БИР ТҮНДӨ ЖЫЛДЫЗ БОЛГОН БЕГИМАЙ

  • 20.07.2022
  • 0

Кичинекей кызын паркка сейилдетип келип, күтүүсүздөн караоке ырдап калган Бегимай Турусбекова эртеси жылдыз болуп ойгонду.

Көпчүлүк көксөгөн атактуулук тогузторолук келинге ушинтип капыстан келди.
— Эртең менен кайын эжем чалганда билдик. «Бегимай, сен паркта каяктан ырдап жүрөсүң? Интернетти жардың го!» — деди кайын эжем күлүп. Карасак, чынында ошондой экен. Элдер телефонуна тартып жатышкан. Бирок мынчалык тездик менен тарап кетерин билбептирмин. Азыр да ишене албай турам» — дейт Бегимай.
Эң эле кызыгы Интернеттеги угармандардын таң калуусу мындан да кем эмес болду:
«Угуп жатып, ушул аял ырдап жатканына ишенип-ишенбей турдум. Мындайды мен эзели уккан эмесмин» (Рита Степняк);
«Кадимки айылдык эже ырдап жатканын көргөндө иш бөлмөмдөгү отургучтан кулап түшө жаздадым.»(Адайка);
«Анын үнүн укканда көзүмдөн жаш чыкты!» (Каролина Беккер, АКШ);
«Жаратканым, эмне деген күчтүү үн! Бүткөн боюм дүркүрөп кетти!» (Алена Эверестова, Якутия);
«Не деген талант! Өзүмдү кармай албадым. Көзүмдөн салаалап жаш акты!» (Анжелла Судакова);
«Кыргызстанда дагы бир жылдыз пайда болду!» (Гульнора Абдумавлянова, Өзбекстан);
«Мына нагыз жылдыз! Казак бир туугандардан салам! (Нурлыбек Наурызбай);
«Туугандары кантип мындай үндүн ээсин үйдө кармап отурушту экен?» (Марина Стеганцева);
«Мен биринчи жолу Димашты, экинчи жолу Бегимайды укканда бүткөн боюм дүркүрөп кетти» (Галия Даулеткулова, Казакстан);
«Сиз Израилди да багындыра алдыңыз! Керемет үн! Мыкты аткаруу» (Shshd Geubu);
«Күчтүү, кооз, таң каларлык үн! (Хамид Есезов);
Угармандардын пикирлерин жаза берсек, кагаз бетине батчудай эмес. Борбор Азиядан баштап, Европа, Америкага чейин музыка сүйүүчүлөрдү таң калтырган мекендешибиз тууралуу эмне белгилүү? Ириде ушуга кызыгып көрсөк. Отуз үч жаштагы Бегимай Турусбекова Кыргызстандын чок ортосунан орун алган Тогуз-Торо районунан болот. Жолдошу да ошол жердик. Учурда бактылуу жубайлар үч жашар кызын тарбиялап жатышат. Бегимай өзү үйдөгү беш бир туугандын эң кенжеси. Эки жыл илгери көз жумган атасы кезинде районго кире бериштеги Кара-Көө ашуусун курууда билек түрүп иштеген экен.
— Атам Кара-Көө ашуусуна жол салууда иштеди. Орустар бийик жерине коркуп чыкпай койгондо, атам дайыма бульдозери менен жол салып берчү, — дейт кызы.
Тогузторолук таланттын музыкага жакын болуп калышына ыр жандуу апасы оң таасир этет.
— Апам аябай сонун ырдайт. Жашында райондун көзгө басар ырчысы болчу. Азыр 72 жашта. Учурда деле той-топурда элдер суранып, ырдатып калышат. Ырчылыгым мага дал ушул апамдан өткөн, — дейт Бегимай.
Мурун Казармандагы Макмал орто мектебинде тарбиялык иштерди уюштуруучу болуп иштеп калган Салкын Матиева Бегимайдын апасы мектеп менен өтө тыгыз байланышта болгонун айтат:
— Бегимай окуп жүргөндө эле мектептин маданий-массалык иштерине активдүү катышты. Өзү тыкылдаган, жаркылдаган кыз болчу. Апасы да биздин майрамдык иш-чараларда ырдап калчу. Сонун ырдачу!

Ошентип, Бегимайдын музыкага болгон сүйүүсү аны борборубуздагы Мураталы Куренкеев атындагы музыкалык окуу жайга алып келет. Окуп жүргөндө эле шаардагы бир топ алдыңкы кафелерде ырдап, ырчы катары калыптанды. Анан өзүн сынап көргүсү келет.
— Юрий Бобковдун сунушу менен «Ысык-Көлдө Кадыр түн — 2011» сынагына катышып калдым. Биринчи орунга болбосо да, экинчи орунга жетем го деген ишенимим бар болчу. Тилекке каршы, мага эч бир орун тийбеди. Көл жээгине барып алып, аябай ыйладым, — деп эскерет керемет үндүн ээси.
Бул конкурстан кийин Бегимай айылга кетип, өзү теңдүү жигитке турмушка чыгат. Ошентип үй турмушу, тирилик деп жүрүп ыр дүйнөдөн аз-аздан болсо да алыстайт. Бул арада болгону эки жолу гана чоң сахнадан көрүнүп, Көчмөндөр оюндарында, анан тогузторолук кыздар менен биргеликте “Кыз-жигит Сармерден” көрсөтүүсүндө ырдап чыкты. Бирок бул эки учур тең аны жылдыз кылып элге тааныта алган жок.
Ошон үчүн кайрадан эле жалгыз Кыргызстанды эмес, бүтүндөй Борбор Азияны дүңгүрөткөн 18-июндагы Бишкектин “Ынтымак-2” паркындагы күтүүсүз окуяга кайтып келели.
Бул күнү ал, Чынара Казакбаева өз пикиринде таамай жазгандай, «эч бир даярдыксыз, эч бир фонограммасыз, эч бир оранжировкасыз, эч бир бетмайларсыз, эч бир жасанып этпей эле, уккулуктуу үнү менен угармандарды өзүнө каратып алды”. Мындайды ким көрүптүр! Адатта ырчылар беш-он жыл эмгектенип отуруп, далай жолу концерт берип, клип тарттырып жатып, анан араң жылдыз болот. Ошондо да элдин, угармандардын сынына толгону аз. Ал эми Бегимайга болсо атактуулук бир түндө келди! Муну менен ал ырчы тууралуу биздин стереотипти бир саамда быт-чыт кылды! Интернет колдонуучулар Бахытжан Жакупов менен Анатолий Кацуба экөөсү бирдей таң калгандай, “жөнөкөй жоолукчан кыргыз келин” өзүнүн нукуралыгы менен көрүүчүлөрдүн эсин оодарды. Ырдап жаткан ырларычы! Мен деген ырчылар даай албаган — айтылуу “Титаник” фильминен Селин Диондун “My Heart Will Go On” , Уитни Хьюстондун “I have nothing”, Виктор Цойдун «Кукушкасы», Лара Фабиандын «Je t’ame» шедевр чыгармалары! Бегимай аларды бөтөн тилде болгонуна карабай, интернет колдонуучу Адилет Шабдановдун калыс баасында «так өзүндөй ырдады”.
Бегимайдын ийгилигине жол ачкан дагы бир өзгөчөлүк – ал жараткан жөнөкөй жоолукчан айылдык келиндин образы. Бекеринен көрүүчүлөр аны «Келин Дион» деп аташпаптыр. Бекеринен бишкектик сүрөтчү Татьяна Зеленская жылдызы жанган айылдык келиндин образын кагаз бетине түшүрбөптүр! Бегимай кайда ырдабасын, маек бербесин, ким менен жолукпасын башындагы жоолугун чечкен жок. Бул сапаты ага болгон элдин ишенимин бекемдеди. Журналисттер андан келечек пландарын сураганда да, баарына бирдей: “Мен жалгыз чече албайм. Жолдошум билет. Анан үйдө апабыз бар. Ошо кишилер уруксат берсе, ырдайм,” – деп жооп берип жатты. Маданият министри Азамат Жаманкулов алдыдагы күз айларында Central Asia’s Got Talent — 2022, Көчмөндөр оюндары жана Кыргызстандын Венгриядагы, Казакстандагы маданият күндөрү болорун айтканда да ушул эле жоопту узатты.

Бул өнүп-өскөн элин, барган жерин, өмүрлүк жолдошун сыйлаган айылдык ыймандуу келиндин жооптору эле! Улутуна карабай угармандар Бегимайдын жөнөкөйлүгүн, кыргыздын нарк-насилин өзүнө сиңирген өрнөктүү жүрүм-турумун жогору баалашты.

«Ынтымак-2» паркындагы күтүүсүз окуяга бир ай болуп-болбой Бегимай Турусбекова Москва шаарына Малаховдун айтылуу “Привет, Андрей!” берүүсүнө тартылды.
Элдин кызы болот деген ушу да! Бегимайдын келечектеги ийгиликтерине Интернет желелериндеги угармандар кайдигер эмес экенин билдирип жатат. Мисалы, Кенжебүбү Калматова «Келгиле, аны «Голос» шоу программасына жөнөтөлү» десе, беларусиялык Владимир Шипицын «Тезинен Евровидениеге барышы керек» деген сунушун айтат. Коңшулаш өлкөдөн Акмаль Норматов болсо, «Өзбекстан сиз үчүн добуш берет» деп бизди эмитен кубандырууда. Демек, Бегимай багынтуучу бийиктиктер алдыда. Бул жолку чакан макаланы дагы деле Интернет колдонуучулардын арасынан Тилек Исакуловдун «Калыстар анын кыялдарын өлтүрүшсө, караоке ошол кыялдарды кайтарып берди!» деген пикири менен аяктагым келди.
Ооба, чын эле ошондой болду!
Эми Бегимайдын бардык тилектери ишке ашсын!

А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим», АКСЕЛСтин «Жамааттар байланышы» программасынын бүтүрүүчүсү (АКШ, Түндүк Каролина, 2010)

Бөлүшүү

Комментарийлер