БИРИНЧИ МУГАЛИМ — ҮЛГҮ ЖАНА КҮЗГҮ

  • 27.03.2025
  • 0

(МЕНИН ПЕДАГОГИКАЛЫК  ФИЛОСОФИЯМ)

 «Эгер мугалимде жумушка гана сүйүүсү болсо, анда ал жакшы мугалим. Эгер мугалимде жумушка да, окуучуларга да сүйүүсү болсо, анда ал мыкты мугалим».

Л.Н.Толстой

Мугалим деген кандай гана ардактуу сөз

Ушул сөздүн артында түйшүктүү эмгек, окуучуларга болгон сүйүү, изденүү, өз билимин өркүндөтүү, инсандык дарамет сыяктуу көп нерселер катылып тургандай.

БИРИНЧИ МУГАЛИМ - ҮЛГҮ ЖАНА КҮЗГҮ

«Окуучуга мектептеги эң маанилүү кубулуш, эң үлгү болорлук сабак, эң жандуу мисал — бул мугалим» — деп немец педагогу А.Дистервег айткандай, мугалимдин өзү да, сөзү да, ар бир кыймыл-аракети да, балдарга таасир берип турса, ошондо гана мугалим өзүнүн педагогдук миссиясын аткара алат деп ойлойм.

БИРИНЧИ МУГАЛИМ - ҮЛГҮ ЖАНА КҮЗГҮБИРИНЧИ МУГАЛИМ - ҮЛГҮ ЖАНА КҮЗГҮ

Мугалим деген сөздү укканда көз алдыма Биринчи мугалим эжейимдин элеси тартыла түшөт. Алгачкы мектеп босогосун аттаган күнүм али да эсимде. Жаңы сырдалган парталардын жыты, мугалимдин үстөлүндөгү гүлдүн жыты, эжейимдин биринчи сабагы жылуу сезимдерди тартуулап, мен үчүн бир керемет дүйнөнүн эшиги ачылгандай болгон. Кичинекей секелек кыз болсом да, мен да ушул эжейимдей мугалим болгум келип кыялдангам. Бала кезден тилеген кыялым ишке ашып учурда мен мугалиммин.

Менин педагогикалык философиямдын маани, маңызы эмнеде деп көп изденем. Грек тилинен «педагогика» деген сөздүн өзү «баланы жетелөө» деп которулгандай, биз башталгыч класстын мугалимдери мектеп босогосун жаңы аттаган балдарды колунан жетелеп, алардын дүйнө таанымын кеңейтиш үчүн, энедей камкор мамиле жасап, сабагыбызды жеткиликтүү түшүндүрүп бергенге аракет кылабыз. Ошон үчүн талыкпай изденебиз. «Философия» деген сөздүн мааниси «даанышмандыкты сүйүү» дегенди билдирет эмеспи. Андай болсо «даанышман» деп кимди айтабыз? Албетте, жашоону терең түшүнгөн адамды даанышман дейбиз. Баёо мүнөз балдардын ички жан-дүйнөсүн терең түшүнүп, ар бир балага аяр мамиле жасап, алардын ишенимине кирген мугалимди даанышман деп айтсак болот го дейм.

Мен сабак өтүп жатып али наристе окуучуларымдын тунук көздөрүнөн, алардын ууртундагы балалык күлкүсүнөн, тамганы туура жазганга аракет кылган быйтыйган колдорунан күч-кубат алам. Балдар менен кошо бала болом, алар менен кошулуп ырдайм, бийлейм. Классымдын босогосун аттаганда мен өз турмушумда болуп жаткан бардык көйгөйлөрдү унутам. Алдыман тосуп чыккан окуучу балдарымдын «эжеке» деп салам берген үндөрү мени ар дайым алдыга үндөп тургансыйт. Окуучуларымды колдон алып жетелеп, алар менен кошо эчак артта калган алтын балалыгымдын таттуу дооруна саякатка чыккан сымал өзүмдү жеңил сезем.

Менин окуучуларым жан-дүйнөсү таза, көңүлү назик, сезими тунук, калпайтканды билбеген, болгонун болгондой айткан кичинекей наристе балдар. Мен жумушумду гана сүйбөстөн, окуучуларымды да абдан жакшы көрөм. Окуучу менен мугалимдин ортосунда тыгыз байланыш болгондо гана окуучу мугалимге ишенет, мугалимди сүйүп, сыйлап, анын айтканын аткарганга аракет кылат. Керек болсо ата-энесине, жан адамга айтпаган өзүнүн сырын мугалим менен бөлүшөт. Бала үчүн биринчи мугалим үлгү жана күзгү. Ошол күзгүдөн бала жалаң гана жакшы нерселерди көрүп, үлгү алышы керек.

Куш эки канаты менен бийик учкан сыяктуу эле мугалим да эки канаты менен талпынат. Биринчи канаты — бул мугалимдин сүйлөгөн сөзү. Экинчи канаты — мугалимдин өзү, башкача айтканда, жүрүм-туруму. Ошондуктан, менин педагогдук философиямдын ийгилиги менин сөзүм жана кылган ишим аркылуу билинет деп ойлойм. «Жакшы мугалим болуу үчүн окуткан сабакты жана окуучуну сүйүү зарыл», — деп окумуштуу, академик В.Ключевский айткандай, ар бир сабакты таасирдүү өтүп, окуучуларымдын сүйүктүү эжейи болгум келет. Заманбап интерактивдүү ыкмаларды колдонуп, ар бир сабак максатына жетсе деп аракет кылам.

«Окуу — билим азыгы, билим — ырыс азыгы», — дегендей, билим менен балдарды азыктандырып, мугалим деген ардактуу кесипти аркалоо — сыймыктуу жана жоопкерчиликтүү. Сыймыктуу дегеним, биз окуткан балдар уядан учуп чыгып, ар кыл кесип ээлери болушат. Бири адамдын өмүрү үчүн кам көргөн ак халатчан ден соолук сакчысы болсо, бири түркүн түстүү боёкторго жан киргизген сүрөтчү, бири кооз үйлөрдү курган куруучу, дагы бирөө бизге окшоп билим дүйнөсүнө эшик ачкан мугалим.

Алардын ар бири биринчи мугалимин эч убакта унутушпайт. Дарак суу жана күндүн нуру менен азыктанып, мөмө берген сыяктуу, мугалим да окуучуларды билим менен азыктандырып, ак мектептен турмуш сапарына учуруп чыгат тура. Ал эми жоопкерчиликтүү дегеним, мектеп босогосун аттап келген жаш жеткинчектерге татыктуу таалим-тарбия берип, аларга туура жол көрсөтүп, турмуштан өз ордун тапкан адам болуусуна таасир берүүдө мугалимдин салымы зор. Баланын кулк-мүнөзүнүн калыптанышына мугалим түздөн-түз жоопкерчиликтүү.

Башталгыч класстын мугалими болуу чоң жоопкерчиликти талап кылат. Эгерде биз кооз, заңгыраган үй салгыбыз келсе, ал үйдүн пайдубалын бекем, бийик кылып курабыз. Пайдубал бекем болбосо үй көркүнө чыкпай, атүгүл кулап калышы да мүмкүн. Анынсыңарындай эле башталгыч мектеп балдардын билиминин негизин, башатын түзөт. Башталгыч класстарда бекем пайдубал түзүп алган окуучуга, андан ары билим деңизине сүзүп чыгууга кеңири жол ачылат.

Чыныгы мугалим болуу — бул жөн гана кесип эмес, бул көп кырдуу талант ээси.

Сабак өтүп жатып биз уламыш, жомокторду айтып берген жомокчубуз, обондуу ырларды үйрөткөн ырчыбыз, элибиздин кол өнөрчүлүк мурастарын үйрөткөн саймачы, оймочубуз, сөзүбүз менен таасир калтыруу үчүн чечен да болгонго аракет кылабыз. Балдарга берген сабагыбыз аларга түшүнүктүү болуп, эсинде калсын деп изденүүнүн үстүндө иштейбиз. Аларга үйрөтөбүз деп, өзүбүз үйрөнөбүз, өзүбүздү өркүндөтүүнүн аракетинде болобуз.

Улуу педагог А.С.Макаренко: «Биздин балдар — биздин карылык. Туура тарбия берүү — бул бактылуу карылык», — деп айтып кеткендей, балдар — биздин эртеңки келечегибиз. Келечек муунга билим берип гана тим болбостон, ата-бабалардан бери айтылып келаткан акыл кептерди айтып, кыргыз элинин каада-салттарын унутпай аздектеп, муундан -муунга жеткирүү да мектеп жана мугалимдер аркылуу болуучу иш. Кытай элинин улуу ойчул философу Конфуций: «Ким эскини алпештеп, жаңыны аңдай билсе, андай адам мугалим боло алат», — деп айтканы да жок жерден эместир. Андыктан, бүгүнкү күндүн мугалимине коюлган талап дагы чоң. Себеби, биз илим менен техниканын доору болгон жыйырма биринчи кылымда жашап жатабыз. Биздин окуучулар өз заманынын татыктуу адамдары болуш үчүн талыкпай билим берүү — биздин милдет. Коомубуздун мындан аркы өнүгүүсүнө келечекте өсүп келаткан муундардын салымы зор болот. Ошол келечек муунга туура тарбия, татыктуу билим берген мугалим, демек, коомду тарбиялап жатат. Коом кандай болсо, келечек ошондой. Ошондуктан, мугалим коомдун дарыгери. Жат көрүнүштөргө каршы күрөшүп, балдарды эли-жерин сүйүүгө чакырат.

Мугалимдик кесипти тандап алып, жаш муундарга тарбия берип жатканыма сыймыктанам. Менин педагогикалык философиямдын өзөгү — менин окуучуларым, мен иштеген мектеп. Ар бир сабакты өтүп жатып, балдарга күзгү болгумкелет, ал күзгүдөн балдар жаркын келечекти көрсө дейм. Биздин эртеңки келечегибиз — бүгүнкү мектеп партасындагы кичинекей балдар.

Менин педагогикалык философиямдын маңызы — бүгүн мектепке чырпыктай болуп келген балдар, тамыр жайып чынар болуп көктөсө дейм, терең билим алышып, көптөгөн бийиктиктерди багынтса дейм, келечекте өз өлкөсүнүн өнүгүүсүнө салым кошкон инсандар болсо дейм. Балдарга билим берип гана чектелбестен, ак менен караны, жакшы менен жаманды, адал менен арамды ажырата билүүсүнө багыт берүү да биздин милдет деп эсептейм.

Менин педагогикалык философиям —   бул менин окуучуларга болгон сүйүүм, ар бир өткөн сабагым, экинчи үйүм болгон мектепке баскан ар бир кадамым, позитивдүү көз караш менен жүргөн жарык кабагым, өзүмдү өзүм өнүктүрүү үчүн өзүмө койгон талабым.

Заманбап мугалим

Ар тараптан өскөн, өнгөн акылы,

Эң кызыктуу сабак өтөт аныкы.

Техниканы курал сымал колдонуп,

Сабагында пайдаланат жаңыны.

Балдар менен дос катары сүйлөшүп,

Сабак эмес, турмушту да үйрөтүп,

Мээрим төккөн, асыл сөздү арнаган,

Бүт баланын жан дүйнөсүн гүлдөтүп.

Катуу айтпай, кылып жакшы мамиле,

Айткан сөзүн балдар угат бат эле.

Сөз эле эмес, күзгү болуп аларга,

Чогуу окуп, өсүп турат дагы эле.

БИРИНЧИ МУГАЛИМ - ҮЛГҮ ЖАНА КҮЗГҮ

Азыркы учурда, техника өнүгүп, жаштардын агымы дал ошол техникага бурулуп жаткандыктан, замандын талабына ылайык мугалимдер дагы, жаңы, креативдүү сабак берүүгө өтүшү керек. Балдарга жакшы түшүндүрүп, маалыматты дагы да кенен жеткирүү үчүн, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү колдонуп, курал катары пайдаланышыбыз абзел.

Көбүнесе азыр жаштарга катуу сүйлөп, урушуунун ордуна, алардын абалына түшүп, дос катары дем берип, сабакка болгон кызыгуусун артыруу, дайыма жакшы маанай менен пикирлешүү, сөз менен гана эмес иш жүзүндө көрсөтүү заманбап мугалим керек кылган милдеттер. Келечек агымы бат-баттан өзгөрүүдө. Мугалимдер дагы заман талап кылган илимдерди алып, технология жагынан артта калбоосу керек.

Бурул САДЫРБЕК  кызы, А.Акматов атындагы №4 гимназия мектебинин башталгыч классынын мугалими, Каракол шаары

Бөлүшүү

Комментарийлер