БИЛИМ САПАТЫН ЖОГОРУЛАТУУДА АНАЛИТИКАНЫ ЭСКЕ АЛУУ БОЮНЧА АКШнын ТАЖРЫЙБАСЫ

  • 18.03.2024
  • 0

БИЛИМ САПАТЫН ЖОГОРУЛАТУУДА АНАЛИТИКАНЫ ЭСКЕ АЛУУ БОЮНЧА АКШнын ТАЖРЫЙБАСЫ

АКШнын Түштүк Дакота штатынын мурдагы билим берүү министри, учурда билим берүү практикасын колдоо үчүн «окуучулардын билим жетишкендиктерин жакшыртууда аналитиканы колдонуу» боюнча консультация берүүчү SAS (statistical analysis system-статистикалык анализ системасы) институтунун директору болуп иштеп жаткан доктор Мелоди Шопп (dr. Melody Schopp) менен Кыргыз билим берүү академиясындагы 10 күндүк консультация жемиштүү болду.

Табигый-илимий (Science) билим берүү боюнча адистер 4 күн маалымат алдык. Өнүккөн мамлекеттин билим берүү өкүлдөрүнүн тажрыйбасын мындан аркы ишмердүүлүктө эске алуу зарыл деп ойлойм. Мага доктор Мелоди Шопптон уккан төмөнкү маалыматтар абдан жакты жана аларды окурмандар менен бөлүшүүнү тура көрдүм:

  1. АКШда биздегидей эле мамлекеттик, менчик мектептер, анан да магниттик, жыл бою окутулуучу жана дуалдык мектептер жана мектеп-интернаттар бар экен. Булардын ичинен эң маанилүүсү мамлекеттик мектептер болуп эсептелет. Мамлекеттик мектептердин окуучулары жана мугалимдери окуу китептери, окуу-методикалык колдонмолор, жумушчу дептерлер, лабораториялык жабдуулар ж.б. менен толук жана бекер камсыздалат (борбордук башкаруу уюмдары, болбосо райондор камсыздайт).
  2. Мамлекеттик стандарттар жана программалар менен чектелген менчик мектептер болбойт, ачылбайт. Менчик мектептер мамлекет окута албаган, т.а. мамлекет тарабынан окутууга мүмкүн болбогон предметтерди жалпы окуу жүктөмүнүн чегинен ашырбастан окута алышат. Мисалы, динди, ар түрдүү тилдерди, өнөрлөрдү ж.б.
  3. Мамлекеттик мектептердин алдыңкы мугалимдерин же окуучуларын менчик мектептер тартып алып кеткен учурлар жок. Анткени, менчик мектепте иштеген мугалимдин алган эмгек акысы мамлекеттин мектептин мугалиминин айлыгынан эч качан жогору болбойт. Ошондой эле, менчик мектептер мамлекеттик мектептен жакшыраак окутат деген тушүнүк да жок. (Бизде көп алдыңкы мектептердин мугалимин менчик мектептер айлыгы менен кызыктырып алып кетип, мугалимдин артынан жакшы окуган − классташтарына үлгү, жардамчы болгон окуучулар да кетип, мамлекеттик алдыңкы мектептердин көрсөткүчтөрү дароо эле төмөндөп калган учурлар арбын. Акча табууга көбүрөөк басым жасалгандай).
  4. Мектепке мугалимдикке кирүү үчүн адистер атайын тесттен өтүшөт. Тесттен өткөндө гана алар компетенттүү мугалим деп эсептелет. Демек, бардык мектептерде тесттен өткөн, компетенттүү мугалимдер иштейт. Андыктан, окуучулар жашаган аймагынан көз карандысыз түрдө каалаган мектебине барып окуй алышат.
  5. АКШда:

Башталгыч мектеп 5 жыл: 1 – 5-класстар.

Негизги мектеп 3 жыл: 6 – 8-класстар (орто мектеп дешет).

Орто мектеп 4 жыл: 9 −12-класстар (муну жогорку мектеп дешет).

  1. Башталгыч мектепте (1 – 5-класс) табигый илимдердин (физика, химия, биология, физикалык география ж.б.) элементтери биргеликте (интеграцияланып) «Илим (Science)» деп аталган предметте окутулат. Интеграцияланган «Илим (Science)» предметине дагы бир тармактын, мисалы, социалдык-коомдук илимдердин элементтери интеграцияланбайт. Социалдык-коомдук илимдин элементтери башталгыч мектептин акыркы 4-классында окутулат. (Бизде башталгыч мектепте табигый илимдер менен социалдык илимдер интеграцияланып, “Я и мир” деп аталган бир предметте окутулат. Бул эки чоң тармак өз-өзүнчө интеграцияланган предметтерде берилиши керек эле. 2 сааттык предметтер 1 саатка өтүп, 1 сааттык предметтер жоюлуп, интеграцияланып отуруп, аралашып калган).
  2. Негизги мектептин (6 – 8-класс) Базалык окуу планында бардык табигый предметтер жана аларга бөлүнгөн сааттардын жалпы саны «Илим (Science)» деген аталыш менен көрсөтүлөт. Бирок, «Илим (Science)» деген аталыш жалпы табигый-илимий тармак дегенди түшүндүрүп, анын ичинде физикалык география, биология (медициналык биология), физика, химия, астрономия (жер жана космос) деген өзүнчө курстар окутулат, ар бири боюнча өзүнчө окуу китептери бар. (Бизде да ушундай. Бирок, акыркы он жылдан бери негизги мектепте физикалык география, биология, физика, химия, астрономия деген предметтердин бардыгын аралаштырып интеграциялап, бир гана “Табият таануу” деген предметти окуу планга киргизүүгө “Биом” коомдук уюму аракет жасап, бул уюмдун идеясын колдоочулар менен табигый илимдер боюнча системалуу билим берүүнү колдогон адистердин ортосунда карама-каршылыктар жашап келе жатат. Мындай карама-каршылыкты жоюу үчүн өнүккөн өлкөлөрдүн бири болгон АКШнын билим берүү тармагынын консултантынан алган маалыматтарды эске алуу тура болот).
  3. Орто мектепте (9 – 12-класс) да бул «Илим (Science)» предметтери боюнча милдеттүү курстар окутулат, андан тышкары бир нече факультативдик курстар бар. Ар бир факультатив көптөгөн элективдик (тандоосу боюнча өтүлүүчү) курстардан турат. Мисалы, төмөнкүдөй факультативдерде тиешелеш түрдө төмөнкүдөй элективдик курстар бар:

Биология боюнча факультативде: медициналык биология, айыл-чарбасындагы биология, ветеринария, декаративдик өсүмдүктөр ж.б.

Информациялык технология факультативинде: мультипликация, компьютер оңдоо, киноөндүрүш ж.б. элективдик курстар бар.

«Үй-бүлөнүн керектөөлөрү жөнүндө илим» деген факультативде: кулинардык искусство, үй-чарбасы, дизайн жана интерьер, химиялык каражаттар жана азыктар ж.б.

Физика боюнча факультативдерде: инженердик физика, роботехника, айлана-чөйрөнүн физикасы, физикалык эсептөөлөр ж.б. элективдик курстар бар.

  1. Окуучулар ар күнү мектепте 4 сааттан милдеттүү предметтерди, 2 сааттан тандоосу боюнча курстарды окушат. Окуучулар өздөрү тандап алган элективдик курстардын эсебинен сабактардын санын жалпысынан 22-24 бирдикке чейинки жеткиришет.
  2. Окуучулар мектепти бүткөндө тест тапшырышат, анда алардын бардык предметтер боюнча билимдери жана мектептеги билим берүүнүн сапаты бааланат. Ал эми «PISA — бул дүйнөгө болгон отчет», — дейт др. Мелоди Шопп.
  3. АКШда чартердик мектептер деп аталган мамлекеттик мектептер бар. Аларга атайын тестирлөөлөрдөн өткөн окуучулар кабыл ылынып, мамлекеттин эсебинен жаңы технологияларды колдонуу менен окутулат (бай-кедейине карабайт). Айрым, баланын тандоосу боюнча кошумча курстар үчүн гана ата-эне төлөп берет.
  4. Магниттик мектептер — булар окуучулар өтө көп барган (жогоруда айтылгандай, окуучулар жашаган аймагына карабастан, каалаган мектептерден окууга укуктуу) таанымал мамлекеттик мектептер. Алар өзгөчө статустуу мектептер болуп саналышат.
  5. Жыл бою окутулуучу мектептер (круглогодичный) айрым райондордо, штаттарда жергиликтүү шартка байланыштуу, мисалы, айыл-чарба жумуштарына, аба ырайына ж.б. байланыштуу уюштурулган. Мындай мектептер жыл бою үзгүлтүксүз окушканы менен, арасында эс алуулар болп турат. Мисалыц, 45 күн окуса 15 күн эс алат; 60 күн окуса 20 күн эс алат; 90 күн окуса 30 күн эс алышат. Жумасына 4 күндөн окуган «круглогодичный» мектептер да бар. Билим сапаты кадимки мектептердегидей эле тесттер менен бааланат.
  6. Дуалдык мектептер жогорку класстардын жана колледждердин деңгээлинде уюштурулат. Дуалдык окутууда окуучу (студент) кайсы бир өзүнө жаккан профил боюнча жумушка чыга алат. Жумушта иштеп жатып окууда алган билимди практикада колдонуу менен терең билим алууга шарт түзүлөт.
  7. АКШда мектеп-интернаттар (школы-пансионы) бар. Мындай мектеп-интернаттарга эң жакшы окуган жогорку класстын окуучулары атайын тесттин жыйынтыктарын, акыркы 2-3 жылдагы алган бааларын, окуучу жөнүндө мугалимдеринин пикирлерин, окуучунун эссе түрүндө жазган оюн эске алуу менен тандап, кабыл алынат да, 2 жыл бою окуучуларды университеттерге абдан катуу даярдайт. Мындай мектеп-интернатты бүткөн окуучулардын 90%дан ашыгы Американын жогорку окуу жайларына өтөт. Башка мектептерди бүткөндөрдүн 26-30%га жакыны жогорку окуу жайына өтүшөт. Бул мектептерде профилдик өтө кеңири тандоолор сунушталат. М., университетке даярдоо программасы бар илимий багыттагы академиялык мектептер, кесиптик билим берүүгө басым жасаган прикладдык мектептер, гуманитардык жана искусствого багытталган мектептер, олуттуу спорттук даярдыкка багытталган мектептер ж.б. Мектеп-интернаттарда окуучулар жатып окушат, аларга бардык шарттар түзүлгөн жана акы төлөө менен окутулат. Мындай мектеп-интернаттарда атайын профилдик программанын алкагында берилген 2 жылдык орто билим ошол профил (адистик) боюнча университеттерде окутула турган кредиттердин ордун жаба алат.

Мен Мелоди Шоппко мындай да суроо бердим: Сиздердин мектептерде факультативдер абдан көп экен. Ар бир факультатив боюнча элективдик курстар андан да көп турбайбы. Ошонун баарын ар бир мектепте уюштурууга мүмкүнчүлүк болобу, класс кабинеттер, мугалимдер жетиштүүбү?

Мындай жооп алдым: Класс кабинеттер, башка материалдык шарттар бизде жетиштүү, бирок, мугалимдер кээде жетишсиз болуп калат. Ошондуктан, эгер райондогу бир мектепте жакшы мугалим бар болсо, башка мектептин ошол курсту (предметти) окуткан мугалимине башка мектептердин окуучуларынонлайн режимде кошушат. Окуучулар милдеттүү предмет боюнча эле эмес, тандаган элективдик курстары боюнча да үзгүлтүксүз билим алышат. Онлайн курстар үчүн мамлекет акча төлөп берет.

Онлай окутууда видеофильмдер көп колдонулат. Илимий видеофильмдерди Илимдер академиясы иштеп чыгат.

Ийгиликтин негизги булагы − күчтүү мугалим!

Мугалимдер ар бир 5 жылда билимин жогорулатуу курстарынан өтүшүп, компетенттүүлүктөрүн (м., категорияларын) жогорулатып, же жогоу экендигин тастыктап турушат.

STEM окутуу негизинен кесиптик окуу жайларда жүргүзулөт. Бирок, мектепте окутууда да STEM ыкма колдонулуп, окуучулар STEM боюнча түшүнүк алышат. STEM мамиле менен окутууда окуучулар сөзсүз түрдө кол менен кандайдыр бир куралдарды, буюмдарды жасашат. Бул алар үчүн абдан кызыктуу болот. Учурда АКШда кыздарды STEM билимге тартуу актуалдуу.

Жогоруда айтылгандар биз − табигый илимдер боюнча адистер алган гана маалыматтар болду. Башкысы, билим берүү стандарттарын, окуу программаларын дагы да жакшыртууда, мектепте окутуунун сапатын жогорулатууда колдонсо боло турган бир топ маалыматтарга ээ болдук. Мен да өзүмдүн табигый билимдерди окутуу боюнча сунуштарымдын кайсы бир деңгээлде тууралыгын тактап алдым. Мындан аркы изилдөөлөрдү кудай буюрса ишенимдүү позиция боюнча улантабыз деген ойдомун.

Мелоди Шопп менен жолугушууну жыйынтыктоодо башка тармактар боюнча адистер да көп пайдалуу малыматтарга ээ болушканын жана Мелоди Шоппко, булл 10 күндүк консультация-жолугушууну уюштуруучуларга, аны каржылаган АКШнын Кыргызстандагы элчилигине ыраазычылыктарын билдиришти. Мелоди Шоппко чакан эстелик белектерди берүү менен жакшы узатып, 30 саатык сапарына ак жол кааладык.

Мурзаибраимова Бибисара Бекмаматовна

Кыргыз билим берүү академиясынын Табигый-илимий жана математикалык билим берүү лабораториясынын жетектөөчү илимий кызматкери, п.и.к., а.и.к.

Бөлүшүү

Комментарийлер