кыздар менен да жана аларды кемсинтүү, шылдыңдоо, мазактоо, ат коюу, теңсинбөө иш-аракеттерин жасаган окуучулар менен да сүйлөшүп, кылгандары такыр туура эмес, ошондой эле мыйзамсыз, КР кылмыш жаза кодексинин 128-129-130-беренесине ылайык жооп берет экендигин маалымдап бардык класс жана ата-энелер ынтыматуу, сый мамилелерин түзгөнгө мектеп психологу Тулекеева Н.А., соцпедагог Каныбек кызы Диана менен бирдикте жардам бердик. Класстагы окуучулар жоопкерчиликти сезүү менен мамиле кылып, ынтымакка келип, адамдын укугу менен бирдикте милдети да бар экенин туура кабыл алып, буллинг өтө жаман иш-аракет экенин түшүнүштү, — дейт соцпедагог Диана эжей.
Бүткүл дүйнѳ жүзүндѳ социалдык тармактар жыл ѳткѳн сайын кеӊири кучак жайып келе жаткан болсо, 2020-жылы күтүүсүз чыга келген коронавирус пандемиясы бул процессти тездетип жиберди. Дүйнѳлүк банктын маалыматы боюнча, пандемия учурунда жер жүзүндѳ интернет-трафик 47 пайызга ѳскѳн жана мындай ѳзгѳрүү белгилүү бир даражада билим берүүнүн онлайн-режимге ѳтүүсү менен байланыштуу.
Кыргызстандын статистикасында да ѳзгѳрүү байкалбай койгон жок – интернет-трафик 64 пайызга ѳскѳн (Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин маалыматына ылайык).
Анткен менен, ѳтѳ тез санариптешүүнүн дагы бир тарабы бар, тагыраагы: тармактагы алдамчылык, киберкылмыштуулук, аккаунттарды бузуп кирүү жана кибербуллингдин ѳсүшү. Акыркысы тууралуу айта турган болсок, кийинки мезгилдерде интернеттеги кодулоо же кибербуллинг кѳрүнүштѳрү популярдуу болуп бара жатат. Россиялык Mail.ru интернет-компаниясы тарабынан жүргүзүлгѳн изилдѳѳнүн натыйжаларынан пандемия мезгилинде тармактагы агрессиянын деӊгээли 47%га жогорулаганы, ал эми Рунет колдонуучуларынын 58%га жакыны ар кандай кодулоо аракеттерине туш болгону белгилүү болгон.
— Тилекке каршы, 7-б класста да кибербуллинг катталып, жабырлануучунун класс жетекчиси соцпедагогго жана психологго билдирүү берди, дароо окуучу-жабырлануучу менен маектешип, интернетке мыскылдоо, шылдындоо ирээтинде таркатылып жаткан фотосу тууралуу маалымат берип, ошондон бери өзүн жаман сезип жүргөнүн баяндап берген соң, бул ишти кылып жаткан ошол эле класстын окуучусу жана анын апасы менен сүйлөштүк, моралдык жактан, адамдын ден соолугуна зыян келтирүү, бирөөнү соцтармактары аркылуу мазактоо, шылдыңдоо, ат коюу бул кылмыш жаза кодексинде атайын жаза бар экенин түшүндүрдүк. Окуучу дароо кечирим сурап, туура эмес иш кылганын моюндап, түшүнүк катын жазып берди. Ал эми депрессияга түшкөн окуучу кыздар менен психолог менен бирге иштешип, жеңил кайгы-кападан арылууга жардам бердик, бир жума ичинде көңүлдөрү ачылып, өзүлөрүн баалоо сезимдери пайда болду. Азыркы учурда класс ынтымактуу, ар бир иш жоопкерчиликти талап кылат экенин түшүнөт. – дейт Диана Каныбек кызы.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер