БИЛИМ ТАРМАГЫН ЖАЛПЫЛАП ӨНҮКТҮРӨЛҮ

  • 08.12.2020
  • 0

Азыр иштиктүү кадамдарды жасап, реформаны ылдамдатып, өлкөнү өнүктүрүү баарыбыздын парзыбыз. Бу күнгө чейин билим берүүнү өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттары боюнча ойлор, идеяларды макалалар аркылуу айтып келдик. Албетте, алардын баардыгы эле идеалдуу деп айта албайм. Ал долбоор, идея-сунуштар мугалимдердин “Кут Билим” газетасында илимий-методикалык журналдарда байма-бай жарык көрүп турган. Бирок, көңүл бурган эч ким болбоду.

Эми жаңы министрге билим берүүнү өнүктүрүү боюнча төмөнкү идея-көз караштарды сунуштагым келет. Булардын баары эле сиз билбеген жаңы жаңылыктар, идеалдуу, даяр жаратман программа эмес, болгону сиздин ой-максатка кошумча болуп калабы дегенибиз.

✓ Коомдун өнүгүү процесси боюнча заманбап көз карашы бар, негиздүү билимге ээ, мезгилдин күрөө тамырын кармай билген, интеллектуалдык потенциалы жогору, тажрыйбалуу, демилгелүү, реформатор педагог-адистерден өзүңүзгө пикирлеш команда топтоо;

✓ Министрликтин астында дайыма билим берүүнүн көйгөйлөрүн, стратегиялык кадамдарын кеңешип, талкуулап, кол кабыш кылчу, акыл кошчу эркин, көз карандысыз (“Акыл”) борбор түзүү;

✓ Жакынкы мезгилде билим берүүнү өнүктүрүү максатында конкреттүү долбоорлорго конкурс жарыялоо жана аларды талкуулоо;

✓ Орто мектепте, ЖОЖдордо билим берүүнү өнүктүрүү боюнча бүгүнкү жана узак мөөнөттүү стратегиялык багыттагы кадамдарды аныктоо;

✓ Окуу китептерин милдеттүү түрдө басуучу көз карандысыз басмакананы уюштуруу;

✓ Билим берүү процессинде билимдин мазмунун демократиялаштыруу, рыноктук көз караш аркылуу мыйзам актыларына, нормативдик эрежелерге ылайык экономиканын негиздерин, финансылык жана укуктук сабаттуулукту өнүктүрүү;

✓ Билим берүүдө предметтер, дисциплиналардагы окутулуучу материалдын мазмунундагы философиялык маңызын социалдык, тарбиялык маанисин ачуу;

✓ Билим берүү процессинде өзгөчө өздүк системасы бар новатор-педагогдорго өлкө тарабынан мамилени түп тамырынан өзгөртүү жана жаңы чыгармачылык, психологиялык атмосфераны түзүү;

✓ Мугалимдин ар тараптуу өнүгүшү үчүн мамлекет, коомчулук моралдык, социалдык-финансылык жактан колдоого жетишүү;

✓ Коом жана мамлекет билим берүүнүн сапатын жогорулатуу максатында мугалимдин аброюн, өлкөгө болгон ишенимин ар кандай колдоолор аркылуу кайтаруу;

✓ Мугалимдердин статусун көтөрүү, “Эл мугалими” наамын кайтаруу боюнча жогорку органдарга маселе коюу;

✓ Мугалимдин педагогикалык системасындагы философиясын, жаңылыгын далилдөө, жана жайылтуу максатында телеберүүлөрдүн сериясын, чыгармачылык жолугушууларды уюштуруу (сексенинчи жылдардын ортосунда «Учительская», “1-сентября” газеталарынын редактору С.Соловейчиктин тажрыйбасы), сабактын ички сырындагы жетишкендиктердин ички сырын талкуулап аныктоо менен алардын китепчелерин министрлик аркылуу жарыкка чыгаруу жана даңазалоо;

✓ Республикадагы билим көйгөйлөрүн чечүүнүн стратегиялык программасы боюнча “Билим кербенинин” (КББАсы уюштуруп баштаган) алкагында көчмө тегерек стол, жолугушуулар, талкуулар, ачык сабактар уюштуруу менен мугалимди, коомчулукту ойготуу, билим берүүнү өнүктүрүүгө болгон мотивацияны күчөтүү жана өнүктүрүү;

✓ Жогорку окуу жайлардын педагогика кафедрасында: теория менен практиканы айкалыштыра билген, тажрыйбалуу, мектеп табиятын ичинен түшүнгөн, өздүк педсистемага ээ, жан дүйнөсүндө адамдык, педагогдук сапаттары бар, коом үчүн ичкен ашын жерге койгон демилгелүү окумуштуу, новатор-педагогдордун билим бериши маанилүү;

✓ ЖОЖдордо лектор илимий-теориялык маалымат берүү менен гана чектелбестен, учурдагы билим берүүдө болуп жаткан тенденцияларды, окумуштуу педагогдордун фундаменталдуу ачылыштарын пайдаланып, мисалы: (Д.Б. Эльконин – В.В. Давыдов – развивающий метод обучения, И.С.Якиманская – личностно-ориентированной подход в образовании, Н.В. Громыко – Ю.В. Громыко – метапредметный подход в образовании ж.б.) педагогиканын, психологиянын теорияларына таянып, педагог-новаторлордун тажрыйбаларындагы ийгиликтердин философиясын жетекчиликке алып, алардын жетишкендиктеринин себептерин анализдеп, талкууларды уюштуруу;

✓ ЖОЖдордо педагогикалык адистерди даярдоодо педагогикалык практиканы өткөрүүнүн мөөнөтү жетишсиз, уюштуруунун формалары жана методикасы боюнча да кемчиликтердин бар экени белгилүү, андыктан педпрактикага болгон мамилени эч болбосо СССР убагындагы деңгээлге көтөрүү;

✓ Педагогдук кесипке абитуриенттерди кабыл алуу мезгилинде абитуриенттин педагогдук кесипке болгон көз караштары, кесипти сүйүүсү боюнча психологиялык тесттен өткөрүү менен педагогдук адистикке болгон табиятындагы жөндөмдү аныктоо;

✓ 2020-2021-окуу жылында педагогдук кесипке жөндөмдүү абитуриенттерди кабыл алуу үчүн жана жаштарга педагогдук адистиктин аброюн көтөрүү максатында өкмөт тарабынан жаңыча мамиле болоорун алдын ала белгилеп, быйыл мугалимдик адистикке өзгөчө приоритеттер (стипендия, келечектеги айлык акы, социалдык колдоолор ж.б.) берилээрин ачык жарыялоо;

✓ Билим берүү министрлиги: мектеп куруу, ремонт-чарбалык иштерден бошотулуп, билим берүүнүн сапатын жогорулатуунун үстүндө гана иштеши маанилүү;

✓ Мектеп курулушун, ремонт иштерин айыл өкмөтүнө, шаардын мэрлерине, мамлекеттик курулуш агенттигине милдеттендирүүнү Жогорку Кеңештен, Өкмөттөн сурануу, кечиктирилгис маселе экенин бийлик башчыларына, коомчулукка маселе коюп, чечүү;

✓ Билим берүүнүн сапатын жогорулатуу үчүн кызматташуудан өнөктөшүүгө (өкмөт, ата-эне жана мектеп) же билим берүү процессинде да өнөктөшүүгө (партнерство) өтүү идеясын турмушка ашыруу;

✓ Билим берүү академиясы, конкреттүү долбоору бар мектептер, башка жогорку окуу жайлардын педагогика кафедраларынын окумуштуу педагогдору, эксперттер менен өнөктөшүүнүн методикасын иштеп чыгып, чыгармачылыкка салыштырмалуу эркиндик берүү;

✓ Акырындык менен мамлекеттик мектептерде билим берүүнү профилдештирүү менен жөндөмдүү (таланттуу) окуучуларга өзгөчө мамилени сөз менен эмес, практикада турмушка ашыруу;

✓ Азыркы учурда бул үчтүктөр союзу (өкмөт, ата-эне, мектеп) кызматташуунун кайдигер кырдаалында, жоопкерчилик жок жашап келе жатышат, ортодо кызыкчылыктар жок, билим товарга айлана элек, билим берүү бекер деген эски көз караш али өкүм сүрүүдө (КРнын конституциясы №45 берене);

✓ Биз рыноктук коомду куруп жатабыз. Бирок, билим берүүдө рыноктук механизмдерди пайдалануу жөнүндө идеология жүргүзгөн эч ким жок. Коомчулукту ынандырсак бир балээ болуп кетеби, — деп коркобуз. Азыркы учурда мамлекеттик билим берүү мекемелеринде рыноктун мыйзамдары же конкуренция иштеген жок. Рыноктун агымына орто муундагы коомчулук эбак эле түшүнүшкөн. Бу бүгүнтөн баштап бардык мектептерге рыноктун механизмдерин киргизүү дегендик эмес. Биринчи мектептеги пед коллектив, ата-энелердин каалосу, жогорку бийлик уюмдар менен макулдашуу, мектептин инфраструктурасы ж.б. шарттар даяр болгондо;

✓ Эгерде билим берүү тармагына рыноктун механизмдерин сунуштап, конкуренцияга басым жасасак: коррупция, арыз-даттануулар өзүнөн өзү төмөндөйт. Анткени баары келишим менен иштеп калышат, ызы-чуунун баары ортодогу келишимдин жоктугунан болууда, ушул жагдайларга маани берүү;

✓ Билим берүүнүн азыркы абалы, жүрүшү эски нук менен баратабыз же “Алма быш оозума түш” принцибинде жашап жатабыз. Билим берүүгө мамилени жаңылоону, реформатордук кадамдарды күтөбүз;

✓ Окуу куралдары боюнча: теориялык сапаты бийик, илимий-методикалык деңгээли талапка ылайыктуу окуу куралдарын жарыкка чыгаруу;

✓ Билим берүүдө конкуренция ишке ашпаса билим сапатында натыйжа болбойт. Мугалимдер да билмексен болуп мурункудай эле иштей беришет. Финансылык колдоо, конкуренция менен бирге айкалышканда гана сапат үчүн күрөш турмушка ашат. Сапатты рынок өзү көзөмөлдөйт. Бул социалдык процессти өнүктүрүүдөгү синергетикалык (И.Пригожин, Н.Кондратьев.
А.Акаев) кубулуш.

✓ Бул келечекте болуучу максат. Мамлекеттик жалпы билим берүүчү мектептерди бүгүнтөн баштап рынокко өткөрүү дегендик эмес. Адегенде аң-сезимдүү мамиле менен, рыноктун идеологиясын жүргүзүү, ынандыруу, турмушка ийкемдүү ашыруу үчүн багыт алуу, кадамдарды аныктоо;

✓ Кыргыз билим берүү академиясы бекитилген долбоор боюнча илимий-педагогикалык изилдөөлөрдү мектеп жана мектепке чейинки мекемелер менен бирге жүргүзүү. Ал билим берүү мекемесин илимий-өндүрүштүк, эксперименталдык лабораторияга айландыруу;

✓ Кыргыз билим берүү академиясын илимий-методикалык долбоорлор менен иштөөгө, долбоорлордун негизинде илимий педагогикалык изилдөөлөрдү уюштуруу жана алдыңкы педтажрыйбаларды изилдеп, жалпылоо жана жайылтууга басым жасоо;

✓ Кыргыз билим берүү академиясынын алдында өздүк усулдук китепчелерди, окуу планы-программаларды окуу-методикалык басылмасын түзүү жана кеңейтүү;

✓ Кыргыз билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз билим берүү академиясы, жана Республикалык педагогикалык кадрлардын билимин жогорулатуу жана кайра даярдоо институту өнүгүү үчүн стратегиялык максаттарды, багыттарды пландаштыруу боюнча бир бүтүндүктү түзүү. Ал бүтүндүктүн максаты өнүгүүнү турмушка ашыруу үчүн өнөктөшүүнү жетекчиликке алуу;

✓ Педагогдордун билимин жогорулатуунун натыйжалуулугун өнүктүрүү үчүн алгач мектепте жана мектепке чейинки мекемелерде рыноктук билим берүүнүн механизмдерин ишке ашыруу менен педагогикалык кадрлардын конкуренциясын турмушка ашыруу;

✓ Билим берүү чөйрөсүндө рыноктун билим берүүнүн талаптарына ылайык кызыктыруу, керектөө жана сунуштар менен иштөөгө жетишүү;

✓ Рыноктун шартында курстардын түрлөрүн, формаларын көбөйтүү, заказдар менен иштөөнү турмушка ашыруу;

✓ Окутуучуларды тандоонун табиятын өзгөртүү. Контракттын негизиндеги көчмө, дистанттык курстарды же анын жаңы эффективдүү формаларын изилдөөнүн негизинде уюштуруу;

✓ Курстук окууларда окутуунун теориясы, технологияларынан сырткары биринчиден: окуучулар мезгилдин же замандын күрөө тамырын кармай билгенге, билимдин мазмуну, жашоонун маңызын түшүнүүгө багыттоонун технология, методдору менен тааныштыруу (билимди социалдаштыруу);

✓ Экинчиден: мектеп жетекчилерин, мугалимди курстук окууларда билим берүү мекемелери социалдык институт экендигин далилдөөчү теориялык билим жана окуучуну турмушка даярдоонун формалары, методикасы боюнча тренинг, талкууларды уюштуруу;

✓ Мугалим предметтерди, дисциплиналарды окутууда илимий-фундаменталдуу билим берүү, илимий көз караштарды өнүктүрүү анын билимдин социалдык милдеттерин ачууга максат коюуга багыттоо ж.б;

✓ Кесиптик адистигине тийешелүү болгон курстук билим берүүдө негизги теориялык жана практикалык билим берүү жана новатор мугалимдердин тажрыйбаларын анализдеп, прогрессивдүү механизмдерин талкуулап, ошол тажрыйба аркылуу билимди жогорулатууга басым
жасоо;

✓ Курстук билим берүүдө билим берүүгө, окуучуга мамилени өзгөртүүнүн технологияларын талкуулоо, тренинг, дискуссияларды уюштуруу;

Эми билим берүүгө жетекчи болуп жаш, бир жактан тажрыйбалуу окумуштуу-педагог келди. Министрдин илимий изилдөөлөрү: Борбордук Азиянын эгемендүүлүгүнөн кийин билим берүү чөйрөсүндөгү өзгөрүүлөр. Борбордук Азия жана Кыргызстандын тышкы саясатында Америка Кошмо Штатынын орду. Илимий иштери да билим берүүдөгү өнүгүү менен тыгыз байланыштуу. Билим берүү трактордун мотору эмес, заматта тетигин алмаштыра салып талаага айдап кетчүдөй. Ал татаал социалдык процесс. Ошондуктан мамлекет, билим берүү кызматындагылар, коомчулук министрге үн кошуп, сунуштар айталы, кеңештер берели. Анткени билим берүү өтө чоң жана терең кризисте турган
тармак.

Дүйшөн Султанкулов,
КРПКБЖКДИнун
ага окутуучусу.

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер